Асыл адамдар
ЫР ИЗДЕП ӨТКӨН ӨМҮР
Кыргыз кыздарынын ичинен алгачкы профессионал акындар саналуу гана. Анын бирден бири болгон Сатин Абдыкеримова 1919-жылы Киров районундагы Бейшеке кыштагында туулуп, ошол жерде иштеп жана жашап өткөн. Көп жылдар бою колхоздун Кызыл үйүн башкарат. Ал мектеп босогосун аттаган эмес, он төрт жашында зордоп күйөөгө берип коюшкан. Жаш келин кайын журтунан, күйөөсүнөн жашырынып, мектепте окуп жүргөн курбу кыздарынан сабак алып, кат тааныган.
Кат тааныганынан баштап эле ал көкүрөгүндө көктөгөн ыр саптарын кагазга түшүрүүнүн алакетинде болуптур. Алгачкы ырлары куплеттерге бөлүнбөгөн же кошулбаган саптар болсо да - ыр болчу…Адамдын ички уйгу-туйгуларын, сезимдерин, жаратылыш көркүн ырга салгысы келген кыз ошентип поэзия дүйнөсүнө сапар алат.
Сатиндин алдында эки айрылыш жол турду. Бири - өмүрлүк жары болсо, экинчиси - ыр. Анын күйөөсү, ачык айтканда, Сатинден акынды эмес, катынды көргүсү келип туруп алды. Ыр дүйнөсүн баарынан бийик койгон Сатин - акын болуп, сөз кубалап кетти… 1939-жылы жайында республикалык "Ленинчил жаш" гезитине анын алгачкы ыры жарыяланат. Андан кийин С. Абдыкеримованын ондогон ырлар жыйнагы, анын ичинен көлөмдүү поэмалары жарык көрүп, өз окурмандарын тапты. Ошентип, Сатин Абдыкеримова кыргыз поэзиясынын тарыхында алгачкы профессионал акын кыздардын бири болуп кала берди.
Акындын ырларын жөнөкөй эле сөздөрдөн куралган салттуу ыр деп кабыл алгандар көп . А бирок, анын жөнөкөйдөн татаалга карай терең мазмун издеп улам өсүп жатканы да байкалып турду. Демек, ал дайыма изденип, окуп, умтулуп келген. Классик акын атабыз Сүйүнбай Эралиев: "Адам ар бир аткан таңда жаңы күн менен жык толуп, ал эми кеч киргенде кайра бөксөрүп, эртеңки күнгө орун бошотуп тургансыйт. Ансыз мезгил менен, замандаштар менен байланыш болбой калар эле. Ошол ар келген күндүн эң эле жөнөкөй нерселеринен жөнөкөй эмес мазмундарды көрүү - акындын милдети. Мындай өзгөчөлүк Сатинде бар" деп айткан өз кезегинде. Мына ошондой өзгөчөлүгү бар акындын калеминен адам ааламын аңтарган нечендеген ыр түрмөктөрү жаралды.
…Акын эжени 65 жаштарында көрүп калдым. Райондук ооруканага чогуу жатып дарыланып калыптырбыз. Ошондо, ооруканага да өзүнүн эски машинкасын көтөрө келип, ырларын жазып, китебин даярдап жатканын билем. А бирок ал кезде, бир өмүр өтүп кеткенин билбептирмин, бир сап ыр издеп жүрүп …
Нурбүбү БӨДӨШОВА

Сатин АБДЫКЕРИМОВА

УЛАМ СОЗУЛГАН ЖОЛ
Он жаш…он жаш ойноо бала курагың,
Оюн шоокко канбай жүргөн убагың.
Жылдар кетип, жылдар келип жаңырып,
Жаш кошулуп жана берген чырагың.
Ондон өтүп он сегизге жеткенде,
Ошондо сен гүлдүн сырын сурадың.
Гүлдөр кооз, баары сонун көрүнөт,
Гүл ичинен гүлдүн-гүлүн сынадың.
Жаздын-жайдын жыпар жыттуу гүлүндөй,
Жыйырма жаш жылып өттү билинбей.
Оюн салган тай, кунандай жалтылдап,
Отуз жашым сен да кеттиң күлүңдөй.
Кыя жолдон кыя карап кылчактап,
Кырк жаш сен да кош айтыштың түңүлбөй.
Кучак жайып тостум сени элүү жаш,
Катар өткөн үч кылка жаш бириндей.
Элүү жашым эсте сен да каларсың,
Эске далай эскерүүлөр саларсың.
Андан ары жолуң дагы уланса,
Алтымышка онду кошуп аларсың.
Аттиңай деп алтымышты эскерип,
Арт жагыңды он кылчайып карарсың.
Мейли узун, мейли кыска болсо да,
Мен ыраазы басып өткөн жолума.
Так элүү жыл талбай сапар жол жүрүп,
Таалайымды кармай алдым колума.
Бул дүйнөнүн машакаттуу оюну көп,
Бардык адам жете бербейт оюна.
Айланайын алтын жерим, нур дүйнөм,
Ар бир ишиң көтөрсөм ээ жонума.
Мен бир кыпын, учуп жүргөн нуруңда,
Менин жолум жетти жарым кылымга.
Буйдалдырган көп тушоолор болсо да,
Бара жатам нак таланттын нугунда.
Кетип барам, кетип барам нугунда,
Күлүк аттай таптабадым чынында.
Талант эми таарынарсың мага сен,
Туруп калдым бийик ашуу кырында.
Дагы сапар андан ары уланар,
Дүйнө биздин түйшүктөргө кубанар.
Бийик тоонун чокусуна жете албай,
Бир жеринен өмүр ташы куланар.
Аттигиңай, кызуу колго албадым,
Айыбым бул талант сенден уялар.
Талант сенин соолбос тунук булагың,
Далай жаштар болот учун сугарар.
Таалайыңды бийик кармай албадым,
Талант кечир, өтүнүчүм суранар.





БАЙЫРКЫ БАЙМАНАЛУУ КИТЕПКАНАЛАР
Эң биринчи китепкана Байыркы Чыгышта пайда болгон. Атап айтканда, Ниневиядагы Ашшурбанипала китепканасы ал кездеги Ассириянын падышасынын атынан коюлган.
Б.з.ч. үчүнчү кылымда Египеттеги Александр китепканасы маданияттык доордо илимий өнүктүрүү борбору болуп турган. 1,5 миң жыл мурун китепкана Осмон империясынын басып алуусу менен кыйрап бузулган.
Санкт-Петербургдагы Илимий Академия китепканасы Петр падышанын жарлыгы менен 1714-жылы түптөлгөн.
Герцогиня Анна Амал китепканасы Германиянын Ваймар шаарында жайгашып, "Гете китепканасы" кандай белгилүү болсо, дал ошондой атакка ээ болгон.
Ленин атындагы Россиянын Мамлекеттик китепканасы Румынцев музейинин негизинде түзүлгөн. 2008-жылы 180 жылдыгын белгилешкен.
Нью-Йорк элдик китепканасы дүйнөдөгү улуу китепканалардын бири. Аны айрым учурларда китепкана-музей деп да атап коюшат.
Париждин улуттук китепканасы да байыркы китепканалардан. 1480-жылы Падышанын китепканасы болсо, 1795-жылы Конвентом улуттук китепканасы болуп аталган.
Берлиндин Мамлекеттик китепканасы Пруссиянын маданий мурасы болуп кала берет. Бул китепканада он миллиондон ашык китептер сакталып турат.