кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

  Жаңы бийликке - жаңы сунуш

"КЫРГЫЗСТАН -
наш общий дом" эмес!
Түштүк коогалаңынын чыгыш себептерин иликтеген комиссиялардын тыянактары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Анда айрым мамлекеттик структураларды Ошко көчүрүү сунуштары айтылды. Бул сунуштарды биз өткөн жылы эле (29.06.2010.) жазып чыкканбыз.

Кыргызстандын 2 миллион 700 миңден ашуун шайлоочуларынын көпчүлүгү жаңы Конституцияны кабыл алып, жаңы система курууга жол ачуучу жаңы Кыргызстан деген мамлекетке жашыл жарык күйгүзүп беришти. Эми Конституциясы бар, мыйзамдуу бийликке ээ болгон КРнын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева жаңы шайлануучу парламенти, жаңы түзүлүүчү өкмөтү, жаңыча тартип менен куралып иштөөчү сот бийлиги, көз карандысыз басма сөзү аркылуу Кыргызстанды "общий домго" айлантпайт деп үмүт кылалы.
"Кыргызстан" деген өлкөдө биринчи кезекте титулдук улуттун (кыргыздардын!) эркиндиктери менен укуктары тийиштүү деңгээлде корголсо гана калган башка этносторго тынч, бейпил жашоо камсыз болоорун түштүктөгү улуттар аралык окуялар көрсөттү окшойт. Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын сактап,түпкүлүктүү улуттун тили менен маданиятын, басып өткөн тарыхый тажрыйбасы менен бай руханий мурасын урматтаган, сыйлаган, керектүү жерде, керектүү учурларда артыкчылык берген башка этносторго ошондон кийин гана артыкчылык берилсе, көңүл бурулса. Бизде болсо буга чейин Кыргызстанды "общий дом" кылабыз деген саясат жүрүп, мамлекетибизди жок кылып жибере жаздап, араң сактап калдык. Кыргызстанда кыргыздар менен бирге жашап жаткан башка улуттарды Манас бабабыздын кең пейилдигине салып, боорубузга тартып, курама журт болуп ынтымакта жашайлы дегенибизди курсагы кампайып калган ал туугандарыбыз анча барктабай турганы, бизди анчалык теңсинбей баратканы билинди. Көз карандысыздыкты алып жүрүүчү кыргыз эли эмес, Кыргызстандын эли экен деп жүрсөк, көрсө кыйын-кысталыш учурда "кийиз кимдики болсо, билек ошонуку" деген принцип иштеп кетет экен. 6-7-апрелде авторитардык тартипке каршы күрөштө жаныбызда биз менен кошо орустар менен дунгандар, уйгурлар менен татарлар, өзбектер менен казактар, кореецтер менен ингуштар, күрттөр менен даргиндер бирге жүрөт экен, жылан өлтүрүп жаткан кыргызга таш алып берет экен десек, баары баштарын катып, кара жандарын калкалап, терезелеринен шыкаалап турушпадыбы. Айрымдарынын табасы канып, "бириң өлүп, бириң кал" деп алакандарын асманга жайган имиш. Анан айла жок, "башка каран күн түшкөндө өтүк менен суу кечип, ооздук менен суу ичип" дегендей, түндүк-түштүгүң, оң-солуң унутулуп, каныңдагы "кыргыз" деген уктап бараткан, өчүп бараткан, мокоп бараткан Манас атабыз сиңирген сезим (ген) өзүнөн өзү ойгонот экен. "Сен кыргызсың" деген мындай сезимди Акаев да, Бакиев да, Отунбаева да өчүрө албайт экен. Мындай сезимдерди балким НАТОнун же ЖККУнун танкалары да тебелеп өчүрө албастыр. Анан ошончолук өчпөй турган улуу, ыйык нерсени эмне үчүн өчүрүүгө, басууга аракет кылышыбыз керек?! Тескерисинче, андай сезимдердин оргуштап атырылуусуна жол ачып, жалпы улуттук адреналинге б.а. идеологияга ээ болбойлубу? Ак үй тараптан атылып жаткан октон сестенип, коркуунун ордуна кайра төшүн тоскон жаштарыбыздын оргуштаган ошондой күч-кубатын өнүгүп жаткан илим-билимдин алдыңкы технологиясын өздөштүрүүгө, өнөр жайыбыз менен айыл чарбабызды, транспортубуз менен туризмибизди, кайра иштетүү менен тейлөө, соода-сатык, бизнес, ишкерлигибизди өнүктүрүүгө бурбайлыбы?
Машакбай РАХМАНКУЛОВ
(Уландысы 5-бетте)




Президент борборду Ошко көчүрүүнү четке какты
Президенттин резиденциясын Ошко көчүрүү долбоору көпчүлүк добуш менен ЖКда кабыл алынды. Аны менен бирге Оштун азыркы кооптуу абалдарын жана чек ара маселелерин эске алып бир катар министрликтер да Ошко көчүрүлсүн деген ойлорду кубатташты. Учурунда Бакиев дагы мындай саясат менен Ошко атайын чек ара кызматын алып барган эле. Президент Отунбаева мындай сунуштардын айрымдарын четке какты. "Президенттин резиденциясы Бишкекте эмес, Ошко жайгашсын дегендин өзү тексиз саясат. Президенттин резиденциясын президент өзү чечет. Мен болсо кетип жаткан кишимин. Бирок, бул чечим президенттин өзүнүн укугунда. Президенттин резиденциясы бар Ошто. Толук мүмкүнчүлүгү бар ошол жерде иштегенге дагы, жашаганда дагы, ЖК ага убара болбой эле койсун. Жагдайга жараша иш тартибинде Борбордо, Ысык-Көлдө же Ошто иштей турган чечим мурда эле чыккан. Эгер: "Жок, борбордон көчүрөбүз"- дешсе, мен мындай саясатты, Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүү, жаруу деген саясат деп эсептейт элем" дейт Президент. Ал эми министрликтердин көчүшү боюнча президент айым экономикабыздын начарлыгы ал ойлорду ишке ашырууда тоскоол болот деген оюн айтты. Чындап эле мындай иштер биздин өлкөнүн экономикасын ого бетер алсыратып жибериши мүмкүн. Экономикасы күчтүү деген Россия бир топ министрликтерин Санкт-Петербургга көчүрөбүз деп чоң аракеттерди жасашып, 20 жыл ичинде бир гана Конституциялык сотту көчүрүшкөн. Ал 8 миллиард АКШ долларына турган.





Түштүк окуялары кайталанып кетиши мүмкүн
"Амнести Интернешнл" уюму июнь каргашасы боюнча милиция, сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз иликтөө тобун түзүү керектигин айтып чыкты.. "Эл аралык мунапыс" уюму 2010-жылдагы улут аралык жаңжал тууралуу "Адилеттүүлүктү күтүүдө" деген баяндамасында Кыргызстанда адилеттиктин жоктугу жаңы зордук-зомбулукка май чачат деп эскертет. "Кармалгандар, кылмыш иши боюнча да жагдай ушундай. Кылмыш иши көбүнчө өзбек тектүү жарандарга козголгон. Жаңжалды баштагандар дагы деле боштондукта жүрөт. Ошондуктан ушул маселелер чечилбесе кырдаал дагы кайталанып кетиши мүмкүн. Негизги күнөөлүүлөр бир гана Ошто эмес, башка жактарда жаңжал уюштурушу мүмкүн". дейт аталган уюм.


"АС-пресс"




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика