Куурчак

(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Башка учур болсо Арапбай досуна ар кандай жубатуучу сөздөрдү айтып көңүлүн алмак. А азыр тескерисинче жини келип, анын оозунан кандай сөз чыгаарын байкап турду. А бирок, Темирдин оозунан Арапбайдын күткөн нерсеси чыккан жок.
- Саулешим минтип бизди таштап кеткенден бери деги эч нерсеге көңүлүм жок. Көлгө ал эмес, мен чөгүп кеткенде эмне…
Оозунан көк түтүн бур-рр эткен досун Арапбай аябай ынтаа коюп тигилди. Чын эле Темир бир аз мезгилдин ичинде эле карый түшкөнү байкалды. Ичинен бир сыйра аны аяп кеткени менен, кайра баягы Мавлюданын ага берген көрсөтмөсү эсине түшө калды. "Карасаң, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, анан минтип байкуш кейиптенип отурганын. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп, бир кезде Сауленин баркына жетпей башкалар менен ойноп-күлгөнүн эч ким уккан жок деп отурабы, неңди!" деп ичинен дагы бир ирет ызырынып алды.
- Ой, досум, сага эмне болду? Көңүл улаар бир жылуу сөзүң жокпу?!
Темирдин догурунган сөзү эми Арапбайдын анык жинине тийди. Баягы, "чыга турган көз эле чыгып кетти өзү эле" болду окшойт.
- А сен калп эле байкушсунбачы! - деп баятан бери унчукпай, дулдуңдап руль менен алышып бараткан Арапбай кекээрлене досуна карады.
- Эмне-е?!
Темирдин көзү чакчая түштү. Баятан бери башын айлантып эңги-деңги кылып жаткан бир четоктун күчү бирпастын ортосунда түтүндөй тарап кеткендей болду.
- А сага бул ишти - Саулешимдин өлгөнүн иликтөө оордук келтирип атабы? Же акча төлөп бербейт деп жиниң келип жатабы? Төлөп эле берем, болгону, сен мага чындыкты чыгарып берсең эле болду!
- Эмне, Сауленин арбагынын алдында өз күнөөңдү жуугуң келип жатабы?
- А сен качантан бери титиреңдеп калгансың? Менин кай күнөөмдү айтып жатасың?
Маңдайында кашкайып турган Темирге эми Арапбай ичинен таң кала түштү. "Балким, тиги аял жөн эле ушактадыбы мага?.." деген бүдөмүк ой кетти. Буйдала түштү бир саамга.
- Ии, айтпайсыңбы, билгениңди! - деп демитти Темир.
Арапбай досуна бир акшырая карап:
- А сен Көлгө алып барган кыздын атын ким деди эле, ыя? - деди.
Арапбай чыны менен эле Жанаргүлдүн атын унутуп турган. Анын тилинин учунда көп нерселерди айтып берген Мавлюданын ысмы турду.
- Мавлюда…- деп баратканда, Темир андан өтө зоңк этти:
- Э, койчу, эч кандай Мавлюда-савлюдаңды тааныбайм! Ушундай ушактарга да ишенесиңби, досум!
- Жо-ок! Мен ошол Мавлюда деген аялдан уккам. Сен көлгө бир кыз менен барыпсың го…
- Э, ошондой дебейсиңби, а кандай кыз экен ал?
- Анын атын - Жанаргүл деп айткан.
- Ок!
Катуу чоочуп кетти Темир.
- "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген сөздү билесиңби? А Жанаргүл дегениң ким? Сауледен артык көрдүң беле аныңды?!
- Жанаргүл…Сауле…Жанаргүл…Сауле…
Темир акылынан адашкан адамдай өзүнчө булдурай түштү.
- Сауленин түбүнө жетип, Жанаргүлдү камдап жүрүпсүң го!
Айткан сөзүн Темирдин ыйманына чабылган камчыдай тийди деп ойлоду Арапбай. Бул анын өзүнүн жеке ою болучу. А бирок,Темирге "Жанаргүл" деген ат башкача угулду.
- Чынын айтсам, Жанаргүл тууралуу сен жаман ойлобо…жана жаман сөз айтпа,- деп Арапбайга олуттуу кайрылды. Темирдин көздөрүндө ушунча муң турганын биринчи көрдү Арапбай. "Мынчалык неге муңданат? Саулени жоготкондогу муңданган көздөрдөн да муңдуу го…" деген ой башына чагылып, бу кыз тууралуу абайлап сүйлөө керектигин туйду. Баштагыдан кичине өзүн-өзү токтото түштү.
- А сен каяктан териштирип жүрөсүң? - деп Арапбайга суроо берип алып, анын жообун деле күтпөй кайра өзү божурап сүйлөй берди Темир.
- …Деги эле мен ушул, аялзаты жактан эң бактысыз эркек болдум окшойт. Менин башымда Сауле менен үй-бүлөм биринчи орунда турганы менен, жүрөгүм Жанаргүл деп гана кагып келгенин жашыра албайм. Дайыма мен Жанаргүл менен Сауле деген эки оттун ортосунда калгандай алдастап келдим…
- Мына эми алдастабай калдыңбы, Саулеш жок да!
- Жок, досум, сен башкача түшүнүп атасың…
Темирдин көз алдында түтүндүү айылы, балдар кечкисин чогулуп ойночу көк майсан, анан, буту-колу жулунган куурчагын кармалап ыйлап отурган кипкичинекей кыз тартылды…Ал - Жанаргүл эле.
(уландысы бар)