Кыргыз элимдин катасы, капасы жана үмүтү эмнеде?
"Улут болсом - Тилим менен улутмун"
Эсенгул Ибраев
"Бирөөнүн тоосун кемсинтпей,
Өз талааңды көтөрүп ал..."
Олжас Сулейменов

ОШ ОКУЯСЫ - 2010 жыл
(Башы өткөн санда)
Ырас, бул жерде айта кетчү нерсе, тектүү Түрк Атанын уулдары Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов мырзалар бул жолу да кыргыз элин анык боло турган чоң кырсык-кыргындардан сактап калышты:
o бири - 7-апрелден кийинки кыргыз элин түндүк - түштүк болуп тутанып бараткан жарандык согуштан сактап калса,
o экинчиси - 10-13-июндан кийинки боло турган эл аралык, өзбек - кыргыз согушунан сактап калды.
Ошол оор күндөрдүн аягы сууй электе, 2010 жылдын 24-июнь күнүндө республикалык гезиттердин бири: "Түштүктөгү кан төгүлүүгө кимдер жооп берет?" деген суроону кабыргасынан коюп туруп, төмөнкүдөй оюн айтты: - "Эсиңерде болсо, 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мамлекеттик саясатты, дээрлик бардык жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан. Мындай шартта жаңы бийлик өлкө коопсуздугуна ар тараптан сак болуп, чагымчылардын (сепаратисттердин жана куралчан бандиттердин) бүлгүн салуусуна жол бербеш керек эле. Тилекке каршы, Ошто, Жалал-Абадда кайгылуу окуялар болуп кетти. Канчалаган адамдардын өлүмүнө, белгисиз жоголгондордун азабына, жаракат алгандардын кыйналышына, ошого катар шаарлардын талкаланышына, айтор, мунун баарына ким жооп берет? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мындай кайгылуу окуялардын жаралышына моралдык күнөөлөрүн ойлошту бекен? Түштүк аймакта эл башчысы катары Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Бектур Асанов сыяктуулар текей терип жүрүшпөсө, анда неге алдын ала чараларды көрүшпөдү? Бул адамдарды тарых соту мезгили келгенде соттой турганы анык..."
Расмий фактыларга кайрылсак (Улуттук комиссиянын билдирүүсү боюнча):
o кыргыз-өзбек кыргынында жалпы жонунан 426 адам каза болгон, анын ичинен 271 өзбек, 105 кыргыз, экөө бөлөк улуттан болсо, калгандарынын кимдиги аныкталган эмес.
(Демек, ошол 48 адам ушул убакытка чейин өлү же тирүүсү аныкталбай издөөдө жүргөнүнө караганда алар кадимки кыргыз жарандары экени шексиз),
o 1930 адам ар кандай жаракат алган,
- өрттөлгөн, талкаланган, уурдалган автоунаа, турак жай, мамлекеттик имарат жана кафе-ресторандар (буюм-тайымдары менен) - 3671 даана,
o жалпы материалдык чыгаша 3 млрд. 757 млн. 661 миң 429 сомду түзгөн, анын 1 млрд. 1 млн. 419 миң 654 сому калыбына келтирилген,
o жаңжал учурунда өзбек улутундагы75 миң адам коңшу мамлекетке кире качса, он миңдеген кыргыздар тоолуу райондорго жашынышкан. Мындан сырткары 38 миң 213 адам Россияга көчүүгө аргасыз болгон. Жалпы жыйынтыгында 84 миң 289 жумушчу адамдын орду бош калган.
Бул келтирилген фактылар өткөн кыргыз-өзбек кыргынынын "куну".
Муну ким көтөрөт? Бул үчүн ким жооп берет?
Бул жерде өзгөчө белгилеп кете турган дагы бир маселе - бул Улуттук комиссиянын отчету абдан кылдат, так жана сыпайы мүнөздө жазылганын айта кетиш керек..
Ал эми Улуттук комиссиянын Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынындагы берген отчету Утурумдук өкмөттүн кай бир мүчөлөрүнө жакпай калганы түшүнүктүү жана закон ченемдүү көрүнүш. Анткени, ЖКнын депутаты Т. Мамытов айткандай: "УӨ шайлаган күч органдарынын жетекчилеринин кесиптик тажрыйбалары, психологиялык даярдыгы жана жарандык жоопкерчиликтери да жетишсиз болгон". Алар эми өз кемчиликтерин моюндарына алабы же жокпу - ал башка маселе. Ал үчүн УӨтүн мүчөлөрү башка жерде жана башка убакта жооп беришет. Ошол эле убакта 2-майда жарыяланган түштүктөгү июнь окуясы боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын жыйынтыгы тап-такыр эле башка нукта, б.а. кыргыз элинин каракчылыгын жана Кыргызстандын күч органдарынын мыкаачылыгын ашкерелеген документ болуп калган. Ал документте түштүктө жашаган өзбек улутундагы элдер "кой оозуна чөп албаган эле" бир байкуштар катары мүнөздөлүп, "мыкаачы кыргыздардан кордук көрүп, запкы жеп, өлгөнү өлүп, өлбөгөнү качып кутулушкан" деп жазылган. Ошондуктан, "кыргыз өкмөтүнө жана кыргыз коомчулугуна катуу эскертүү берип, өзбек улутундагы кыргыз жарандарынын укугун колдоого үндөйбүз" деген жыйынтыкка келишкен.
Эмне демекчибиз, кыргыздар айтат: "Ит жадаса үрөт, киши жадаса күлөт", - деп. Анын сыңарындай, бул жерде күлмөк турсун, кайра ошол "Эл аралык көз карандысыз европалык билермандардын бетине түкүргүң келет. Анткени алар кадимки эле сатынды, эки жүздүү маскарапоздордун командасы экени эл аралык информациялык сайттарда ашкереленип жүрөт. Алардын ким экени азыр жалпы Кыргызстан эли гана эмес бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү.
Эмки сөз, албетте, Президент айым менен Жогорку Кеңештин депутаттарында.
Күтө туралы. Жогорку Кеңештин комиссиясы эмне дейт? Президент айым эмне дейт?
Ошондо гана билинет: Биз кимбиз? Кайда, ким менен баратабыз? Бизде улуттук ар-намыс, улуттук кызыкчылык жана жарандык жоопкерчилик деген түшүнүктөр барбы?
Же жокпу?
Бул суроолорго эл өз жообун эбак эле берген.
Убактылуу өкмөттүн июнь окуясындагы "сиңирген эмгегине" да эл өз баасын берген. Ага күбө - өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы.
Азыркы сөз Урматтуу Президент айым Роза Исаковна жана Жогорку Кеңештин төрагасы Урматтуу Акматбек Келдибековичте:
Өзүңүздөр билгендей - колу менен жасаган кылмышын мойну менен тартпаган адам ичинен чирип, канкор жырткычка айланат. Алардын ким экени жалпы кыргыз элине маалым. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү жана күч органдарынын жетекчилери кудайдын, элдин жана Сиздердин астыңыздарда: "Мен кайсы чыккынчы-сепаратистти кармап, кайсы куралчан бандитти куралсыздандырып, кайсы митингге ким менен катышып, кимге эмне деп убада берип, кимди колдоп, кимди кордоп, кимден канча акча алып, кимге кандай отчёт берип, кантип каргашалуу кандуу июнь окуясына жол бердим?" деген суроосуна так жообун бериши керек.
Эгерде бул жолу да Ош-Жалал-Абад кандуу коогалаңын уюштурган канкорлор өз жазаларын алышпаса, мурдагыдай эле - билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болуп отура беришсе - анда кыргыз коомчулугунун тагдыры эмне болот?
Анткени, кылмыш жазаланбаса коом тазаланбайт. Бул аксиома.
Бүгүн 1-июнь. Каргашалуу Ош-Жалал-Абад коогалаңынын бир жылдыгына 9 күн калды.
1990 жана 2010-жылы Кыргызстандын биримдиги үчүн курман болгон кыргыз жарандарынын арбактарынын астында мындан кийин эч качан кыргыз-өзбек элинин ортосунда кандуу кагылыш болбос үчүн кыргыз элинин улуттук лидерлери катары, кыргыз мамлекетинин жетекчилери катары кыргыз элинен кечирим сурап, күнөөлүүлөрдү жазалап, күнөөсүздөрдү актап, өзүбүздөн баштап бүтүн кыргыз коомчулугун ыплас иштерден тазалап, жарым кылымдан бери боорун жерден көтөрө албай тизелеп турган кыргыз элин бутуна тургузуп, кор болгон кыргыз элинин тилин-дилин, улуттук ар-намысын кайтарып берип, өзүн өзү сыйлаган эл катары татыктуу турмуш жолуна түшүрсөк жакшы болор эле.
Болбосо эмне кылабыз? Кудай, эми, анын бетин ары кылсын. Өзүңүздөр билип тургандай, азыр бизде оңолуудан башка жолубуз жок.
Анткени, артыңыздарда, арманы күч, алсыраган, кансыраган, калдайган кыргыз эли турат. Астыңыздарда топурагы томсоргон, жарымы айдалса, жарымы айдалбаган, жан соогалап, саргайган кыргыз жери жатат...
Артка кайда барабыз? Кимден эмне деп жардам сурайбыз?
Алдыда бир гана жолубуз бар: Кыргыз элимдин катасын, капасын жана үмүтүн тең бөлүшүп, жеңилин жерден, оорун колдон алып дегендей, кары келсе ашка чакырып, кичүүбүз ишке киришип, азыркы катаал абалдан бир үй-бүлөдөй болуп, тынччылык жана ынтымак жолу менен жакшылыктын жана токчулуктун төрүнө чыгып кетүүгө кудуретибиз жетет деге ишенич менен,
Сиздерди урматтап,-
Карыбай Турусбеков
01.06.2011 Бишкек ш.