Эр жигит жоо бетинде…
Ысманова Алия,
маркум Ысманов Пирдинбайдын эжеси:
"Өкмөт акча берип койсо эле иним кайра жаралып келбейт!"
2011 - жылдын 4 - январь күнү саат 20.00дө паспорттук текшерүү жүргүзүп жүргөн Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери Жукеев - Пудовкин көчөсүндө жайгашкан 16 кабаттуу үйдөн жашырынып жаткан жан алгыч кылмышкерлердин колунан ажал табышы - бул өлкөдөгү жаңы жылдын алгачкы күндөрүндөгү эң орчундуу окуялардын бири болгон. Курман болгон үч милициянын бири Пирдинбай Ысмановдун эжеси адилет издеп биздин редакциянын эшигин кагып келип калыптыр. Ысманова Алия эженин айткандарын гезит бетине жарыя кылып коюуну туура көрдүк…

Мыктылар кетет эртелеп…
Милициянын лейтенанты Ысманов Пирдинбай Маматович 1997 - жылдан бери ИИМде кызмат кылып келип, 2009 - жылы Октябрь районуна караштуу ООП ГОМ - 5 УВДнын инспектор участковый болгон. ИИМге кызмат өтөгөн аралыкта маркум Пирдинбай бир нече ардак грамоталары менен сыйланып, өзүнүн мыкты кызматкер экендигин көрсөткөн. Өзүнүн кичипейилдиги жана адамгерчилиги менен кесиптештеринин арасында сый - урматка ээ эле. Эсиңерде болсо керек, ушул жылдын январдын төртүндө Бишкек шаарынын №8 кичи районунун №8/1 - мейманканасынан үч милиция кызматкерлери террорист деп шектелген канкорлордун колунан курман болушкан. Алардын бири - менин иним Ысманов Пирдинбай эле.

Кесиптештерин жоого таштай качкан Асан Чалбаев…
Каргаша болгон күнү Лена аттуу кыз телефон аркылуу Октябрь райондук ИИМге 16 кабаттан турган мейманканада террористер жүргөндүгүн кабар бериптир. Бирок, ал кабарды берген кызды табышкан жок. Ошентип менин иним жана эки милиция кызматкерин Асан Чалбаев аттуу милиция кызматкери (кызматтык даражасын так билбейт экем) жетектеп барган. Бирок, дал ушул Асан Чалбаев эшикте калып, калган үч милиция кызматкери бөлмөнү текшергени кирип кетишиптир. Үчөөндө "тапанча" болмок турсун, колдорунда "дубинкалары" да жок экен. "Ушундай жерге куралы жок жиберишеби?" деп али күнгө чейин жооп табалбай келебиз. Бөлмөнүн эшигин а деп менин иним Пирдинбай ачып, ооздон тосуп алган жигиттен жарандык күбөлүгүн көрсөтүп коюшун сураптыр. А террорист делинип шектенген жигиттин койнунан мылтыктын кундагы кокустан көрүнүп калат. Менин иним аны көргөн соң, каршылык кылаарда, койнунан автоматын сууруп чыккан канкор а деп колуна аткан. Пирдинбай кыйкырып эле жыгылаар замат, ары жакта турган эки милиция кызматкери жүгүрүп келишкен. Ошондо бардыгын атып салышыптыр. Кийин соттук экспертиза менен текшере келишкенде менин инимдин денесинен алты ок табылган. Ал эми сыртта калган Асан Чалбаев ошол замат качып кетиптир.

Жетекчилер дагы өз
жазаларын алышсын!
Иним Пирдинбай бир туугандардын эң кичүүсү эле. Артында үч баласы атасыз жетим калышты. Улуусу жыйырма жашта болсо, кичүүсү бешинчи класста окуйт. 92 жаштагы атасы Мамат Ысманов көзүнүн жашын көл кылып, эмне кылаар айласын таппай атат. Өкмөт болсо, карапайым элди алдап, акчалай жардам анан батир берип баштан сылап койду. Ал эми жазалана турчу жетекчилер жумушунан алынганы менен өздөрүнө тиешелүү жазаларын ала элек. Албетте менин инимди жана анын эки кесиптешин бирдей өлтүргөн канкор соттолуп, өзүнүн жазасын алат дечи, бирок, ИИМдин жетекчилерине эмнеге чара көрүшпөйт. Мындай окуянын келип чыгышы ИИМдин тиешелүү жетекчилеринин шалаакылыгынан болду. Эмне үчүн ушундай оор текшерүүлөргө барганда, кызматкерлерге курал берген эмес. Же эмне бул иш атайлап жасалганбы?

Аксакалды тоготпогон Э.Каптагаев…
Төрт айдан бери барбаган жерим калган жок. Көчөдөгү тополоң кылгандарга "Эл баатырын" берип, менин уулума келгенде бербей коюшабы? Пирдинбай элдин коопсуздугун сактайм деп курман болду. Эгерде ал террористтерди текшерип барышпаганда, 16 кабаттуу мейманкананы жардырып салса эмне болот эле? Анда бейкүнөө канчалаган жаран курман болмок. Менин иним жана аны менен кошо көз жумган кесиптештери эрдик кылышты. Акча жерге кирсин, биз жакыныбыздан айрылып атабыз. Өкмөт берген акчага балабызды кайра кайтып алып келе албайбыз! 92 жаштагы атасы Мамат Ысманов Эмил Каптагаевге кирем деп, эшикте төрт саат отурду. Азыркы бийликтегилер элдин камын ойлобой, өз керт баштарын ойлоп отурушат. Байболовго окшогондор иштен айдалган соң, ичтеги сырын айтып, түштөн кийин сайрап жүрөт. Кандай гана саясий оюн болбосун бардыгынын алдына милиция кызматкерлерин тизип коюшат. Милиция буларга курал болуп беришүүдө. Бизди ушундай жаркын күнгө алып келген дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери, карыган аксакалды күттүрүп, тоготпой койгон Эмил Каптагаевге жол болсун! Экинчи ирээт биздин өлкөдө мындай каргашалуу окуялар болбосун деп сөзүмдүн аягын жыйынтыктайм.

Даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК