Куурчак
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
- Алгач тиги экөө эле барып эс алып жаткан. Анан бир күнү эле Темир үйүнө кетип, тиги, Жанаргүл жалгыз калганда барып, экөөбүз сырдашып калганбыз. Темирди күтүп жаткан - Жанар, а Темир аялын ала келиптир…
Ошентип, Мавлюда көп нерселерди айтып берди. Жанаргүл тууралуу айтып отуруп:
- Баса, акыркы күндөрү Жанаргүл ошол эле пансионаттагы бир жигит менен жакындашып калганын байкагам… Анан, мен көзү ачык болбосом да, адамдарды бир көргөндө эле кандай экенин баамдап коем…А тиги, аты ким эле, Фа-ах…жо-ок, Шах деп коюшчу… ошол жигит көзүмө шойкомдуу көрүнгөн.
- Кандайча?
- Өзүм деле билбейм, кээде сезим-туюмум өзүнчө эле бир нерседен шекшип туруп алат.
- Ал жигиттен эмнени шекшидиңиз эле?
- Жанаргүл экөөсүнүн жакындашканы - дегеле акылыма сыйган эмес. Бир чыныга бал менен тузду салып аралаштырган сыяктуу, алардын жаратылышы таптакыр бири-бирине дал келбей турган адамдардан болчу. Анан эле экөө баш тийиштире бир маселени кызуу талкуулап, бир максатты көздөп жатышы мага кызыктай туюлган.
- Алардын кандай максаты болгон дейсиз?
- Аны билбейм, бирок, экөө биригип алып бир иш жасачудай туюлуп кеткен.
- Ал - сиздин жөн гана ички туюмуңуз да…а сиз эч кандай шек-шыбаа байкаган жоксуз да.
- Ооба, бирок, менин ички туюмум эч качан алдабайт!
ХХХ
Дагы бир-эки киши менен жай отуруп сүйлөшкөн соң, Арапбай Темирди алып алып, көлгө кайрадан сапар алды. Канчалык батынып сурайын десе да, жайында бир кыз менен эс алганы тууралуу Темирден сурай алган жок. "Муну эми өздөрү териштирер" деп койду токтоо, а бирок, өзү өмүр бою ардактап, жүрөгүнүн төрүнө катып келген Сауленин башын аттап, кимдир бирөөлөр менен көңүл ачып жүргөн Темирге ичинен катуу ызырынды. "Бирөөгө зар, бирөөгө кор" деген ушул экен го. Ушу Саулеге кошпой койгон тагдырына таарынып канча бойдок жүрдү, үйлөнбөй. Эми, Сауле өлгөндөн кийин гана, анын баркын билип жатпайбы, минтип - Темириң!.. Жолду жолдой ушундай бир оор ойлорго чөмүлүп келди Арапбай. Антсе да, ичиндегисин сыртка чыгарбады. Райондук ички иштер бөлүмүнө /РОВД/ Темирден арыз жаздырып, жайында пансионатта болуп өткөн кырсыктуу окуяны иликтеп берүүсүн өтүнүп, кайра тартышты.
- Араке, менин жүрөгүм ушунчалык кыйналып жүрөт…- деп бир маанилүү сөз айткысы келгендей Темир сөз баштаганда, Арапбайдын кулагы чуулдап кетти. "Мына, азыр тиги көңүлдөш немесин айтат" деп бүтүм чыгарып жиберди бат эле.
- Ии, жүрөгүңдү кыйнаганың ким?!
Арапбай атайын эле досун мыскылдап, зекий сүйлөдү. А Темир аны түшүндүбү-түшүнгөн жокпу, алдыда кайыш тасмадай чубалып жаткан кара жолго ойлуу тигилип, тамекисин бурулдата үйлөдү. Кайра, жанындагы Арапбайды унутуп койгонсуган кейипте оо бир топко чейин сүйлөбөй барды. Оозундагы тамекисин дембе-дем соруп бүтүп, машиненин айнегинен ары ыргыткан соң гана досуна жүзүн бурду.
- Эч ким деле эмес, мен өзүмөн-өзүм кыйналып жүрөм. Аз күндө жинди болуп кетемби деп да корком! Нервим ушундай бир чыңалып чыгат дейсиң, ошондо бир стаканды лактырып жиберсем гана жаным жай ала түшөт.
Башка учур болсо Арапбай досуна ар кандай жубатуучу сөздөрдү айтып көңүлүн алмак. А азыр тескерисинче жини келип, оозунан кандай сөз чыгаарын байкап турду.
(уландысы бар)