кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Митингдер эмнеге күчөй баштады?
Апрель революциясынан кийин эмнегедир митингдер Март революциясынан кийинки учурдагыдай болгон деле жок. Бакиев ээрге кыйшык мингенин ошондо болуп өткөн митингдер менен туура түшүнө берсек болот. Бакиев акыры өз элин азапка салып, улуттар аралык чыр-чатактын анык баштоочусу болуп, кырчындай жаш азаматтардын өмүрүн кыйып, Кыргызстанды сазга батырып качып кетти. "Акыры бирди көрөт" деген кептерди кепичине да кысып койбогон саясатчылар ошондон улам деле бир жыйынтыкка келишти болуш керек. Бир жыл араң айланган Отунбаева бийлигинин учуру азырынча тынч. Ага ар бир жерине барган президент кемчилигин моюнга алып, экинчи Швейцария болуп баратабыз дебей, баарын акырындан алдыга жылдырабыз дегени да болсо керек. Анын үстүнө ал башкалар сыяктуу беш-он жыл жармашып отурбай 3 жылга жетпей өткөрүп бергени жатканы да себеп болууда. Эл азыр чынында эле кыйналып турат. Эмнеден? Саясаттагы башаламандыктан. Элди ойлобогон эр азаматтардан. Аз убакыт өтпөй чүмбөттөлгөн жүздөрүн ачып көрсөтүп, ким экендиктерин өздөрү ырастап бергендиктеринен. Ал эми тамак-аш менен жер-жемиштердин кымбаттыгын айтпай эле коелу. Азыркы айрым саясатчылардын былыктарын көргөндө эртеңкиси караңгы экенин билген эл, курсактын ачы-тогун деле сезбей калды көрүнөт. Кайрадан Кыргызстандын жер-жерлеринде митингдер күчөй баштады. Бул Отунбаева бийлигине тиешелүү нааразычылыктар деле эмес. Революциянын шарданы менен "шып" этип отуруп алган айрым жетекчилерге карата болуп жатат. Мунун арты жакшылык менен бүтпөсү айрым атка минерлерди да тынчсыздантып койду көрүнөт. Өкмөт кыймылдап, айрым чиновниктерге сөгүш берип, айрымдарын кызматынан кетүүгө мажбур кылды. Азыр айрым жер-жерлерде өздөрүнүн губернаторуна, акимине, айыл өкмөтүнө, директорлорго, облустук майда жетекчилерге нааразы болгондор арбын. Алардын алды айрым жерлерде уюштурулуп нааразычылыктар башталды. Бул алдыда боло турган шайлоолорго карата жасалып жаткан кадамдар деле эмес. Анда азыркы өкмөт аларга аяр мамиле кылуулары абзел.




АКОПЯНДЫН КЕЗЕКТЕГИ
"ФОКУСУ" ЖЕ "ШОУСУ"
24-майда "Рен ТВ", "ТНТ", "БИ +" каналдарындагы жүгүртмө саптардагы жарнамаларда: "Кто пострадал от действия Гасанова А.А. и ОАО "Северный ПМК" просим позвонить по телефону 0555 50 09 35" деген түшүнүксүз кайрылуу берилип жатты. Бул укук коргоо органдарынын тергөө иштерине жарандардан жардам суралып жаткан го деген ой пайда болду. Чынында, мындай билдирүүнү расмий укук коргоо органдарынан башка ким бермек эле. Бирок, алар мындай билдирүү жибериши мүмкүн эмес болчу. Себеби, ОАО "Северный ПМК" анын директору Гасанов 12 жыл мурун тарттырып жиберген менчигин кайтарып алуу үчүн 12 жылдан бери тынымсыз сот органдарына кайрылып, райондук, шаардык соттордо урматтуу соттордун адилеттүүлүгү менен утушка ээ болуп келе жаткан. Тактаганда, көз көрүнөө тарттырып жиберген менчик имараттарын соттордун адилеттүүлүгү аркылуу өзүнө кайтарып алуу чечимдерин колуна алган эле. Бир гана 25-майда нааразы тараптардын Жогорку Сотко берилген арызы каралмак болчу.
(Уландысы 6-бетте)





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика