Сапарбек Асанов,
"Замандаш - Современник" партиясынын теңтөрагасы:
"Муктар - энесинин туусу,
элинин сыймыгы эле"
Арабыздан тапталып калган алгыр кушубузду капилеттен шум ажалга жулдуруп алдык. Саясаттын күнгөй - тескейин жаңыдан таанып, жаңыдан такшалып калган Муктар Өмүракуновдун өлүмү бир гана туугандарын, "Замандаш" партиясын эле эмес, бүткүл кыргыз элин кайгыга салды. Өмүрүнүн ченелүү аз убактысында кыргыз эли үчүн, айрыкча башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандары үчүн эмгеги зор эле. Мекен үчүн канын азык, каруусун казык кылып, "Замандаш" партиясы менен бир топ ишти илгерлетип келе жаткан Муктар Өмүракунов көз жумганы, анын аткарылбай калган ой - максаттары, коомчулуктун оозуна илинип калган "Замандаш" партиясынын кийинки тагдыры баарыбызды эле кызыктырбай койбойт. Жакында "Замандаш" партиясынын жаңы теңтөрагасы шайланды. Ал Сапарбек Асанов. Биз учурдан пайдаланып Сапарбек мырза менен Муктар Өмүракуновдун аткарылбай калган келечек ойлору, тилектери жана партиянын эртеңкиси тууралуу чакан маек курдук…


- Сапарбек мырза, сиз маркум Муктар Өмүракунов менен курсташ, жердеш, дос болуп бир топ жылдан бери чогу жүрүп, кийин деле чогуу эмгектенип, "Замандаш" партиясын дагы чогуу түптөгөнсүздөр. Кептин башын ушундан баштасак…
- Туура, Муктар экөөбүз 1982 - жылдан бери жакшы таанышпыз. Ошол жылдар да институтта бир факультетте чогуу окуп, чогуу бир жатаканада жашап, кийин профсоюзда, комсомолдук комитетте, баардык жерде чогуу иштерди аткарып келдик. Ошондо эле экөөбүз жалындуу дем менен коомчулукка аралашып, ар кандай иш чараларга активдүү катышып жүргөнүбүз эсимде. Муктар менен бир чети курдаш, бир чети курсташ, эң негизгиси дос элем. Кийин экөөбүз өз тармагыбыз менен өзүнчө иштерди кылып кеттик.
Муктардын өзүнүн ишканалары бар эле, маркум досум Россияда ишкер болуп жүргөнүндө көрбөгөн кордугу, көрбөгөн тозогу калган эмес. Көп нерселерге көзү жетип, көп нерселерге арданып, намыстанып, "биз ушинтип эле жүрө беребизби, кыргыз эли качан оңолот, качан өнүгөбүз?" деп аябай кабатырланчу. 2001 - жылы Муктар элдин жүгүн көтөрүү максаты менен кыргыз жарандарына Кыргызстандан Россияга жүк ташып алып барууга жардам берип, бир компания ачты. Андан кийин Россиядагы кыйналган кыргыздарды көрүп, алардын укугун талашып отуруп, аларга жардам көрсөтүү үчүн 2003 - жылы "Замандаш" ассоциациясын түптөп чыкты. Россиядагы кыргыз жарандардын көйгөйүн Жогорку Кеңештин маселесине чейин алып чыгып, керектүү токтомдорду кабыл алууга жана миграция боюнча Россия бийлиги менен келишимдерди түзүүгө чоң салым кошту десем, эч ким жокко чыгара албайт.
Анан уланып - уланып отуруп, жеңил өнөр жай тармагы түзүлүп, ал жагын мен жетектеп келдим. Бүгүнкү күндөгү жеңил өнөр жай тармагы дүркүрөп өсүп атканына Муктар экөөбүз жол ачып, анын негизги максаттарын түптөп, түздүк десек жарашат. Аны эч ким жокко чыгара да албайт. Бүгүнкү күндөгү жеңил өнөр жай тармагынын экономикага кошкон салымы өтө зор. 2005-жылдан тарта коом өзгөрүп, саясат жаңылана баштады.
2004-жылдан 2008-жылга чейин Шаардык Кеңештин депутаты болуп, бир топ жумуштарды бүтүрдү. Бир эле мисал келтирсем, өзү турган Ак-Өргө жаңы конушуна кандай гана жардамдарды берди. Тартышып-талашып жүрүп шаардык бюджетке жаңы мектепти куруу маселесин кошту. Мындай мисалдарын айтып отурсак сөз көп. Жардам сураган адамдарга эч качан "жок" деп айтчу эмес. Колунан келген жардамын берип турчу. Ал өзү аябагандай патриот, көк жал, айтканынан кайтпаган жигит эле. Меценаттык жагы аябагандай зор болгону үчүн бүгүн канчалаган адамдар Муктар дегенде көз жашын агызып, кайгырып атышат. Керек болсо биздин өлкөдө Муктардан да жүз эсе бай адамдар бар. Бирок, тилекке каршы Муктардай меценаттык кылып, эл үчүн күйүп, элге жардам бергенин мен бирөөсүнөн да али көрө элекмин. Муктар Өмүракуновду эл эч качан унутпайт. Ал тарыхка өзүнүн орду менен жазылып калды. Балдарына жакшы ата, энесинин туусу болчу. Кыргыздын мыкты чыгаан жигиттеринин бири болуп, аз убакыттын ичинде бир топ ишти бүтүрдү десем жаңылбайм. Мыкты жетекчи, мыкты лидер болчу. Жеке эле биз эмес, бүткүл кыргыз элинде чоң жоготуу болуп атат. Жаңыдан саясатта такшалып, мына - мына өлкөнүн керегине жарап калганда шум ажал колубуздан жулуп кетти. Муктардын аты эч убакта өчпөйт. Анын аты ар дайым жүрөгүбүздө болот. Ал партиянын негиздөөчүсү, биринчи лидери катары түбөлүккө сакталып кала берет.
- Муктар Өмүракуновду арабыздан ажал алып кеткен соң, коомчулукта ""Замандаш" партиясы мындан ары эмне болот болду экен?" - деген суроо жүрөт. Партиянын кийинки өмүрү кандай болот?
- Партиянын иши эч качан токтобойт. Партия бир күндүк деп түзүлгөн эмес. Биз анын аткарылбаган жакшы үмүт максаттарын улап, кыргыздын керегине жараган иштерди аткарабыз. Кыргыз өлкөсү дүйнө жүзүндөгү эң бай, эң күчтүү өлкөлөрдүн катарына кошулуп калышына жан үрөп иштегенге даярбыз. Мурдагы түзүлгөн партиянын программасы кайрадан иштелип чыгат. Жаңыланып, жаңы уставды кабыл алып, тең төрагаларды жаңылатуу өзүнүн тирүү кезиндеги максаты болчу. Муктардын досу, курсташы катары анын бардык ой-максаттарын мойнума жүк кылып жүктөп, мындан аркы партиянын ишин улантып кеттүүмө партия мүчөлөрү ишеним артышты. Тактап айтканда, Муктардын ордуна, Партиянын тең төрагалыгынын кол коюу укугу менен мага ыйгарып беришти. Мына азыр чоң жоопкерчилик мойнума келип түштү десем жаңылбайм. Чыныгы саясатчынын эң жакшы сапаты - биринчиден жоопкерчилик. Алдыга койгон көптөгөн жакшы максаттарыбыз бар. Алардын баарын четинен аткарууга даярбыз.
- Аликбек Жекшенкуловдун "Акыйкат" партиясы менен чогуу түзгөн Улуттук Конгресстеги альтернативдүү парламентте Муктар Өмүракунов спикер эле. Мындан ары деле ошол Улуттук Конгрессте кала бересиңерби?
- Кечээ жакында 19 - май күнү Улуттук Конгресстин жыйынына барып, атайын коомчулукка билдирүү жасап, официалдуу түрдө ал конгресстен чыктык. Себеби, 15-апрель күнү саясий кеңештин чечими менен Муктар тирүү кезинде эле конгресстен чыгуу маселеси каралып, ал кабыл алынган. Тилекке каршы ал ортодо чоң жоготууга учурап бир канатыбыз кайрылып калды. Конгресстен чыкканыбыздын себеби, бүткүл күчүбүздү партияга жумшайлы дедик. Оңго, солго чуркай бербей, эл үчүн чечкиндүү кадамдарды жасайлы дедик.
- Аз убакыт ичинде партияда өзгөчө кандай жаңылыктар болду?
- Бүгүнкү күндө партиянын "Замандаш" деген атына кошумча "Замандаш - Современник" ат уладык. Бул боюнча көптөрү кызыгуу менен кайрылып атышат. Өзүңөр билгендей, 2010 - жылы парламенттик шайлоого катышканыбызда, көптөр, "бул мигранттардын партиясы" деп түшүнүп алышкан. Биз айтат элек, "бул партия бир гана мигранттардын партиясы эмес, бул партия бүткүл мамлекет үчүн түзүлгөн партия" деп. Партия болгондон кийин бул бүткүл кыргыз жаранына тиешелүү болушу керек. Андай боло албаса, анда партия түзүүнүн эч кажети жок. Андан сырткары биздин өлкөдө жалаң эле кыргыздар жашабайт. Биздин өлкөдө бир топ башка улуттун өкүлдөрү бар. Аларды да эске алып, бардык элге тең салмактуулук болсун деп интернационал мүнөздөгү ой менен орус улутундагы адамдардан да партияга коштук. Тең төрагалыкка Сагынов Таалай жана Епифанцев Станислав деген жигиттерди шайладык. Биз мындай кадам менен жаңыланып, жаңы максаттар менен жаңы багытка кеттик. Башка улуттардан да тең төрагалыкка шайладык. Ошондой эле "Замандаш - Современник" партиясы бүгүнкү күндөгү саясий чөйрөдө өзүнүн орду, өзүнүн салмагы бар.
- Кудай буюрса, күзүндө болот деп боолгоп жаткан аламан шайлоого бир топ партиялар эмитеден эле даярдык көрө башташты. "Замандаш" партиясы да президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгабы?
- Кудай буюрса биз ар бир шайлоого катышабыз. Президенттик шайлоого катышпайбыз же катышабыз деп азырынча айтпайбыз .Муну партиянын саясий кеңешинде макулдашып туруп бир чечимге келебиз. Эгер катыша турган болсок, арабыздан бирөөнү көтөрүп чыгабыз. Аны азыр айтканга эрте.

Маектешкен
Элдияр ЭЛЧИБЕК