Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бийлеп, ийлеп...

Эсенаманов Бабановдун көлөкөсүндө…
Эсиңиздерде болсо апрель айында өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов менен Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов атайын иш сапары менен Кытай мамлекетине барып келген. Эки тараптуу келишимдер жылуу маанайда жүргөндүгүн келгенде эле вице-премьер да, министр дагы айткан эле. Анда сөз Кыргызстанга Кытай мамлекети темир жол куруп эки өлкөнүн соода-сатык маселелерин жандандыруу максаты экенин белгилешкен. Мындай келишимдер эки тараптын тең бирдей кызыкчылыктарысыз оңой-олтоң эле бүтүп калышы мүмкүн эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой биздин тың чыкма эки азаматыбыз Нарын аймагында жайгашкан көмүр жана темир кендерин аларга берүүгө макулдугун берип келишкени кийин ачык эле коомчулукка шардана болду. Бабанов: "Кытай тараптан 2 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция келээри күтүлүүдө" деп эски бийликтин чооруна салып, карызга алып кара курсак бакмайыбыздан арылбаганыбызды көрсөткөнүн азыр ачык эле айтып жүрүшөт. Азыр Нарында Бабанов менен Эсенамановго каршы экендигин билдиргендер четинен чыгат. Ошентсе да бул эки эргул кыргыз кендеринин кыйласын жең ичинен тон бычып чет элдик инвесторлорго көз ирмеп жатканы байкала баштады. Жакында Нарында өткөн бизнес форумда жергиликтүү ишкер Бейшеналы Нурдинов Кытай темир жол курган акысына "Жетим-Тоо" темир кенин алат деген сүйлөшүүлөр болуп жатканын укканын белгилеп, маселенин мындай чечилишине каршы турууга чакырды. Ушул эле форумда башка ишкерлер темир жолду кыргыз жерине кура турган болсо, Кытай тарап керек болсо "Кыргызстанга акча төлөсүн" деген маселе коюп жиберишти. Ал ортодо бизнес форумга катышып жаткан ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков темир жолдун акысына "Жетим-Тоо" темир кени берилет деген ММКлар учуруп жаткан жалган маалымат деп белгилеп, кур бекер дүрбөлөң түшпөөгө чакырган. Биринин сөзүн бири укпаган же бири кылып жаткан иш менен бири таанышпаган жетекчилер барган жеринде элге жагынып сүйлөп кийин абийири ачылып калаары азыркыларга аябай эле көнүмүш адат болуп калды көрүнөт. Кыргызстандын аймагы аркылуу темир жолду салып, анын акысы үчүн Кытайга кендерди берүү жөнүндө чынында эле сүйлөшүүлөр жүрүп, бул тууралуу жыл башында Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов тактаган маалымат берген болчу. Анын айтымында, Кытай тараптан берилген сунуш боюнча чынында эле 2009-жылы Нарындагы алтын чыккан Тереккан жана Перевальное, Жетим-Тоо темир кенин, Сандык алюминий кенин темир жол акысына алмашуу жөнүндө Өкмөттүн токтому чыккан. Аталган магистралдын техникалык-экономикалык негизин кытай эксперттери 2003-жылы эле иштеп чыгышкан. Ага ылайык, темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы курулушунун наркы 1 миллиард 340 миллион долларга чыккан. Бул жол курулуп калса ал аркылуу транзиттик жүктөрдү ташуудан Кыргызстан жылына 200 миллион доллар пайда табаары да эсептелген. Кыргызстан темир жол курууга акчасы жок, ошондуктан анын каражатын Кытай чыгармак болууда. Бирок, анын ордуна Кыргызстан эмне берип эсептешет, кеп азыр ошондо турат. Эсенаманов айтмакчы Кыргызстан аларга кендерди гана берип иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ушул кезде Кыргызстанда 80% кен тармагынын лицензиялары берилбей бир топ компаниялар жумушсуз токтоп турат. Айрым жумушчулар Казакстандын, Россиянын ичине кирип кетүүгө да мажбур болушууда. Бирок, Жаратылыш ресурстары министри Эсенаманов эмнегедир жең ичинен гана лицензияларды соодалашууда деп кенчилердин көпчүлүгү нааразы болуп да турган учуру. Ал эми Кытай тарапка берген убадаларды аткаруу үчүн Кара Кече, Жамгыр, Жетим-Тоо кендери садага чабыла турганын азыр Бабанов менен Эсенаманов акырын акылдашып Кытай тараптан "жашыл акчаларды" сурап жатышыптыр. Сыягы аз күндө аталган кендер сызган бойдон Кытайлык компаниялардын колуна өтөт окшойт. Ал эми элдик пикир буга эмне дейт болду экен? Акыркы эле маалыматтарга караганда Жетим Тоо кенинен Кытайлык компанияларды Нарындык туугандар кубалап чыгышкан жайы бар. Кен тармагы менен эгерим иштеп көрбөгөн Эсенаманов үчүн бүгүн чоң жоопкерчилик моюнда турган кези. Бабановдун берген убадалары менен кошулуп "жең ичинен жей берем" -деп отуруп калың элдин таламайына калбаса болгону. Маселен, Нарындагы Кара-Кече кенинин айланасында эле аз күндө Эсенамановдун дарегине айтыла турган сын-пикирлер чубай турганын кулагыбыз чалууда. "Кенди билбеген Эсенамановго окшогон кенчинин кимге кереги бар эле" дегендер аз күндө министрге катуу чабуул баштаганы туруптур. Эсенаманов боюнча орус да, кыргыз да тилдүү басылмалар байма-бай былыктарын чукушууда, бирок министр мырза баарын билмексенге салып былк этпеген киши. Буга эмне болду дебейсиздерби? Бабанов менен Кытайга барганда көп иштин чети ачылып келди да. Демек, Эсенамановдун артында ким турганы белгилүү эмеспи. Бабанов эс алууда жүргөнү далай кендердин лицензиясынын багын ачкан Замирбек Эсенаманов "шефи" менен шилекей алышпай жаткан жок деп айта албайбыз. Эми кендер боюнча сырдын да чырдын да түйүндөрү чечилет. Этчи Эсенамановдун колу менен Бабанов далай кендин багын ачам дейт, ал эми жергиликтүү эл аларга ала-салган колун ачык эле көрсөтөт. Ошентип кендер боюнча маселе Кыргызстанда эки республикачынын элегинен өтөт шекил. Элге каршы тура алышаар бекен?
Баймырза НАКАЙ




  Не болуп баратабыз?

К.Кильюнендин ишин
Кыргызстанда ким улантып жатат?
Атайын даярдалган жалган маалыматты 2011-жылдын 4-майынан 12-майга дейре таратканы үчүн "24kg" деп аталган маалымат агенттигинин башкы директоруна тиешелүү чара көрө турган мамлекеттик кызмат барбы? Маалымат терроруна каршы тураар күч Кыргызстанда барбы? Аталган уюм өзүнүн интернет-сайтында көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Улуттук кайра жаралуу "Асаба" партиясынын төрагасы С.К.Дыйкановдун сөзүн бурмалап, атайылап жазышкан: "...түштүктөгү трагедияга кыргыз жаштары күнөөлүү. "Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй 74 процент өзбек улутундагылар өлгөн, бирок биринчи күндөрү өлгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыздар болушкан" - деп Салмоорбек Дыйканов түшүндүрдү".
//URL: http://www.24kg.org/community/99460-salmoorbek-dyjkanov-mezhdunarodnaya-komissiya-po.html
Аталган маалымат агенттиги МА "Кабарда" 4-майдагы пресс-конференцияда, К.Кильюнен тарабынан жарыяланган Кыргызстандын Түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча эл аралык комиссиясынын жыйынтыгына карай берилген билдирүүнү атайын бурмалап жарыялаган.
Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөдөн да мага кайрылышып, А.Оторбаеванын кызматы жарыялаган маалыматты эмне үчүн айттың?, эмне үчүн кыргыздарды жамандап жатасың?, -деген суроолор айтылды. Мен журналисттер ката кетирген деген сөзүмө ишенишкен жок. Себеби маалымат агенттигинин кылган иши - ошол - маалымат-кабарлар менен иштөө. Ар бир текст профессионал журналисттердин колунан өтөт.
Алар жарыялаган мындай маалыматтар эл аралык ынтымагын бекемдемек турсун кайра улут аралык жаңжалды күчөтөт жана кыргыз элинин ичин ыдыратат. Бул маалымат интернетте бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, дүйнөдөгү көптөгөн адамдар окуп жатышат. Башка маалымат сайттары да көчүрмө кылып жарыялашты.
А.Оторбаеванын агенттиги кылган күнөөсүн мойнуна алып, жарыя кылган кабары үчүн кечирим сурап 16/05/11 09:45 "Каталардын үстүнөн иштөө" (Работа над ошибками) деген темада төгүндөө (төгүндөө тексти тиркемеде) берди. Бирок, анда биз техникалык гана ката кетирдик, бир гана сөз (частица "не") түшүп калып текст маанисин жоготту деген шылтоо айтылган. "Кабардагы" пресс-конференцияда айтылган предлог (не) колдонулган эмес. Муну ошол пресс-конференциянын тартылып алынган видеоматериалдарынан да көрсө болот.
Жарыяланган текст маанисинен көрүнүп тургандай, ал "74 процент өзбек улутундагылар өлгөн", - деген маалыматка С.Дыйканов макул дегендей мазмунда түзүлгөн. Бул кыска маалыматтын жазылышы, структурасы атайын ойлонуп даярдалган. Бир гана сөздөн кеткен ката эмес.
Мындан мурун бир нече жолу "Асаба" партиясынын атынан туура эмес жана такталбаган маалымат тараткандыгына байланыштуу бул маалымат агенттигинин жетекчилиги оозеки эскертилген. Тилекке каршы колуңардан эч нерсе келбейт дешип, ошол адатын дагы кайталашууда.
11-майда, майрамдардан кийин, биз А.Оторбаевага барып ордунан таба албадык. Экинчи жолу да, макулдашылгандай 14-майда бардык. Бирок, кездешип түшүндүрүү берип, эл аралык жаңжалды ырбатпаган туура чечимге келүү аталган агенттиктин жетекчилеринин планында жок экен. А.Оторбаева өз кызматкерлерин колдонуп, каршылашкан абалды түзүп, мурдатан даярдалып коюлган видеокамераларга биздин ар бир аракетибизди тарттырып алууну көздөштү.
Өз күнөөсүн жаап-жашыруу үчүн А.Оторбаева өзү тарабынан түрткү болуп даярдалган чыр-чатакка коомчулуктун көңүлүн бөлүп жатат. Улуттук "Асаба" партиясын жаманатты кылышууда. Улутчулдук маанайды бандиттик жүрүшкө теңешип, ар кимге (өзгөчө укук коргоочу уюмдарга) датын айтуу менен алек. Алардын мындай аракеттеринин натыйжасында "кыргыз улутчулдары башка улуттардын өкүлдөрүн сабап жатышат", - деген жалган ушактар Жогорку Кеңештин депутаттарынын да оозунан угулуп жатат.
Болгону бир гана маалымат тараткан уюмдун кылган иши азыркы учурда ушинтип улут аралык мамилелерди курчутуп, эл арасында кабатыр маанайды жаратууда.
Мындай маалымат терроруна каршы тураар күч Кыргызстанда барбы?


Салмоорбек
Дыйканов,
Улуттук кайра
жаралуу
"Асаба" партиясынын төрагасы




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??