Белгилүү жана белгисиз
адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок кеп
КВАРТИРАЛАШТАР
Мен Сөлпиевдерден бөлүнүп, Сатымбай аттуу жигит менен бир квартирада бирге жашап калдым. Квартира акысы айына 500 сом. Демек, экөөбүзгө 250дөн… Бирок, тигинин бир тыйыны да жок. "Меникин да сен төлөп тур, дос. Мен ишке орношуп, акча табайын. Анан сага эки эсе кайрып берем" дегенине көндүм.
"Какаганга муштаган" дегендей, айылдан Сатымбайдын кайнатасынын күйөө баласынын аялы да келип калбаспы, бир уулун ээрчитип.
Мурда иштен чыккан сайын базардан экиден нан сатып алып жүрсөм, эми алтыдан нан сатып алчу болдум. Мунума Сатымбай, айрыкча, аяшым аябай ыраазы:
- Сен бизди багып атасың. Бул жакшылыгыңды унутсак, күйөөм экөөбүз тең катын болуп калалы. Биздин колго да карга "неметээр". Ошондо сени биз "неметебиз".
Экөө күн сайын иш издөө менен алек.
Бир күнү аяшымдын бир жарым нан көтөрүп келгенин көрүп, таң калдым:
- Аяш, иш таптыңбы?
- Ооба.
- Кут болсун!
- Рахмат!
- Кантип таптың?
- Чоң тааныш аркылуу… Биздин бир жердешибиз Жогорку Кеңеште иштейт экен. Ошонун жардамы тийбедиби. "Жаштын тилегин берет" деген - ушул! Толчокто эркектердин ич кийимин подреалга алып, сатып атам. Бүгүн 49 сом прибыль менен келдим. Эртең 59 сом тапсам, бүрсүгүнү 69 сом, соңку күнү 79…О-о, тез эле байып кеткидейбиз. Биринчи кезекте үй сатып алам. Анан машина…Сатыш, үйдү кайсыл микрорайондон алсак? "Аламедин-1" менен "Тунгуч" - алыс, э-э? Центрден эле издей жүрчү.
Аялзаты эпчил болот тура. Ошентип, ал күн сайын акча таап келе баштады. Күйөөсү болсо, уулу экөө үйдө.
Бая күнү иштен кеч келгем. Колумда пакет жок экенин көргөн аяшым ачууланып, сүйлөнө баштаса болобу:
- Эмне үчүн нан көтөрө келген жоксуң? Мен дагы сага ишенип, эч нерсе сатып алган эмесмин. Күйөөм менен балам чай иче элек.
Сатымбайлар мындан дурусураак квартира тапкан окшойт. Мен жумушта жүргөн кезде көчүп кетишиптир. Кеткенде да жөн кетишпестен, менин идиштеримди ала кетишиптир. Ал тургай, ажааткананын ичинде турчу "туалетная бумагадан" бери…
Күнгө жекшемби эле. Үйдө жатсам, Сатымбайдын үнү чыгып калды:
- Э-эй, Ороз! Оро-оз!
Шашыла кийинип, сыртка чыктым.
- Кел, Сатымбай.
- Ассолоому алейкум!
- Кир, үйгө.
- Жо, рахмат! Ушул жерден эле кайтам.
- Ко-ош?
- Ишибиз жүрүшпөй калды, дос. Аяшың банкрот…Кыйналып кеттик. Акча берип турбасаң болбойт.
Мен эки манжамдын ортосунан сөөмөйүмдү чыгарып туруп көрсөттүм.
ХХХ
Кузнечный Крепость көчөсү. Адыл менен Жибектин үйү. Мында Жамгырчиевдер менен квартиралаш болуп калбадымбы. "Дер" деп көпчүлүк түрдө айтканым, Какемдин аялы, уулу да чогуу жашашчу.
Бир жолу жумуштан келсем, Какемдин аялы Бурма менен Жибек урушуп атышыптыр. Мен бөлмөгө ууру мышыктай өтө акырын кирип, корку-уп олтургам, "эми жиндеген үй ээси буларга кошуп мени да айдап чыкпагай эле" деп. Көчүгүм "бүлк-бүлк". Келме келтирип да жибердим.
Чын эле квартирадан айдалып чыксам, кайда барам? Квартира издеп кимдердин эшигин сагалайм?
Кудайга шүгүр, кайра квартирант келин үстөмдүк кылса болобу. Ал үй ээсине минтип кыйкырды:
- Үйдөн чыгып кет, сыв-волуч! Сени бул үйдөн экинчи көрбөйүн!

Орозбек БӨРҮГУЛОВ