КООПСУЗДУГУҢ КАНЧА ТУРАТ, КЫРГЫЗСТАН?
Кыргызстан акыркы беш жылда башынан кечирип келген саясый туруксуздук акыры келип, мейли бизнес чөйрөсүндө болобу, мейли саясат айдыңында болобу төбөсү көрүнгөн бизнесмен, саясатчыларды өз өмүрүнүн коопсуздугун өзү колго алуусуна түрткү бергени жашыруун эмес. Ушу тапта Бишкектин өзүндө эле жарандардын жеке коопсуздугун, үй-мүлкүн кайтаруу кызматын көрсөтүүчү ОсОО "SECURITY REPUBLIC", "Саксы-Буркут", "Areopag M.R.C", "Алекра", "Алькор", "Барс", "Блок-Пост, Вымпел - секьюрити", "Гладиатор", "Гюрза", "Дельта-Восток", "Кумай Секьюрити", "О.М.А.Р-Секьюрити", "Ода вымпел-секьрити", ОПА "Тенгир", ОсОО "KING", ОсОО "Арсенал Секьюрити", "Бодигард Компани", "Спартак", "Тенгир", "Хо и Корпорейшн + Секьюрити", "Тигр" сыяктуу бир топ жеке-күзөт агенттиктери иштеп келет.

"Жеке жансакчы керек…" пи?…
"Далдалоочу куралданган тобу менен тажрыйбалуу жансакчы кызмат акысы суткасына 4000 сом, 12 саатка 2000 сом. Далдалап, калканч болчу 1 топто 4 киши болот. Бир нече топтон турган жансакчы жалдайм десеңиз, баасы келишим түрүндө". Бул "өмүрүмө коркунуч келип турганда" "Тигр" жеке күзөт агенттигине кайрылып алгандагы жообум болду. Чындап коркунуч туулса, "өлбөй" коопсуз жашоо үчүн канча каражат талап кылынаарын өзүңүз эсептеп көрүңүз. Мындай күзөт агенттиктеринин кызматкерлеринин көпчүлүгү мурда Куралдуу күчтөр тармагында же КР ИИМинде кызмат өтөгөндөр, ал эми башкаруучу кызматтарда ИИМ жана УКМКнын запастагы офицерлери экендигин жашырышпайт. "Тигр" күзөт агенттигинин атын айткысы келбеген топ башчысынын айтымында, колго түшүрүү тобу жогорку деңгээлдеги коргонуу мүмкүнчүлүгү бар авто жана заманбап цифралык аппаратуралар менен жабдылган. Албетте, спорт менен машыгуу биринчи орунда. Акыркы кездерде кеңири колдонулуп келаткан тажрыйба аял жансакчылар тууралуу берген суурообузга "азырынча Кыргызстандан аял жансакчы жолуктура элекмин" деген жооп алдык. Демек, Кыргызстан үчүн элүүгө чукул аял жансакчысы менен дүйнө кезген Каддафиге жетер күн али астыда экен…
Колунда бар кишилер үчүн жеке фирмалар көрсөтүп жаткан ушундай кызматты келишимдик негизде ИИМ алдындагы мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы да көрсөтөт. Алардын прейскуранты боюнча,
бир милиционердин көзөмөлдөөчү өткөрмө посту менен 1 сааттык кызматы 27,5 сом, көзөмөлдөөчү өткөрмө посту жок кызмат акысы 1 саатка 25,5 сом. Албетте, жеке күзөт агенттиги да, ИИМдин адисттештирилген күзөт кызматы бөлүмү да мындан сырткары имараттарды кайтаруу, баалуу буюмдарды коштоо сыяктуу башка кызматтарды да көрсөтүшөт.
Эмесе, коопсуздук маселесинде козгогон кеп башынан болсун..

Күүнүн башы "Камбаркан"…
Жакында эле Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов Каржы министрлигине УКМКнын саясый жана экономикалык иликтөө менен алектенген бөлүмдөрүн каржылабоо сунушу менен чыккан. Ошону менен бирге, "Ата Мекенчи" депутат өлкөнүн 4 лидеринин коопсуздугун камсыздаган 700 кишинин санын кыскартуу керектигин айткан эле.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик күзөт кызматы КР Президентинин жарлыгы менен 1992-жылдын 16-сентябрында түзүлүп, 2009-жылдын 11-июнунда Кыргыз Өкмөтүнүн №369 токтому менен 16-сентябрды жыл сайын белгиленүүчү Кыргызстандын мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкеринин күнү катары жарыялаган. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн №1 Декрети менен бул кызмат жоюлуп, анын функцияларын аткаруу УКМК менен Коргоо министрлигине өткөрүлүп берилген. Ошентип, Мамлекеттик күзөт кызматы (СГО) бүтүндөй штаттык кызматкерлери, документтери, материалдык -техникалык базасы менен кошо УКМКнын 9-башкармалыгы болуп түзүлөт. Мыйзамга ылайык, бул башкармалыктын кайтаруу объектилери болуп өлкөнүн жогорку деңгээлдеги төмөндөгү адамдары эсептелет:
1. КР Президенти, анын үй-бүлө мүчөлөрү;
2. КР Премьер-министри, анын үй-бүлө мүчөлөрү;
3. КР ЖКсынын Төрагасы;
4. КР Конституциялык сотунун Председатели.
Ошондой эле бул тизмеге Кыргыз Республикасына расмий визит менен келген башка өлкөлөрдүн башчыларын, өкмөт башчыларын жана делегация башчылары да кирет.
Муну УКМКнын 9-башкармалыгы да тастыкташат. Алардын билдирүүсүндө, ушунча киши өлкөнүн 4 эле адамын кайтарууга алат деген туура эмес маалымат. Бул башкармалык мындан сырткары өлкө жетекчилери жашаган мамлекеттик резиденция Өкмөт үйү,Жогорку Кеңеш имараты сыяктуу стратегиялык өзгөчө маанииге ээ жайларды да кайтарат жана бюджети да өткөн жылдардын деңгээлинде сакталган.

Депутаттан маалымат
Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун берген маалыматына таянсак, УКМКнын 9-башкармалыгында ушу тапта 622 киши эмгектенет. Анын айтымында бюджет таңкыстыгы дээрлик 22 млрд. сомду чапчып турган кезде кичинекей, кедей мамлекеттин 4 адамын ушунча көп кишинин кайтарууга алуусу акылга сыярлык иш эмес, ошондуктан, бул кызматтын санын да, бюджетин да кыскартуу керек..

ТАБЛИЦА №1
Көрүнүп тургандай, 2004-жылдан 2010-жылга чейинки чыгаша динамикасында, бул кызматтын штаттык саны да, ошого жараша бюджети - жылдан жылга өсүп турган. Өсүүнүн жеткен чеги 2009-жылга туура келет. Баарыбыз билгендей, бул жылы Кыргызстанда президенттик шайлоолор болгону белгилүү.

(Уландысы эмки санда)
Даярдаган
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА