Тарых барактары

Түштүк коогалаңы - улут кайгысы
Акыркы бир жылда Кыргызстан дүйнө элине дүң болду. Кандуу 7-апрель окуясы жүздөгөн үй-бүлөлөргө кайгы салып, Ала-Тоо аянты канга боелду. Түштүк коогалаңында миңдеген адамдардын каны төгүлдү. Өзөгүбүздөн өрт жанып, көкүрөгүбүз муңга толду. Кылым карыткан Ош шаары кара түтүнгө чулганып, бей-күнөө өлүмдөрдүн канына малынды. Бирок, өздөрүн "убактылуу" -деп жар салышкан Убактылуу өкмөт элдин кайгысын тең бөлүшө алган жок.

Арадан бир жылдан ашык убакыт өтсө да 7-апрелде курман болгондордун өлүмүнө тиешелүү бир да кылмышкер ачыкка чыгып, маркумдардын сөөгү агара элек. Түштүктө курман болгондордун ичинен 33 адамдын сөөгү дайынсыз болууда. Кыргызда сөөк тебелендиде калган эмес. Ал эми 33 кыргыздын сөөгү бир жылдан бери табылбай келет. Алардын ДНКсын тапшырып, иликтөө иштерин жүргүзүүгө кетчү каражатты өкмөт алиге чейин бөлүп бере элек. Өкмөт каражат бөлгүчө маркумдардын сөөгү сөпөт болуп, жакындарынын көз-жашы кургабай калды. Россия дайынсыз жоголгон кыргыздардын сөөгүн иликтеп, ДНКсын кароодон баш тартты. Учурда акыркы үмүт Кытайда. Ошентип, кандуу кагылыштын калдыктарынан алиге чейин арыла албай келебиз. Буга ким күнөөлүү - Акаевби, Бакиевби, Убактылуу Өкмөтпү, Отунбаевабы же кыргыз эли өзүбү? Качандыр бир күнү Кыргызстанды кемиргендер, канга боёгондор, кыргыздарды мүңкүрөткөндөр, чет жакка тентиткендер тарых алдында, арбак алдында, келечек муун алдында, Кудай алдында жооп берчү күн да келээр. Анткени, тарых бардыгын таразалап, өз ордуна коёт эмеспи. Учурда түштүк коогалаңы боюнча иликтөө иштери калыс жүргүзүлбөстөн, терең иликтенбестен, конкреттүү фактылар ачыкка чыкпай, эл нааразы болууда. Ал эми Эл аралык комиссия өз иликтөөсүндө кыргызга душман болуп чыга келди. Кандуу окуяга жакында бир жыл толоорун эске алып, эки элдин ортосунда чыккан оттун себептерин, далилдүү фактыларын гезит беттерине эскерип, сандан-санга берип турууну эп көрдүк.

Жалал-Абад. 13-май, 2010-жыл
13-майга чейин Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун телефондогу сүйлөшүүлөрү, Максим менен Жаныш Бакиевдердин сүйлөшүүлөрү коомчулукка билдирилген. Бирок, ошол кездеги Убактылуу Өкмөт бул сүйлөшүүлөргө конкреттүү түрдө реакция кылган эмес. Алардын максаты кызмат орундарын бөлүштүрүү, Бакиевден калган акчаларды бөлүштүрүү болду. Алар түштүктө кырдаал курчуп, коопсуздук коркунучта болуп жатканын эстерине да алган эмес. Ортодо Бекназаров менен Сариевдин миллиондору чууну жаратты. Ошентип, "убактылуулар" убактылуу саясат менен алектенип жатканда 2010-жылдын 13-майында Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери Жалал-Абад областтык администрациясын басып алуунун аракетин көрүшүп, 500гө чукул адам областтык администрацияны басып алышкан. Ошол учурда Убактылуу Өкмөт тарабынан журналисттерге "түштүккө барбагыла. Коопсуздугуңар коркунучта" деген билдирүү таратылган. Ошентип, 13-май күнү бакиевчилер менен убактылуу өкмөтчүлөрдүн ортосунда от жанган. Обладминистрацияга кирип барышкан бакиевчилер губернатор Бектур Асановду токмоктоп, кызматтан кетишин талап кылышкан. Натыйжада эл экиге бөлүнүп, бир заматта Жалал-Абадда алай-дүлөй алаамат башталган. Мындай башаламандыктан пайдаланып, Кадыржан Батыров баштаган өзбектердин уюшкан тобу чогулуп, чоң жыйын өткөрүшкөн. Мына ошол өзбектердин жыйыны "Мезон ТВ", "Ош ТВда" ачыктан-ачык коомчулукка жарыя кылынып турган. Бул жерде эскерте кетүүчү жагдай, "Мезон ТВ" менен "Ош ТВнын" эмгек жамааты жалаң гана өзбек улутундагылардан болушкан. Ошол себептүү Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов баштаган өзбек лидерлеринин "Биз бул күндү 20 жыл бою күтүп келдик. Биздин күн келди" деген өңдүү чакырыктарын, элди козуткан чагымчыл материалдарын тынымсыз берип турушкан.

Кадыржан менен УӨнүн ортосундагы келишим
7-апрелден кийин, Курманбек Бакиев менен мурдатан таймашып келе жаткан Кадыржан Батыров өз максатына жетүүнү көздөгөн. Түштүк аймагын жеткиликтүү деңгээлде колго ала албаган Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыров менен келишим түзүүгө барышкан. Натыйжада Кадыржан түштүктө жергиликтүү бийликтин ар бир экинчи адамы өзбек улутунан болоорун сунуштаган. Мындан улам губернатордун орун басары болуп Тайкожо, мэрдин орун басары болуп Алишер деген өзбектер бекиген. УӨнүн мындай кеңпейилдиги үчүн Кадыржан Жалал-Абаддагы бакиевчилерди тынчытып берүүнү убада кылат. Ошентип, 16-майда "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү менен бирдикте чогулган өзбектер областтык администрацияны басып жаткан бакиевчилер менен кагылышып, Сузак районундагы Бакиевдин Тейит айылына кирип барышат. Ал жактан Бакиевдин үйүн, агасынын, инилеринин үйүн жардырышып, кыргыздын боз үйү менен туусуна өрт коюшат. Бакиевдин үйүнө эмес, кыргыздын туусу менен боз үйүнө ичтери ачышкан кыргыздардын намысы ойгонуп, 17-май күнү 7000 ге жакын кыргыздар чогулуп, Кадыржандын университетине карай бет алышат. Мына ошол учурда чогулган элди эч ким токтотуп калган эмес. Натыйжада Кадыржандын университетинен ок атылып, төрт адам набыт болуп, элүүгө жакыны оор жаракат алышкан. Ал эми өзбек лидери Кадыржан Батыров Арсланбапта жашырынып, кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ош. 13-май, 2010-жыл
13-май күнү Ош областында бакиевчилер баш көтөрүп, обладминистрацияны Жаныштын криминалдары басып алган. Бул учурда укук коргоо органдарынын күчү жок болгон. Алар коомдук тартипти сактамак тургай, өз жандарын араң сактап калууга үлгүрүшкөн. Ош областында Бакиевдердин эң ишенимдүү криминалы Алманбет Анапияевдин таасири күчтүү болгон. Ал гана эмес ошол учурдагы күч структуралары областтык ИИБнин башчысы Сүйүн Өмүрзаков да Жаныш Бакиевдин камчысын чаап турган. Жаныштын куралданган күчтүү уюшкан тобу менен күрөшүүгө алы жетпеген губернатор Сооранбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков криминалдык чөйрөдөн жардам суроого мажбур болуп, мурда криминалдык чөйрөдө өз орду бар болуп, кийин Жаныштын криминалы Алманбет Анапияевдин каршылашы атыккан Эртабылды Жунусовго кайрылган. Натыйжада Эртабылдынын колдоосу менен Ош областтык администрациясы кайрадан Убактылуу Өкмөткө кайтарылган. Бирок, ошону менен эле бардыгы өз калыбына келип калган эмес. Анткени, Жаныш Бакиев кримавторитет Алманбет Анапияев аркылуу өз максаттарын ишке ашырууну пландай баштаган.
(Уландысы кийинки санда)
Назгүл МАМЫТОВА



Улуттук идеологиябыздын
уңгусу кайда?
(Уландысы. Башы өткөн санда)
"Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, эгемендүүлүккө ээ болгон жыйырма жылдык жаңы тарыхыбызда кыргыз эли оозубуз менен орок оргон жаман адатыбызды гана куп өнүктүрбөсөк, бийликтегилер баш, ар дайым "эфирден" түшпөгөн саясатчылар төш болуп, алтургай шаардыктарды мындай кой, тээ тоо койнундагы айыл-кыштактагылардан бери бүтүндөй коомчулук ашкере саясаттан башыбыз көтөрүлбөй калбадыбы.
Кыргызстандын экинчи Президенти К.С.Бакиев да 2005-ж. 14-августунда сүйлөгөн инауграциялык сөзүндө "…Мудрость правления, забота о людях, а не о себе, честность и справедливость - вот единственное, чего сегодня ждут от власти кыргызстанцы…" деген менен, элине берген антынан тайган туңгуч Президент А.Акаевдин катачылыгын көз көрүнөө кайталады. Андай адамдардын тагдырын эмне күтөөрүн эгемен Кыргызстандын тарыхында экинчи жолу турмуш өзү көргөздү.
Эки жолку удаалаш болуп өткөн революция, көтөрүлүш, же төңкөрүш дейбизби, өрттөп талкалоо, талап-тоноо, зордук-зомбулук менен коштолуп, бейкүнөө жигиттердин өмүрлөрү кыйылып, эки бир тууган элдин бирин-бири кырып кирген кагылашына алып келген өңдүү зыяны эле болбосо эмне пайдасы болгонун айта алабызбы? Эки жолу тең материалдык да, моралдык да ченемсиз чыгымдарга учураганыбыз, көп бар нерсени жоготконубуз, алдыга өсүп, жыргап-куунап кеткенди кой, ондогон жылдарга артка кеткенибиз, ким берсе ала берип, бербесе суранып-тиленип жатып олчойгон карыздарга батканыбыз эле болбосо, анан да бийлик деген "көк бөрүнү" эгемендүүлүк деген ипподромдо бирибизден-бирибиз билек сынашып күчкө сала, күч жетпесе тырнактап, же тиштеп болсо да сууруп ала, жулуп ала чаап келатпайбызбы жыйырма жылдан бери.
"Правителя можно сравнить с лодкой, а народ - с водой: вода может нести лодку, а может ее и опрокинуть…" деп байыркы кытай философторунун бири Сюнь-цзы айтыптыр. "25 марта 2005 года, когда только что произошли известные события в нашей республике, один из моих друзей напророчил: - Ну вот, граждане-кыргызтанцы, крепко держитесь! Был один Акаев, теперь вместо него придут 20 акаевых! Из-за личных амбиций все они передерутся… Ведь каждый из них наверняка захочет стать следующим ханом и даже Шахом кыргызской демократии… И не дай Бог, если этот новоявленный шах поставит мат не только своим противникам, но и всему народу… Конечно, мы все тогда посмеялись над этим шутливым пророчеством… " деп өз китебинде азыркы "Ак шумкар" саясый партиясынын лидери Т.Сариев жазган.
(уландысы кийинки санда)
Абдыжапар Аккулов,
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент
Ушул сыяктуу эле жаңы Конституцияны кабыл алуу менен парламенттик башкаруу формасы киргизилгенден берки мезгил ичинде коомчулук тарабынан дүнүйө-мүлк топтогон бакиевдердин ордуна эми 120 сы келген жокпу деген турмуштук суроо чыгып жатканы бекерден эместей.
"Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт" болуп дүйнөлүк демократиядан артта калбайлы деп чабал атты чаап отуруп өлтүрүп тынабызбы, же казга теңелем деп буту сынган карга болбойбузбу деп өзүбүзгө суроо берген күнүбүз болобу акыры? Ак үйгө, көк үйгө, Өкмөткө, Парламентке саясый күрөшүүнүн цивилдүү жолдорун алып келбедикпи, коалиция деген кандай болоорун көргөзбөдүкпү, эми анын бири кыйраса эмне болуптур, жаңы Конституция ушундай, мыйзам бузулбайт, кийинкиси келе берет да дешип атпайбы бизге "цивилизацияны окутуучулар". Эмне, Кудай билет каяктан, импорттолуп келген мындай күрөш-тирештерден эл-журт жыргап кеттиби? Сийдим ушундай цивилизацияңа деген адам жок! Мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирген, элдин ынтымагын бузган, журттун кутун учурган, ата-бабалардай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албаган, бирибизди-бирибиз жөлөй да, алдыга түртө же сүйрөй албаган цивилизациянын терисин жамынган мындай башаламандык керек беле бизге? Бүгүн бийлик башында тургандардын өзара көзкөрүнөө кырды-бычак болуп, бирин-бири акмалап, оңтойу келсе көзүн оюп, шалпайта чаап таштаганга даяр, түгөл баарысы "Чуку, чуку жана чуку!" деген ураанды чакырып тим эле жуңгар же калмак менен чабышчудай абалы - биздин терең трагедиябыз эмеспи!
Азыркы кезде калк арасында дээрлик күн сайын бир жерде жер силкинди, кар көчкү жүрдү, кыян-сел каптады, бир жерде электр өчүп калды, күйүүчү май жок, тамак-аш кымбаттады, бир жерде соодабызды жапты, комогубузду сүрдүрүп таштады, дагы бир жерде түрмөдө отурган тууганым укугу бузулуп ачка болуп жатат деп күнүмдүк көйгөй, тиричилик ташпиши менен жаз айларындагы адатыбыз кармап "Кетсин!" деген кыйкырыгыбызга кайрадан кайтып, жашообуз оорлоп башыбыз оорууда. Салыштыра келсек, мунун баары ошол Япониядагыдай он-жыйырма миң адамды бир заматта "оп" эткен, нечен миң турак конушту, бүтүндөй шаарды жер менен жексен кылган табийгат алып келген кырсыктардын, Ливия, Египет, Сириядагыдай жер күйгөн, кан аккан алааматтардын алдында эч шоона эшпейт го дейм? Кудайга миң мертебе шүгүр келтирип, тобобуздан жазбайлы мекендештер!
Ойлоп көрсөк эгемен болгондон берки жыйырма жыл ичинде ушинетип эл ичинде ырк кетип, биримдик жок, жарытылуу жол башчыны маңдайыбызга жазбай, ал өйүз, бул өйүзгө урунуп жүрүп өлкөбүздө толук кандуу мамлекеттешүүнү орното албай келаткандайбыз. Айрыкча бийликтегилер бир оозго келе албай жаткан, түштүктө болсо эки элдин ортосуна жарака кеткен бүгүнкү шартта ал кандай болушу керек эле? Эң биринчиден албетте, саясатчылардын жеке амбицияларын тыйышына, конституциялык укугун пайдаланып ар бир кыргыз жаранынын турмушка ашкыдай тандоо эрки менен жашоосун камсыз кылууга жетишүүбүз керек. Бул качан мүмкүн болот? Журт башындагылар салабаттуу, сабаттуу болгондо жана Кыргызстандагы башка бардык улуттагылар кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кыргыз улуту менен бир катарда жан-дили менен умтулганда гана!
Эң башкысы Кыргызстандын бүтүндөй улутунун уңгусу, Жараткандан насип эткен тоодой ырыскылуу жерибиздин ээси болгон кыргыз улутубуздун милдети, жоопкерчилиги да жогору экенин тарыхтын, кийинки муундардын алдында да ар дайым туя билгенибиз шарт. Улуттук идеологиянын түптөлүшүндө негизги идея өлкөбүздө жашап жаткан азбы-көппү, бардык улуттардын башын бир кыргыз улутуна, кыргыз жарандыгына бириктирүү болушу зарыл.
Антпесек алакандай кыргыз журтчулугундагы санын сексенден ашыра сайрай бергенибизден ар кайсыл улут ансыз да тытылайын деп тамтыгы кеткен көрпөнү өзүнө тартып, тигил же бул улуттан, этностон мен түзүкмүн дегендей эле күрөздүк, андан ашып, жеткен наадандык менен улутташуу саясатын ар кандай түшүнүп жатпайбызбы. Канча, же кайсыл улут болбосун, Кыргызстан деген эгемен өлкөнүн кыргыз деген жалпы бүтүн элин түзүп, миңдеген жылдардан бери ата-бабабыз эгедер болуп келген кыргыздын жеринде жашап жаткандан кийин эмне эле көп улуттуулукка акцент кыла беришибиз керек? Интернационалдын заманы өткөнү качан, же канчалык кабыргабыз кайышып эсил кайран СССРди эңсегенибиз менен ал ыраматылыктын кайрылып келбеши айдан ачык эмеспи? Дүйнөгө көз чаптырсак же эмне, адамзаттын өнүгүүсүндө алдыңкыбыз деген дөө-шаа мамлекеттер эле ар улуттун угутуна карап улутташтырып, паспортунда көрсөтүп, жерин бөлүп берип турмуш күтүп атыптырбы?
Андыктан кыргыз жеринде кыргыз элинин тилине, маданиятына, үрп-адатына, мамлекетинин мыйзамдарына сугарылган бирдиктүү элди-журтту түптөө, же бүтүндөй улутту кыргыздаштыруу идеясы жашаш керек.
Абдыжапар Аккулов,
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент
(уландысы кийинки санда)