Тең-теңи менен

Бегалы Наргозуев, ишкер:
Жогорку Кеңеште депутаттыкты да аркалаган. Учурда бир ишканада жетекчинин кеңешчиси. Башка дагы ишканаларда үлүшү бар. Жубайыныкын кошпогондо кирешеси төмөнкүдөй экен.
Бир ишканада кеңешчи катары кызмат кылам. Ошон үчүн 25 миң сом өлчөмүндө киреше түшүп турат. Андан башка бир-эки ишканада үлүшүм бар. Үлүшүмө жараша ошондой эле акча түшүп турат. Ошонун негизинде биздин үй-бүлөлүк бюджет куралат.
Мен көп деле чыгым кыла бербейм. Азыр сен көргөн джип "Ленд Ровер", анан дагы бир машинам бар "Тойота Прадо" деген. Ал деле көп ичпейт. Бензини үчүн 12 литр ичет 100 километрине. Бирок, экөөнү тең айдабайсың да. Бирин айдаганда бири токтоп турат дегендей. 5 миң сом кетет айына. Анан түшкү тамакка кетет. Саунага бир жумада бир барабыз достор менен. Өзүнчө бир клуб бар, айына 250 доллар төлөп коёсуң. Андан башка чыгымдар, эми күнүнө 1000 сомдун тегерегинде кетсе керек.
1,5 миң долларга костюмдарды алдым. Мен да ошол сыртка чыкканда алам. Францияга, Англияга, Америкага, ошо чет өлкөгө чыкканда гана алып келем.
100 миң доллардын тегерегинде салдым эки кабаттуу үйүмдү. Кийин 2003-жылы бир үй салдым андан чоңураак кылып, азыр ошол жерде турам. Ал бир 150 миң доллардын тегерегинде бүткөн болчу. Анан Арашан айылында бир дача участок алып туруп, ал жерге эки кабаттуу чоң үй салдым.
3 балам бар. Улуусу үйлөнүп-жайланган. Ортончу кызымды чет өлкөдөгү колледждердин бирине окутууну максат кылып атам. Окутуу акысы жылына 25 миң доллар. Ал эми көкүрөк күчүгүм быйыл мектепти бүтүрөт.
"Азаттык+"

Карыбаева Дамира, мугалим: Үй-бүлөлүк бюджетин жалгыз өзү толтурат. Анын айлыгы 3000 миң сомго чукул.
- Жалгыз бой энемин. Мектеп курагындагы эки балам бар. Эки кызым турмушка чыгып, өзүлөрүнчө тиричилик кылышууда. Алган айлыгым күнүмдүк азык-түлүккө жумшалып, андан сырткары микро кредиттерди пайдаланып турам. Ал кредиттен түшкөн кирешелер кийингенибизге, айыл-апага жетип турат. Көп жылдан бери мугалим болуп иштеп келсем да, быйыл араң өзүмө тиешелүү участок жер алдым. Кудай буюрса эми чакан үй салып алууну көздөп атам. Мындан тышкары мектепте окуган эки балама, мектептин ремонту, мугалимдерге кичине майрамдык белеги менен миң сомго барат айына.

Асан Кеңешбаев, чарбакер:
- Кыргызда "эл эмгегин жер жебейт" деген кеп бар эмеспи. Айылда жер иштетип, чакан мал кармайбыз. Төрт гектар менчик жерибизге алма-өрүк тигип алганбыз. Мына эми ошонун акыбетин көрүп, түшүмүн ала баштадык. Үй-бүлөдөгү бардык чыгашага жарап, андан сырткары, балдарды үйлөнтүп, кыздарды узатууга да ойдогудай жетип берүүдө. Албетте, бүгүнкү күндөгү кымбатчылык баарыбызга тең эле кедергисин тийгизүүдө. Ошентсе деле эл эмгегин жер жебейт.


Алтынбек Акматов, студент:
- Бишкек шаарына окууга тапшырып быйыл эле келдим. Ай сайын айылдан 2000 сомдун тегерегинде акча салып жиберишет. Бүгүнкү күндөгү кымбатчылыкка эки миң сом кеп да болбой калат. Баягы студент болсоң, бирде ачка, бирде токсуң деп айтып калышчу эле. Айтканындай эле бар экен. Жолго акча болуп калса, дем алыш күндөрү айылга барып келем. Айылдан азык-түлүктү жүктөнүп келчү элем, эми азыр жаз келип айыл жеринде деле азык-түлүк дээрлик жокко эсе. Азыр эми жаз жарыш болуп, баары жер айдоо менен алек болушууда. Курдаштар менен анда-санда ар кандай кечелерди өткөрүп, эс алып калабыз. Ага 100 сом, 200 сомго чейин чогултабыз.
Таанышып коюңуз!

Урматтуу окурман, "Айкын саясат" гезити Жогорку Кеңештин депутаттары менен тааныштуруу бурчун ачты. Жаңы шайланып келген депутаттарыбызды жакындан таанып алсаңыздар ашыкча болбос. Өзгөрүүлөр өлкөбүздө көп болуп, жаңы адамдар, жаңы кадамдар да болуп жаткан кезде сиздер жакындан билбеген биздин азамат уул-кыздарыбыз бар болсо керек. Анда эмесе ар бир саныбыздан азыркы иштеп жаткан ЖКнын депутаттары боюнча сиздерге таанышуу ирэтинде маалымат берип турмакчыбыз.
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна
Туулган жылы: - 1958-жыл, 28-февраль
Туулган жери: - Ош шаары
Билими: - 1975-1979-жыл, Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультети. 1994-1998-жыл, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультети.
Иш тажрыйбасы: - 2008-жылдын июнь айынан тарта 2010-жылдын апрель айына чейин Жогорку Кеңеште консультант, 2007-жылдын июнь айынан 2008-жылга чейин Бишкек шаарынын Свердлов районунун социалдык фондунун жетекчисинин орун басары, 1997-жылдын ноябрь айынан 2006-жылга чейин Чүй жана Ош областынын салык кызматтарында аналитика бөлүмүндө башкы инспектор, 1979-жылдын март айынан 1997-жылга чейин Ош облисполкомдо кызмат өтөп, башкы экономист болуп эмгектенген.
Учурда: - 2010-жылдын октябрь айынан тарта Жогорку Кеңеште "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты.
Жеке турмушу: - үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.