кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Архив Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Көөлөгөн сайын Бабанов агарып турдубу?
Экс-баш прокурор Кубатбек Байболовдун парламентте сүйлөгөн сөзүнө караганда, Өмүрбек Бабанов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкө казынасына 730 млн. сом өлчөмүндө салык төлөбөй жүрүптүр. Парламенттик комиссиянын жыйынына келген Кубатбек мырза муну "Манас Интернейшнл Сервис" ("МИС") ЖЧКсына байланыштырат. Бул маселени иликтей келгенде, аталган ишкана 2000-жылдын 22-ноябрында "Бишкек эркин экономикалык аймагынын" генералдык дирекциясында катталгандыгы ачыкталды. "МИС" 2006-жылы 11-апрелде кайрадан каттоодон өтүп, Рустам Махмуджанович Касымов аттуу Россиянын жараны компаниянын ээси болгон. Арадан жыл айланбай, "Манас Интернейшнл Сервис" жоюлган. Бирок, мамлекет астында эч кандай карызы болгон эмес. Анын үстүнө, "МИСте" тиешеси жоктугун, ишкананын ички турмушуна болгону өнөктөштөрү аралашканын 1-вице-премьер өзү билдирген.
Мурдагы режим тушунда бул ишканага бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, 730 млн. сомду "Манас Интернейшнл Сервистин" мойнуна илүүгө аракет жасашкан. Жыйынтыгында бир нече ирет соттук териштирүүлөр орун алып, бирок, анын бири дагы тастыкталбаптыр.
Көрүнүп тургандай, Өмүрбек мырза өнөктөштөрүнө жардам бербей, алар эч кимдин колдоосун албай иштешкен. Ошого жараша эч кандай мыйзам бузбай, мыйзам чегинде гана иш алып барышканы аныкталган кези. Муну комментарийлеп, ашыкча шөкөттөштүн деле кажети жоктур…
Мындан сырткары, депутаттык комиссия жеке ишкер Валерий Хондун сабалышына Ө.Бабанов менен анын жээни Жаныбек Сагадылда уулунун катыштыгы жоктугун, бизнесменди К.А.Сыдыков аттуу жаран сабап, ал Бишкек Ички иштер башкармалыгы тарабынан сот жообуна тартылып жаткандыгын кабарлайт. Ошондой эле 1-вице-премьердин орус инвесторлорунан ("Мегаком" өкүлдөрүнөн) 50 млн. доллар сураганы жалган болуп чыкканын, Өмүрбек мырза апрель окуясынан бери карай Белоруссияга эгерим каттабагандыгын, эч качан Казакстан жарандыгын албагандыгын, бул тууралуу Жогорку сот 2007-жылы токтом кабыл алганын комиссия кошумчалайт. Ошентип Өмүрбек Бабанов эки күн мурда кайрадан өз кызматына киришти. Буга чейин "Бабанов Америкада качып жүрөт" деген ушактар да тарап кеткен эле.


  Кыңыр иш кырк жылда...

Атамбаев "апапакай" атаган, Келдибеков коргогон Кулматов куугунтук табабы?
Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун орусиялык атуулдугу, жыл бою жеке өзүнө 600 миң сом өлчөмүндө жазган сыйлыктары, айына эки жолку Москвага жасачу иш сапары (албетте, мамлекеттин эсебинен) тууралуу детективдүү окуя аягына чыкпас болду. Бул чуулгандуу маселе мындан үч ай мурун (25.02.2011) парламент жыйындарынын биринде ЖК депутаты Т. Шайназаров тарабынан көтөрүлгөнү маалым. Ал тууралуу өткөн сандарыбызда жазганбыз. Бүгүн ошол маселе толук ФОМС РФ тарабынана тастыкталып отурат.
Буга чейин бул маселе ММК беттеринде кызуу талкууга алынганы менен К. Кулматов өзү көпкө чейин же ак дебей, же көк дебей келгени менен КР Премьер-министри А. Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов мындай маалымат туура эмес экендигин айтып, танып келгени белгилүү. Ошентсе да калыстык үчүн айтып коюу керек, "Вечерний Бишкек" гезитине (11.03. 2011) берген маегинде, К. Кулматов мырза өзү РФ ФОМСу тарабынан анын атуулдугу тууралуу берилген справка бар экендигин жана бул документ премьер-министр А. Атамбаевге маалымдалгандыгын мойнуна алган. Анын түшүндүрмөсүнө караганда РФнын кызматтык паспортун ошол өлкөнүн компетенттүү органында иштеп жүргөнүндө алгандыгын, бирок жумушу аяктагандан кийин 1997-жылы Бишкекке келгенден кийин 1994-жылкы үлгүдөгү кыргыз паспортун алгандыгын айтат. Кыстара кетчү нерсе, К. Кулматов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин А. Атамбаев тарабынан "таза, коррупцияга малынбаган кадр" катары дайындалган эле. Бул туурасында коомчулук А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү делинип Интернет-сайттарга жарыяланган аудио-жазуудан тааныш.
Ошентип, канчалык Кулматов маселесин тындым кылууга аракет кылышканы менен бул маселе ушул жылдын 4-апрелинде экс-башкы прокурордун милдетин аткаруучу К. Байболов тарабынан парламент трибунасынан дагы бир жолу көтөрүлүп, анда Кубат Калбекович К. Кулматовдун Орусия атуулу экендиги тууралуу документтер бар экендигин тастыктаган. Муну 28-апрелде болсо жаңыдан шайланган КР башкы прокурору Аида Салянова парламент жыйынында дагы бир жолу тастыктап, бул туурасындагы документтер КР Президенти Роза Отунбаевага жөнөтүлгөндүгүн белгилеген.
(Уландысы 4-бетте)





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика