Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Кечээ жакында президентибиз Роза Отунбаева "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, маегинде кыргыз тилдүү басылмалардын бири "Айкын саясат" гезитин "ашкере улутчул" -деп сынга алды. Президентибиздин кыргыз тилдүү басылмаларына берген бир жактуу сын-пикирине түшүнө албай же кошула албай ыңгайсыз абалда калдык. Чын эле кыргыз тилдүү басылмалар президент эжекебиз айткандай "ашкере улутчулбу?" деген суроо менен кыргыз журналисттерине, кыргыз тилдүү басылмалардын башчыларына кайрылдык.
Президенттин кыргыз тилдүү басылмаларды "улутчул" дегенине кошуласызбы?

Айжамал АРАПБАЕВА,
ЖТРдин журналисти:
- Биз, кыргыздар эч кандай улутчул эмеспиз. Эгер кыргыз тилдүү массалык маалымат каражаттары ашкере улутчул болгондо, түштүктөгү июнь коогалаңын ачык чагылдырмакпыз. Биз анткен жокпуз да. Кайра элдин биримдиги үчүн, тынчтык үчүн деп, чыныгы далилдүү фактыларды жаап-жашырып койдук. Мына аягында ким жаман, кыргыз жаман болуп калдык. Бизде, Кыргызстанда бардык улуттар эркин жашайт. Отунбаеванын айтканына мен таптакыр кошулбайм! Улутун сүйбөгөн кыргыз - кыргыз эмес!

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Фабула" гезитинин башкы редактору:
- Кыргыз басылмалары, анын ичинде "Айкын саясат" гезитин "ашкере улутчул болуп кетти" дегенге кошула албайм. Алгач кыргыз элине көбүрөөк тийиштик кылып атышкан орус тилдүү маалымат булактары болгон ошол эле "Fergana.ru", "Centralasia.ru", "Белый парус" басылмаларындагы чагымчыл макалаларга тийиштүү деңгээлде жооп берип алсак жакшы болмок. Кыргыз басылмаларынын улуттук маанайдагы макалалардын жазып жаткандыгынын да бирден бир башкы себеби ошол болуп жатат деп ойлойм.

Сабыр МУКАНБЕТОВ, (карышкыр)
эркин журналист:
Менин оюмча, азыркы бийлик мурда оппозициялык позицияда жүргөн кезинде гезиттердин эркин болушун, сөз эркиндиги болушун колдоп келишип, анан бийлик башына келгенден кийин гезиттердин эркин болушу аларга жакпай калышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Азыр бийлик башындагы адамдар сынга кабылат. Гезиттерде деле аша чапкандар бар, негизсиз каралоо кылгандар бар. Анан бийлик башында турган адамдарга сындар айтылып жатканда кандай адам болбосун тажап, критиканын аз болушун каалайт деп ойлойм. Ал эми эжекебиздин кыргыз тилдүү гезиттерди "ашкере улутчул" дегенине мен таптакыр кошула албайм. Негизинен, биздин кыргыздын гезиттерин "улутчул" -деп айткан туура эмес. Керек болсо, орус тилдүү гезиттердин чагымчылдыгы, кыргызды мазактап, жектеп, кыргызды билимсиз кылып көрсөткөн жоруктары жолдо калсын демекмин. Бир жактуу эле кыргыз тилдүү гезиттерге сын айтып, башкалар жөнүндө унчукпаганын аларды колдоп жатат деп түшүнгөн жерибиз жок. Балким аларды айткандан батына албай, коркуп жаткандыр. Анан колдон келет деп биздин кыргыз басылмаларын күнөөлөгөн туура эмес да. Менин байкашымча, кыргыз тилдүү басылмалар башка тилдүү басылмалардын бизге карата тийишип, басмырлаганына жооп берип жатышат. Кыргыз тилинде чыккан маалыматтардын көпчүлүгү аргасыздан жооп иретинде жазылган макалалар. Кыргыз тилдүү басылмалардын өздөрү биринчи баштап, асылганын мен жолуктура элекмин. Башка тилдүү басылмалардан кыргызды басынткан кемсинтүүлөр көп болот. Ал эми кыргыз тилдүү гезиттер өздөрүнөн-өздөрү асылып тийишкен тенденция бизде жок.

Жылдыз МУСАБЕКОВА,
"Аят пресс" гезитинин башкы редактору:
- Кыргыз болгондон кийин кыргыздын идеологиясын туу тутуш керек да. Кыргыз тилдүү гезиттер "кыргыз тилин, каада-салтын, үрп-адатын билиш керек, ата-бабабыз таштап кеткен эл байлыгын сакташ керек" -деп эле жазып жатышат. Андан башка ашыкча эч нерсе жазгандарын байкаган жокмун. Болгону, көбүнчө биздин "киргиз" саясатчыларыбызды сындашат, кыргызча үйрөнүп албайсыңарбы дешип. Мунун баарын улутчулдук катары көрө берсек болбойт да. Тескерисинче орус тилдүү гезиттер улутчулдук маселени көбүрөөк көтөрөт. Өздөрү эле тийишип турушат. Мисалы кыргыз тилдүү гезиттер андайларга жооп берген жокпуз да. Себеби, кыргыз өзү кеңпейил, камырабаган, улуу эл. Ошол себептүү "кыргыздар улутчул" -деп айткандарына таптакыр кошула албайм. Кыргыз тилдүү гезиттерин улутчул эмес, тескерисинче жеке адамдын турмушуна кийлигишип кетти деп айтса мен түшүнмөкмүн. Бирок, мен кыргызча гезиттерден ашкере улутчулдукту байкаган жокмун. Кыргызстандын жеринде жашап жүрүп эмне үчүн биз кыргыз тилин билбешибиз керек. Эмне үчүн каада-салтыбызды билбешибиз керек. Эмне үчүн үрп-адатыбызды билбешибиз керек. Кыргыз жеринде жашап жаткан башка улуттар "кайсы жердин нанын жесең ошол жердин сөзүн сүйлө" деген кыргызда бир жакшы сөз бар ошондой болуш керек. Мен накта патриот катары ушуну айтмакмын. Кыргыздар "улутчул" дегенге мен таптакыр кошулбайм.

Аскер САКЫБАЕВА,
"Жаңы Агым" гезитинин башкы редактору:
- Былтыркы эки улуттун ортосундагы кандуу окуядан кийин, улуттук маселелер биздин бийликтин орулуу точкасы болуп жатса керек. Андан бери аз эле убакыт өтпөдүбү жакында бир жылдыгы болот да. Анан ошонун астында кандайдыр бир нерселер болуп кетпесин деп чочулап атышат окшойт. Ошол себептүү бир нерсе чыкса эмнеден улам чыгып кетиши мүмкүн деп себептерин басма сөздөргө шылтап салганды ойлоп жатышат окшойт. Бирок, бийлик себепти басма сөздөрдөн издебей, өздөрү аракет кылып, жок дегенде күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартып, конкреттүү иштерди жасаса болмок. Бийлик анткендин ордуна гезиттер эмнени жазса, телерадиолор эмнени көрсөтсө ошолорду эле карап отурганда эч нерсе чыкпайт. Анан биздин гезиттер деле тептегиз баары жакшынакай болуп жатат дегенден алыспыз. Кандайдыр бир деңгээлде биз дагы кээде чектен ашып кетип жаткан учурлар бар. Бирок, мунун баарын мен табигый нерсе деп ойлойм. Анткени, бизде эки улуттун ортосундагы окуяга бир эле жыл болду. Эки улуттун ортосунда жаралган окуянын тегерегинде сөз болушу - бул табигый нерсе деп ойлойм. Убакыт өтүп, бийлик тарабынан алгылыктуу иштер жасалса, мындай нерсеге көңүл бөлүп, өзгөчө басым жасабай, бардыгы өз калыбына келет деп ойлойм.

Зулпукаар САПАНОВ,
эркин журналист:
- Кыргыздар эч качан кулга бийлик берген эмес. Тегине, нукура кыргыздыгына караган. Азыр болсо баары аралашып кетти. Ким чыныгы кыргыз, кимиси кул экени билинбей калды. Бизди жыйырма жылдан бери ушундай каны бузуктар курутууда. Тилекке каршы, андайларды учурунда билиш кыйын экен, тексиз адамдар качан колуна бийлик же байлык бүткөндө көрүнөт турбайбы. Кыргыздар мындайларды "түбү тойбогон" деп койот. Андайлар айткан сөзүн, баскан жолун унутуп, элдин жон терисин тилип, шорго малганын көрдүк. Анын сыңары, президент Роза айымдын таскагы учурда күзгүдөй көзгө тартылат. Президент болгондон бери "ичкен кудугуна түкүргөндөй" журналисттердин оозун кантип жабуунун айласын таппай келет. Жакында "жөөттөр" дегенди калкан кылып, силердин "Айкын саясат" гезитине сын айтып прокуратурага журналисттерди тизгиндөө тапшырмасын бериптир. Апчебиз эмне, бирөөнүн буйругун аткарып жатабы (?) түшүнүксүз. Дегеним, кечээ эле Бакиевге оппозиция болуп жүргөндө Кыргызстанды кемирген жөөттөрдүн атына чейин айтып, "Масаулов, Надель, Елисеев, Малеваная, Гуревич, Каганер деген жөөттөр ээлеп алды" деп какшап жүрүп, элге жек көргөзүшпөдү беле? Ошондо Роза айым "жөөт" дегенди токтотолу деп "соратниктерине" эмнеге айтпады экен, таң калыштуу…

Айгүл БАКЕЕВА,
"Кыргызстан маданияты" гезитинин журналисти:
- Менимче, сөздүн жакшы маанисинен алып караганда, улутчул болуу коомго эч кандай деле зыян алып келбейт. Улутчулдук, менин түшүнүгүмдө, мамлекеттин өзөгүн түзүп турган улуттун кызыкчылыгын көздөө, элине-жерине болгон сүйүүсү, улуттук мурастардын сакталышына жана анын байытылышына салым кошуу, улуттук баалуулукту мамлекеттик деңгээлге өстүрүп- жеткирүү, башка улуттарды да мамлекеттик идеологиянын айланасына баш коштуруу, жалпысынан мамлекеттин өнүп- өсүшүнө ар тараптан аракет жасоо дегендик. Улутчулдук мамлекеттик идеологиянын бир бөлүгү болуп калганда, ал мамлекет гүлдөп- өсүп кетет деп ойлойм. Кыргыздарсыз Кыргызстанды, француздарсыз Францияны, англичандарсыз Англияны, орустарсыз Россияны, япондорсуз Японияны элестетүү кыйын. Мамлекеттердин ар биринин улуттук өзгөчөлүктөрү, баалуулуктары бар эмеспи. Ал эми кыргыз тилиндеги гезиттер улутчулбу же улутчул эмеспи, деген маселеге келгенде, айрым учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарында шовинисттик маанайдагы макалаларды окуп калаарыбыз чын. Бирок, бул кыргыз тилдүү гезиттерге эле мүнөздүү деп ойлобойм. Бул орус гезиттеринде деле, дүйнөлүк башка басылмаларда деле учурап жатканы жашыруун эмес. Эгер биз жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз жерибиздин кооздугун даңазалап турсак, төгөрөктүн төрт жагынан туристтер келип, экономика да өнүгүп- өсүп турмак. Интернет булактарынан Иерусалимдин вице- мэри, мурдагы кыргызстандык Лариса Герштейндин Кыргызстан тууралуу жазгандарын окуп, ыраазы болдум: "Мен эч убакта Ысык- Көлдүн чөбүнүн жытын, кийиздин чаңынын жытын унута албайм, атам менен энемди, балалыгымды эстегенде, ошо жыт мурдумду өрдөйт. Кыялымда Кыргызстанга барып -келип, эс алып калам" деп жазыптыр. Россиялык велосипед тепкендердин жетекчиси Константин Акчурин интернеттеги отчетунда Төө-Ашуудан Каркырага чейинки кыргыз жерин, элин, кымызын, жайлоосун сонун кылып сүрөттөп бериптир. Кыргыз тилдүү, айрыкча эркин гезиттерге, сын көз караштар арбын айтылып жатат. Бирок, сындын келип чыгуу себептерине эч ким коңул бурган жок. Саясатчылар эркин гезиттерди кайсы бир саясий кампания учурунда максималдуу пайдаланып алып, өз максаттарына жеткенден кийин, талаага таштап, басып кетип жатышканы жашыруун эмес.

Суроо салган
Назгүл МАМЫТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«