Бейне

Санасаң санагы жок саясатчылар сапырылган самандай эле көбөйүштү. Курулай кыйкырык, курулай дымак менен күн көрүп, саясатты өздөрүнүн куралына айлантышып андан упай топтоону, элге жагынууну адат кылып алышкан учурлар да жок эмес. Кудай менен курдаш, Теңир менен теңдеш болуп, көөдөнүн көккө көтөргөндөрдү, биз, жердегилер биринин артынан бирин ушинтип "Саясий бейне" рубрикабызда сындай беребиз. Адилет болсунчу, анда, алардын бейнесине кыргызга белгилүү болуп калышкан, саясаттын казанында кайнап жаткан адамдар айтып бермекчи. Бүгүнкү "Саясий бейне" рубрикабыздын каарманы ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибек уулу болмокчу.

Төрага Акматбек Келдибековдун саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Бейшенбек Абдрасаков, коомдук ишмер:
- Акматбек Келдибеков - Бакиевдин убагындагы Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановго караганда төөлүк өйдө. Зайнидин Курманов парламентте жалаң орусча сүйлөп, орусча иш алып барчу. Ал эми Акматбек Келдибеков жалаң кыргызча сүйлөп, көпчүлүктүн көңүл борборуна айланды. Ага кээ бир депутаттар орусча кайрылса, кыргызча жооп берип атат. Бул жагын мен өтө баалап калдым. Биз жыйырма жылдан бери "кыргызча сүйлөп, кыргызча иш алып баралы" деп кыйкырып келатабыз. Антип кыйкыра бербей, ар ким өзүнөн башташ керек. Улуу көч кайда барса, кичүү көч ошол жакка барат дегендей да. Ошондой эле Акматбек Келдибеков башка саясатчыларга караганда жакшы эле иш кылып атат. Калп айткан менен болобу. Казакстан, Россия мамлекеттерине барып бир топ маселе чечип, 6 баланын үй-бүлөсүнө миллион сомдон жардам каралып, Ош окуясында курман болгон 300дөн ашык адамдардын жакындарына андай жардам каралбай калганда да, Акматбек ал маселени көтөрүп чыкты. Эсиңерде болсо керек, Оштук туугандарыбыз көтөрүлүп, Ак үйгө нааразычылык акцияларын баштаганда, жакшынакай чечим менен элдин көйгөүн чечип беришти. Калыстык кылды десем жаңылбайм. Мурда Акматбекти көп байкабаптырмын. Анын кыргыз үчүн патриот экендигин билчү эмесмин. Көрсө чыныгы патриоттордун бири экен. Мурда мен да депутат болуп турган кезимде, ушул Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер орусча сүйлөп кайрылып калышчу. Анан мен, "ой силерди патриот экен деп жүрсө, орусча сүйлөгөнүңөр кандай?" десем, уялып калышаар эле. Эми мына минтип жалаң кыргызча сүйлөп, оор басырыктуу саясатчыларга айланышты. Бирок, Акматбекти ашыкча эле мактай берүүдөн алысмын. Албетте, пенде болгондон кийин катачылык кетпей койбойт. Бул кишиде да каталар бар. Эми көч - бара-бара түзөлөт да.

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Акматбек Келдибеков менен мурун - кийин жакын тааныштыгым жок. Мурунку кылган иштерин эске албаганда, азыр аракети бар. Бирок, кемчиликтери толуп атат. Маселен, "Ар-Намыс" партиясынын он депутатынын "коалицияга киребиз, бирок ошол маалда оппозициялык фракцияда да калабыз" деген сунуштарына калыс чечим чыгара албай башы маң болуп атат. Конституциянын негизинде мындай маселелерди чечип берип койсо болот эле да. Албетте, Конституциянын айрым бышпаган жерлери бар дечи, ошентсе да бир тарабына чечип берүүгө кантип болбосун. Мындай сунуштарга төрага катары Конституциянын концепцияларына жараша жооп берсе болот. Акматбек Келдибековдун мындай сунушка жооп бере албай жатканынан улам, "бу киши Конституциянын концепцияларын билбейби?" деп да ойлоп кетет экенсиң. "Эгер билсе, неге чечкиндүү чечимди чыгарып бере албай ээси ооп атат?" деген суроо айласыз ойлондурбай койбойт экен.

Марат Кайыпов, экс-министр:
- Апрель окуясынан кийин Кыргыз Республикасынын келечеги бүдөмүк болуп калган. Анын мамлекет болуп сакталышына өтө чоң коркунучтар пайда болуп, кыл учунда турган элек. Анан көп өтпөй, парламенттик шайлоону жарыя кылышып, Кыргызстандагы апрелден кийинки биринчи чыныгы мыйзамдуу бийлик орноду. Буга Кудайга шүгүр кылып, жакабызды кармашыбыз абзел. Бирин - бири каралап, бирине - бири бут тоспой, бир атанын балдарындай эмгек кылуулары керек. Мындай коогалаңдуу окуяларды Кудай башыбызга салбасын! Азыр жамандыр - жакшыдыр парламент иштеп келатат. Анын ичинде да депутаттарыбыз өз деңгээлине жараша иш алып барып атышат. Акматбек Келдибеков тууралуу айтсам, ал киши да чечкиндүү, калыс ой- пикирлери менен өз жүзүн, өз салмагын элге көргөздү. Мыйзамдуу бийликтин биримдигин кармап, ичи тар, көрө албаган сырткы жана ички күчтөргө "сөзгө сөлтүк, кепке кемтик" болуп калбай, иштеп келатышат. Акматбек Келдибеков - парламенттин ишин калыстык жана чечкиндүү кадамдары менен башкарууда десем жаңылбайм.

Рахат Ырсалиев, саясатчы:
- Акматбек Келдибековду мен 2005 - жылдан бери жакшы билем. Ал аткаруу бийлигинде да, парламентте депутат да болду. Кыргызда жакшы иштесең да, жаман иштесең да артыңан сөз ээрчий берет. Бу кишинин да артынан сөз ээрчип келген. Дале болсо ар кандай ушак - кептер тарап атат. Көпчүлүк саясатчылардан айырмаланып бир топ эле аракети көрүнүүдө. Өзүнүн маданияттуулугу, оор басырыктуулугу менен парламентте төрагалык кызматын татыктуу аткарып келатат десем жаңылбайм. Келечекке туура жол салып, чечкиндүү кадамдары менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болууда.




Урматтуу "Айкын саясат" газетасынын окурмандары! Биздин "Саясий бейне" рубрикабызга өз пикирлериңерди 0772 12 86 53 номерине sms аркылуу жазгыла. Эмки саныбыздын "Саясий бейне" рубрикасынын каарманы ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров болмокчу.

Бетти даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК
E.Elchibek@meil.ru

Шайлоо деп эмитеден айгай салып кыйкырып чыккандар четтен табылып атат. Анча шашпайлы, "той да болот, тойдун эртеси да болот"! Көрдүк го, шайланган эр азаматтарыбыздын мамлекетке кылган эмгектерин. Шайлоого чейин, (Кудай сактай гөр!) ушунчалык убадаларды беришет дейсиң, тим эле, өлкөбүз Швейцарияга айланып кете жаздайт. Президенттик шайлоо да жакындап калды, урматтуу бийликтин чалдары!
Шоколад 0779 ** 49 90
Курманбек Бакиев эки бетин тултуйтуп, уялып калуунун ордуна, сүзөнөөк букача сүзө качырып кирме адаты бар эле, ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибековдун да мүнөзү дал ошол Бакиевдикиндей экен.
0771 06 66 10
Келдибектин баласы канчалык жасанып - түздөнүп, өзүнүн кара пиярын жасабасын, баары бир анын түпкүлүгү дааналанып көрүнүп турат. Бу жигит кыргызга эч кандай пайда келтирбейт!
0555 ** 11 00
Акматбектин өткөндө кыргыз гезиттеринин биринде маек берип атып, "мен мурунку парламенттеги спикерлердин баскан турганын, сүйлөгөн сөздөрүн карап, алардан таасир алып атам" деп айтканынан улам аны анча баалабай калдым. Эски спикерлердин жолуна түшсө, жол болсун Акматбек!
0543 ** 88 75
Акматбектин аты эле айтып турат, "Акмак" деп. Ушу менен эле жыйынтык чыгарып койсо болот, Улуу Урматтуу кыргыз элим!
0700 ** 00 89
Спикерлердин арасынан Адахандын элге эмгеги зор. Ал киши өтө чечен, өтө кызыл кулак киши экен. Артистик чеберчилиги да аябай өсүп - өнүгүптүр. Бу Акматбек Келдибековуң ээрчиме, оомо болуп бүтүптүр да, жарыктык киши!
0552 ** 37 52
Биздин саясатчылар мактоого эле татыйт! Алардын эч бир жеринен ийненин көзүндөй күнөө таба албайсың, таңгөрү десе! Баары эле аппак, баары эле акылдуу. Бирөө да "Акмак" эмес. Деле зымга тизгендей, түптүз!
Калысбек, 0777 ** 22 65
Акматбектин акмакчылыгы Бакиевдин убагында ашынып баратты эле, эми карабайсыңарбы, деле аппак периштедей болуп чыга келди. Элге акыл айтып, өзүн кеменгер сезип жүрөт оюнда!
0550 ** 87 11
Биздин саясатчылар кеменгер же аңкоо деп бөлүнбөйт. Биздин саясатчылардын бири эле аты бар. Ал "коррупционер"!
Анти коррупционер,
0778 ** 82 31
Урматтуу "Айкын Саясат" гезитинин жамааты (!) жана "Бейне" рубрикасын алып барып аткан Элдияр ЭЛЧИБЕК! Силер "Бейне" деп бу саясатчыларды сындабай, "САТКЫНДАР" деп рубрика ачпайсыңарбы. Ошондо буларга жарашат.
0543 ** 66 89
Башка депутаттарга караганда Акматбек Келдибеков өзүнүн милдетин жакшы эле аткарып атат. Калп айткан менен болобу. Чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып, болгон дараметин, болгон күчүн жумшап эле атат.
0555 ** 86 44