Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Салмоорбек
Дыйканов,
"Асаба" кайра жаралуу партиясынын төрагасы:
"Улуттун улут болуп калыптанышына доо кетиребиз дегендер өтө жаңылат…"
Былтыркы Ош, Жалал-Абадда орун алган июнь айындагы улут аралык кагылышууларды иликтеген Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык көз карандысыз комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, этникалык мамилелерди жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Бирок, мамлекеттик бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү берилген сунуштардын айрымдары негизсиз экендигин айтышып, алар тескерисинче кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Мына ушул жагдайды эске алып, "Асаба" кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов менен маектештик.

- Эл аралык ОБСЕ уюмунун өткөн жылдагы Ош коогалаңы боюнча чыгарган жыйынтыгына кандай баа бере аласыз?
- Биз Улуттук конгрессте июнь окуясын иликтөө боюнча Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгын талкуулап, ага башыбызды оорутпай эле койсок болот. Алардын чыгарган жыйынтыгы дал биз күткөндөй болуп чыкты. Ош окуясы боюнча кыргыздарга көө жабылган терс докладдар "эл аралык" деген мындай уюмдар тарабынан мурда айтылып келген пикирди дагы бир жолу бекемдеди. Көптөгөн фактылар негизсиз, бир тараптуу жазылып, УКМКнын, ИИМдин, прокуратуранын иликтөөлөрү эсепке алынган эмес. Ал түгүл аталган комиссиянын отчётунда бир топ маселелер боюнча биздин өлкөгө шек келтирген жагдайлар бар. Маселен, Кыргыз Республикасы дегенди "Республика Кыргызстан" деп аташ керек, айрым аймактарга өзбек тилинде статус бериш керек деген сунуш, көрсөтмөлөр жазылган. Так ушундай докладдарга, пикирлерге кошуп Кыргыз Республикасындагы этностук өнүгүүнүн жана коомду бириктирүүнүн Концепциясы деген схеманы ОБСЕ Комиссарынын колдоосу менен иштеп чыгышкандыгы белгилүү болду. Мындай талап, эл аралык нормага жооп бербейт. Кыргызстанды кандай аташ керек экенин кыргыз өзү чечет. Ага кайсы бир эле уюмдун кийлигишип, ар кайсы сунушту таңуулаганга акысы жок. Ошондуктан расмий бийлик, парламент, өкмөт, президент бул уюмдун чыгарган корутундусун тааныбашы керек. Эч бир рекомендацияларды кабыл албоо зарыл. Мен ушуга чакырат элем. Анткени бул отчёт улут аралык мамилеге доо кетирип, жаңжал чыгарууга түртүшү мүмкүн. Аталган сунуштарды өкмөт тарабынан кабыл алдырып, жалпы элди камчыга бөлүп айдатуу үчүн жанагы докладдар ойлонуп чыгарылган. Бул ачыктан-ачык көрүнүп эле турат. Кимдердин кызыкчылыгы үстөмдүк кылып аткандыгы. Алардын айтып аткан сөздөрүндө конкреттүү фактылар камтылып, объективдүү жыйынтыктар болуш керек эле. Бирок, андай болгон жок.
- Мындай бир беткей чыгарылган жыйынтыктын башкы максаты эмнеде?
- Көз каранды эмес ОБСЕ комиссиясынын ишинин башкы багыты эмнеде (?) деген суроого, ойлонуп отуруунун кажети жок. Алар ачыктан - ачык эле жар салып коюшту. Алардын башкы максаты - кыргыздар менен өзбектерди кагылыштырып, ошонун натыйжасында, биздин өлкөнү бөлүп жаруу же болбосо улуттун улут болуп калыптанышына доо кетирүү! Бул саясатты ишке ашыруу үчүн жанагы ОБСЕ Комиссарынын колдоосу менен чыккан Кыргыз Республикасындагы этностук өнүгүүнүн жана коомду бириктирүүнүн Концепциясы керектелет. Аталган документке ылайык мыйзамдык күчкө ээ болгон чечимдер кабыл алынды да, кыргыз жериндеги саны чамалуу бардык этно - диаспоралардын жаштар өкүлү менен атайын иш-чаралар "эл аралык" уюмдардын колдоосу менен өткөрүлүп келатканы жашыруун эмес. Балким, бул иштер көмүскөдө болуп, көпчүлүк кыргыз калкы бул жөнүндө тааныштыгы жок чыгаар.
- Бир беткей чыгарылган чечим алдын ала даярдалган деп божомолдогондор да бар…
- ОБСЕ уюмнун өкүлү Киммо Кильюнен баш болгон комиссиянын докладындагы кыргыздарды каралаган башкы чечимдин максаты жападан жалгыз бирөө. Ал - кыргыз элин бийликтен ажыратып, кулга айланткан Концепция, мыйзамдарды өткөрүү жана аларды өкмөткө аткартуу! Ошондуктан Комиссиянын чечими ОБСЕ тарабынан алдын ала пландаштырылган, даярдалган десек жаңылышпайбыз. Кыргыз Республикасындагы этностук өнүгүүнүн жана коомду бириктирүүнүн Концепциясы деген документтин башкы максаты - башка улуттардын диаспораларын күчтөндүрүп кыргыз элин этникалык организм катары жок кылуу иретинде түзүлгөн. Эл дегенибиз - бул Л.Н.Гумилевдин сөзү менен айтсак "тирүү организм". Анын өзүнүн жашоо программасы, мыйзамдары бар. Башка элдердин өз мамлекеттери, жери бар. Эгер алардын диаспораларын күчтөндүрүп кыргыз элине каршы койсо, эртедир, кечтир биздин эл жоголот! Эмне үчүн азыр өлкөбүздө абдан кедей, абдан шордуу калктын катмарын кыргыздар түзүүдө? Эмне үчүн түрмөлөр кыргыздарга толгон? Эмне үчүн кароосуз калган балдар, картаңдар үйүндө көпчүлүгү кыргыздар? Эмне үчүн жумушсуздар, сатылган кыздар кыргыздар? Эмне үчүн эмгекке жарамдуу эл талаалап - тентип жүрөт, башка мамлекеттерде? Биздеги башка улуттарды карап көрсөк, бардыгы социалдык жактан жакшы камсыздалып, эч муктаждыктары жок жашашат. Алар өз өлкөлөрүнө кетүүнү эч бир ойлобойт. Биз аларга жакшы шарт, жакшы жагдай түзүп берип атабыз. Алар болсо биздин мойнубузга минип, эки бутун салаңдатып алды. Россияда жүргөн кыргыздар ушул сыяктуу тополоңду же болбосо, улуттук идеологияны көтөрүп чыксынчы, аларды ошол замат жок кылышат.
- Кыргыздардын меймандостугу же болбосо жөнөкөйлүгүнөн пайдаланып жатышкан жокпу?
- Башка элдерге адамгерчиликтүү, куулук - шумдугу аз кыргыз элинин арасында жашап кетүү оңой. Аларды пайдаланып Кыргыз элинин ырыскысы болгон кен - байлыктарды, ишканаларды тартып алуу, пайдалануу, ичинде ит өлгөн арамза улуттардын башкы максаты. Мисалы, "Кумтөргө" окшогон кен байлыктар, Кара-Балтадагы, Канттагы, Токмоктогу жана башка ишканалардын бири да кыргыз мамлекети үчүн иштебейт. "Кумтөр" - бул көз көрүнөө элди тоноо болуп эсептелинет. Ал, 2007-жылы кыргыз мамлекетинин менчигине 100 % өтүшү керек болчу. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин кыргыздарды мал катары көрбөгөн чет элдиктердин колунда иштеп келатат.
- Эл аралык уюмдун жыйынтыгы боюнча, түштүктөгү коогалаңдын күнөөкөрү кыргыздар болуп чыкты. Сиздин пикириңизде: ким күнөөлү?
Түштүктөгү кагылышты жакшылап иликтеп, аны бир тараптуу кылбай, калыс пикир менен айтсак, коогалаң болгон жерлерде өзбектер басымдуурак келишет экен. Ал эми өзбектер аз жашаган жерлерде коогалаң анча болгон эмес. Эгерде кыргыздар түштүктө башка улуттарды кордоп, аларды кууп атса, анда неге түндүк тараптагы башка улуттарды кууп, аларды кордобойбуз? Айрыкча Жалал- Абад администрациясындагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн Кадыржан Батыров баштаган өзбектер басып алып, Бакиевдердин үйүн өрттөгөндөн кийин көп нерсе түшүнүктүү болду. Жардамга барган оштук өзбектердин баарында курал, автоматтар болсо, кыргыздар таяк, таш менен жүрдү. Өзбектер өзүнүн күчүн сезип талаптарын коё башташканы эмнеден кабар берет? Көбүнчө кайсы улут жабыр тартты эле? Албетте, кыргыз улуту. Маселен, Базар - Коргондо кыргыз улутундагылар өзбектерден жанын сакташ үчүн, баары бирдей тоого качып кетишкен. Анан кийин гана милиция, солдаттардан курал тартып алып, кыргыз жаштары жардамга келгенде гана тең салмактуулук түзүлгөн. Түштүктө кыргыз элинин башына каран күн түшө баштаганын сезгенде гана Бакиевди колдогондор да, ага каршы чыккандар да - баары биригишкен. Кыргыз жаштары өзбектердин үстөмдүк зөөкүрлүгүнө каршы турушуп, алар кыргыз мамлекетинин биримдиги, кызыкчылыгы жана ар-намысы үчүн башын байлашкан. Ал эми өзбек улутундагылар болсо, кыргыздардын жерин бөлүп, кыргыз элинин ырыскысын тартып алгылары келген. Бул - ачыктан-ачык көрсөтүлгөн факт. Жогоруда айтылган ОБСЕ сыяктуу уюмдардын кыргызды мамлекет катарынан чыгарып, кыргыз элинин духун сындырабыз деген пландары суу кечпей тургандыгын дагы да болсо баса белгилеп өтөөр элем…
Маектешкен
Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«