Манас Сүйөркулов, И. Разаков атындагы Кмтунун энергтика факультетинин деканы, профессор:
"Бизде жаштар кесип тандоодон көп жаңылышат"
- Манас мырза, сиздердин факультет энергетика тармагы боюнча адистиктерди даярдап жатасыздар, дегеле бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү энергетика боюнча адистигиндеги мүчүлүштүктөр же жетишкендиктер тууралуу сөз кылсаңыз?
- Кыргызстандын энергетикасы өлкөнүн экономикасын түзүүчү жана экономикасын көтөрүүчү бирден-бир булак болуп жаткан тармак деп айтсак болот. Биз көп мамлекеттерге салыштырмалуу чакан мамлекетпиз, ошол эле мезгилде энергетикага бай мамлекет катары да эсептелебиз. Ошондон улам биздин өлкөдө энергетика боюнча адистер аз, жетишсиз деп айтууга болбойт. Кыргызстан Союз мезгилинен өз алдынча эгемендикке жетишкен жылдары бир гана энергетика тармагында эмес бардык адистиктер боюнча абдан эле кыйналган эле. Кайсыл гана жерге барбаңыз бөлөк улуттагы адистер иш алып барышчу. Кийинчирээк ошол адистердин баары биздин өлкөнүн чама-чаркын көрүп сыртка жумуш которо башташкан. Ошондо "Кыргызстандын энергетикасы кооптуу абалга туш болот, өздөрү иштете албайт" деген сөздөрдү да айтышкан. Тилекке каршы андай болгон жок. Бизден өсүп чыккан адистер Токтогул ГЭСиндеби, башка энергетика тармагы боюнча кызматтардабы Кыргызстан өз энергетикасын иштетип кетүүгө жөндөмү бар экенин тастыкташты. Бизде 2 гана жылуулук электр станциясы бар. Бири Бишкекте, экинчиси Ошто. Калгандары суу электр станциялары. Мына ошол жерлерде да бизден билим алган жаштар эмгектенип жатышат. Ага биз сыймыктанабыз.
- Учурда Камбар -Ата 1-2 ГЭСтери курулуп жатпайбы ал жакта да сиздердин адистер иштеп жатышабы?
- Нарын дарясына 20дан ашык ГЭС курулат деген өкмөттүн келечектүү иш пландары бар экен. Анын ичинде азыр Камбар-Ата2 ГЭСи курулап жатат. Биз мындай чоң пландардан улам көпчүлүк адистерди мурда Россиядан атайын даярдап окутуп алып келүүгө туура келчү. Азыр болсо ушул эле жерден Гидроэлектрстанциялары боюнча атайын адистерди окутуп чыгарып, аны менен бирге "автоматты коргоо жана анын системалоо" деген адистик боюнча да атайын кадрларды окутуп жатабыз. Көптөгөн студенттерибиз атайын практикалык иштерин ошол эле Токтогул ГЭСинен, Камбар-Ата ГЭСтеринен барып өтүп келүүгө бүгүнкү күндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер аталган ГЭСтерден жыл санап биздин студенттер тажрыйба алмашып, иштин көзүн ошол жерден таап кетишкен болсо, анда эле биз эч кандай адистиктерден аксабайбыз. Бизде кесип тандоо дегенди көпчүлүк жаштар ылгап, тандап карашпайт. Ошондон улам бизде кадр маселелери чаржайыт. Кыргызстан электрэнергиясына бай мамлекет катары таанылып жаткандан кийин көптөгөн жөндөмдүү, акылдуу жаштар ушул жагына көбүрөөк тартылса деген акыл-насаатымды айтат элем. Адистикти туура тандоо-бул келечегин аныктоо эмеспи. Электрэнергия деген азыркы күндө Кыргызстандын күрөө тамыры болуп турат да. Келечекте да анын эртеңи - кенен дайрадай. Андыктан, азыркы бүтүрүүчү жаштарды өз өлкөңөр үчүн ушул кесипти тандагыла дейт элем.
- Окуу жайды бүтүрүп чыккан адистерди жумуш орду менен камсыздоо абдан көйгөйлүү маселе, сиздерде бул жагы кандай жолдо чечилген?
- Бизде тиешелүү тармактар менен атайын келишимдер бар. Март айында биздин тармагыбызга тиешелүү болгон бардык жетекчиликтердин катышуусу менен тегерек үстөл уюштурулуп, анда энергетика тармагын боюнча адистиктерди даярдоо жана иш орундары менен камсыз кылуу багытында талкуу болгон. Ал жолугушууда тиешелүү жетекчилер менен 14 багытта келишимдер түзүлүп иш алып бармакчы болдук. Анда жакшы окуган студенттер үчүн стипендиялар да төлөнүп турмакчы болду. Студенттерибизди практикадан өткөрүүдө да ошол эле "Чыгыш -Электр "Түндүк-Электр" ААКсы колдоого алып турушмакчы.
- Студенттер үчүн кандай жеңилдиктер бар?
- Биздин окуу жайдын 90%ы контракттык негизде окушат. Эгерде жакшы окуган же спортсмен болсо, маданий иш чараларга жалындуу катышып өзүнүн талантын бийик деңгээлде көрсөтө алса, алардын баарына контракттарын 20%дан 50%га чейин азайтуу жеңилдиктери каралган. Кудай андайды ылайым аз кылсын, бизде жетимдер үчүн да стипендиялар каралып, окуу жайга өтүү алар үчүн бекер. Бардык студенттер үчүн жатаканалар жетиштүү. Ар бир ай үчүн 800 сом гана төлөп жашай беришет.




Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
"20 жыл бою эки президентти колдоп, элибизди жакырлантып, тентиткен депутат, министр, сот, прокурорлор - элдин жакшыларыбы?"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Экинчи маселе. Мыйзамдар адамды уяттуу, боорукер, абийирдүү, намыстуу, кең пейил кылбайт. Алар, негизинен, адамдардын ачкөздүгүнө чек коёт жана бийлик күчүн түзөт. Бирок, бүгүн мыйзам күчүн жоготуп, ар өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткенде иштебей калып жатбайбы....
Мыйзамды адам ойлоп жаратат. Бабаларыбыз болсо миң жылдар бою сыноодон өтүп, өзүн актап, элди сактап келген түбөлүк рухий ыйман-адеп нарктарына таянып, аларды бекем сактап, жашап келишкен! Бул мурасты унутуп, бүгүн рухий селсаяк болуп жатбайбызбы...
-Өлкө башкаруу билимди, тажрыйбаны талап кылат эмеспи. Курултайга шайлангандар ушул талапка татыктуу болуп, жооп береби?
-Өлкө тагдырын ачык талкалап жаткан-эки президенттин саясатын илимий, чыгармачыл, саясий элита токтото алган жок. Негизинен, элет эли чекит койду. Өлкөнү кыйроодон сактаганда - эл керек болуп, Элдик Курултайга келгенде - элге ишеним болбой калабы?
20 жыл бою эки президентти колдоп, өлкөбүздү сызга олтургузуп, элибизди жакырлантып, тентиткен депутат, министр, сот, прокурорлор элдин жакшыларыбы? Ыймандуу, адептүү, мекенчил, таза адамдарбы? Тескерисинче, ыймандуу, адептүү, таза, мекенчил адамдар 20 жыл ичинде жарды, жакыр болушту. Улуттун уюткусун так ушулар сактап келатпайбы?
Кантип эле бүгүнкү Жогорку Кеңешти мушташкана кылгандардан да начар адамдар Элдик Курултайга шайланышсын?
-Эл Биримдигинин Курултайы Бишкекте 22-апрелде өттү, Ынтымак Курултайы өтөт деп жарыя кылынды. Курултайлардан эл адашып калган жокпу?
-Кийинки 20 жыл ичинде өткөн Курултайлардын баары кандайдыр бир саясый максат менен уюштурулган... 22-апрелде өткөн Курултай да 10-15 саясатчылардын упай топтоо максаты, белгилүү министрге колдоо көрсөтүү аракети менен уюштурулду...
Элдик Курултай - бабаларыбыздын улуу мурасы. Аны ыйык тутушубуз керек! Улуулугу эмнеде? Биринчи. Жалпы элдин мүдөө-талабын баарынан бийик коюп, топтун, уруунун кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлүп, өзүмчүлдүктүн бардык түрүн жеңип, кырк уруунун ынтымак-биримдигин ишке ашырып, аны чыңап, келечекке кам көрүп, мекендин улуулугуна баш ийүү!!! (Бүгүн жердешчилик, тууганчылык, бизнес, саясый партиянын максаты деп бөлүнүүдөн кыргыздын башы чыкпай калбадыбы!!)
Экинчи. Курултайга бардык аймактардын, уруулардын эл шайлаган, элде барктуу, нарктуу, абройлуу, эл жакшылары катышчу. (Бүгүн Бишкектин айланасынан эл шайлабаган колу бош 600-700 адамды чогултуп, аны Улуу Курултай деп атагандан ал Улуу да, Курултай да болуп эсептелбейт!!)
Yчүнчү. Элдик Курултай бабалардын ыйман-адеп нарктарын, каада-салт, үрп-адатын бекем сактоо менен өтчү!! (Бүгүн болсо бурмалап, кошоматчылык менен жалган сүйлөп, керектүү бийликтин адамын мактап, жактоо - адатка айланды, же бирөөнүн атайын тапшырмасы менен бөлөктү жамандап, куйтучулук кылуу - катардагы көрүнүшкө айланды...)
Төртүнчү. Накта Элдик Курултайды эл дайыма колдоп, кубаттап, сыйлап, анын чечимдерин толук турмушка ашырып, аткарган!
-Демек, Бабаларыбыз өткөрүп келген Курултайларга биз жакын жолой албай келатат турбайбызбы?
-Туура. Заты, маңызы, максаты, аруу тилек, асыл ой менен өткөрүлчү Курултайлар баарынан бийик эл мүдөөсүн, калк муктаждыгын, Мекендин асылын, улуттун улуу мурасын койгон үчүн нечен эрлер, нечен шерлер мен-менсиңгенин тыйып, башы кошулуп, биримдикке келишип, ынтымагын бекемдеген. (Бүгүн болсо, партиянын, байлык-акчанын кызыкчылыгы эл тагдырынан, өлкө келечегинен өйдө болуп кетпедиби!!!).
-Белгилүү академиктин "Элдик Курултай - таш дооруна алып барат" деген сөзү жалган турбайбы?
-Кийинки 20 жыл бою илимий, чыгармачыл, саясый "элита" (академик, эл жазуучу ж.б.) эки президентке кошомат кылып, аларга элди алдоого жардамдашып, акысына наам, медаль, орден алып, ректор кызматына дайындалып, балдарын кызматтарга коюп, далай мүлк, жерлерди менчиктештирип, май-талкандын үстүндө жашап келатышат... Булар эл алдында эки президент менен күнөөнү тең бөлүшүш керек эле...
-Европа өлкөлөрүндө, Россиянын тарыхында Элдик Курултай башкаруусу эгерим болбоптур...
-Ырас, алар төрт миң жыл бою рухий, саясый, чарбалык кулдукта жашап келишкен элдер. Илгери эле бай-кедейге бөлүнүп, зордук, зомбулук менен башкарылып келишкен.
-Саясый партиялардын коалициялык башкаруусун көрүп жатабыз, ал жөнүндө пикириңиз кандай?
-Партия - жаат деп которулат. Жаатташуу бөлүнүп, жарылууга алып келип, эл ынтымагын талкалайт. Бул чет өлкөлүктөргө гана керек (кыргызга кереги жок). Муну Баш Мыйзамга киргизген саясатчыны жоопко тартыш керек. Мындай башкаруу түзүлүштөн тез арада баш тартуу зарыл (өткөн жарым жыл убакытта булар ким экенин элибиз толук билип калды го).
-Эл, эл эле деп олтуруп, сиз элибизди ашкере бийик баалап жаткан жоксузбу? Өлкөнү тунгуюкка түшүргөн эки президентти да ушул элибиз шайлап келбедиби?
-Кыргыз илгери эле айтып келген: "Бийлик - Жаратканда, андан кийин - элде" - деп. Бул улуу чындык. Ал эми мамлекеттин күчүн толук жумшап, элдин жакырчылыгын, ишенчээктигин, кең пейилдигин арамзалык менен пайдаланган президенттердин аягы жаман болду го!
Демек, элде күнөө жок! Күнөө - намысы, уяты, абийири жок ант бузар президенттерде жана кыргыздын өзүн-өзү башкаруу улуу тажрыйбасы - Элдик Курултай унутта калганында. Бул - тарыхый шартка байланыштуу болбодубу. Калың эл Курултайды колдоп жатканы - Кыргыз улуу эл экенинин дагы бир белгиси!
Баймырза НАКАЙ