Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ак тилек!

Бийликке жаштар келсин!
Кыргызстанда болуп жаткан элдик чайпалуулар өлкөдөгү калктын калың катмарына сиңген жакырчылыктын себебинен пайда болду. Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тамырлап кеткен коррупция, бул жакырчылыкты пайда кылуучу факторлордун бири.

Президенттик администрацияга, Өкмөттүк структураларга өз атын жакшылап жаза албаган кадрлар кирип, мамлекеттик иш кагаздарды жүргүзө баштады. Жогорку Кеңештин мандаттарына криминалдар менен контрабандисттер ээ болгон учурлар болду. Өлкөнүн бүтүндөй бюджетке түшүүчү каржы булактарын сырттан келген менеджер сөрөйлөр башкарып, эл чарбасынын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк беришпеди.
Мамлекеттик башкаруудагы эски партократтар менен карьеристтер кошоматка кой сойгондон башка колдорунан эч нерсе келбеди. Кыргызстандын Эгемендүүлүк жылдарындагы мамлекеттик башкаруунун кадыр баркы ушундай тездик менен төмөндөп бара жатты.
2010-жылдын 7-апрелинде борбордук аянтта болгон кандуу кагылышта, тайманбас жаштар окко төшүн тосуп жатып, жаңы бийликти орнотту. Бийликке жаштар келсин! Бийликке жаштар келсин! деп жатышып, көпчүлүгү кеменин сыртында калышты.
Жаңы бийликке билимдүү, кайраттуу жаштар келсе элге эле жакшы болмок. Бирок, билими, иш тажырыйбасы болбосо мамлекеттин жүгүн көтөрүү жөнөкөй иш эмес.
"Бийликке жаштар келсин!" лозунгу аз да болсо ишке ашкандай болду. Атамбаевдын коалициялык өкмөт тузүлүшү менен, премьер-министрдин саясий эрки менен мамлекеттик башкаруунун 25-30 пайыздык бөлүгү жаштардын колуна өттү. Алардын арасында отуздан жаңыдан ашып, кырктын кырына келген жаштардын өкүлү Өмүрбек Бабанов да бар.
Чындыгында Өмүрбекке окшогон кыргыздын колунда бар оокаттуулар чачтан көп. Арасында жоомарт, мекенчилдери саналуу гана. Көпчүлүгү байлыгын тарттырып алабыз деп, чындыкты айтышкандан коркушат. Кылганын кылдым деп, бергенин бердим деп элине милдет кылбай, чыныгы мекенчилдик сапаты аркылуу Өмүрбек Бабанов башкалардан айрымаланып турат. Ал бийликке келгенге чейин эле, өзүнүн атуулдук анык жүзүн көрсөтө алган. Борбордук аянтта окко учкан 87 эр жигиттин ар бир үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон жардам берген. Бул эч бир басма сөз беттеринде да, шайлоо учурунда да айтылган эмес. Мындай маалыматты буга чейин көпчүлүк уккан да эмес, шайлоо убагында да мындан пиар кылынган жок.
Бир аз убакыт өтпөй Ош коогалаңы чыкты. Миңдеген адамдар жабыр тартып, 500гө чукул бей-күнөө адамдар набыт болду. Башаламан учурдан эл тамак-аш тартыштыгына дуушар болушту. Кээ бир саясий партиялар төгүлгөн кан үстүндө да жан далбастап шайлоодон добуш алыш үчүн партиянын аты жазылган футболкаларды кийип алышып тамак-аш таратып жүрүштү. Бул окуяны көргөндөн кийин "бийлик ооруусу эл жериңдин канынан да артыкпы" деп жакаңды кармап тобоо кыласың. Бирок бул коогалаңда да Өмүрбек Бабанов сыртта карап турбай 7 млн. сомго ун жана башка азык заттарды учактар менен Ошко өзү жеткизген. Өмүрбек Бабановдун бул кадамдары да басма сөз беттеринде да, шайлоо учурунда да эске алынган эмес.
Шайлоо деп сөз баштап калдык, Парламенттик шайлоо учурунда Өмүрбек Бабановдун партиялык программасында: дыйкандарга кредит, мугалимдер менен врачтардын маянасын көтөрүү жана электр энергиясын өз баасында берүү жарыяланган.
Шайлоо бүттү. Баягы эле ыйкы-тыйкы бийлик талашуу оюну менен биринчи коалициялык башкаруу түзүмү ишке ашпай, өлкөдө саясий кризис кайрадан башталды. Башка өлкөлөр расмий Өкмөтү жок мамлекет менен келишим түзүүдөн качып, экономика "нөлдөн" - "минуска" түшө баштады.
Кийинки Коалицияны түзүү вазийпасы "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго жүктөлдү. Жаш болсо да өлкөнү саясий оор кырдаалдан, кыл сууругандай алып чыкты. Өмүрбек Бабанов, башка саясий өнөктөштөрүнөн айрымаланып жеке амбициясынан мамлекеттик кызыкчылыкты жогору койуп, биринчи вице-премьер-министрлик кызматына макул болду. Бул ата салтын сыйлап, улуулар менен тирешпей, аларга урмат көрсөтүү дегендикке жатат. Тарбия көрүп, салтты билгендиги үчүн 2007-жылкы парламенттик шайлоодо, жигиттик кылып Роза Исаковнага өз мандатын берген. Ошондуктан жаштар бар жерде прогресс бар, деп бекер айтышпаса керек.
Жаңы өкмөт жыл башында эле мурун айтылган убадаларды аткара баштады. Айыл чарба дыйканчылыгына жеңилдетилген 9 % (пайыздык) кредиттин программасы киргизилди. Кийинки жылы кредиттин суммасын 1 млрд. сомдон жогору көтөрүү менен мөөнөтүн узартуу жана пайыздык көлөмүн дагы ылдыйлатуу жолдорун карап чыгуу милдети алынды.
Биринчи вице-премьер-министр кызматына келген күнү пресс-конференция берип: "Өкмөт ар дайым экономикалык стратегиялык кирешелүү ишканаларын катуу көзөмөлгө алат. Биз мамлекеттик кызыкчылык үчүн бардык кадамдарга барабыз. Мындан кийин мамлекеттик менчик жеке менчиктей корголот!" деп айткан күндөн баштап, ар түрдүү кара-пиарлар аркылуу мамлекеттик башкаруудан четтетүү аракеттер күчөй баштады.
Себеби, "Мегакомдун" сол чөнтөккө кетип жаткан 1,5 млрд. сом кирешесин бюджетке түшүрөм деп жатып "акула менен киттердин" куйругун басып алган эле.
Өмүрбек Бабанов Биринчи вице-премьер-министр кызматында туруп, мамлекеттик бюджетте каралбаган кээ бир айылындагы социалдык маселелерди өз каражаты менен чечип берүү позициясынан тайган жок.
Буга мисал, Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы Темирбеков Манзур: "Өмүрбек Бабанов Биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеп жатып, Аманбаев айлына келгенде таза суу долбооруна өз эсебинен 500 миң сом каражат кошуп, көп жылдан бери тазаланбай жаткан каналыбыз үчүн 10 тонна күйүүчү май берди. Коңшу Чымгент айлындагы жасалып бүтпөй жаткан спорт залына өз эсебинен 100 миң сом жардам берип кетти.
Кээ бир саясатчыларга таң калам. Сүйлөсө Америкадан сүйлөп, жалпы кыргыз элин кой, туулуп өскөн айлына пайдасы тийбегендери чачтан көп. Ошолорго сөз менен эмес иш менен көрүнгүлө деп айтар элем" дейт.
Кыскасы, Алмазбек Атамбаев баштаган Коалициялык Өкмөттүн оң колу болуп, мугалимдер менен врачтардын маянасын көтөрүү үчүн бюджетти көбөйтүү багытында чечиле турган көп иштер алдыда турат. Өлкөнүн экономика тармагын реформалоого, бюджетке каражат чогултууда, коррупция менен күрөшүүдө Өмүрбек Бабановдун мамлекеттик бюджетке сиңирген кызматы зор. Парламенттик комиссиянын иши аягына чыккандан кийин, өзү баштаган ишин улантып, премьердин колун узартып, жемиштүү иштей берерине ишеним зор.

Эркин Жайнаков




Наргиза Мансурова, "Баракелде" сайтынын башкы редактору:
"Москвада туруп кыргыз журналистика тармагы өсөөрүнө ишеним арттым"
9-май Жеңиш күнүнө карата Москвадагы салтанатка кыргыз делегаттары менен бирге катышууга кеткен "Баракелде" сайтынын баш редактору Наргиза Мансурова "Айкын саясат" гезитине өзүнүн сапары тууралуу Москвадан маек курду.

-Наргиза, Москва сапарың тууралуу айтсаң?
-Биздин сапарды Орусия өкмөтүнүн жардамы менен "Евразиялыктар "жаңы агым" фонду уюштурду. Москвага кыргызстандык ММКлардан 19 адам бардык. Бизге 9-майдагы чоң парадга Кызыл аянтка киргенге пропуск жасап беришти, согуш ардагерлери жана башка меймандар менен трибунага отуруп, парадды көрдүк. Чындап эле таасирлентти. Аскер күчтөрү, техникалары чындап күчтүү держава экендигин далилдеп турат. Андан соң, Орусия президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары А.Громовдун кабыл алуусунда болдук. Андан чыгып, шаар кыдырып экскурсия жасадык. Эртеси куну "РИА новости" агенттигине барып, агенттиктин иши менен тааныштык жана мултьмедиа-журналистикасы боюнча лекцияларды угуп, семинарга катыштык.
-Дегеле, Москвадагы кыргыздар менен жолуга алдыңбы, алардын жашоосу жөнүндө кандай ойдо калдың?
-Москвадагы кыргыздардын жашоосу ар кандай экен, деңгээлине жараша дегендей. Бирок албетте, айлык акылары жергиликтүү тургундарга караганда аз. Мисалы, короо шыпыргычтар 15 миңге чейин алышат экен жана жер төлөдө жашагандары бар экен. Ал эми биз дайым түшүп кетип турган метронун жанында гезит-журнал саткан Караколдук киши 20 миңден 50 миңге чейин, сатканга жараша алам деди.
- Жеңиш майрамы биздин мамлекеттен эмнеси менен өзгөчө майрамдалаарын байкадың?
-Жеңиш майрамына орусиялыктар өзгөчө көңүл буруп, чоң пафос менен майрамдаганга аракет кылаарын байкадым. Көчөлөрдө пилотка кийген, дегеле ошол согуш мезгилиндеги кийим кийип алган жаштар көп жүрдү. Алар фашизмди жеңгендигин улуттук идеология кылуу аракетинде экен жана бул идеология ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын байкаса болот. Жаштарда патриоттук сезим өнүгүп өсүп жатканы, фашисттер жана неонацисттер менен күрөш катуу жүрүп жатканы да айкын көрүнүп турат.
- Москва таасири журналистикадагы чыгамачылыгыңды таасирленте алдыбы?
-Ооба, албетте, таасирлентти. Мисалы, биз "РИА новостинин" кеңсесинде болдук, алардын окутуучулары бизге семинар-окутуу өтүштү. Журналисттер дайым өзүнүн тажрыйбалуулугун көтөрүп туруш үчүн, окуу-семинарларга, лекция, форум ж.б.у.с. катышып турушу шарт жана өзүн-өзү да тарбиялап, ар тараптуу өнүгүшү керек. Албетте, каражат жактан да камсыз болгон көп мааниге ээ, а бирок эгерде сапаттуу, чынчыл, такталган, эксклюзивдүү маалымат жеткирсең, албетте, рейтинг жана тираждар да көбөйөт эмеспи. Ошондуктан бизге дагы өсүш керек, бирок өсүш болот деген ишенимдемин.
-Баса, А.Громовдун кабыл алуусу тууралуу айтсаң? Айрым кыргызстандык орус гезиттеринин журналисттери арызданышкан турбайбы?
-Громов менен Кремлде жолугуу болду. Жөнөкөй адам экен. Көйгөйлөрдү айткыла деди. Орус тилдүү ММКлардын көйгөйлөрү тууралуу айтышты. Айрымдар (ким экенин айтпай эле коёюн) 9-майды деле жакында жок кылышат го биздин парламентарийлер деди, дагы бири орус улутундагыларга азыр эч ким тийишкен жери жок, а бирок бул азырынча да, ким билет ахвал кандай болуп кетет деген сөздөр да айтылып кетти. Кыскасы, толуп калган арыз-мундарын айтып алышты десек болот. Громов угуп, тим болду. А бирок "Русская волна" радиосунун кызматкеринин айтканы жакшы болду. Ал "Орусия Кыргызстанга канчалык деңгээлде керек болсо, Кыргызстан да Орусияга ошончолук керек" деп айтканы адамды кубандырды. Акырында, Орусия бейөкмөт уюмдар аркылуу ММКлар жана коомчулук менен көбүрөөк иштеши керек деген каалоолор айтылды. Громов бардык сунуштарды эске алаарын билдирип, акырында баарыбызга Путиндин фотосүрөттөрүнөн турган китептерден белек кылды.
- Журналисттер үчүн чет жака чыгуу керек, тажрыйба алмашып, көз карашты оңдоодо чоң таасири бар дешет, бул чындык экенине ынандыңбы?
-Чындыгында, чет жакка көбүрөөк чыгуу керек экендигине ынандым. Өзгөчө ийгиликтүү, өнүккөн ММКлардан жаңычылдыктарды үйрөнгөн соң, келип отуруп калбастан, башкаларды дагы (өз кызматкерлерди) үйрөтүү керек жаңы тажрыйбага. Албетте, аларга да өз тажрыйбаң тууралуу айтып берсең жакшы эмеспи. Антпесе, чет жакка барганын, тажрыйба алмашканын маанисиз болуп калбайбы. Пайдасы абдан эле чоң экен.
Баймырза НАКАЙ










кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??