Жалал-Абаддагы жагымсыз иштер
Учурда жалал-абаддыктар Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаевди "Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевден ашып-түшүүдө" -деп нааразы болушууда. Асылбек мырзаны "областтык администрациянын кеңсесинен чыкпай, саясий маселелердин башында турат" дешет. Ошондой эле облус губернатору Бектур Асановдун өзүмбилемдик саясаты да элдин кыжырдануусун жаратып, азыркы бийликтин шалаакылыгын сынга алып келишет. Учурда жалал-абаддыктар шаар мэри Максат Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө да алымсынбастан, айлалары кетип жаткан чагы. Мындан мурда шаар мэри менен бирдикте облус губернатору ортодо миллиондорду жалмап жибергендиги боюнча да далилдүү фактылар ачыкка чыккан. Бирок, ушул кезге чейин тиешелүү чара көрүлбөгөндүгү таңкалдырууда.

Президенттикке бара тургандардын болжолдуу тизмеси
Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Темирбек Асанбеков, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Мелис Мырзакматов, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Токтайым Үмөталиева. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, Россия тарап эмитен эле биздеги президенттик шайлоого кызыкдар болуп, өздөрү даярдаган кандидатурасын таймашка салганы жатыптыр.

Мадумаров түштүктү түрө кыдырып…
Кимсанбай акенин уулу Адахан учурда түштүктү түрө кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Жеринен сөзгө чечен жигит, бал тили менен элди бапыратып, бактылуу кылып жатыптыр. Бирок чындыгын айтуу керек, Адахан барган жерде эл жыкжыйма толуп, Жалал-Абадда аксакалдар сөз алып, "Ташиевге ишенич арткан элек. Учурда ал жигиттен да үмүтүбүз үзүлдү. Эл үчүн иштейт экен десек, парламентте мушташка чыгып, бизди уят кылды. Эми Адахан сен президенттикке ат салыш. Колубуздан келишинче колдоп беребиз" -деп баталарын беришиптир. Бирок, "чечен" жигит чекесине эч ким черте албасын билдирип, президенттикке ат салышаарын ачык айтпаптыр.

Сагызган сактыгынан эмес…
Белгилей кетсек, "Ар-Намысчылардан" 10 депутат күтүүсүздөн эле 15-апрелде коалициялык көпчүлүккө кошула тургандыктарын ачыкка чыгарышкан. "Эшегине жараша тушагы" деген чын окшобойбу. Андай деле туруктуу, бекем позициясы жок Феликс Кулов эми карамагында калган депутаттарды ээрчитип алып, "Өкмөт аке, кулдугум бар!" деп коалицияга толугу менен кошулат дейт. Муну Алмаз Атамбаев жакында эле коомдук 1-каналда берген интервьюсунда тастыктаптыр. "Ар-Намысчылардын" коалицияга биригүүсү менен өкмөттүн жаңы курамы түзүлөөрү да айтылат.
Куловго да түшүнсө болот. Ал президент болбостугуна эчак эле көзү жетсе керек. Чама-чаркын билип, ага ат салышпай турганы да айдан-ачык. Андай болсо, жок дегенде укуруктун бир жак учун кармап, өкмөттүн эки чылбыр, бир тизгинин колго алса жаманбы. Бирок, Кулов ар дайым бышпаган ишке баш багып, саясатта өзүнүн анык ордун таба албай жүрчү эле. Бул сапар анын кел-кели келеби, ким билсин. Айтор, "Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" болбосо эле болду…

Сатыбалдиевдин дымагы күчтүү…
Акыйкатчынын портфелинен кур жалак калып, ал ачуусун көзүнө көрүнгөндүн баарынан чыгарып, анча-мынча көк буусун таркатып алган Турсунбай Бакир уулу эми ажолукка ат салышууга белсенип чыгаарын ачыктаптыр. Анын айтымында, жалпы мусулмандар президенттикке талапкерлигин коюусун талап кылган экен, ой-ба-ай! Бул чын эле мусулмандардын талабыбы же Турсунбек мырза беш өрдөгүн учуруп жатабы, аны биле албайт экенбиз.
Дагы бир кызыгы, экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев да президенттик шайлоого катышып, күч сынашууга ай балтасын курчутуп, күлүгүн таптап, камдана баштаптыр дешет. Сатыбалдиевди да жалпы мусулмандар колдойбу же Өзгөндүн бир ууч каймактары "Башкалардан кем белең!" деп демитип коюшканбы? Балким, азыр ушактын баары эле чын болуп жатпайбы. "Бөрк ал десе баш алып", ээсине эбегейсиз кызмат өтөгөнүн бир кездеги кожоюну эске алып: "Кичине саясий оюн жасап коёлучу" дегендир. Эмнеси болсо да, Президенттикке ат салышчулар оголе көп. Бирок, татыктуусун ийне менен кудук казып, издегендей эле табуу кыйын.

Мыйзам баарыбызга бирдей
Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн, Папан айылдарында жер тилкесин бөлүштүрүү чатагы басылбай келет. Жаңы барган Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев Кара-Сууда бөлүштүрүлүп жаткан жерлердин канчалык мыйзамдуу экендигин иликтөөнү баштаган. Бирок, буга чейин каалагандай жер сатып, өз билгендей тайралаңдаган жергиликтүү бийликтеги билермандар "Турганбаев ким болуп кетиптир. Колунан эч нерсе келбейт. Эгер бизге тийише турган болсо аркалык прокурордун өзүн кетиребиз" -деп көкүрөк керип жатышыптыр. Прокурор кайсы жерлик болбосун мыйзам баарыбызга бирдей экенин унутуп калгандарга жол болсун. Кара-Суудагы жер чатагы жети жылдан бери басылбай, элдер тийиштүү жер тилкелерин ала алышпай, көрүнгөн өзбектин үйүндө батирде күн кечирип жатканы жалган эмес. Демек, канчалаган жылдар бою жылаандын уюгундай чырмалышкан жетекчилердин уюгун бузуп, гүлдөгөн коррупциянын күлүн көккө сапырчу мезгил келип жетти.

Мелис эмнени көздөйт?
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн, Папан айылдарын Ош шаарына киргизүү демилгесин көтөргөн. Шаардан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан бул эки айылды шаарга киргизүү менен "Мелис эмнени көздөп жатат" -деп баштары маң болгондор толтура. Тоо-таштын арасында жайгашкан Папан айылын шаар кылуу өзүнчө бир жомокту элестетет. "Башкасын коюп, Ош шаарынын абалын эптештирип алсак" дегендер да жок эмес. Ошондой эле мэрдин бул демилгесин аксакалдар жактырбай жатыптыр. Мындан улам папандыктардын "папасы" Мелистин мезгилдүү кадамы канчалык деңгээлде ишке ашаары белгисиз.

Кыргыз желеги Италияда желбиреди
Казакстанда казак чемпиону Фарух Шахназаровдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде кыргызстандык жаш боксерлор 48 кг салмактагы Алмамбет Алибеков жана 52 кг Султан Жанышев эки алтын медалга ээ болуп, Бек Камчыбеков жана Атай Сопуев эки күмүш медалды багынтышты. Кубанычка кубаныч кошулуп, Италияда өтүп жаткан велосипедчилердин эл аралык турниринде кыргызстандык жердешибиз Евгений Ваккер 11 секундда ийгиликке жетишип, гран-прини 1-орунду багындырды. Акыркы учурда саясатчылардын сасык оюндарынан алсырап бараткан Кыргызстанды жана кыргыз элин жогорудагы спортчуларыбыз кубантып, туубузду чет өлкөдө желбиретишти.

"АС-пресс"