Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Мугалимдер кайрадан митингге даярданып жатат
Өкмөт май айынан баштап мугалимдердин айлык акылары жогорулайт дегени эсиңиздерде чыгаар. Май айы деле болуп калды. Эл деген үмүт менен гана жашайт эмеспи. Өкмөттүн оозун карап отуруп алардын азыркы кебетесин көрүп түңүлүп калышты көрүнөт. Май айында деп айтса эле дароо май айында көтөрүлүп кетиш керек эмес да. Дал ушул айлык-акынын айынан кайрадан Базар-Коргондун мугалимдери митингге чыгууга даярданып жатышат. Өкмөттүн өңү бозоруп турса май деп айтылган ооздор июнь болуп кете электе чыга салалы, болбосо танып кетишеби дегенсип жатышса керек да. Маалымат үчүн айта кете турган болсок Каржы министрлигинин маалымат кызматы 1-майдан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтому чыкканын маалымдаган эле. Анын айынан саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, жана социалдык коргоо кызматкерлери 1-майдан баштап жаңы система боюнча айлык ала баштамак. Учурда ар бир мекеме өзүнө тиешелүү тактоолорду жасоодо. Салыштырып карай турган болсок, окуу жайды жаңы бүтүп, ишке орношкон жаш мугалим 2000 сом айлык алса - мурда, көбөйгөндөн кийинки маянасы алты миң сом алат. Бул мугалимдер үчүн бир топ эле жакшы жагдайды түзмөк. Жаш мугалимдердин да мектептерден качып, башка кызматтарга тартылуусуна бөгөт болмок. Эми өкмөт ошол сөзүн ишке ашыра алаар бекен?


"Ар-Намыстын" акү-чүкүсү бүткүчө, 3 депутат коалициядан орун тапты
Буга чейин көпчүлүк коалиция түзөбүз деген арнамысчылардын ары же бери болоору аныкталбай койду. Кебетеси, Куловдун куну чечилбей жатса керек. Бабановдун башына кара булут айланганы дароо арнамысчылардын куртун кыймылдатып анын ордуна көз арткандар чекеден чыгаарын дал ушулар аныктап койгонсуду. Ким билсин, кимиси эмне кызмат сурап жатканын. Бирок, бир топ эле талаптарды өкмөткө коюп, айтор коалициянын чоң курамын чоё албай жатышат. Кечээ Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Ар-Намыс" фракциясынан үч депутат коалициялык көпчүлүккө кошулуу чечимине келгенин ачыктады. Ага чейин жергиликтүү маалымат булактары беш арнамысчы депутаттын коалицияга кошулганын жазып чыккан. Ал эми фракциянын башка депутаттары бул маалыматты четке кагышууда. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Ар-Намыс" фракциясы жакында толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирген. 20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган.


Акмат азамат экен эй!
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков тууралуу акыркы кездерде элдин арасында ар түрдүү жылуу сөздөр айтыла баштады. Кыргыз эли кыпындай жакшылык менен элине күйгөн азаматтын эрдигин эч унутушпайт эмеспи. "Эми ошол да эрдикпи?" дейин десең, аны жасай албай деле бири Американын оозун, бири Россиянын көзүн карап жатпайбы. Ал эрдиктерди ачык эле айтып коюшубуз абзел. Акмат мырза ЖКда болобу, орустар менен болгон жолугушууда болобу, кызылдай кыргызча сүйлөп, керек болсо ЖКнын жыйынында орусча берилген суроолорго орус экенине карабай туруп кыргызча урдуруп салат. Бул эмне, эрдик эмес бекен? Кыргызга күйгөнүңдүн башталышы ушундан башталат эмеспи. Кечээ Жеңиш күнүн майрамдап жаткан орус-кыргыз ардагерлери алдына кыдырекей тизилип турганына карабай кыргызча куттуктоосун айтып Кыргызстанда майрамдап жатканын тастыктады. Президент оюн орусча айтты. Эми президент абайлап жүрбөсө да көп сөздөр кетип, "булардын президентинен бери "улутчул" турбайбы" деген сөз жүрүп кетиши мүмкүн да… туура түшүндүк.


Ө.Текебаев президенттик шайлоого башка партиялар менен биригүүгө даяр
Президенттик шайлоонун күнү жакындап эле калды көрүнөт. Өгүнү Өмүке президентке "шайлоонун күнү аныктап, ачыктап алышыбыз керек" деп айтпадыбы. Отунбаеванын деле азыркы кезде президент болуп отуруу кызыкчылыгы деле калбай, эптеп тынч эле өткөзүп берип, араба сынып, өгүз өлө электе кетейин деген тилекте болуп тургандай сыр берет. Анын үстүнө АКШ тарап ал кишиге сыйлык тапшырып, тосуп алган эски досторунун баары жылуу кучактап койгону ошол жакты эңсеп да турса керек. Ошондой шартта бийлиги мурдагыдай болбой калса да президент болууну самап тургандар арбын. Алардын алды оппозиция тараптан Өмүрбек Текебаев экени жашыруун деле эмес. Аны акыркы убакта өзү да ачыктай баштады.
Өмүкең Жалал-Абадда жүргөн иш сапарында "Кыргыз Республикасынын президентине талапкерлигиңизди коёсузбу?" деген жалалабаддык журналисттердин суроосуна "июнь айында партиянын съезди кандай чечим кабыл алат, ошого жараша болот" деп билдирип, шайлоодо идеяны туурга келген партиялар менен бирге чыгып калышы мүмкүн экендигин да кыйытып айтып өтүптүр. Демек, ал партия ким болушу мүмкүн. Ачык эле "Ата Журт" партиясы болушу мүмкүн. Гезитибизге тээ мурун эле Текебаев менен Ташиев биригиптир десек, мурдун чыйрыгандар чекеден чыгып, ушакчы кылып жиберишкен. Акыры ал чындык болуп чыкты. Кыскасы, шайлоодо Текебаев менен Ташиев ээрчишип эгиз козудай баса тургансып калды. Баса, экөөбү тең бирдей чамынып "мен президент болом" деп чыкса эмне болот? Текебаев термелип туруп, Ташиевге да тарттырып ийбесе эле болгону. Элдин бир тобунун күткөн Өмүкең эмеспи.


"Ак Шумкар Кут" жаштар кыймылы митингге чыгат
Мындай оюн аталган кыймылдын лидери Айбек Бусурманкулов бизге байланышып билдирди. Митинг тынчтык жолу менен гана Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалды иликтеген Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнендин 3-майда жарыялаган отчётуна каршы чыгышмакчы. "Кильюнендин отчёту өзбек туугандарга ачыктан-ачык эле жан тартуу болуп калган, бир топ ойлору биздин мамлекеттин ички саясатына кийлигишүү деп ойлойм, "Республика Кыргызстан" деп аташ керек, түштүктө теле каналдар өзбек-кыргызча-орусча көрсөтүлүшү керек дегендери адамды абдан ыңгайсыз абалга салды. Биз бир топ коомдук уюмдар менен тынчтык митингине чыгабыз. Президентибиз Роза Отунбаевага мурда да кайрылып, ОБСЕ Полициясы киргизилбесин деп чыкканда да айтканбыз. Эмнеге биздин саясатка башка улуттар аралашат. Биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Митингде Кильюнендин отчётун өрттөйбүз." дейт Айбек Бусурманкулов. Учурда Түштүк окуялары боюнча эл аралык комиссиянын чыгарган чечимдерине нааразы болгон тараптар көп.


Кыйкым болсо эле кыргыз күнөөлүү, айтор!
Кыргыздардын тагдырын кыргыз чечпей калды. Демократия деп жүрүп, батыштын саясатын колдогон саясатчылар кыргыздын түбүнө жетип, тукум курут кылчудай. Кечээ жакында түштүк коогалаңы боюнча иликтөө жүргүзүүнү колго алган Эл аралык комиссия өз иликтөөсүн жыйынтыктап, кыргызды мокочо кылып көрсөткөн отчётун коомчулукка жарыялады. Кечээ "Эл аралык комиссиянын чыгарган чечимине кошулабыз жана колдойбуз, ошондой эле эл аралык комиссия тарабынан Кыргызстандын өкмөтүнө коюлган сунуштар аткарылат деп ишенебиз" -деп АКШ тарап билдирүү жибериптир. Учурда акча десе атасын кошо сатып ийгенден кайра тартпай калган кыргыз саясатчыларынын айынан башка улуттар төбөбүзгө чыгып, Кыргызстанды бытыранды кылып бөлүп алуунун айласын издеп отурганы өкүнүчтүү болууда. Кечээ бир боор эне болуп келген Россия бүгүн "Кыргызстанда орустар кысымга кабылууда" деген мааниде "Без России" аттуу телефильмин көрсөтүп, дүйнө элине шардана кылды. Демек, башка улуттар акырындап башыбыздан аттап, акырында кыргыз деген улуттун жок болуп кетишине тилектеш болуп жаткан жокпу? Аны да ойлонолу. Эгер биз эл аралык комиссиянын сунуштарын колдосок, өзбек тилине өзүнчө статус берилет. Мунун бизге кереги барбы? АКШ тарап кыргыз деген кылым эл экенин, өз алдынча көз карандысыз суверендүү мамлекет экенин тааныбай жаткандай… Коюңуздар, мындай коён тамашаңарды.




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«