Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Коомдук телеканалбы
же Каныбектин жеке каналыбы?
Акаев, Бакиев доорунда бийликтин гана камчысын чаап, оппозицияны эшигинин оозуна жолотпогон КТР апрель революциясынан кийин оңолуу жолуна түштү. Убактылуу Өкмөттүн декрети менен "коомдук" деген ат алды. Акаев доорунан бери эле айтылып, бирок түзүлбөй келаткан Байкоочулар Кеңеши куралды. Ал чалынып -чулунуп жатып иш баштап, КТРКнын стратегиясын аныктап, аны бийликтен гана көз каранды кылбай, элге, коомго, кыргыз мамлекетине иштей турган укуктук талаага жетелеп баратат. Кеңештин бул ишине ичи чыкпай, "Батыштын жүгөнүнө байланып, ошолордун кызыкчылыгын аткарып жатат" деп жер сабагандар да чыкты. Бирок КТР эски адатынан акырындап арылып, апрель революциясы берген атына жараша заты да шай келип иштеп жатканын эл күнүгө экрандан көрүп жатат. Көз карандысыз уюмдар иликтөө жүргүзүшсө, КТРК Кыргызстан ичиндеги эң көрүмдүү телеканал болуп чыгыптыр.

Анан эле бир күнү таштын жаракасынан чыга калышкан суурдун эркегиндей аңкыштаган үндөр чыга баштады. "КТРдин ишин мыйзамдуу жолго салабыз, декрет деген мыйзам эмес, Байкоочулар Кеңешин алмаштырыш керек" деп ЖоКенин бөлүм башчысы Жылдыз Жолдошева деген сулуу айым экрандын ажарын ачып жарк дей түштү. Анын артынан Каныбек Иманалиев деген экинчи бир чырайлуу жигитибиз жарк этти. Ошондон баштап оңоло баштаган КТРга тышынан тиш кайрагандар, аларга кошулуп КТРдагы ишти ичинен ирите баштагандар көбөйдү. Көрсө иттин өлүгү көмүлгөн жак башка экен, сасык жыт ошол жактан ура баштады. Чабуулдун кезеги "Ата-Журттан" "Ар-Намыска" -Каныбек Иманалиевге өттү. Ал 2006-жылы эле жазып койгон мыйзам долбооруна арыдан-бери жаңы түс бере салып, Жогорку Кеңештин кароосуна койдуртат. Албетте жеке өзү эмес. "Бийликке келсек президенттик башкарууну кайра апкелебиз" деп парламенттик шайлоодо элдин көбүнүн көзүнө топурак чачып, мээсин айланткан "Ата-Журттун", "Ар-Намыстын", дегеле 120 депутатка "бир фракцияң түштүк окуялары боюнча Улуттук комиссияга асыласың, бириң Акыйкатчыга асыласың, бир фракцияң КТРКга жабышып жатасыңар. Андан көрө көрпенделик, партиялык кызыкчылыгыңарды токтотуп, өлкөнүн өнүгүү стратегиясына таасир эте турган парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жаңы Конституцияга ылайык келтирген мыйзамдарды кабыл албайлыбы" деп азоо аттарынын оозун тарталбаган депутаттардын тизгинин тартып, акыл айткан же спикер болбоду, же алардын орун басарлары болбоду. Ошентип КТРК жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окуудан арыдан-бери өткөрүп жиберишти. Кыргызстандыктардын көбү ишеним артып калган КТРди президенттик шайлоо башталаар алдында тартып алуу, Байкоочулар Кеңешин таратып, жаңысын шайлоо планынын биринчи милдети аткарылгандай болду. "Жаңы мыйзам кабыл алып, Байкоочулар Кеңешин таратууга пикириңиз кандай?" деген суроо менен "5-канал" деген телеканал дал ошол демилгечи депутат Каныбек Иманалиев жана жарандык коом өкүлү Динара Ошурахунова катышкан телетаймашта орус тилдүү көрөрмандарга суроо таштаган экен, 918 көрөрман "кереги жок" десе, 448 көрөрман "макулмун" деген пикирин билдириптир. Эгерде Жогорку Кеңеш эл пикири менен эсептеше турган болсо, көз карандысыз бул эки сурамжылоонун артында ага катышпай калган миллиондогон жарандар тургандыгын аңдап-сезишээр. Жогорку Кеңеш, андагы фракциялар эл кызыкчылыгы үчүн иштейт деп дагы деле жаңылышып жүргөнүбүз жалган эле болсунчу.
Коомдук телерадиого, анын Байкоочулар Кеңешине эки депутат эмнеге эле кастарын тигип калды десе, анын артында анча-мынча, болор-болбос жеке кызыкчылыктын кулактары көрүнүп тургансыйт. "Ар-Намыстан" коалициялык көпчүлүккө өтө качкан 10 партизан-депутаттын бири дал ушул Каныбек Иманалиев КТРКга баш мүдүр болуу ниетин Атамбаевге билдиргени калп болуп калса экен деп жүрсөк, кашайып чын чыгып калбадыбы. КТРКдагы сиңдилери Чынар Капарова, Нуржамал Бурханова же Нуржан Ташболотовага окшоп Жылдыз Жолдошева эжекебиздин эфирге чыгып, комментатор болуу мүмкүнчүлүгү толук жок боло элек - бир эле сеанс менен денеңдеги ашыкча майларыңдан арылтып, сүмбөдөй кылып суйкайтып арыктатчу санкт-петербургдук "Вита" медборбору Бишкекке да келип калыптыр го. Өзү чыккысы келбесе чыгам деп жан далбас кылып жүргөн сиңдилери, эжелери, балким үка-акалары бардыр?
Каныбек амалы менен, Жылдыз жамалы менен...
Каныбек Иманалиев КТРКны ээлеп калышы толук мүмкүн. Анткени анда бул боюнча тажрыйба мол. Ал убагында Акаевдин басма сөз катчысы болуп жүрүп, кийин ал жактан "теке секирик" жасап, "Учкун" басмаканасына эшиктен эмес, тешиктен кирген "десант кожоюн" кантип болуп алганын алигиче айтып токтотушпайт. Анан Акаевдердин "Алга, Кыргызстан" партиясынын алдына түшүп алып, желегин жакшы эле желбиретип, оңго-солго далай булгалады. Ошол учурда Акаевдер жазуучу болуп чыга келишип, ата-эне, кызы Бермет биринин артынан экинчиси жарышып китеп жазышканы эсиңердеби. Атасы "Ойдон кетпес он жыл", апасы "Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" деген зылдай оор китептерди, Европада иштеп келген Бермет жупкадай болгон жомок китептерди байма-бай чыгарышып, кыргыздын кары-жашына, акчасы бары-жогуна карабай таңуулап саттырышканы тарыхта жазылып калды. Акаевдердин жазуучулук "талантын" дал ушул Каныбек Иманалиев, Абдиламит Матисаков өңдүү "маданиятка эмгектери сиңгендер" бир жагынан, Акбар Рыскулов, Калык Ибраимов деген курсташ курбулар экинчи жагынан ачышкан. Эми ошол эски тажрыйбасын эстеп, КТРКны басып алуу чабуулун баштап турган кези. Бул иште алдыга оор артиллерия болгон "Ата-Журттун" айымы Жылдыз Жолдошеваны салып алганын карабайсызбы...
Эл алдына жаңыдан чыгып келаткан сары ооз куудулдар афишасына атактуу ырчы-куудулдарды жазып коюшкансып, Жылдыз Жолдошева эжекебиз болсо он жылдан ашуун Курманжан энебиздин арбагынын артына жашынып алып, аны афишасынын байрагы кылып желбиретип, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Оюнан Акаев байкесинен 2003-жылы 8 гектар (20.03.2003.№148-токтом), Бакиев байкесинен 2008-жылы (№507-токтом) 11,8 гектар жерди "рейдерлик токтомдор" менен басып алганы коомчулукка белгилүү. Айыл өкмөтү болсо жергиликтүү калкка турак жай салууга 5 сотыхтан участокту канча жылдан бери бералбай келген. Эми ошол жерге мейманканалык-ресторандык, спорттук-ден соолук чыңоочу, маданий-оюн-зоок, мемориалдык-тарыхый комплекс курмак элем деп тартыш болуп жаткан бюджеттен 2006-ж. Ф.Куловдон 2 миллион сом, ТИМ аркылуу да гранттык акча, архитектура жана курулуш департаменти аркылуу 45,2 миллион сом бөлдүрүп алганын карабайсызбы. Ал жер Курманжандын арбагына сыйынуучу жай эмей эле, байлар менен капчыктуу туристтер чардап-ойноочу жай боло турганы көрүнүп эле турат. Чыңгыз Айтматовдун, Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга 1 сом бөлүнө элек жатып, Жылдыз Жолдошевага ушунча миллион сом бөлүп берген мурдагы-кийинки өкмөткө же алкыш, же каргыш айтаарынды да билбейсиң. Анан кантип бийликтин бардык бутагы таза, коррупциясыз иштеп жатат дегенге ишенели?
Ушул үстүрт фактылардын өзү эле Каныбек Иманалиев да, Жылдыз Жолдошева да майлуу-сүттүү жерлерди "мыйзамдуу рейдерлик жол менен басып алуунун" устаттары экенинен кабар берип турган жокпу?
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«