Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Белгилүү жана белгисиз
адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок кеп
Интермедия
АТАЛА
Атасы: Балам, эми сенин окууга өтүшүң менен куттуктайм! Болгондо да…эмне эле?.. А, таптым, "кантираксия" эмес, "бутужетныйга" өттүң!
Уулу: Ата, менин таптакыр окугум жок. Андан көрө катын алып берсеңиз?
Атасы: Кой, балам, антип кежирленбе, аманчылык болсо, көп катын аласың, мага окшоп. Азыр сен только окушуң керек. Колуңда дипломуң болсо гана сен адамсың! Дүнүйө табылат, ата-аң гөрү! Сенден байлык түгүл, бокту да аябайм.
Уулу: Ата, Манас баатырдын диплому болгонбу?
Атасы: Албетте, диплому болгону үчүн эл башкарып, Коңурбай менен чабышкан да.
Уулу: А Каныкейдикичи?
Атасы: Ал женпедди бүтсө керек.
Уулу: Ата, мен таякемди иттей жек көрүп калдым.
Атасы: И?
Уулу: Бир тууган жээнинен ушунча пара алды. Ал эми башкалардын ыштанынан бери чечип алат го!
Атасы: Э-э, балам, апаң деле "инимдин алкымы ажыдаардыкындай" деп какшап айтып жүрбөйбү. Бирок, айла канча?.. Эч нерсе эмес. Беш жыл деген эми эле өтүп кетет. Тиги Апсамат кечээ эле бир торпогун окууга киргизгендей болду эле, азыр ошол торпогу килейген өгүзгө айланып, дипломун мүйүзүнө илип алып келиптир.
Уулу: А, аны тааныйм. Өгүнү ал дүкөндүн нары жагында мас болуп жаткан экен. Тура калып, мени сүзмөк болгондо мен качып кутулдум.
Атасы: Куда кааласа, сен да ошондой өгүз болосуң, торпогум.
Уулу: /торпокту туурап/ Мө-ө!
Атасы: Эгер сенден бирөөлөр окууга канча сом менен өттүң деп сурап калса, сен аларга "10000 сом менен өттүм" деп түк оозуңдан чыгарбагын.
Уулу: Макул. 8 эле миң сом менен өттүм деп айтып жүрөйүн.
Атасы: Антип да айтпа. Анан курсагыңды өлүмү ачырба. Оозуңду чо-оң, чоң ачып, кө-өп, көптөн ичип-жеп жүргүн. Тойсоң деле болбой эле жей бер, шыкап. Ал эми караңгыда эч жакка чыкпай жүргүн. Эгер ажаатканага чыккың келсе, бөлмөнүн ичине эле неметип кое бер, эртең менен тазалап коесуң да. Кокус, стипендия алган учуруңда рекетирлер жолуңдан тосуп сени тономок болушса, сен кайра өздөрүн коркуткун, "атама айтам" деп.
Уулу: Ата, курсагым иттей ачты. Жүрүңүз, атала ичип алалы.
Атасы: Кайдагы аталаны айтасың?
Уулу: Тигинде орусчасы жазылып турат го, "ателье" деп.
Атасы: А-а… жазуунун астына тилбизордун сүрөтүн тартып коюптур го! Жүрчү…

Сатиралык аңгеме
ТУУГАНКАНА
Аялым экөөбүз шаарга келип, Игорь деген орустун үйүнүн бир бөлмөсүндө жашап жатканбыз. Албетте, шаарда жашоо оңой эмес экен. Муну билгенде тоодо эле жүрө берет болчумун. Түзүк эле коммерсанттык кылып, пул таап жаткансыйм. Бирок, тапканым күнүмдүк тиричиликтен эле "оомийин" болууда. Анан калса, биздикинен чакырылбай келген коноктор үзүлбөйт. Мына азыр да бир топ студент келди.
- Ассалоом алейкум!
- Вааликим салам.
- Карыган ата-энеңизди таштап, айылдан кача бергениңиз бизге жакты.
- Өзүңөрдүн окууңар, жашооңор кандай?
- Түзүк. Бирок, жатаканадан жадап кеттик. Мындан ары сиздер менен чогуу жашасак деген таптатынакай оюбуз бар. Сиз буга каршы боло койбостурсуз. Айылдаш да, тууган да эмеспизби, байке.
Ырас, "кел демек бар, кет демек жок". Эмне демекчимин? Доош чыгарбай, баш ийкебей тигилерге макулдугумду билдирдим. Атаганат, жок дегенде төшөк-жуурканыбыз кеңири болсочу. Жалгыз жуурканыбызды астыга салып, туугандарыбыз бири-биринин үстүнө кабат-кабат болуп жатышты. Жаздык да жок болгондуктан майка-турсыларыбыздан бери чечип, тигилердин баштарына коюп бердик да, а өзүбүз таң аткыча соксоюп олтурдук.
Тооба, окуу жайларынан билим алып, маданияттуу болуп калган немелер төшөктө жаткан учурда деле тамеки тарта беришет экен. Бөлмөнүн ичи түтүнгө толуп сасыганын айтпа! Буга аялым чыдабай, мурдунун эки тешигин тең пластилин менен бүтөп, оозун бекем жумуп алды.
А-а, билдим эми, шаардыктар эмне үчүн чанда-чанда гана балалуу болоор себебин. Аларга айылдан келген туугандары жолтоо болот турбайбы, төшөк-жууркандарын ээлеп алып.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ.




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«