Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сейтек Качкынбаев, Япониядагы "Васседа" университетинин докторанты:
"Биз улуу элбиз, биз кыйынбыз"
деп көкүрөк кага бергенден кийинки убакта уялчы болдум"
- Сейтек мырза, биздин мамлекетибиздеги түзүлгөн мыйзам менен Япониядагы мыйзамдын кандай айырмасы бар?
- Мыйзамдын жалпы формасы өнүккөн өлкөдө да, жакыр өлкөдө да, демократиялуу өлкөдө да, демократиясы жок өлкөдө да дүйнөлүк практикаларында окшош. Ошол сыяктуу эле Япония менен Кыргызстандын мыйзамы бирдей эле. Бул жерде кеп мыйзамда эмес, кеп элдин мыйзамга болгон мамилесинде. Же болбосо мыйзамдын коомчулукка тийгизген таасиринде. Бул жагынан аталган эки өлкөдө чоң айырма бар. Ал жерде мыйзамдын үстөмдүгү деген түшүнүк жашайт. Бардык элдердин социалдык мүмкүнчүлүгүнө, кызмат ордуна карабай же болбосо кимдин баласы экендигине карабай мыйзам бирдей. Японияда мыйзам жогору деңгээлде иштейт. А биздин өлкөдөгү мыйзамдын күчүн баарыбыз эле билебиз. Аны айтпай деле койсо болот. Биздин өлкөнүн мыйзамынан Япониянын мыйзамынын бир айырмасы бар. Японияда кадрдык же болбосо эмгек кодекси аябай дыкат жана так жазылган. Кыргыздын бир жакшы кеби бар. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген. Анысы сыңары, ар бир министрлик, ар бир агенттик кызматка адистерди атайын комиссиядан дыкат текшертип, чыныгы өз жумушун мыкты билген, кесипкөй кызматкерлерди алышат. Биздикиндей, тайке-жээн, тууган -туушкан же болбосо телефон аркылуу кызматка барышпайт.
- Японияда бийлик системасы кандай өңүттө түзүлгөн?
- Японияда классикалык парламенттик бийлик орногон. Парламенттик эки палата бар. Биринчиси - жогорку палаталуу, экинчиси - төмөнкү палаталуу деп айтылат. Жогорку палатада биздеги эл өкүлдөрү. Ал эми астыңкы палатада туруктуу иштеген депутаттар болот. Жалпысы, 650 депутат иш алып барат. Ал алты жүз депутаттын көбү жогорку палатасында иштешет. Парламенттик шайлоо болсо ар бир үч жылда өтүп турат. Бирок, парламенттик шайлоодо депутаттын баары кетпейт. Мисалы, астыңкы палатада 150 депутат болсо, ошонун 75 депутаты шайланбайт дагы, калганы өз ордуларында калат. Себеби, мындай учурда мыйзамдуу вакуум болбойт. Эгерде бардык депутаттар кетип, жалаң жаңы депутаттардан парламент куралып калса, мамлекеттеги өзгөчө кырдаалдар учурунда, алар эмне кылышты билбей калышы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда парламенттик кризис болбойт. Депутаттардын жаш-курагы да эске алынган. Бизде болсо, 22 жаштагылар депутат болуп жүрөт. Бул эми акылга сыйбаган нерсе да. Кечээ эле мектепти бүткөн бала, мамлекеттин тагдырына кантип чечкиндүү кадам жасай алат. Алардын депутаттары деле биздикиндей эл менен жолугушуп, шайлоо алдында өз убадаларын, программаларын айтышат. депутаттыкка жөнөкөй дыйкан деле, жогорку билимдүү юрист деле өзүн көрсөтө алат. Анткени парламенттеги депутаттар саясий, экономикалык чечимдерди кабыл алат. Ал кабыл алынган чечимдерди, аткаруучу бийлик ишке ашырат.
- Бизде айрым бир министр же чоң бир кызматкер жумуш ордунан шыпырылып калса, сөзсүз элдин баарын дүрбөтүп, саясий оюндарды уюштуруп жиберишет. Мындай көрүнүштөр Япония мамлекетинде да барбы?
- Ал жакта ким парламентке келди, кандай коалиция түзүлүп атат, элге эч кандай таасир бербейт. Ал эми аткаруучу бийлик негизги роль ойногондуктан, ал жерге ким келип, ким кетип атат, мына ошол кызыктырат. Себеби, жогоруда айтып өткөндөй, аткаруучу бийликке чыныгы чебер, адистер жумушка алынат. Жумушунан кеткен министрдин артынан орун басары жана башка кызматкерлер кетишпейт. Алар ордуларында калат. Жаңы келген министр да аларды жумушунан албайт. Кызматкерлерди жумушка алып же кызматынан кетирүүнү министр чечпейт. Аны атайын түзүлгөн комиссия аныктайт. Министрлердин жумушунан кетип же келиши элдин маанайына эле таасир бербесе, күнүмдүк турмушуна, алардын жашоосуна таасир бербейт. Японияда жүз жыйырма миллион адам жашагандыктан министрлер биздикинен кыйла көп. Бизде жок министрликтер да бар. Маселен, техника министри деген бар.
- Япониянын аскердик абалы кандай өңүттө өнүгүп келатат?
- Япония капитуляциядан кийин аскердик мыйзамына ылайык Жапония аскер кармаганга уруксат эмес. Бирок, аскер кармоого болбойт дегени менен Япониянын өзүн-өзү коргоо үчүн аскердик министрлиги бар. Ал министрликке бюджеттин эсебинен бир эле пайыз акча каражаты бөлүнөт. Ошентсе да Россиянын армиясына бөлүнгөн бир канча акча каражатынан да ашып түшөт. Тактап айтканда, Япониянын армияга бөлгөн - бюджети биздин мамлекетибиздин бир жарым жылдык жалпы бюджетибизге барабар.
- Жапон элиндеги Император жөнүндө кеп кылып кетсеңиз?
- Император - бул бизче хан же болбосо падыша деген сөз. Биздин кыргыз эли Манасты кандай кастарласа, жапондор да Императорду ошондой сыйлашат. Мисалы, биз Манастын дарегине жаман сөз айта албайбыз. Кандайдыр бир жүрөгүбүздө Манас жөнүндө сыйкырлуу сезим жашайт. Император 14 кылымдан бери уланып келатат. Кадимки эле атадан балага өткөн падышалык орун. Алардын өлкөгө болгон символдук күчү бар. А бирок, саясий күчү жок. Ал бир гана жапон элинин ынтымагын, биримдигин көрсөткөн символдук күчкө ээ.
- Биздеги "вор закон", же болбосо "каралар" аларда кандай аталат?
- Биздеги "каралар" аларда "якудза" деп аталат. "Якудза" деген - мафия деген эле маани. Бирок, аталышы сандар менен белгиленген. Мисалы, я - 8, куд - 9, за - 3 деп окулат. Минтип эмне себептен аталып калгандыгын билбейт экенмин. "Якудзалар" көбүнчө кара кийинип жүрүшөт. Алар түнкү клубдарды, ар кандай оюн-зоок клубдарын жана нарко тармакты карашат. Бирок, мыйзамды сыйлашат. Эл менен кадимки эле сылык - сыпаа мамиле менен сүйлөшүшөт. Ал тургай өкмөттүн ишине да кийлигишпейт. Бирок, кинодогудай топ-топ болуп, капкара унаалар менен жүргөндөрү чын.
- Кыргыздын тарыхчылары "кандайдыр бир деңгээлде жапон элинин түпкүлүгү кыргыздардан башталган" деген божомолдорду айтып жүрүшөт. Чын-чынында жапон эли менен кыргыз элинин окшоштуктары барбы?
- Үч күн мурун "Манасчылардын "Манас" айтуусу болот эле, саат он бирде" деп айтышканынан он бирге кечигип барбайын деп он жарымда барсам, эч ким жок экен. Анан он бир болду, дагы эле манасчылар жок. Анан он бирден отуз беш мүнөт өткөнгө чейин күттүм. Дагы деле жок. Болгону комузчулар эле келишти. Анан мени чакырган балага "манасчыларың гана?" десем, "эми бизде ушундай боло берет да" дейт. Андан дагы боз үйдүн төрүнө "Манас" деп чоң кылып жазып коюшуптур. Аны көрүп алып зээним кейиди. Ал жерден биринчиден Манаска шек келтирип атышат да. Ошентип бир топ күтүп отуруп, кетип калдым. Мен аларды күтө бергидей, көчөдөгү бекерпоз эмесмин. Анан ушул жерден айтып кетээрим, "биз улуу элбиз, биз кыйынбыз" деп көкүрөк кага бергенден кийинки убакта уялчы болдум. Жөнөкөй эле бир убактыдан кечигип, жоопкерсиз болсок, кайсы арыбызга улуу элбиз. Башкасын айтпай эле коёюн. Антип курулай көкүрөк кага бербей, иш жүзүндө далилдешибиз керек да…
Маектешкен
Элдияр ЭЛЧИБЕК




Наша республика стала похожей на корабль, который оказался среди бушующего моря
(Продолжение.
Начало предыдушем номере)
Но, мне, как опытному специалисту по финансовым и экономическим вопросам, по воле судьбы работавшему в этой отрасли долгие годы, кажется, что все это можно было сделать, не нарушая законы или потом все оформить должным образом и строго проконтролировать их использования.
Не лучше обстоять дела и ныне, когда хоть и с большими человеческими и финансовыми затратами, все-таки добились, хоть и хрупкого, мира на кыргызской земле. Бюджет трещит по швам, отдельные аналитики и политики говорят "о воздушных деньгах" по аналогии "воздушного приплода" в советское время, когда добились высоких показателей с помощью приписок и очковтирательств, то есть не подкрепленных конкретными источниками суммах. Проще говоря, о небывалом дефиците. Это факт. Но, справедливости ради стоить сказать, что и объём теневого бюджета страны составляет не менее этих сумм. Тоже факт и то, что деньги из этого "бюджета" оседают в карманах высоких и не очень высоких чиновников и депутатов, становясь источником их обогащения, дети и жёны которые купаются в роскоши, когда простой люд недоедает.
В таком положении правительство, особенно его фискальные органы и правоохранительные органы, должны работать честно, и самоотверженно, не покладая рук, искореняя коррупцию, невзирая ни на должности, ни на партийности проворовавщиеся чиновников. Первоочередной задачей государство должна быть борьба не только с организованной преступностью, но и с экономической тоже, которая наносит не менее ущерба обществу и государству. Только в таком случае можно говорит об исполнении бюджета и выходе из кризиса страны и развитии Кыргызстана.
В свое время овцеводство в Англии заложило путь к переходу от феодализма к капитализму, то есть индустриализации в дальнейшем, процветанию. А наши горе реформаторы вместе недальновидными простыми кыргызами просто съели "наших баранов", разгромили агропромышленный сектор, который был сердцевиной экономики Кыргызстана. Были разграблены, разрушены десятилетиями построенные и созданные племенные и семенные хозяйства, которые во всем мире являются золотым фондом сельского хозяйства.
И теперь правительству надо взяться за сельское хозяйство, для развития которого есть у нас все предпосылки: природно-климатические условия, опыт, да и не все кадры тоже перевелись. тут как раз не стоить экономить средства, они окупятся сторицей. Да и вообще, сельское хозяйство является отраслью, от которой можно получить сравнительно "быстрые деньги", то есть результатов долго не придётся ждать.
Но и тут тоже надо быть бдительным. А то, сейчас Министерство сельского хозяйства и Департамент ветеринарии может превратиться в кормушку некоторых чиновников-аграриев. Многомиллионные кредиты, выделенные в эту отрасль во время так называемых реформ, и выделяемые ныне, могут исчезать бесследно, набивая карманы нечистых на руку чиновников, а также стать источником расцветания коррупции в отрасли. Тому есть печальный пример. В свое время на кредит в сумме 10 миллионов долларов США Всемирного банка развития был осуществлен Проект развития овцеводство. В результате этого проекта были затрачены большие деньги, а овцеводство не получило прибавление. Выкупленные и привезенные за большие деньги австралийские бараны и ярки не адаптировались в Кыргызстане.
Главный банк страны - Национальный банк, который должен был следить за законностью в банковском секторе, сам стал соучастником преступлений семей акаевых и бакиевых. При его попустительстве, или даже с помощью были вывезены миллиарды долларов этих семей и их приближенными людьми, нажитые неправедным путем. Поэтому они живут заграницей припеваючи, к тому же бакиевы при первой же возможности щедро финансируют попытки некоторых соратников, оставщиеся здесь по созданию в Кыргызстане хаоса. Отсюда и возникает естественный вопрос: почему бы основательно не встряхнуть Национальный банк правоохранительными органами, со стороны той же прокуратуры, финансовой полиции?
В общественности поднялось немало шума вокруг руководства нашего духовенства по поводу темных дел, скажем по организации хаджа, особенно в прошлом году. И эти слухи требуют тщательной проверки.
Сейчас главой государства объявлена борьба с преступностью. И, тут самое главное, чтобы она не превратилась в бой с тенью или как у Шекспира: "Много шума из ничего". Зная наших чиновников, которые умеют все хорошие намерения превратить в кампанейщину, польза и результат от которой будет нулевым, скажу прямо, что такие сомнения небеспочвенны.
7 апреля прошлого года была совершена очередная революция и смена власти. По аналогии Великой Октябрской революции, они потрясли весь мир. В свержении кланового управления и Акаева, и Бакиева есть большие заслуги Р.Отунбаевой, А.Атамбаева, О.Текебаева, И.Исакова, Т.Сариева, А.Бекназарова и других. Их имена останутся в новейшей истории Кыргызстана.
Но ныне перед Кыргызстанов стоить исторический вопрос: быть или не быть, то есть сможем ли мы сохранить своё государство, его целостность и суверенитет? На такого рода вопросу Премьер-министр А.Атамбаев прямо ответил, что не только экономическая ситуация в стране крайне неблагополучная, но и политическая: есть угроза целостности, сушествованию Кыргызстана как независимого государства, появляется тенденция к его распаду...
Тут появилась необходимость народу Кыргызстана определиться в одном архиважном вопросе. Согласно новой Конституции страны, принятой на референдуме, полномочия временного президента страны Розы Исаковной истекает в конце 2011 года. Буду откровенным. Если госпоже Р.Отунбаевой дорога судьба кыргызского народа и его государства, она должна согласиться остаться еще на один срок, то есть на 6 лет. Этого желают многие кыргызстанцы, которым небезразлично судьба своей страны. Я призываю всех кыргызстанцев поддержать эту инициативу, думаю в этом вопросе я не один. Тому доказательством служить тот факт, что в многочисленных встречах Р.Отунбаевой по стране немало людей просили об этом.
В противном случае верх будет брать "великий" кыргызский трайбализм: кто кого победить - север юга или наоборот? А это - приведёт к хаосу, тут и появляются, так называемые "третьи силы", которым чем хуже в стране, тем лучше... В итоге придут к власти бакиевцы, у которых миллионы доллары, посредством которых будут подкупатся голоса на выборах. Этого ждут и не дождутся некоторые парламентарии - соратники предыдущей власти, в совокупности они приходя к власти, начнут передел собственности...
Тут уместно высказывание Исуса Христа: "Берегитесь лжепророков, которые приходят к вам в овечьей шкуре, а внутри суть волка хишнего, по плодам их узнаете" (Матвей, стих 7:16 А.).
Сатынды САМЫКБАЕВ









кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??