Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Алмазбек Атамбаевге,
Жогорку Кеңештин төрагасы
Акматбек Келдибековго
КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Урматтуу Акматбек Келдибекович!
"Сөздү убагында айтпаса, сөз атасы өлөт" -демекчи, кыргыз элинин эркиндиги, жаркын келечеги үчүн кырчындай өмүрлөрүн арнап кеткен 87 эр азаматтарыбыздын али аш-суусу бериле элек кезде, эски бийликтин желдеттери баш көтөрүп, "эки чылбыр бир тизгинди" колдоруна алып кайрадан бийликке келүүнү самаган жагдайлар көбөйгөнү өтө өкүнүчтүү. Жарым жылдан бери мындай иш аракеттер Айкөл Манас Атабыз жердеген, кут даарыган касиеттүү Талас жергесинде да башталып, учурдагы Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиеваны бир жактуу каралап, аны элге, коомчулукка ичип-жегенден башка эч нерсе билбеген адам катары көрсөткүсү келген айрым адамдар байма-бай гезит беттерине каралап "калптын казанын кайнатып" жаткан кербези.
Албетте кызыктар адамдардын Саякбай атабыздын сүрөтү тартылган кызыл түстүү акчасын алып, "оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткандарга" теңелбей деле койсок болмок.
Анткени акты-караны ажырата билген элибиз, кимдин-ким экенин ансыз деле жакшы билет. Бирок элибиз билгени менен башка аймактардын тургундары, өлкө жетекчилиги, бул кызыктар адамдардын кайрылуусунан туура эмес маалымат алып калбасын деген таризде жооп кайтарууну туура көрдүк.
Калп эле карт тарыхка кайрылып, Манас Атабыз, Чынгыз агабыздан бери козгоп келип анан акыр аягында өзүнүн чыныгы максатын кашкайта жазган бул кайрылуунун аркасында, кадимки Искендербек Айдаралиев турганын башкалар билбесе да, таластыктар жакшы билишет.
Убагында Майрам Акаева эжекесинин колтугуна кирип, андан соң Бакиев заманында "эл менен бир болом, кетмен чабам"- деп, кайра эртеси кызмат берсе "түкүргөн түкүрүгүн кайра оозуна салган" жоругун, Айдаралиев өзү унутуп калбаса, таластыктар али унута элек. Ушундан улам бул кишиге болгон ишеним тээ Бакиев убагында эле суу сепкендей өчкөнүн кошумчалай кетсек артыкбаш болбос. Анын үстүнө, бийлик сересинде турган кезинде таластыктардын каарына катуу тийип, аз жерден атасы Рысбек Айдаралиевдин ысымы айыл округунан алынып кала жаздаганы да элдин эсинде.
Ошондуктан, кайрылууда жазылгандай "кыргыздын атагын чыгарып турган куттуу аймактын" кутун дал ушул адамга окшогон "бийлик десе, өз атасын да сатып жибергенден кайра тартпаган" адамдар учурууда. Деги эле Талас жергесинде "бычакка сап" жигиттер калбай калган күндө да, Талас эли Айдаралиевге муктаж болуп "губернатор болуп бериңиз" деп алдына барбасы турган иш.
Сербейген сегиз кишинин кайрылуусунда "облуста бузук саясий оюндар болуп жатат" деп шыпшынган ой жазылыптыр. Эми чынын айтканда, "кыз боозуп, энесин коркутат" -демекчи, саясий оюндар жөнүндө жазган соң, бул оюндардын оюнчусу дал ушул Айдаралиев баш болгон эски бийликтин эрендери экендигин да калыстык үчүн белгилеп коюшса жакшы болмок экен. Болбосо губернатор Койсун Курманалиеванын андай саясаттын ыплас оюндарына аралашайын деген ниети да, мүмкүндүгү да болбогондугу жалпыбызга маалым.
Эми "облус башчысы Койсун Курманалиева эл аралабайт, элдин маселесин чечпейт" деген куру дооматтарга бир аз жооп берип өтөлү.
Элдик ынкылаптан кийинки саясий оор кырдаалды арызчыл сегиз киши эле билбей калбаса, касиеттүү Талас жергесинин калың журту жакшы билет. Чындыгында мындай оор кырдаалда журт башкармак түгүл, ошол сиздер айтып жаткан Айдаралиев сыяктуулар коңулга кирип, "ачуу суудан" башы чыкпай жүргөн кезде Койсун Курманалиева айым, эл аралап улам бир жерден чыккан жаңжалды басууга аракетин жумшап "өрт өчүргүчтүн" кызматын аркалап жүргөнүн ким тана алат?
Ошол кезде "чыканактап тынч албай, чырым этип уйку албай" Койсун айым эч кандай эс алуусу жок дем алыш күндөрү да элдин көйгөйү менен болуп, "каруусун казык кылып" жан үрөп иштегенин жалпы элибиз жакшы билет.
Башкасын айтпаган күндө да, элдик ынкылап учурунда талкаланып, тонолгон облустук мамлекеттик администрациянын имаратын, облустук ички иштер башкармалыгынын имаратын кайра калыбына келтирүүгө эле канча күч жумшаганын айтпаса да түшүнүктүү. Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга ар дайым көңүл буруп "жеңилин жерден, оорун колдон" алган да - ушул Койсун айым болбоду беле?
Андан көп өтпөй, түштүктөгү улуттар аралык чыр чатак башталганда да Койсун Курманалиева башында турган талас эли биринчилерден болуп колдон келген жардамын берип баштаган эле.
Мындан тышкары, бир топ жылдан бери кароосуз калган Талас шаарынын жолдору Койсун Курманалиеванын көшөкөрлөнгөн аракети менен оңдолгонун, спорттук иш чараларга мурда болуп көрбөгөндөй көңүл бурулганын кошумчалай кетүү ашыкча болбос.
Саясий баш аламандыктардан улам өз ишмердигин таштай качкан чет элдик ишкердерди кайрадан Таласка чакырып, аларга шарт түзүп берип дыйкандар өстүргөн төө буурчактын баасын жогорулатууга кылган аракетин да айта кетүү абзел.
Облус жетекчиси "эл менен жолугушпайт " -деген сөздөр эч кандай суу кечпейт. Анткени айыл округдарында өткөзүлүп жаткан бардык элдик жыйындарга гүбернатор айым өзү катышып, муктаждыктарына жакындан жардам берип жатканын Талас эли жакшы билет.
"Губернатор 10 киши чогулган жерди да аңдытып жатат" деген кеп да "шекчил шектенет" -деген акылман элибиздин накыл кебине туура келет. Анткени, бир ууч адамдардын чогулушун аңдыгандан башка да облус жетекчисинин маселеси чачтан көп.
"Чала сабат жаш баланы, өзүнүн жакын тууганын Талас районуна аким кылып шайлап койду" деген дооматтар да чындыкка такыр дал келбейт Ушул сөздү жазгандардын өзү бир аз чала сабат экендигин көрсөттү. Анткени акимди губернатор эмес, президент дайындайт. Ал эми губернатордун Талас районунун акими менен кыргызчылыктан башка эч кандай тууганчылыгы жок экенин да арызчыл аксакалдардын "кулагына күмүш сырга кылып" айта кетели.
Койсун Курманалиеванын ишинин жыйынтыгы жөнүндө айта турган болсок, былтыркы жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү өткөн жылдарга караганда бир топ жогору болгонун эле айтсак жетиштүү болор.
Ушунчалык Айдаралиевди губернатор кылгысы келгендер анын ишмердүүлүгүн жалпылап айтпай, конкреттүү айта кетсе жакшы болмок экен. Анткени, Айдаралиев керт башын гана ойлоп, өзүнүн менчик үйүн хан сарайдай кылып заңгыратып салганы менен гана калктын эсиндек калды.
Баарынан да, азырынча Айдаралиевден башка облустун жүгүн аркалап кете турган адам таппаган сегиз аксакалыбыздын жоругу аргасыздан баш чайкатты.
Анткени, Талас облусунда 220 миңден ашуун калк жашайт. Алардын атынан кайрылуу жазууга, ачык айтканда, сегиз адамдын эч кандай моралдык укугу жок болчу.
Кыскасын айтканда, мындай чагымчыл адамдардын калпты чындай саймедиреген кайрылуусун кулактын тышынан кетирип, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" -демекчи, ар кимибиз өз ишибизди аткарганыбыз оң.
Жолдошбеков Айдарбек
Мамыров Абылкасым
Токсонова Жамийла
Мырсалиева Мейизбүбү
Эсеналиев Жанузак
Базарбаев Нурлан
Текеев Акматбек
(Бул кайрылууга 30 киши кол койгон)
Борукеев Ысайбек
Рыскулбеков Марат
Садыров Дамир
Айдарбеков Ырыстай
Абакиров Атантай
Кенебаева Болдукыз
Кушубекова Күнчүрөк
Ырысалиев Берик
Сагынбаев Таалайбек
Рахматилдеев Бакыт
Нарбеков Мелис
Баясов Аман
Сейитов Койлубай
Бузурманкулов Болот
Сыдыков Урмат
Казаков Үрүстөм
Мамырова Куралай
Токторбаева Гуля
Дөөлөтбаков Марс
Ходжанова Халбүбү
Кулов Сейдылда
Көчкөнбаев Темирбек




Улуттук идеологиябыздын уңгусу кайда?
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көп жерлеринде бийлик талаштын, согуштун, терроризмдин, же табигый кырсыктардын апааты адамзатка не деген азаптарды алып келип жатат? Балким космостон карап тургандарга бүтүндөй Жер планетасы силкинип, андан ким жылмышып түшүп Аалам мейкиндигине сиңип жоголгону калгандай, ким карманып калганга жандалбас уруп жаткандай көрүнүп тургандыр?...

Жыйырма биринчи кылымдын башталышы менен адамзаттын глобалдашуу жараянында ар кандай кубулуштардын жүз бергени көбүнесе Адам баласы өз колу менен жараткан олуттуу проблемалардын чиеленишип калганына тамырлаш болуп атпайбы. Эл аралык мамилелердин, аймактык маселелердин, ресурстарды бөлүштүрүүнүн, дүйнөлүк экономикага таасир этүү талашынын саясатында кимдин орду кандай, же каерде экендиги барган сайын ачыкталып келаткандыгы даана байкалууда. Океандын ары жагындагы, Европадагы жана Азиядагы кубаттуу мамлекеттердин ортосундагы дүйнөнү жаңыдан бөлүштүрүү "оюнунда" Кыргызстаныбыз өңдүү кагазда эгемен, турмушта күнкор бир катар өлкөлөрдүн тагдырлары жалп этип өчө жаздаган шам чырак сымал бүлбүлдөп турганы тилекке каршы, ачуу чындыкка айланууда. Санжыралуу бай тарыхыбыз мамлекеттүүлүгүбүздүн эки миң жылдан ашык мезгилди багындырып келгендигинин күбөсү эмеспи деп мурдубузду балта кеспегени менен азыркы учурдагы дүйнөлүк капсалаңдардын фонунда Кыргызстан сырткы эле эмес, ички саясый жана экономикалык өңүттө ар тараптуу тушалган абалга кептелип турганыбыз - тартып бараткан өгүз өлүп жол ортосунда сынган арабадай эле элес калтырат.
Соңку күндөрдө бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда турган Япониядагы зилзала, топон суу менен коштолгон табигый кырсыктын кесепеттеринин аягы болчудай эмес. Мындан үч жыл мурдагы Караколго барып, ал кезде Ысык-Көл мамлекеттик университетинин география жана туризм факультетинин деканы, кесиптешим, география илимдеринин кандидаты, доцент Догдурбек Чонтоев сапарлап Японияга барып, ал жактан алып келген видеотасманы көргөнүмдү эстедим. Бул өлкөнүн кооз шаарларынын биринде аккан дарыяны биздин касиеттүү Оштогу Ак-Буура менен салыштырып, мындай суулар дээрлик кыргыздын ар бир шаарында, керек болсо айылдарында бар экенин ойлоп, анан да туптунук сууда кол менен кармаса үркпөй-коркпой сүзүп жүргөн түркүн түстөгү көп түрдүү балыктарды көрүп абдан таасирленгем.
Эми болсо ушундай жомоктогудай кооз, бейпил, экономикалык жактан кубаттуу өлкөнүн да табийгаттын катаклизминин алдында алсыз экендигин, алекизаматта ири кыйроолорго туш болгонун көрүп - багып, мындай алааматтын Кыргызстанга чекеси да тийбесе экен деп тилеп отурам. Дагы таасирленгеним, эң оор мүшкүл күндөр башына түшсө да япон элинин эрктүүлүгүнүн, сабырдуулугунун, топуктуулугунун, мекенчилдик сезимдеринин эң жогору экендиги, морадерлук деген шерменделигинин жоктугу болду. Элди-жерди коргоого керт башын байлап, аварияга учураган АЭСтин ишин жөнгө салууга өлүмгө түз караганга тете аракеттерди көрүп жаткан атуулдарынын эрдиктеринин алдында калпагыбызды башыбыздан албай кое албайбыз го! Бүткүл адамзатка үлгү болчудай мындай таасирлер Япония мамлекетинин жана анын элинин гана идеологиясынын жемиши болушу мүмкүн тура!

Абдыжапар Аккулов,
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент
(Уландысы кийинки санда)
"Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, эгемендүүлүккө ээ болгон жыйырма жылдык жаңы тарыхыбызда кыргыз эли оозубуз менен орок оргон жаман адатыбызды гана куп өнүктүрбөсөк, бийликтегилер баш, ар дайым "эфирден" түшпөгөн саясатчылар төш болуп, алтургай шаардыктарды мындай кой, тээ тоо койнундагы айыл-кыштактагылардан бери бүтүндөй коомчулук ашкере саясаттан башыбыз көтөрүлбөй калбадыбы.
Кыргызстандын экинчи Президенти К.С.Бакиев да 2005-ж. 14-августунда сүйлөгөн инауграциялык сөзүндө "…Мудрость правления, забота о людях, а не о себе, честность и справедливость - вот единственное, чего сегодня ждут от власти кыргызстанцы…" деген менен, элине берген антынан тайган туңгуч Президент А.Акаевдин катаачылыгын көзкөрүнөө кайталады. Андай адамдардын тагдырын эмне күтөөрүн эгемен Кыргызстандын тарыхында экинчи жолу турмуш өзү көргөздү.
Эки жолку удаалаш болуп өткөн революция, көтөрүлүш, же төңкөрүш дейбизби, өрттөп талкалоо, талап-тоноо, зордук-зомбулук менен коштолуп, бейкүнөө жигиттердин өмүрлөрү кыйылып, эки бир тууган элдин бирин-бири кырып кирген кагылашына алып келген өңдүү зыяны эле болбосо эмне пайдасы болгонун айта алабызбы? Эки жолу тең материалдык да, моралдык да ченемсиз чыгымдарга учураганыбыз, көп бар нерсени жоготконубуз, алдыга өсүп, жыргап-куунап кеткенди кой, ондогон жылдарга артка кеткенибиз, ким берсе ала берип, бербесе суранып-тиленип жатып олчойгон карыздарга батканыбыз эле болбосо, анан да бийлик деген "көк бөрүнү" эгемендүүлүк деген ипподромдо бирибизден-бирибиз билек сынашып күчкө сала, күч жетпесе тырнактап, же тиштеп болсо да сууруп ала, жулуп ала чаап келатпайбызбы жыйырма жылдан бери.
"Правителя можно сравнить с лодкой, а народ - с водой: вода может нести лодку, а может ее и опрокинуть…" деп байыркы кытай философторунун бири Сюнь-цзы айтыптыр. "25 марта 2005 года, когда только что произошли известные события в нашей республике, один из моих друзей напророчил: - Ну вот, граждане-кыргызтанцы, крепко держитесь! Был один Акаев, теперь вместо него придут 20 акаевых! Из-за личных амбиций все они передерутся… Ведь каждый из них наверняка захочет стать следующим ханом и даже Шахом кыргызской демократии… И не дай Бог, если этот новоявленный шах поставит мат не только своим противникам, но и всему народу… Конечно, мы все тогда посмеялись над этим шутливым пророчеством… " деп өз китебинде азыркы "Ак шумкар" саясый партиясынын лидери Т.Сариев жазган. Ушул сыяктуу эле жаңы Конституцияны кабыл алуу менен парламенттик башкаруу формасы киргизилгенден берки мезгил ичинде коомчулук тарабынан дүнүйө-мүлк топтогон бакиевдердин ордуна эми 120 сы келген жокпу деген турмуштук суроо чыгып жатканы бекерден эместей.
"Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт" болуп дүйнөлүк демократиядан артта калбайлы деп чабал атты чаап отуруп өлтүрүп тынабызбы, же казга теңелем деп буту сынган карга болбойбузбу деп өзүбүзгө суроо берген күнүбүз болобу акыры? Ак үйгө, көк үйгө, Өкмөткө, Парламентке саясый күрөшүүнүн цивилдүү жолдорун алып келбедикпи, коалиция деген кандай болоорун көргөзбөдүкпү, эми анын бири кыйраса эмне болуптур, жаңы Конституция ушундай, мыйзам бузулбайт, кийинкиси келе берет да дешип атпайбы бизге "цивилизацияны окутуучулар". Эмне, Кудай билет каяктан, импорттолуп келген мындай күрөш-тирештерден эл-журт жыргап кеттиби? Сийдим ушундай цивилизацияңа деген адам жок! Мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирген, элдин ынтымагын бузган, журттун кутун учурган, ата-бабалардай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албаган, бирибизди-бирибиз жөлөй да, алдыга түртө же сүйрөй албаган цивилизациянын терисин жамынган мындай башаламандык керек беле бизге? Бүгүн бийлик башында тургандардын өзара көзкөрүнөө кырды-бычак болуп, бирин-бири акмалап, оңтойу келсе көзүн оюп, шалпайта чаап таштаганга даяр, түгөл баарысы "Чуку, чуку жана чуку!" деген ураанды чакырып тим эле жуңгар же калмак менен чабышчудай абалы - биздин терең трагедиябыз эмеспи!
Азыркы кезде калк арасында дээрлик күн сайын бир жерде жер силкинди, кар көчкү жүрдү, кыян-сел каптады, бир жерде электр өчүп калды, күйүүчү май жок, тамак-аш кымбаттады, бир жерде соодабызды жапты, комогубузду сүрдүрүп таштады, дагы бир жерде түрмөдө отурган тууганым укугу бузулуп ачка болуп жатат деп күнүмдүк көйгөй, тиричилик ташпиши менен жаз айларындагы адатыбыз кармап "Кетсин!" деген кыйкырыгыбызга кайрадан кайтып, жашообуз оорлоп башыбыз оорууда. Салыштыра келсек, мунун баары ошол Япониядагыдай он-жыйырма миң адамды бир заматта "оп" эткен, нечен миң турак конушту, бүтүндөй шаарды жер менен жексен кылган табийгат алып келген кырсыктардын, Ливия, Египет, Сириядагыдай жер күйгөн, кан аккан алааматтардын алдында эч шоона эшпейт го дейм? Кудайга миң мертебе шүгүр келтирип, тобобуздан жазбайлы мекендештер!
Ойлоп көрсөк эгемен болгондон берки жыйырма жыл ичинде ушинетип эл ичинде ырк кетип, биримдик жок, жарытылуу жол башчыны маңдайыбызга жазбай, ал өйүз, бул өйүзгө урунуп жүрүп өлкөбүздө толук кандуу мамлекеттешүүнү орното албай келаткандайбыз. Айрыкча бийликтегилер бир оозго келе албай жаткан, түштүктө болсо эки элдин ортосуна жарака кеткен бүгүнкү шартта ал кандай болушу керек эле? Эң биринчиден албетте, саясатчылардын жеке амбицияларын тыйышына, конституциялык укугун пайдаланып ар бир кыргыз жаранынын турмушка ашкыдай тандоо эрки менен жашоосун камсыз кылууга жетишүүбүз керек. Бул качан мүмкүн болот? Журт башындагылар салабаттуу, сабаттуу болгондо жана Кыргызстандагы башка бардык улуттагылар кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кыргыз улуту менен бир катарда жан-дили менен умтулганда гана!
Эң башкысы Кыргызстандын бүтүндөй улутунун уңгусу, Жараткандан насип эткен тоодой ырыскылуу жерибиздин ээси болгон кыргыз улутубуздун милдети, жоопкерчилиги да жогору экенин тарыхтын, кийинки муундардын алдында да ар дайым туя билгенибиз шарт. Улуттук идеологиянын түптөлүшүндө негизги идея өлкөбүздө жашап жаткан азбы-көппү, бардык улуттардын башын бир кыргыз улутуна, кыргыз жарандыгына бириктирүү болушу зарыл.
Антпесек алакандай кыргыз журтчулугундагы санын сексенден ашыра сайрай бергенибизден ар кайсыл улут ансыз да тытылайын деп тамтыгы кеткен көрпөнү өзүнө тартып, тигил же бул улуттан, этностон мен түзүкмүн дегендей эле күрөздүк, андан ашып, жеткен наадандык менен улутташуу саясатын ар кандай түшүнүп жатпайбызбы. Канча, же кайсыл улут болбосун, Кыргызстан деген эгемен өлкөнүн кыргыз деген жалпы бүтүн элин түзүп, миңдеген жылдардан бери ата-бабабыз эгедер болуп келген кыргыздын жеринде жашап жаткандан кийин эмне эле көп улуттуулукка акцент кыла беришибиз керек? Интернационалдын заманы өткөнү качан, же канчалык кабыргабыз кайышып эсил кайран СССРди эңсегенибиз менен ал ыраматылыктын кайрылып келбеши айдан ачык эмеспи? Дүйнөгө көз чаптырсак же эмне, адамзаттын өнүгүүсүндө алдыңкыбыз деген дөө-шаа мамлекеттер эле ар улуттун угутуна карап улутташтырып, паспортунда көрсөтүп, жерин бөлүп берип турмуш күтүп атыптырбы?
Андыктан кыргыз жеринде кыргыз элинин тилине, маданиятына, үрп-адатына, мамлекетинин мыйзамдарына сугарылган бирдиктүү элди-журтту түптөө, же бүтүндөй улутту кыргыздаштыруу идеясы жашаш керек.
Абдыжапар Аккулов,
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент
(уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«