кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

2 МИЛЛИОН 700 МИҢ СОМ КАЯКТА?
2010-жылдын 7-апрелинде бүт Кыргызстанда Бакиев бийлиги алмашып жаткан убакта "Электр станциялар" акционердик коомунун кассасынан 2 миллиондой сом, 12 миңдей доллар акча белгисиз жагдайларда жоголуп кеткенине ушул кезге чейин эч ким жооп бере элек. Бишкек шаарынын 1-Май райондук милициясы ишти териштиримиш болуп, жаап койгонуна райондук жана Бишкек шаардык прокуратура көз жуумп койгон. Эсеп палатасынын аудиторлору Бокешов, Итигулов, Кудайбердиев акционердик коомдун ишин текшергенде да бул фактыны эмне үчүн таппай, кыйгап өтүп кеткени белгисиз. Элдин баары Ак үйдө Бакиев бийлигинин аткан окторунан жан сактап жүрсө, коомдун башкы бухгалтери З.Баранова, кассири Н.Каширина шалаакылык кылып, кассанын сейфин эмнеге ачык таштап кеткенине элдин көбү таң. Текшерүү комиссиясынын төрайымы С.Увайдаева бул уурдоону билбей каякта жүрөт? Айтор таң калычтуу көп нерсени эмнегедир ушул убакка чейин эч ким териштирбегени кызык. 2 миллион 700 миң сомдой акчанын "уурдалып" кеткенине "Электр станциялар" ААКсынын которулуп кеткен гендиректору Медетбек Айткулов жооп береби же жаңы директор Аман Тентиев жооп береби? Бул факты, дегеле акционердик коомдо ири суммадагы арам акчаларды адалдоо жолуна Кыргызстандын финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гүлмира Шакирова көз салып койсо. Ал эми жоопту Энергетика министри Аскарбек Шадиевден күтсөк.





Үзөңгү-Кууш, Каркыра сыяктуу жер бермейибиз токтобой жатабы?
Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргоо комитети Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы 2005-жылы 17-майында кол коюлган эки тараптуу жер тилкелерин берүү боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдошкон жок. Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңештин коргоо комитетинин жыйынында ачыкка чыкты. Комитеттин төрагасы Исмаил Исаковдун (КСДП) айтымында бул келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбейт тургандыгын баса белгилеп айтты. Кыргызстан Тажикстанга 90 гектар жер берип, жол салуу үчүн 5 гектар Тажикстандан жер алган экен. Бирок, учурда алынган 5 гектар жол салууга ыңгайсыз болгону үчүн, келишимге өзгөртүү киргизип, мурунку жолдун аймагынан кайрадан жер алууну көздөшүп жатыптыр. Андыктан Исмаил Исаков бул мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбестигин, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароо зарыл экенин айтты. Бул жагдайларга абай салып турбасак анын артында мурдагы бийликтин тушундагы катачылыктар кайталанып калаарын бир даары эске салат. Дал ушундай жол менен Үзөңгү - Кууш кеткен, Каркыра кеткен, мындан ары мындай жол менен мамлекеттин аймагы башка өлкөлөргө берилишин токтотушубуз керек, бул келишим боюнча бардык керектүү документтерди карап чыгуу зарыл экениндигин да белгилейт Исмаил Исаков.




Атамбаев Бабановго ишенеби?
1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кызматтан убактылуу четтегенден бери коомчулукта түрдүү мүнөздөгү ушактар желдей жортуп жүрү. Айтор, учугу көрүнбөгөн имиш, имиш, имиштер. А реалдуу жашоодо мындай "легендалар" суу кечпеши аштан бышык. Башбакан Алмазбек Атамбаевдин коомдук каналга берген кеңири интервьюсу буга далил.
Премьердин айтымында, Кыргызстандагы эн ири уюлдук компания саналган "Мегакомдун" айланасында көп талаш маселе болгон. Ал чууда Ө.Бабановдун фамилиясы да аталганы маалым. "Бирок, - дейт Алмазбек Шаршенович. - Азырынча Бабановдун тегерегиндеги ызы-чууга байланышкан бир маселе чечилди. Бир жалган жалаа толугу менен жокко чыгарылды". Башбакандын бу кебине жакшылап абай салсак, Өмүрбек мырза "Мегаком-гейт" "операциясынан" жабыркабай таза чыккандыгы ачыкталат. Таза чыкмак түгүл, 1-вице-премьер аталган уюлдук ишканадан өлкө казынасына дивиденд иретинде 860 млн. сом түшүрүүгө үлкөн салым кошконун: "Бул маселеге карата (Мегакомду айтканы) экс-башпрокурор Кубатбек Байболов убагында көп нерсени айткан. Бирок, учурда жашоо нени көрсөттү? Бүгүнкү күндө "Мегакомдон" эки жылдан бери төгүлбөй келаткан каражаттар дивиденд иретинде түштү. Бул 860 млн. сом" деп баса белгилейт.
Көрүнүп тургандай, Өмүрбек Бабановдун актыгына, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, солго агылган миллиондорду бюджетке бурган эрдигин премьер баш болуп жогору баалап атыр. Мунун айкын далили катары кресломдон кол жууп калам деп коркпостон кызматын убактылуу өткөрүп бергенин Атамбаев да өзгөчө кубаттайт. "Ошон үчүн мен ойлойм, комиссия иликтеп аткан маалда Бабанов өз милдетин убактылуу өткөрүп берип абдан туура, жигиттик кадам таштады" дейт ал.
Жаш болсо да "карт бөрү" саясатчыларга үлгү көрсөткөн Өмүрбек мырзанын кыргыз эли үчүн жасай турган иштери али алдыда экени айкын. Мындай ойду премьер дагы бир ирет бекемдейт. Ал киши интервьюнун сонунда: "...Булардын баары тең "Мегаком" окуясындай жалган жалаа, ушак экени тастыкталат. Аз калды, комиссиянын жыйынтыгын күтөбүз. Мен ойлойм, андан кийин Бабанов өз ордуна кайтып келип бизге жардам берет" деп өзүнүн 1-орунбасарына зор ишеним артып жатат.
Минтип өкмөт башчысы чоң ишеним артып, жамы журт кызматка кайтып келүүсүн талап кылып атайын уюм түзүп аткан соң Ө.Бабановдун белин бекем бууп, жаны реформаларды баштап, кыргыз эли жана Кыргызстан мамлекети үчүн эмгектенүүдөн бөлөк аргасы жок.




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика