"Замандаш" лидери оо дүйнө салды!
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Муктар Өмүракунов Куба мамлекетинде дүйнө салды. Акыркы маалыматтарга караганда Өмүракунов жубайы жана 6 баласы менен эс алып жүргөн. Эс алуу учурунда сууга кирип кеткен Муктар кайра чыккан эмес. Куткаруучулар анын денесин бир топ убакыттан кийин табышкан. Мындай маалыматты бул жакка анын жанында жүргөн туугандары кабарлашкан. Муктар Өмүракунов "Замандаш" партиясын түзүп чет элдеги кыргыз мигранттарынын башын кошуп, алардын укуктарын коргоп күрөшүп жүргөн жападан жалгыз инсан болчу.

Сак бол, кыргыз
Дүйнөнүн башкы террорчусу эсептелген Усама Бен Ладен өлтүрүлгөнү менен анын жолун жолдоочуларды толук жок кылуу али далай түйшүктү жаратчудай. Бул жолго Кыргызстандын жарандары да түшүп, элге коркунуч жаратып, бейкүнөө адамдардын өмүрү мерт болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Дал ошол Усама Бен Ладен баш паанек кылып жүрчү Афганистан жана Пакистандагы террористтерди даярдоочу жашыруун борборлордо даярдыктан өтүп жаткандардын арасында 2010-жылдын июнундагы түштүк коогалаңында баш аламандыкты уюштуруп, бирок колго түшпөй качып кетишкен кыргызстандык жарандар да бар экендигин башкы чекист Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдады. Анын тастыктаганына ишенсек, алардын саны 300-400дөй. Демек, алар кайра эле өз тарабына ичи таза эместерди тартып, эртеби-кечпи элге бүлүк салаары шексиз. Бирок, бу сапар ачыктан-ачык тирешүү жолу менен эмес, эл көп жашаган жерлерде сууларды, кудуктарды, дарыяларды ууландыруу, коомдук жайларда, маанилүү объектилерде террордук жардырууларды уюштуруу менен бүлүк салышы мүмкүн. Эмнеси болсо да сак болгула. Бөрү баласын ит кылышка аракет кылып көрөлү.

Кат бергенин бердик дейли, апкелгенин кантебиз?
"АзияУниверсалБанктын" директорлор Кеңешинин качып кеткен директору, Будапешттин жашоочусу, Россиянын, Улуу Британиянын, балким Израилдин жарандыгын алган Михаил Наделге эки кылмыш иши ачылган. 1-Май райсоту караган иште айып тагылган 32 адамдын 27си качып карматпай жүрөт. 100 томдон турган экинчи кылмыш иши Ленин райсотунда каралып, эки кылмыш иши бириктирилген. Ушуга окшогон татаал жана чуулгандуу иштерди териштирүүдө мол тажрыйбасы бар судья Аманбек Сариев караган бул иште эл аралык шылуунга эки эпизод боюнча айып тагылды. Биринчи эпизод боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 10 жыл эркинен ажыратуу жана экинчи иш боюнча 7 жыл, экөөн кошкондо мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл эркинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөө менен 10 миң сом айып төлөө жазасы чектелди. Эл аралык шылуун 2010-жылдын 2-апрелинен 7-апрель күндөрү "АзияУниверсалБанктан" 21 миллиард 10 миллион 696 миң 949 сомду которуп алып кетишкен. Эл аралык издөөдөгүлөрдү ушинтип кестик дейли, жашынып жаткан өлкөсүнө кат бергенин бердик дейли, а апкелгенин кантебиз? Иштин эң кызыгы бул эмес. Сот өкүмү чыгаары менен шылуундун адвокаты пайда боло калды. Ал ким дебейсиздерби? Кадимки Ислам Боров. Ооба, кадимки финполициянын тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары. Ушул кылмыш ишти тергегендердин жетекчиси - Ислам Боров. Эми ал адвокат катары райсоттун чыгарган өкүмүн Бишкек шаардык, андан ары Жогорку Сотто жокко чыгарууга аракет көрөт. Мынакей, заманың! Мынакей, акча адамды эмнеге айлантып салаары!

"Кумтөр" кыргызга кызмат кылса
"Кумтөрдө" ачык ыкма менен казылып, өтө арзан баада өндүрүлүп, ушуга чейин 250 тоннадан ашуун алтын алган Канада тарап байлыкка жаман карк болду да, кысталактыкы. 20 жылдай жалаң салык төлөмүш болуп келаткан эл аралык шылуундарга алгач Акаев 1992-жылкы келишим боюнча, кийин Бакиев 2009-жылкы оңдолгон келишим боюнча Кыргызстанды мурдунан жетелетип, ал алдангандарыбызды эми гана кайрып ала баштаган шекилдүүбүз. Салыштырып көргүлө: акыркы он жылдан бери "Центерра-Гольд" кыргыздарга 14,6 миллион доллар гана берген болсо, эми 2010-жылдын тапкан пайдасынан бөлүшүп коёлучу деп 33 миллион доллар бергени жатат. Мындан ары "Центерра-Гольддун" бир вице-президенти, директорлор Кеңешинин 11 мүчөсүнүн үчөө кыргыз тараптын өкүлдөрү болот деген үмүт бар. "Кумтөрдүн" алтыны 2027-жылга чейин казылып, 1000 тоннага чейин алтын алса болот дешет. Алтындын бир унцийинин баасы миң доллардан ашкандан кийин келишимди бузуп, кыргыз тарап кенди Монголияга окшоп өзү иштеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы бийлик ушундай кадамга баралабы, күтөлү.

Сүймөнкул менен Болот тирилди, Чыңгызчы?
Сүймөнкул Чокморов менен Болот Миңжылкиевдин арбактары ыраазы болсун, жердештери баш кошуп, Бишкекке болбосо да, кичи Мекендери Чүй менен Ысык-Көлдө кайрымдуулук марафондору өткөрүлүп, Болоттун айкели Тору-Айгырда тургузулуп, Сүймөнкулдун айкели менен мемориалдык комплексин Байтик айылында курууга 4,5 миллион сом топтолду. Ал эми Чыңгыздын айкелин, музейин ким тургузат? Жазуучунун кичи мекени Кара-Бууранын акимчилигин да бүтүндөй өлкө сыяктуу эле апрелден кийинки "бийлик оорусуна" чалдыккан, башың кайсы десе, көчүгүн көрсөткөндөр ээлеп алышкан. Кызмат,байлык, анан жасалма кадыр-барк, сыйлык, наам, орден-медаль талашуудан башканы маанилүү деп эсептебеген кыргыз бийлигинен жакынкы мезгилде бул жаатта жакшылыктуу иш күтпөй деле койсо болот. 20-30 жыл Айтматовдун чачпагын көтөрүп жүргөн адабиятчы Абдылдажан Акматалиев, апрелден кийин республикалык аксакалдар Кеңешин түзүп, урунарга тоо, урушаарга жоо таппай турган, убагында Айтматовдун арты менен далай сый-урмат, кызмат көргөн Дөөлөт Шадыбеков, белгилүү академик Оморбай Нарбеков бир аз чапкылап, 1-2 жыл бийликти безге сайып, коомчулуктун болбосо да Таластын баш-аягын бириктирип, намыска келтирип койгонго жарашпайбы? Тоң моюн Талас эли тил албаса, иниси Илгизди, карындашы Розаны кошуп, депутат кызы Ширинди колунан жетелеп, Кыргызстанды бир кыдырып чыкса деле 5 миллион кыргыз эли бир сомун аямак беле, берет. Сүймөнкулга бир күндө эле 4,5 миллион сом топтолду го?

"Ырдайлы кыргыз ырларын" кыргызга жакпай жатат
КТРге "Ата Журтчу" Жылдыз Жолдошева төш болуп, "Ар Намыстан" чыга качкан партизан депутат Каныбек Иманалиев көз болуп асыла баштагандан бери эл артисти Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген программасын токтотууга кызыккандар да көбөйө баштаптыр. Көрсө Каныбек мырза Атамбаевден КТРдин баш мүдүрлүк ордун сураганын угуп калган бир тележурналист "Ырдайлы кыргыз ырларын" дегенди "Ырдайлы Жылдыз ырларын" деп өзгөртүүгө катуу киришип жаткан окшобойбу. Кайран гана ичи тар кыргыз боорум? Тоңдогу россиялык кыргыз Юрий Бобков жасап жаткан ишти Белоруссиядагы сузактык "дунган" Курманбек Бакиевдин Мелис Эшимканов жетектеген бүт шайкасы менен кайра апкелсеңер да жасай албай калдыңар го. Ошондуктан Юрий Бобковго тийишкениңерди коюп, өз оокатыңарды эле кылсаңарчы.

КТРдан башкалар көзүңөргө көрүнбөйбү?
ЖоКенин айрым депутаттары КТРК жөнүндөгү мыйзамдын шылтоосу менен телерадионун ишин жөнгө салабыз деп кызыл таажы короздой чокушуп жатышат. Кыргызстанда КТРКдан башка телерадиокомпаниялар жокпу? Маселени кеңири карап, "Эй, Каныбек, бир эле мыйзам менен Кыргызстандагы бардык теле жана радио каналдардын ишин жөндөй турган жол таппайлыбы" деп айткан бир депутат чыкпады го? "Мезон ТВ", "ОшТВ" дегендер түштүк коогалаңынын чыгышына жакшы эле май чачканын унуттуңарбы?
Бийликти сындаш жагынан телерадиолорго караганда гезиттер ат чабым алдыда баратат. Булардын ишин жөнгө салчы мыйзамды Тоголок Молдо атабыз иштеп чыгабы? Өкмөттүк делген 3 гезит эркин гезиттердин чаңынын арасында калып, аларды окуган эл аз. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү 3-4 мыйзамды кайра бир сыйра электен өткөрүп, маселени комплекстүү, экинчи кайрылбай турган кылып чечсеңер болбойбу? Же бул тармактагы мыйзамдык талааны жөнгө салуу үчүн Акаевдин пресс-катчысы Каныбектин чамасы чектелип, жалгыздык кылып жатабы? Анда жаныңарга Бакиевдин пресс-катчыларынын бири Оксана айымды отургузуп албайсыңарбы?