САИД БАЮМИ:

"КАЙРЫМДУУЛУК - АР БИР ПЕНДЕНИН ПАРЗЫ"
"Кайрымдуулук жасоо менин жан-дүйнөмө өзгөчө кубаныч тартуулайт. Өзүнүн деңгээлине жараша кайрымдуулук көрсөтүү - ар бир пенденин парзы. Мен аздыр-көптүр Кыргызстанга пайдамды тийгизип, колумдан келген жардамымды берип жатканыма кубанам. Ооба, мен балдарды өзгөчө жакшы көрөм. Ошондуктан, жардамга муктаж, ата-энеси жок балдарга кайдыгер карай албайм. Мен жума сайын ар кайсы областагы жетим балдарга барып жолугуп, баарлашып, белектеримди тапшырып турам. Аларга жолугууга бараткандагы алыс жолдо канчалык чарчасам да, балдарды көргөндө чарчаганым заматта тарап кетет. Анткени, алардын жүзүндөгү кубаныч мага дем күч берет", - дейт "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын" президенти Саид Баюми.

Чынында, азыркы алдым-жуттумдук күчөгөн, алдуусу алсызын баса калган же эптеп бир капталын жапсаң, экинчи жагы ачылган тартыштык-каатчылык каптап келе жаткан заманда кайрымдуулугунан жазбай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, жетим жесирлердин муктаждыгын колдон келишинче кандырып келген - камкордугун көрсөткөн иштерди көрүп туруп, көңүл жылыбай койбойт.
Элдин негизги турмуштук талабын жакшыртуу, ошондой эле агартуу иштерине, элдин саламаттыгын сактоого көңүл буруу жана калктын жакыр жашаган катмарларын социалдык жактан колдоо, өзгөчө жетим, кароосуз калган балдарга камкордук көрүү - бүгүнкү күндүн орчундуу да, жүрөк эзген көйгөйлөрүнөн. Денесин жабарга кийими жок ошонун айынан мектепке бара албай окуудан калгандар бар десек муну аша чапкандай көргөндөр жок эмес. Айтор жетишпестиктин; тамак-аштын тартыштыгынын (витаминдүү азыктар) айынан ооруп доктурга көрүнө албай айыккыс кеселдерге кабылган муктаждар, өзгөчө жетимдер жердин баарында бар. Арийне, азыркы ааламдык каатчылык каптап, адамгерчилик, кайрымдуулук азайгансып бараткан заманда ушундай гуманитардык иштердин арасынан өзгөчө эң эле сооптуусу - жетимдерге каралашуу. Ислам таалиминде да жетимди башынан сыламайын адамдын ийгиликке жетиши оор экени баса белгиленген. Жашоодо жаш баланын эң бир ыйык да, жападан жалгыз тутунаары да ата-эне эмеспи. Ансыз баланын дүйнөсү түгөл эместигин ар бир жан билгени менен аны анын жүрөгү менен ар ким эле сезе албастыр. Ооба, жетимди көрсө, кыя өтө албай улуу соопчулук иштери менен алектенген Саид Баюми өңдүү адамдар кайрымдуулук дүйнөсүнө жарык чачпай койбойт.
"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси Кыргызстандын аймагында 2000-жылдын ноябрь айынан бери кайрымдуулук иштерин жасап келет. Анын президенти Саид Баюми мырзанын жетекчилигинде көптөгөн көңүл жылытаарлык иштер жасалган жана аткарылууда.
Уюм жетим балдарга гана эмес, карылар үйү, балдар үйү, жакыр үй-бүлөлөр, инвалиддер ж.б., кыскасы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мүмкүн болушунча материалдык көмөгүн аябай келет. Натыйжада, республика боюнча 1006 жетим бала алардын карамагында турат: Бул жетим балдарга ай сайын акчалай көмөк, таттуу белектер жана бир жолу ысык тамак берилет. Эң жакшысы балдар квартал сайын республиканын эң мыкты профессор-медиктери тарабынан медициналык кароодон өткөрүлүп турушат. Ошондой эле жетим балдар үчүн жыл сайын мектеп формалары, кийим-кечек, бут кийим жана сабактар үчүн керектүү канцелярдык эмеректери да сатылып берилет. Жыл сайын эң таланттуу жана жакшы окуган балдар окуу жылынын аягында "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын" адистери тарабынан аныкталып Ысык-Көлгө ден-соолукту чыңдоо лагерлерине путевка, сыйлыктар тапшырылат. Саид Баюми өзгөчө элдин аз көңүл бурулган катмарына - атасыз калган жетим балдарга чоң көңүл бурганы бул албетте, колдоого алынуучу жөрөлгө. Дегеним, колунда бар ар бир адам үчүн үлгү да болоор.
Асыл Касен


Р.S.: Саид Баюми 1965-жылы Египеттин Эль-Шаркия шаарында туулган. Улуту араб. 1989-жылы "Александрия" университетин инженер-механик адистиги боюнча бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.
Кыргызстанда, эларалык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты. КГУСТАнын жана Арабаев атындагы КГПУнун ардактуу профессору. Талас областынын, Кара-Буура районунун жана Баткен областынын Кадамжай районунун ардактуу атуулу. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан "Саламаттык сактоонун отличниги" медалы менен сыйланган. Ош, Баткен шаарларынын мэрлери тарабынан социалдык жана руханий салымы үчүн ардактуу грамоталар менен сыйланган. Ошондой эле Илим-билим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жаштардын саясатынын өнүгүшүнө салымы үчүн ардак грамота менен сыйланган. Орусча, англисче эркин сүйлөйт.
Чынында Саид Баюминин элдин материалдык, руханий жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үлкөн десек болот. Ал ар кайсы жергиликтүү, райондук, областтык жана министрликтердин 30дан ашуун "ардак грамота", "ыраазычылык кат", "ардактуу атуул", "ардактуу профессор" өңдүү, ошондой эле ар түрдүү сыйлыктарына татыган.




Куттуктоо!


Ош областынын Алай районундагы Үч-Төбө орто мектебинин мугалими, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, эл агартуунун отличниги Бектурган КАМЧЫБЕКОВду 5-майда 60 жаш кутман курагы менен ОшМУнун филология факультетин 1975-жылы аяктаган курсташтары куттукташат. 36 жылдык педагогдук иште миңдеген жеткинчектерге терең билим-тарбия берип, үч уул, төрт кызды эрезеге жеткирген эмгегиңиз, 1988-92-жылдардагы аспиранттык илимий ишиңиз мындан да жогору бааланаарына ишенебиз. 1961-жылдан бери жазып жүргөн ырларыңыздын тырмак алды жыйнагы 1998-жылы "Тоолорумда бүркүт болуп айланам" деген ат менен жарык көрүп, бир нече ырларыңызга чыгарылган обондорду, өзүңүз чыгарган отуздай обондорду укканыбызда сыймыкка батабыз.
Мындан ары да бекем ден соолук каалайбыз. Сиздин эл-журтуңузга берээр мурастарыңыз али толук бериле элек.