кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Президент "Айкын саясат"
гезитине асылды
"Кыргызстан сөз эркиндигине маарыган мамлекет болду" деп сүйүнүп жүрсөк акыркы кездерде азыркы чоңдор да кудум эле Бакиев мезгилиндегидей тымызын эмнегедир айрым массалык маалымат каражаттарына кыл аркан ыргыта баштады. Болгондо да мурунку бийликтин тушунда "басма сөз басымга алынбасын" деп тамактары бүткүчө кыйкырып жүргөн азамат уул-кыздарыбыз. Аны жашырганда эмне, башыбыздан басып турган, кокту-колотко сүйрөп коркутуп турган Бакиев заманынан коркпой ачык-айрым, айкын жазып жүргөн жаныбыз бүгүн бүкчүйүп калат белек, ошондой ишти Президент Отунбаева эжекебиз баштады. Кечээ элибиздин эртеңи үчүн деп кадимки эле кыпкыргызча айтылып жүргөн "жөөт" деген сөздү "жөөлөп жатасыңар, улуттарга таш уруп жибердиңер" деген таризде оюн ачыктап, биздин гезитти сынга алып Кыргыз улуттук "Кабар" Радиосуна маек куруптур. Анда биздин гезитке чыккан "Жөөтөр деп жөө калабызбы?" деген аталыштагы макалага басым жасаган. Ал макалада Президент күйүп-быша тургандай деле эч бир маалыматтар кеткен эмес. Учурунда керек болсо "Отунбаева айымды жөөттөр менен карым-катышы бар" деген маалыматтарды да жайылткан басма сөздөр дагы болгон. Бирок, эмнегедир Президент ал маалыматтар менен тааныштыгы жоктой дароо биздин гезитке сын айтып жатканы, азыркы бийликтин деле басма сөзгө болгон мамилелеринин бузулуп бара жатканынан кабар берет. УТРКнын айланасында эмнеге ызы-чуу бүтпөй жатат? Мында да бир мандем бар. Президент бизди "улутчул" деп айыптайт. Аны Баш прокуратура кош колдоп колдойт. Ошентип эми азыркы бийликте өз жергебизде өз тагдырыбыз менен келечегибиз жөнүндө ачык-айрым эмес абайлап жүрүшүбүз керек экен. Колдой турган деле жайы бар, биз өз душмандарыбызды бир туугандарыбыздай сыйлашыбыз керек. Анда ириде жок дегенде Акаевдин учурундагыдай мамлекеттик деңгээлде "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген сыяктуу бир программа иштеп коюшса болмок экен. Анда ага карап түздөнөт белек. Мамлекет баш аламан болуп, бийлик өзү улам бирдин учунан чыгып турганда эмнеге эл оозундагыны айта албайт экенбиз. Учурунда Роза эжекебиз "Бакиевдер бийлигин жөөттөр курчап алды" деген жайы бар. Аны Рыскелди Момбеков мырза, аралашып эле ал кездеги оппозициянын алды-артында жүргөн биз дагы абдан жакшы билебиз. Бир эле мисал, Бакиевдин бийлигин азыркы бийликтегилер, мурунку оппозиция, Максимдин айланасындагы Гуреевич, Надел, Ширшов сыяктуу жөөттөр аркылуу аттарын атап "жөөттөр Кыргызстанды курутуп жатат" деп отуруп биздин колубуз менен шыбап, бийликти ириткени жалганбы? Калыстык ким тарапта болуп жатканын элге койдук. "Улутчул болбой эле койдук, урдук баарын" деп отуруп калганыбыз болбос. Өлкө үчүн өлүп берээрибизди "баш кесмек" бийлиги бар Бакиевдин учурунда тастыктаганбыз.

Президент Роза Отунбаева: "Сөз эркиндиги - республикабыздын эң баалуу кенчи"
30-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын ЖМК өкүлдөрү менен Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө арналган жолугушуусу болду.
"Биз өткөн жыл ичинде бир дагы журналист административдик ресурстун кысымына дуушар болгон жок жана өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон жок деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги республикабыздын эң баалуу кенчине айланды десек болот", - деди Р.Отунбаева. Президент ЖМКлардын коомдун консолидацияланышына жана этностор аралык ынтымактын бекемделишине өзгөчө салымы бар экендигине басым жасады. "Журналисттер коомубуздун консолидацияланышына көмөк көрсөткөн зор күч болуп саналат. 2010-жылдын июнунда силер бейпилдик менен ынтымакты, адамдардын бири-бирине ишенимин калыбына келтирүүдө өзгөчө салым коштуңуздар", - деди Р.Отунбаева.
Сөз эркиндигине басым жасоо менен Президент өлкө жетекчилиги мындан ары да эркин жана көз карандысыз ЖМКларды бекемдөөгө болгон багытын өзгөртпөй тургандыгын айтты. "Биз ЖМКлар жабылбай, журналисттер бийлик тарабынан куугунтукка алынбай турган саясий климатты сактап калууга умтула бермекчибиз. Мен биздин калем чеберлерибиз Кыргызстандын сыймыгы болушун, ал эми эркин, көз карандысыз пресса - коомдун айныксыз атрибуту болуп калышын каалайбыз", - деди Р.Отунбаева.




"Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорунун алкагында 1 млрд. сомдун 455 млн. сому берилди.
Бүгүнкү күндө дыйкандарга 1 млрд. сомдун 455 млн. сому берилди.
Бул тууралуу бүгүн, 2011-жылдын 28 - апрелинде, КР Айыл-чарба министри Т.Беков Жогорку Кенештин пленардык жыйынында билдирди.
Министр "АйылБанкка" Кыргызстандын фермерлеринен 2 миң 817 кайрылуу түшүп, анын 2 миң 593 кайрылуусу канааттандырылганын маалымдады.
"РСК Банкка" 1 миң 619 кайрылуу түшүп, анын 1 миң 409 кайрылуусу канаатандырылган. Ошентип жарым миллиард акча дыйкандар үчүн жакшы эле колдоо болду. Жыл аягына чейин калган бөлүгүн алышат.


  Көп сериялуу кийно!

"Чуулгандуу чиновник"
3-май бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө утурлап биз "таштай качкан"(Бабырбек Жээнбеков) "Алиби" гезити 2010-жыл үчүн "Граждандык позициясы үчүн" деген сыйлыкка татыктуу болду.Сүйүндүк! 2010-жылдын эң оор күндөрү жанды оозго тиштеп, эл ичинде болуп, окуяларды жеринен жазып турган мээнетибиз эске алыныптыр. Баалагандарына ыракмат. "Алибинин" 2011-жылдан берки жамааты "силердин салым зор" деп тойго чакырды, баралбадык. Экс-редактор Б.Ж. кең пейилдик кылып, 2 бетке толтуруп "Алибиде" алкоо кебин аябаптыр, ага да рахмат. Бирок, көчүктөн чымчыган мактооңорго тойдук, андан көрө аласа акчабыз жөнүндө эле сөз кылалычы. Арактан көз ачылбай жүргөнүбүз, соттолгондорубуз, документти оңдоп ишке илингендерибиз, үй-бүлөдөн ажырап, жаңы турмушту кантип жаңыртканыбыздын аки-чүкүлөрү, бирге жүргөн саясатчыларды бир туруп майлап, кайра шыбаган эки жүздүүлүгүбүз жөнүндө жазышпай эле турбайлыбы? Бир кезде суу ичкен кудугубузга түкүрбөй туралы деп Сиз жөнүндө келип жаткан жогорку материалдардын тизгинин тартып жатабыз, Бабырбек байке + (плюс Таалайкүл!)






Яндекс.Метрика