Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Бабанов неге баса берди?
Megacom-гейт жогорку мартабалуу мамкызматкерлердин карьераларын жаңгак чаккандай чагып жатат Башпрокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов менен жаңыдан коштошуп жатканда кызмат орду менен кош айтышканга вице-премьер Өмүрбек Бабанов өтүнүч кылды.
Бирок биринчиси таптакыр "кеткени" менен,экинчиси өз арызы менен убактылуу ээлеген ордун өткөрүп берген эки эпизодду тең жалпы бир мотив бириктирип турат. Эки чиновник Огянников / Реймандын тобу көзөмөлдөп турган Penwell Business Limited оффшордук уюл операторунун айланасында жаңжалдашып жаткандардын бир тарабы менен коррупциялык байланыштар аркылуу күйүп кетишти.
Өмүрбек Бабановдун үстүндө айланган кара булут, Кыргызстандын парламентинде курамына Социал-демократтардын партиясы: "Республика" жана "Ата-Журт" партиялары кирген башкаруучу коалиция тарабынан бир ай мурун башталган. Бабановдордун кампаниясын мелжеп ошол эле Байболов каршы чыккан.
Апрель окуяларынын эмгек сиңирген каарманын босогодон бозала кылып кууп чыкканына таарынган мурунку Башпрокурор эшикти катуу жаап кетип гана тим болбой Жогорку Кенештин трибунасынан Бабановдун рейдерлик жана "питерлик байланышчылардан" пара алгандыгын айыптады.
Бул айыптоо, Бабанов менен саясий кыл чайнашкан "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле кеп болду.
Россиялык "Независимая газетанын" серепчилери биринчи вице-премьердин кызматтан кетишинде Кремлдин изи байкалат деген ойду кыйытышууда. Бул окуянын астында ал Москвада болуп Кыргызстан үчүн ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү баарыбызга маалым. Россия биринчи жолу Кыргызстан боюнча өздөрүнүн катуу позициясын белгилөө менен: эгерде кыргыздардын жетекчилери Россия өкмөтүнүн алдындагы өз милдетин аткарбаса анда Кыргызстан өзүнүн жарыбаган экономикасы менен Россия үчүн кызыкчылык деле туудурбайт деген билдирүүсүн жарыя кылды. Орустар Бишкектен бир жыл мурун бөлүнүп берилген 30 млн.максаттуу кредиттин чыгымдалышы жөнүндө толук отчётту талап кылышты жана ошондой эле тышкы карызды жабуу үчүн "Дастан" заводунун 48% акциясын өткөрүп берүүгө байланыштуу жана "Газпромго" "Кыргыз Газдын" 75% акциясын сатуу тууралуу убадалардын аткарылышы жөнүндө маселелерди кабыргасынан койду.
Андан сырткары: Кыргызстан бардык милдеттенмелерди эсепке алуу менен 2009-жылы берилген 300 миллион доллар жеңилдетилген кредит боюнча пайыздарды мурун макулдашылган төлөө мөөнөтүндө башташын эске салды.
Такталбаган маалыматтар боюнча Бабановдун Москвада дагы бир жолугушуусу- Леонид Рейман менен болуп анда Megacom' жөнүндө сөз козголгон.
Балким бул жолугушуу Кремлдин чыдамкайлыгына доо кетирип жибергендир: анткени алар көз жаздымда калган олигархтын ар кандай позициясынын күчөшүнө кызганычтуу мамиле кылышат эмеспи. Эске сала кетчү нерсе, 2008-жылы Леонид Рейман байланыш министрлик кызматынан кол жууган ал эми 2010-жылдын сентябрында Дмитрий Медведев аны президенттин кеңешчилигинен айдаган.
Биринчи вице- министрди сындоочулар анын күтүүсүздөн жасаган мындай кадамын өзүнө коюлган айыптан арылуунун жана андан кийин таза болуп саясий аренага чыгууга аракет катары түшүндүруштү. Алардын белгилөөсүнө караганда Бабановдун журум-туруму Конституцияга гана эмес, Эмгек кодексине да карама-каршы келет, анткени мыйзамда "убактылуу өз кызматын өткөрүп берүү" деген түшүнүк жок.
Кептин ачыгы, жакындан бери Бабановду сындачулар жактоочуларга караганда бир кыйла көп... Биринчиден, партиялык лидерин "Республика" колдоду. Экинчиден,биринчи вице-премьердин атын актоого Penwell Business Limited аттанды. Таң калбаңыз: Бабанов пара "сураган" Penwellдин так өзү. Penwell Business Limited сүйлөшүүлөр учурунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Ө.Бабанов мырза жеке өз кызыкчылыгы жана "аны жактоочулардын кызыкчылыгы үчүн" кандайдыр- бир талаптарды билдирген эмес деген расмий четке каккан билдирүүсүн биринчи виценин жарым жартылай отставкасы боюнча компания тарабынан таратылган пресс-релизден окуйбуз.
Бул билдирүүдөн "россиялык инвесторлор" мурун прокурор өтө баалуу кызмат көрсөткөндүгүнө карабастан баш прокурордун милдетин аткаруучу менен таптакыр жана кайтып келгис болуп коштошкону айкын болсо, бабановдук ресурсту өз эсептеринен алып коюуга азырынча шашылбай турушкандыгы белгилүү болду.




"Альфа Телеком" ЖАК акционерлеринин чогулушу болбой калды. Эмне үчүн?
Мамлекет жетектөөчү уюлдук оператор үчүн болгон күрөштү укуктук нукка бурууга аракеттенүүдө.. Бирок буга жол бербей жатышат?

Мурун белгиленгендей өткөн жуманын акырына пландаштырылган "Альфа Телеком" ЖАК акционерлеринин жыйыны эл толук келбегендигине байланыштуу болбой калган. Ошону менен бирге ИА 24.kg, билдирүүсү боюнча жыйынга улутташтырылган акциялардын 49% сунуш кылган Маммүлктүн өкүлү, 50% акцияга ээ болгон Southfield Management Inc компаниясы келген.Ошондой эле 1% акциясы бар Vesatel United Limited деген компания дагы келиши керек болчу, бирок алар келишкен эмес. Элдин толук келбей калышынын себеби башкада дешет. Анткени Бишкек шаарынын район аралык сотунун чечими менен Southfield Management Inc компаниясы чогулушка катышуу укугунан ажыратылган. Акционерлердин чогулушуна катышуу укугун ырастоочу компанияны билдирген документтердин толук эместигинен улам Southfield компаниясынын 50% акциясы камакка алынган .
...ММКларда билдирилгендей Ernst & Young эл аралык аудит компаниясы "тобокелге салынган долбоор" деген шылтоо менен "Мегакомго" ( "Альфа Телеком" ЖАК) аудит жүргүзүүгө март айында эле баш тарткан. Анын үстүнө аудиторлордо компания пайдаланган ЖАКтын активдерине болгон менчик укугу чынында эле өздөрүнө тиешелүүбү деген олуттуу шек саноолор пайда болгон.
Мамлекеттин уюлдук оператор боюнча иштерди саясий талашып тартышуудан бөлүп, укуктук талаада чечүүгө багыттоого аракеттенип жатышы купулга толот. "Альфа Телеком" ЖАК компаниясына болгон мыйзамдуу укук ээсин укуктук талаада гана аныктоого болот. Кыргызстандын бийлигинин бул аракети канчалык деңгээлде ийгиликтүү болушуна республиканын келечектеги инвестициясы көз каранды болуп калчуудай…
Аталган маселени чечүү боюнча жумушчу топтун башчысы Акылбек Жапаров кезектеги жыйында :"Альфа Телеком"ЖАКтын ээси ким экендиги аныкталгандыгына карабастан, Кыргызстандын өкмөтү менен инвестициялык келишим түзүшү керек",-деп билдиргенин эске сала кеткенибиз оң. Анын айтуусунда, өлкөнүн аймагында иштейбиз деген ишкерлер, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды камсыздоо максатында жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында келишимдерди түзүшү керек. "Анда уюлдук операторго укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүүнүн наркын толук төлөөнү бюджетке төлөп берүү караштырылышы керек", -деп кошумчалады Акылбек Жапаров.




РБК: Кыргызстандын Вице-премьери экономикалык чыр-чатакка аралашкан
Россиянын көрүнүктүү ММКлары Кыргызстандын вице-премьеринин убактылуу кызмат ордунан кетишин Megacom уюлдук операторунун айланасындагы жагдайга байланыштырышууда. РБКнын маалыматтары боюнча
Ө.Бабановдун убактылуу кызматтан кетишинин себептеринин бири кыргыздардын Megacom ("Альфа Телеком") уюлдук операторунун айланасындагы жагдай менен байланыштуу, анткени ал Penwell ээлеринин бири
Глеба Огнянниковдун (анын ысмын рыноктун катышуучулары РФ экс- министри Леонидом Рейман менен байланыштырышат) кызыкчылыгын жактаган.
РБКнын көрүнүктүү басылмалары билдиргенине караганда:
"Азыр "Мегакомду" эки компания талашууда: компания түзүлгөндөн тартып катышып келе жаткан Penwel компаниясы, жана ал оюндан чыккандан кийин кыргыз сатуучусунан 195 млн. АКШ долларына 100% акция сатып алып бюджетке тийиштүү салыгын төлөгөн Serpeus Inc компаниясы.
Республиканын бийлиги Serpeus Inc компаниясынын койгон кинелеринин олуттуулугун моюнга алуу менен бирге 2008-жылы "Мегакомдун" активдери үчүн 195 АКШ долларын төлөгөндүгүн жана андан кийин мурунку президент Бакиевдин уулу тарабынан көзөмөлдөнгөн "Альфа-телеком" компаниясынын пайдасына калп жеринен банкрот болгон фактысын да ырасташат.
Мурун Ernst & Young эл аралык аудит компаниясы "тобокелге салынган долбоор" деген шылтоо менен "Мегакомго" ( "Альфа Телеком" ЖАК) аудит жүргүзүүдөн баш тартканын эстеп койгонубуз оң. Анткени аудиторлордо компания пайдаланган ЖАКтын активдерине болгон менчик укугу чынында эле өздөрүнө тиешелүүбү деген олуттуу шек саноолор пайда болгон.
"РосБизнесКонсалтинг"
Маалыматтык Агенттиги






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«