Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Бейне

Санасаң санагы жок саясатчылар сапырылган самандай эле көбөйүштү. Курулай кыйкырык, курулай дымак менен күн көрүп, саясатты өздөрүнүн куралына айлантышып андан упай топтоону, элге жагынууну адат кылып алышкан учурлар да жок эмес. Кудай менен курдаш, Теңир менен теңдеш болуп, көөдөнүн көккө көтөргөндөрдү, биз, жердегилер биринин артынан бирин ушинтип "Саясий бейне" рубрикабызда сындай беребиз. Адилет болсунчу, анда, алардын бейнесине кыргызга белгилүү болуп калышкан, саясаттын казанында кайнап жаткан адамдар айтып бермекчи. Бүгүнкү "Саясий бейне" рубрикабыздын каарманы "Ар - Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов болмокчу.

"Ар - Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Куловдун саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер:
Өкмөт эмне менен күрөшүп, эмне менен иш алып барып жатканы белгисиз. Бардыгы ачык, айкын болбостон, көз боемочулук менен көмүскөдө калып келатат. Ошол себептен кээ бир саясатчылардын кылып аткан эмгегин билбей туруп, сындай берүү акылга сыйбаган нерсе. Бирок, "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов саясатта аздыр-көптүр аралашып, казанында кайнап калган саясатчылардын бири. Кандайдыр бир деңгээлде өз салмагы жана саясий орду бар. Феликс Куловдун беделине Акылбек Жапаров доо кетирип атат деп айгай салып жүргөндөрүн көп эле жерден угуп жүрөм. Ал эми Бакиевчил чиновниктердин кайрадан бийликке келип калышкандыгына ким себепкер? Албетте, эл өзү күнөөлү да. Эгерде алар добушун сатып, күнүмдүк акчага алданып калышпаса, мындайлар келмек эмес. Саясий аренада жүргөн адамдардын бир кеби бар экен. Алар айтат, "Мен элдин добушун бекер алган жокмун. Мен алардын добушун сатып алдым. Эми мен ал акчаларымды кайра жыйнашым керек" деп. Элдин добушун сатып алып, анан бийликке келип чалчаңдап жүргөндөр бир -экөө эле болсо жакшы да. Мындайлар биздин өлкөдө өтө көп.


Чолпон Жакупова, укук коргоочу:
- Негизинен Ф.Кулов менен жакындан таанышып, чай ичип бир жерде чогуу элекпиз. Ошентсе да ал кишини кыргыз тарыхына өз салмагы бар саясатчы катары таанылып калгандыгын билем. Ал көп жылдан бери саясаттын казанында кайнап, такшалып калды десем ашыктык болбойт. 2007-жылдагы "Фронт" аттуу оппозициялык кыймылы күч болуп турганда, К.Бакиев кыл учунда калган. Ошондо Куловдун акчасын алып, оппозиционер болуп жүргөн бир топ адамдар, капилеттен аны сатып кетишкен. Азыр болсо, "2007-жылкы "Фронт" оппозициялык кыймылын Ф.Кулов сатып кеткен" деп анын бетине кара көө жаап атышат. Мен аны жакшы билем. Себеби, ошол митингде алар менен чогуу жүргөм. Ф.Кулов аскер адамы болуп, генералдык чини болгондон кийин, ал адам "эр жүрөк", "жоокер" адам деп эсептейм. Бирок, негедир кийинки саясий кадамдарына ичим анча жылыбай жүрөт. Анын "Ар-Намыс" оппозициялык маанайдагы фракциясынан он адам коалицияга кошулуп атып, "биз оппозициялык фракцияга дагы, жана коалицияга дагы кошулабыз" деп айтып атышканы түшүнүксүз болууда. Бул жерден же коалицияга же оппозицияга биротоло кошулуш керек эле да. Жарым жартылай боюнда болуп калган аялдай болуп калышты. Баарынан да Ф.Куловду "сен Бакиевдин кошоматчысы А.Жапаровду кошуп алдың" дешип шылтоого шынаа каккандар көбөйдү. Ой, Бакивечилер жеке эле "Ар-Намыс" партиясында эле бар бекен? Бакиев - Акаевчилер ошол эле "СДПК", ошол эле "Ата-Мекен", "Ата-Журт", "Республика" деген партияларда аралашып эле жүрүшөт го. Ал тургай аткаруу бийликтен да жолуктурбай коё албайсың. Парламенттеги көпчүлүк депутаттар оозуна суу толтуруп алгансып, койдой болуп отурушат. Аларга караганда А.Жапаров эң орчундуу, эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, ар бир күн сайын активдүү катышып атат. Анан эле баары тең А.Жапаровго асылып калышты. Калыстык деген болуш керек да.

Мирлан Бакытаев, "7-апрель" саясий партиясынын тең-төрагасы:
- Негизинен адамды сындап, ага баа берүү бул өтө татаал нерсе. Өкүнүчтүүсү биздин саясатта бирөөнү ыгы жок каралап, бирөөнү болсо байдын кызындай мактаганга жаман үйрөнүп алышты. Феликс Куловдун "Ар-Намыс" саясий партиясы элдин көпчүлүк добушун албаса да, кандайдыр бир деңгээлде калайман-калктан колдоо табып, бүгүнкү парламентте отурат. Демек шайлоодон жеңилген көпчүлүк партияларга караганда анча-мынча абройго ээ. Албетте Ф.Куловду сындай берсе сөз көп. Бирок, артындагы колдой турчу тарапташтарын сыйлап коюу ашыктык кылбайт. Ошентсе да "Ар-Намыс" партиясы парламентте оппозициялык фракция деп аталганы менен, алардан оппозициянын даамы да, жыты да билинбейт. Бүгүн алар өкмөттү жана үч фракциядан турган коалицияны кескин сындап, чындыкты көзгө сайып туруулары керек эле. Жөн эле сындай бербестен, өзүлөрүнүн сунушун айтып, кандайдыр бир мамлекеттин көйгөлөрүн көтөрүп чыгуулары абзел эле. Бирок, тилекке каршы ошол эле Ф.Кулов, ошол эле ар-намысчылар тымпыйып эле "койдон" жоош болгондой көрүнүштө. Ал тургай оппозициянын ана башында турган Ө.Текебаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн анда-санда күпүлдөп калганы болбосо, элдин көйгөйү жөнүндө бир сөз кылганын дээрлик көрө элекмин.

Кубаныч Зайнидинов, журналист:
- Жамандыр - жакшыдыр парламентте иш кылып жүрөт. Адамда эң мыкты сапаттар, руханий баалуулуктар болот. Бул жагынан Ф.Куловду алып карасак, кашайып "Темир генералыбыз" куржалак калган. Алтымыш жаштан ашып алып, "эми мен кыргызча түзүгүрөөк сүйлөп калдым" деп өзүнүн саясий салмагын бир топ эле жоготуп койду. Буга чейинки баскан жолун, саясий салмагын таразалап отуруунун кереги жок. Ал туурасында элдин баары кабардар. К.Бакиевдин убагында кучакташып, достошуп бир тандем түзө коюшуп, кайрадан бөлүнүп кетишкендиги эсибизде. "Бир аласасы калгансып, бир алганын эки алган" деп бир акын жазды эле. Анын сыңары Бакиевде дагы бир аласасы калгансып дагы бир барды, кой десе болбой. Бүгүн болсо көктөн түшө калгансып, аябагандай кооз сөздөр менен элдин башын маң кылып, акыл айтып отурат. Жеке, өзүмчүл аң сезиминен арылбаган саясатчылардан арылмайынча биз эч качан өнүгө албайбыз.




Урматтуу "Айкын саясат" газетасынын окурмандары! Биздин "Саясий бейне" рубрикабызга өз пикирлериңерди 0772 12 86 53 номерине sms аркылуу жазгыла. Эмки саныбыздын "Саясий бейне" рубрикасынын каарманы Турсунбай Бакир уулу болмокчу.

Бетти даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК
E.Elchibek@meil.ru

Карыганда калжайып, "темирден" "жыгачка" анан "жыгачтан" "желимге" көчүп отуруп, аягы эмне менен аяктаар экен?
0777 ** 56 64
А.Атамбаев менен Ф.Куловдун көзү карышкырдын көзүндөй. Бул экөөнүн партиясын кимдер колдоп, кимдер шайлаганын түшүнбөй турам. Оо, кагылайын эл, журт! Мамлекетибиз үчүн иштей турчу таза адам бул - Текебаев экенин билип койгула. Эгерде Ө.Текебаевди президент кылып шайласак Кыргызстан дал ошол күндөн баштап, өнүгүү жолуна түшөт.
0778 ** 18 24
Кыргызстанга аскердик мүнөздө калыптанып калган саясатчы керек. Тартипти темирдей бекем кармабасак, каалаганы каалаган жерге чокойун илип, каалаганы каалаган саясатын жүргүзө баштады. Демек бизге "темир генерал" Ф.Куловдой адам керек!
Калысбек, 0700 ** 12 16
Эй шордуу кыргыз! Биз жыйырма жылдын ичинде эмнени кыйратып, эмнени жасадык? Бийликте баягы эле чоң муштумдар калды го, ия? Качан? Кантип? Кайсы жол менен өнүгөбүз, айтчы ага-ини?
Шоколад, 0779 ** 40 32
Бизде "итчилик" саясат күн сайын өркүндөлүп, өсүп келатат. Ошол "итчилик" саясатты жүргүзүп аткан саясатчылар да андан беш бетер көп. Алардын катарында дал ушул Ф.Кулов да бар.
0701 ** 00 88
Куловдун баласы Феликс кечөө эле Бакив менен тандемдеш болуп жүрдү эле. Бүгүн болсо асмандан түшүп калгансып, периштедей аппак болуп отурат, кызталактыкы!
Жума, 0554 ** 99 87

Бакиевдин жалпаңдаган "чөөсү" болуп, убагында кошоматка кой союп жүргөн Акылбек Жапаров Феликс Куловдун калдайган кадырына кара көө жаап, анын саясий салмагын бир топ эле төмөн түшүрүп салды. Эгерде А.Жапаров болбогондо Ф.Куловдун партиясы Парламенттик көпчүлүккө ээ болмок.
Асылбек, 0778 ** 55 71
Айланайын кыргыз элим! Кыргызстандагы бүткүл саясатчыларга ишенбегиле. Алар жеткен куу, ичине ит өлгөн арамза жана Кудайдын куттуу күнү "лапша" чыгарып туруучу завод-фабрикалары бар.
Ишенбек, 0555 ** 35 36
Офийии, Ф.Кулов эмне эле сасып атат десе, жанында А.Жапаров отурган турбайбы!
0543 ** 21 64
"Ар-Намыс" партиясында кимдер отурат, ия? Ф.Кулов, А.Жапаров, Т.Бакир уулу, К.Иманалиев, Т.Мамытов деген саясатчыларбы? Анда "Ар-Намыс" болбой "Кур-Намыс" болуп калганго.
Мекенчил,0556 ** 23 79
Өзүнүн токтоо мүнөзү, салмактуу ою менен көпчүлүк саясатчылардан айырмаланып турат. Ф.Куловдун жаман жагына караганда жакшы жактары арбын. Ал эми бүткүл жан дүйнөсү чылкый "капкара" болгон саясатчылар жүрүшөт го, элге аппак болуп көрүнүп. Мисалы Ө.Текебаев!
0778 ** 87 49
Эсиңерде болсо, 2006-жылы оппозициялык күчтөр чыңалып, К.Бакиевдин бийлиги али бекий элек кезинде Ф.Кулов да "Фронт" аттуу кыймылын жүргүзгөн. Ошондо Феликстин сатып кетме, эки жүздүүлүгү болбогондо, кыл учунда турган К.Бакиев тактыдан опоңой куламак да, 7-апрелдеги каргашалуу окуя мүмкүн болмок эмес.
Апрель элдик революциясынын баатыры,
0543 ** 88 72
Акаев Куловдун таза эместигин билип туруп, абакка отургузган экен да, көрсө.
Данчик, 0552 ** 21 65
Феликс деп аты эле айтып турат. "Бул чиновник эч качан кыргызга күйбөйт" деп. А биз болсо, ага карабай шайлоодон өткөрүп койдук.
Шайлообек, 0552 ** 28 63
Эгерде менин смс катым, сиздердин гезитиңиздерден чыгып, Ф.Кулов окуп кала турган болсо, абдан жакшы болот эле. Себеби, " Урматтуу Феликс аксакал, сиз ушу карыганыңызды билип турасызбы? Карыганда калжаңдабай, "Темир генерал" деген атыңызды алып салбайсызбы. Элдин баарына шылдың болбой" деп айтаар элем.
0777 ** 40 91













кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«