Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

 "Бала" Жапаров баяны

Түштөн кийин "ойгонгон" Акылбек
Электр энергиясына жана жылуулукка болгон тарифтин эселеп жогорулашы, ар бир телефон чалууга 60 тыйындык төлөмдүн киргизилиши - Бакиев бийлигинин түбүнө жеткени калетсиз. Ага катар мамлекеттик маанидеги обьектилердин текейден арзан пулданышы элдин кыжырын кайнатты. Анын аркасында 7-апрель окуясы жүзөгө ашты, 86 жигит бейкүнөө окко учту. Мына ошол мезгилде Акылбек Жапаров өкмөт башчысынын 1-орунбасарлыгын аркалаганы белгилүү. Логикага ылайык, ал өткөн режимдин бараандуу фигурасы катары саясый, моралдык жактан да, мыйзам алдында да жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. Бирок, ошол мезгилдеги кырдаалдан пайдаланып "суудан таза, сүттөн ак" чыгып, эми парламентте ар нерсенин башын чаргытып, "акыл" үйрөтүп отурат.

Таласта Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жаалданган элден таяк жеп, узак убакытка ооруканада дарыланып жатты. Азыр деле дарыланып атат. Аны менен катарлаш жүргөн А.Жапаровдун бир дагы жери чийилбей, куландан соо калышы күмөндүү ойду жаратат. Мунун табышмагын "Жаңы Агым" гезити төмөндөгүчө чечмелейт: "Апрель коогалаңы Талас дубанынан башталганы маалым. Ошондо агездеги Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, 1-вице-премьер Акылбек Жапаров митингчилерди тынчытмакчы болуп барышкан. Натыйжада Молдомуса Ташполотович көгала койдой сабалды. Ал эми Акылбек мырзанын алгач оң көзүн чукуп коюптур дешсе, кийинчерээк чын дүйнөгө "аттаныптыр" имиши тараган. Жапаровдун бактысы тоодой экен, бүгүнкү күндө көзү оюлбай-этпей эле, көздөрү менен теше тиктеп, ар кимге акыл үйрөтүп парламентте кайкайып отурат. Буга жансакчысынын салымы зор. Ал Жапаровдун бир тал чачын түшүрбөстөн тополоңдон аман-эсен сууруп чыккан. Мына ошол күндөн тартып "ар-намысчы" депутат "көлөкөсүнө" кудайындай ишенип, атүгүл "мен сага өмүр бою ыраазымын" деп айтканы элита чөйрөсүнө дайын". Демек, Акылбек мырза элди тынчтандыруунун ордуна, кара жанынын амандыгын ойлоп, жансакчысынын жардамы астында Таластан качып чыккан турбайбы. Ага салыштырмалуу, дене бою жанчылганына карабастан, аягына чейин турган Молдомуса Ташполотович эр экен.
Макул, кара жанын ала качса ала качсын. Бирок, беш жыл бою Бакиевдин жылуу колтугунан чыкпай, өлкөнүн экономика тармагын тейлеген адам кожоюнунан оомат кеткен соң, аны алгачкылардан болуп сатып, анын артынан бочкелеп "суу куйганы" кайсы акылга сыят? Жөпжөнөкөй мисал. Былтыр апрель окуясынан болгону 19 күн өткөн соң, тактап айтканда, 26-апрелде кадимкидей "тирилип" "Азаттык" радиосуна жалаяктай интервью бериптир. Анда ал апрель окуясынын чыгышын мындайча жоромолдойт: "Буга эми экономикалык себептер түрткү болуп калды. Биринчиден тарифти кескин түрдө көтөрүп жибердик. Экинчиси ар бир сүйлөшүп аткан уюлдук телефондорго 60 тыйындан алабыз дегенди киргизип жөн өзүнүн оокатын кылып аткан ар бир үй-бүлөгө кол сала баштадык. Данияр Үсөновдун өкмөтү жөлөк пулдарды дагы убагында бере албадык".
Аргасыздан жаканды карманасың. Эмнеге бул тууралуу өз учурунда президентке айта албады десең? Ошондо ачуу да болсо чындыкты айтканда, балким, ишенген ажосу акылына кирип, алкымын тыяр беле...
Ошол эле интервьюсунда Акылбек мырза: "Мен 5 премьер-министр менен иштештим. Анан Данияр Үсөновдун Курманбек Салиевич дебей Максим Курманбекович деп ошол кишиге кызмат кылганы да элдин кыжырдануусун келтирчү факторлордун бири болду го деп атам. Бир топ чечимдерди кабыл алууда элдин кызыкчылыгы каралбай калган. Бир кишинин же болбосо ошол топтун кызыкчылыгы көбүрөөк чечиле баштаган. Максимдин жасаган иштери да шыкак болду. Ушу 2007-жылдын башынан тарта Максим Бакиев жана анын командасы катуу кийлигише башташты" деп акылдуусунат.
Ушул жерден бир суроо, урматтуу Акылбек Үсөнбекович, сиз деле Максим Курманбековичтин ишмердүүлүгүн айга-күнгө тенеген мактоочулардын бири эмес белеңиз. Мисалы, "ЦАРИИ 2010-жылдан тартып элеттиктерге чакан кредиттерди таратат. Кредиттин өлчөмү 500 миң, жада калса 1 млн. сомго жетиши ыктымал. Эгер, дыйкандар жазында 1 млрд. сом алса, анда бул айыл чарбасын реформалоого чоң өбөлгө түзөт" деп Айыл чарба министрлигинин жыйынында М.Бакиев жетектеген мекемени пропагандалабадыныз беле. Бул аркылуу өлкөнүн айыл чарба тармагын жалгыз гана ЦАРИИ сактап калат дегендикке жатпайбы? Же муну да танасызбы?
Ошол эле "Азаттыкка" курган интервьюсунда: "Тилекке каршы, М.Бакиев Кыргызстандын каражат жагын толук бийлеп калган. Өкмөттүн каражаттарынын баары РСК банкында эле. Анткени ал 100 пайыз өкмөттүн өзүнүн банкы болчу. "Айыл банкта" болгон каражат, депозиттердин баары тең Улуттук банкта туруш керек деген талап бар эле. Биз бүт ушуну 100 пайыз аткардык. Мени экономика министрлигине жылдырып койгондон кийин бүт акчалардын баарын Азия Универсал банкка жылдырышты. Ал банкка жеке эле өкмөттүн акчаларын койбостон, Социалдык фонддун акчаларынын баарын коюшкан. Мекемелердин атайын эсеби деп коебуз, ошол акчаларынын баарын тең ушул банкта же болбосо өзүлөрү көзөмөл жүргүзгөн банктарга салып салышты. Кирешени да чыгашаны дагы толук 100 пайыз өзүлөрү көзөмөл жүргүзө баштады" деп экс-ханзааданын көзү жокто "баатырсынган" кербези. Анчалык кыйын экен, неге мунун баарын өз убагында айткан жок? Эгер ушунун баарын өз убагында ачык жарыялаганда, анда Жапаровдун баатырдыгына чындап баа бермекпиз. Болбосо, түштөн кийин "ойгонуп", кечээги санаалаштарын жамандап калмай аял затына тиешелүү сапат экенин "ар-намысчы" саясатчы эсине түйүп алса.

Кайда элең?

Макаланын башында А.Жапаров 1-вице-премьер-министрликти аркалаган кезинде мамлекеттик маанидеги ишканалар итбекер сатыла баштаганын айттык. Ошондо ал "лам" деп ооз ачканга жараган эмес, тескерисинче, бийликтин бул кадамын кош колдоп колдогон. Эми ошол адам "Кыргызтелеком" ишканасынын баасы 100 млн. долларга бычылса, бул өтө арзан, ишкана бери дегенде 400 млн. долларга сатылышы керек дейт. Ошол эле учурда былтыр "Азаттык" радиосу аркылуу: "2007-жылы Игорь Чудиновдун өкмөтүндө иштеп жатканда "Кыргызтелекомду" сатабыз-сатпайбыз деген суроо көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт мүчөлөрү ушул телекомдун баасы 300 млн. доллардын тегереги, андан ылдый сатканга болбойт дегенбиз" деп расмий билдиргенин кайда катабыз? Анан бир жылдан кийин ал сөзүнөн кайтып, "Кыргызтелекомдун" наркы 400 млн. долларды түзөт дегенине кантип ишенебиз? Мындан улам, премьер-министр Алмазбек Атамбаев апрель революциясынын бир жылдыгына арналган жыйында: "Акылбек (Жапаров - Б.Ж.), сен "Кыргызтелекомдун" 100 млн. долларга сатылып атканын сындайсың. Ал 40 млн. долларга сатылып атканда кайда элең? "Түндүкэлектро" ишканасы 3 млн. долларга кетип жатканда кайда элең? Азыр баалардын жогорулаганын жана элдин жашоосу начарлаганын айтасың. Мындан бир жыл мурда тарифтер эселеп жогорулаганда, Бакиевдин жанында отуруп, ага кол чаап атпадың беле?" деген суроону бекеринен кабыргасынан койгон жок. Биз дагы Алмазбек Шаршеновичтин ушул суроосун кайталап сурагыбыз келет: буга не дейсиз?

Жанында туруп ор казган...

Акылбек мырза шахмат федерациясын жетектегендиктен, саясатта да шахматтык жүрүштөрдү жасай алат. Мисалы, К.Бакиевди "Азаттык" радиосуна поктогон интервьюсунда "желим генералга" кошоматтана жагалданганды да унут калтырган эмес. "Ф.Кулов дагы премьер-министр катары мүмкүнчүлүк бербей, уурдап кетүүгө, арзан баада сатылууга жол бербейм деп өкмөттү кармаганы үчүн да ал жылдары президент санаалаштарын угуп турду" дейт ал. Ошол интервьюдан кийин "Ар-Намыс" партиясынын катарына кошулуп, парламенттик шайлоого аттанды.
Жогорку Кенешке келгени Жапаровдун күнү тууду. Парламентте финансы комитетин башкаргандыктан өкмөттү опсуз сындаганын токтотподу. Такталбаган маалымат боюнча, "Ар-намыс" фракциясында ЖАҮнүн 11 кадры бар дешет. Мындай зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болуш үчүн Кулов мырзанын тилин кантип тапканына түшүнүү кыйын.
Өткөндө президент Роза Отунбаева: "Ар-намысчы" депутат Акылбек Жапаров апрель окуясында бүгүн минтип парламентте отурарын ойлобосо деле керек..." дегендей сын пикирин билдирди. Анын сынарындай, кечээги мышык ыйлар абалын унуткан жолдош Жапаров Ф.Куловдун арты менен мандат тагынып, парламентте бакыйган бир комитетти жетектегенине да ыраазы болбой, эми андан да бийиктиктерди багындырууну көздөгөндөй. Ал өткөндө "Дело №" гезитине курган маегинде: "Ооба, биз коалицияны кулатып, бийликти алууну көздөп атабыз" деп ичиндеги ымандай сырын ачыптыр. Анын бул кебинен: "Мамлекеттин, элдин бейпилдигин урганыбыз жок. Бизге бийлик гана керек" дегенди гана түшүнүүгө болот. Ал эми карапайым калк баш-аламандык уюштурууну каалаган күчтөрдү колдобой калганын "ар-намысчы" депутат түшүнөбү?
Баарынан да айрым жерлерде Феликс Шаршенбаевичти "саясатта жүрүш үчүн өтө эле картайып калды" деген пикирин билдирип жүргөнү кызык. Эмне, Акаев, Бакиев бүтүп, эми Куловду "кидайт" этейин деп камынып атабы? Муну "желим генерал" укса "акылдуу" жигитти оңкосунан саят го…
Сактан Келдибеков





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«