Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Сейиталиев Айдар Керимбаевич, Чүй областынын Сокулук районундагы 7-апрель элдик курултайдын координатору:
"Сокулук районун "криминал" аким башкарууда"
- Айдар мырза, 7-апрель күнү Сокулук районунан келген жаштар УКМКнын имаратын басып алышты деп жүрүшөт. Алгач сөздү ушундан баштасак.
- 7-апрелдин астында Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев башында турган Чүй областынын оппозициялык активдүү мүчөлөрү болуп Форумда жыйналыш өткөргөнбүз. Ошондо Алмаз Шаршенбаевич чыгып сүйлөп, "Темир Аргенбаевич ынтымактуу бололу. Бири-бирибизге бел болбосок Бакиевдерге туруштук бере албайбыз" деп айткан эле. Темир Аргенбаевич Сокулук, Жайыл, Панфилов, Москва райондору боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы болуп, мени болсо Сокулук району боюнча координаторлукка дайындап, борбордук штабдан Абдумалик Мырзаевди кеңешчи кылып кошуп беришти. Сокулук районуна 6-апрель күнү курултай өткөрөлү деп даярданып, Бакиевге койгон талаптарыбыз менен нааразычылыгыбызды билдирүү максатында элдин баарын чогултканы турганбыз. Тилекке каршы 6-апрель күнү бардык лидерлерди камай башташты. Таңкы саат беш жарымдарда Т.Аргенбаевичти аэропорттон кармап кетишти. Абдумалик Мырзаев экөөбүз дароо аэропорттон келип Сокулук районунун маданият үйүнүн астына элдерди чогулттук. Аталган райондун администрация алдына эл менен чогулуп барып, акимге "сен эл тарапка өт, биз сага тийбейбиз" деп айтып жатсак, арабыздан провокациялар болуп, акимиаттын эшиктерин талкалап жиберишти. Ошондо Темир Аргенбаевич УКМКнын подвалынан биз менен телефон аркылуу байланышып, "Администрацияны талкалабагыла, ал элдики. Андан көрө координациялык кеңеш түзгүлө. Саясий бийликти колуңарга алгыла" деп жардамчылар аркылуу айткан.
-7-апрелден кийин шайланган Сокулук районунун акимине сиздер каршы экенсиңер. Бул жерде акимчилик орунду талашып жатасыңарбы же калыстык издеп атасыңарбы?

- Бүгүнкү иштеп аткан аким, ажы Ашырбаев Эркинбек деген жигит. Аны ким экенин баарыбыз эле билебиз. Убагында Рысбек Акматбаев депутаттыкка талапкерин койгондо анын штаб жетекчиси болгон. Ал тургай Рысбектин балдары менен чогуу жүрүп, алардын уюшкан кылмышкерлери менен бир табакташ болгон. Баарынан да мыйзамга туура келбеген кайсыл бир диний уюмунун мүчөсү экен. Бул туурасында УКМКнында маалыматы бар. Сокулук районунун администрациясын басып алганыбызда, бул киши келип "мени аким кылгыла" деди. "Кимди аким кылышты, координациялык кеңештин сунуштамасы менен эл өзү чечет. Сиз мындай ишке таптакыр жарабайсыз. Себеби сиз мыйзамга туура келбеген диний уюмунун мүчөсү болосуз. Тактап айтканда диний кызматкер болосуз. Криминалдар менен достук мамилеңиз бар" деп айттым. Ошо кезде Бишкектен мага телефон чалып, "Сокулуктун балдарына ок тийди. Тез арада келип калгыла" дешти. Биз администрацияга Токторбек Жаналиев аттуу аксакалды калтырып, борбор калааны көздөй жөнөдүм. Акүйдүн алдындагы атышуулар бир топ убакытка созулган соң, мага телефон чалышып, "УКМКнын имаратынан лидерлерди чыгаргыла" дешти. Ошондо Сокулуктан барган элди УКМКнын имаратын көздөй багыттадык да, ал жерди басып, лидерлердин баарын бошотуп чыктык. Бакиев качып кеткенден кийин эки күн бою каза болгон балдардын сөөгүн чогултуп, алардын үйүнө барып, жардам берип жүрдүм. Эки күндөн кийин Сокулукка келсем, "Сокулук районундук элдик курултайдын координатору Ашырбаев Эркинбекти акимдикке дайындоо боюнча областтык убактылуу губернатордон жарлык келиптир. Ал райондун уюштуруу иши Темир Аргенбаевичке жүктөлүп, координациялык кеңештин координатору болуп мага дайындалса, бул кайдан жүрүп координатор болуп алды" деп оозубуз ачылды. Көрсө биз шаарга эки күнгө кеткенибизде координациялык кеңештин мүчөсү Токторбек Жаналиев аксакалды Эркинбек Ашыралиевдин "бандит" балдары ичке уруп, аны коркутуп коюшуптур. Чыныгы патриот жаштар, канын азык, каруусун казык кылып Бакиевдин огуна төшүн тосуп жүрсө, бир ууч топтун арты менен аким болуп болуп барып отуруп калды. Биз эмне, ушундай адамдарга бийликти алып берели деп 7-апрелди жасадыкпы?
- Сокулук районунун эли акимге кирип, бул туурасында айттыңарбы?
- Ал кишиге бир эмес үч - төрт жолу кирдик. "Эркинбек Токтогулович, сиз аким болуп отурганыңызга моралдык укугуңуз жок. Кандайдыр бир диний уюмга мүчө болуп, кылмыш дүйнөсү менен аралашып жүргөндөр бизге кереги жок. Бизге таза, илимдүү-билимдүү, чыныгы патриот жаштар керек" деп канча жолу айттык. Эч кандай козголуп да койгон жок. Жетишет! Республика боюнча тазалануу жүрүүгө убакыт бышып жетилди.




"Бакиев бийлигинен ашып кетишти" дейби?
Мусакулов Таалай:
- Бакиевдин учурундагы Арал айылынын айыл өкмөтү Алыбаев Руслан деген жигит акчасы бар байларга мыйзамсыз жер берип, бир топ акча жасаган. Өткөн жылы 7-апрелден кийин, алган жерлери жогорку бийликтин арты менен кайра өкмөткө алынган. Акимге бир эмес үч жолу кайрылуу кылдык. Ал болсо прокуратурага бериптир. Прокуратура болсо ал ишти үстүртөн карадыбы, же акча алып койдубу, айтор жер боюнча мындай маселелерди сот карайт деди. Соттон болсо элдин пайдасына чечилип, жердин керектүү иш кагаздары жараксыз деп табылды. Ал иш кагаздарды акимдин орун басарына көтөрүп барсак, "чын эле документтери жарабайт турбайбы. Оо байке сиз тим эле милициядан да катуу иштейт турбайсызбы" деп кайра мени какшыктап атышпайбы. Беш сотых жер алалбай жүргөндөр болсо, булар бир аялды жалгыз эне деп 14 сотых алып берип коюшту да, аны саттырып кайра эле ошол Абденова Мунара деген аялга башка участок алып беришти. Алты-жети жылдан бери участок алалбай жүргөн мугалимдер бар. Аларга эмнеге жардам бербейт?

Мамыт Ашыров:
- 2005-жылдан бери оппозицияда жүрөм. 7-апрелге чейин Бакиевге каршы болсом, азыр жергиликтүү бийликтегилерге каршымын. Кандуу революцияны жасадык. Бул жерден чогултуп барган балдарымдын арасынан бирөө өлдү. Бир топ балдар ажалдын шум огуна кабылышты. Миңден ашыгы чала жан жарадар болушту. 7-апрелден кийин эмне өзгөрүү болду? Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бакиевдин заманынан эч айырмасы жоктой туюлуп турат. А.Атамбаевдин Сокулукка аким кылып койгон кишиси, накта "криминал" бала экен. Аким катары ага бир иштер менен кайрылып барсак, ороңдоп бир тиет. Бир жылдын ичинде Сокулук районунда эч кандай жылыш болгон жок. Элге эч кандай пайдасы жок мындай акимдин жергиликтүү бийликти бийлеп отурушуна моралдык укугу жол бербейт. Бакиевдин убагында да районду башкарган диний уюмунун мүчөсү, криминал аким болгон эмес.

Тынчтыкбек Бообеков, Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургуну:
- Кыргызстандын көпчүлүк акимдери жер-жерлерге 7-апрелдеги курман болгон балдардын урматына эстелик тургузушту. А биздин аким 5 -апрель күнү эстеликтин фундаментин куйду. Буга чейин ал эмне кылып жатты? Былтыр мамлекетибизге үрөндүк буудайлар келип түшкөн. Аны ар бир айыл өкмөткө таратып, бөлүш керектигин билчүбүз. А бирок, биздин Асылбаш айыл өкмөтүнө эч кандай буудай бөлүнгөн жок. Бул жерден чоңдор өзүлөрү эле алып, гектарлаган жерлерге өздөрү сээп, айдап атат. 25 сомдон деп келген солярканын эки жарым тоннасы гана келди. Ошол эле 5000 дей түтүнү бар кээ бир жерлерге 32 тонна бөлүнүптүр. Эгерде бизге дагы 32 тонна бөлүнгөн болсо, калган 29 тонна солярка кайда кетти? Бул аким бизди жыргаткандын ордуна, ушинтип кууратып атат, түгөткүрдүкү! Баарынан да маршрутка айдаган айдоочулар акимиаттын алдына чогулуп барып, маселе көтөрүп атсак, жанагыл "криминалдарын" жиберип коюптур. Алары келип бизди кадимкидей эле кубалады. Демек, биздин аким криминалдар менен чогуу тамактанып, чогуу иш кылып жүрөт.

Куланда Айдаралиев, мугалим:
- Бүгүнкү бийлик кудум эле Бакиведердикине окшоп баратат. Парламенттеги депутаттар болоор - болбос маселелерди карап, аны бир чоң саясатка аралаштырып атканын көрүп атабыз. Ушуга чейин мугалимдердин эмгеги татыктуу бааланбай келди эле, дагы да болсо өкмөт тараптан эч кандай жардам жок. Участок алалбай жүргөн мугалимдер бар. Айлык акыбыз эч нерсеге жетпейт. Эптеп эле өлбө жаным өлбө болуп жүрөбүз.


Бетти даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«