Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Осурак кыз ким?

Уялбагандан, уялып жатабыз
Жумасына 14-15 миң нускада киреше менен чыгып калган "Алиби" гезитинен 3-4 айлап айлык алалбай, натыйжада 2011-жылдын 13-январында 7 журналист "Айкын саясат" деген гезит чыгарып, журт которуп кеткенибизди коомчулук билет. Ал ортодо "эми айлыгыбызды берээр" деп дагы бир айдай күткөнүбүздү кантели. Бухгалтер акебиздин "Акча жок" деген тоту куш жообу кулагыбызга жат болуп жадагандан кийин кожейкебиз Таалайгүл Абдырасуловадан айлыгыбызды сот аркылуу өндүрөлү деп февраль айында гана Биринчи Май райсотуна арыз бергенбиз. Арызды да шыр эле жаза койбодук. "Кожейкебиздин "кожоюну" Бабырбек Жээнбеков эмеспи, балким Таалайкүл жеңебиз жеңил ойлуулук кылып,аялдык сезимге, сабатсыздыкка алдырып, байкебизге билгизбей башкы бухгалтердин башын айлантып, экөө анча-мынча уурдакей кылып жүргөндүр" деп мурдагы башкы редакторубузга бир эле убакта 5 журналист катар отуруп алып, кезек-кезеги менен телефон да чалганбыз. Чалсак 5 журналисттин биринин да номерин албай коюп жатпайбы. Айла кеткенде "эстүү баласы Равшанга бир ооз маалымдап коелу, парламенттик шайлоодо алардын заказы менен шыбаганын шыбап, мактаганын мактап бердик эле, миллион сомдон ашык акча түшүргөнбүз, ошол акчадан кантип эле биздин айлыкка жетерлик тыйын-чака калбасын" деп Равшанга да бир ооз айтканбыз. Ал үмүтүбүздөн да майнап чыккан эмес. Ошондон кийин гана сотко ээрчишип барып арыз таштаганбыз. Айлык алалбаган жалгыз маселебизди эми гезит "кожейкесинин" үстүндөгү "кожейкеси" Бабырбек Жээнбеков "Алибисине" жалаяктай макала жазыптыр да, ак дилден иштеп берип жүргөн 7 журналистти жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапканы кызык. ("Алиби", 26.04.2011. №29.) Айлыгыбызды ушул кезге чейин эмне себептен бербей жүргөн маселе бул жакта эле калыптыр да, кептин көбү өзү кожоюн болуп жаткан монополияны жөнгө салып жаткан агенттик жөнүндө болуп кетиптир.
Урматтуу гезит "кожейкеси" Таалайкүл Абдырасулова! Биз мыйзамдуу айлыгыбызды гана талап кылып жатабыз. Аяш уулуңар Рыскелди Момбеков "кожейкеңизди" энесин кошуп сөгүп, "Ачык Саясатты" бөлүп кеткенде да силердин жаныңарда болуп, башкы редакторуңуз БЭКти чанып,Текебаев, Атамбаевди шыбап, Сариевге секире качканда да 3-4 ай айлык сурабай эле "Назарды" чыгарып жолго салганбызды унуттуңарбы? Өз айлыгыбызды талап кылган бизди ушунча шыбагандан көрө "2-3 миң доллардан алып сызга отургузуп кетти" деп өзүңөр кан какшап айтып жүргөн К.Арыкбаев, К.Зайнидинов деген журналисттер менен соттошсоңор болчудай экен. Анан да "мындай акчаны сен алган жок белең" деп бир-эки журналисттин атын атапсыңар. Алсак айлыгыбыздын эсебинен алып, кийин бир тыйынын кем кылбай кайтарып бергенбиз. Кокус билбей калсаңар бухгалтериңер айтпай койгон го? Бирок "Алибиден" кеткенде качып кетпестен, энеңерди кошуп сөгүп кетпестен, ачык айтып,уруш-талашы жок эле, "айлык төлөй албай жатасыңар" деп кетпедик беле? Же башкы редакторуңуз сөгүп кетүүгө, алдап кетүүгө көнүп калганбы? Бирок биз андай адамдардан эмеспиз. Ушуларды айтып, мурдагы башкы редакторуңуз Бабырбек Жээнбековду көтөнгө чаап тартипке чакырып коюңуз, биздин жинибизге тийбей. 7 адамдын ала турган айлыгы ашып кетсе 150 миң сомго жетпейт экен. Акчадан кыйналып жетишпей жатсаңар, ал акчаларды жакшылык-жамандыгыңарга деп килем катары кошумча деле кылып койгонго дареметибиз жетет. Биз азыр Кудайга шүгүр, аванс алып иштегенге жетишип калдык. Биз- 7 журналист айлыгыбызды гана талап кылып жатабыз. Башкы редакторуңузга окшоп жалаяктай жазыш керек болсо, жетөөбүздө жетишерлик фактылар гезиттин бир санына эмес, 7 жылдык санына жетээр. Тойдо осурган биз эмеспиз, Таалайкүл "кожейке", бетибизди тытпаңыз.
(Кийинки саныбызда Б.Жээнбековдун Текебаев, Сариев, Атамбаев, Бекназаров, Ташиев, Келдибеков, Бабановду кантип шыбаттыргандары, шайлоодо табылган миллиондогон сомдор кантип жок болгону, салык, соцфонддун төлөмдөрү эки жылдан бери кантип жашырылып келгендиги сыяктуу былык-чылыктар жөнүндө жазганга биздин деле калем учтуу.)
"Айкын саясатчылар"




  Айкын маек!

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер:
"Текебаевдин президент болууга чоң шарты бар болчу, бирок…"
- "7-апрелден кийин бийликке келип калган Убактылуу өкмөт, ойлоду, "элдин баары эле бизди колдойт, Бакиевге эл каршы болуп калды, буйруса биз каалагандай Конституция чыгарабыз, Текебаев илгертен бери ушул Парламенттик системаны колдоп келген, эми ал укмуштуудай кылып мыйзам жазат, анан парламентте баары эле биздин кадрлар болот, СДПК биринчи, "Ата Мекен" экинчи анан "Ак шумкар" үчүнчү болуп келет, каалагандай Премьер-министр, каалаганыбыздай Президент шайлайбыз" деп чамынып калышкан. Турмушта жүрүп отуруп бардыгы башкача болду. Ортодо Ош окуясы болуп, бир топ лидерлер ошол жерде элге жакшы көрүнүп кетишти. Түштүк-түндүк кылгандары дагы болду, Бакиевдин мезгилиндегидей акчага элди малып ээрчитип кеткендери да болду. Карапайым эл деген ушул кездерде жетеленме да болуп кыйын кезде турганда, тамак берген жерге, акча бергендерге бара жаткан багытын токтотуп деле отуруп кала берет экен да. Ошонун айынан жанагы бийликти каалагандай бөлүп алабыз деген партиялар дагы максаттарына жетпей, акча берген күчтөрдүн аракеттери да текке кетпей, алар дагы парламенттик бийликтин шыбагасынан куру калбай парламентке келишти. Ошентип азыркы бытырандылыктын болуп жатышы баштагы ойлогон аракеттердин текке кетишинен да улам болуп жатат го деп ойлойм. Текебаев эмне үчүн 120 депутат деп Конституцияга киргизди. Алардын бирден бир ою, парламенттик өлкөгө айлангандан кийин, алар баарына ээлик кылып, азыркы Ак үйдүн ичине отуруш керек болду. Болбосо 70 депутат деле мурдагы парламенттин ичине батмак.
-Демек, Текебаев деле башынан эле бийликти көздөгөн эски чиновниктердин жолуна түшкөн дейсизби?
-Бир эле Текебаев эмес, биз жогоруда санаган партиялар да ошондой көз карашта болушкан. Албетте, мен Текебаевди сыйлайм. Такшалган мыкты саясатчы. Бирок, азыркы саясий жүрүштөрүнөн улам ошол кезде алардын кандай ойдо болушканын ачык-айкын билип жатабыз.
-Азыр парламенттин айланасындагы сөздөргө кандай үн кошот элеңиз?
-Азыркы парламенттеги кадамдар эч кандай парламент ичиндегилерге арналып жаткан жок. Кандайдыр бир күчтөр Отунбаеваны алсыратуунун аракетинде кадамдарды жасап жаткандай түр берет. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын келечеги жөнүндө кырчылдап жатышат. Ал кандай келечек, "кийинки президенттикти кимибиз алабыз" деген аракеттер айланасында болуп жатат. Мына ошол күчтөр азыр Байболовду да пайдаланып жатканы ачык болууда. Алар Байболовго Отунбаевадан баштап анын айланасындагыларга ар түрдүү жалаа фактыларды таап, анан биз аларды жылаңачтап бийликтен шыпырып түшөбүз да бийликти биз алабыз" деп жатышат.
-Ошол күчтөр эми кимдер, ачык эле айта аласызбы?
-Андай ойлор ошол эле Текебаевде да бар. Ал ойлоп жатат "мен эмне үчүн бийликке келбейм, качанга чейин ушинтип оппозицияда жүрө берем" деп жатат. "Мен эмнеге бийликке келбейм, убактым өтүп баратат, болсом ушунда болуп калам, болбосо ошону менен менин миссиям аяктайт" деп Кулов бир жагында үшкүрүп отурат. Ал эми калгандары кимдер экенин айтпаса да белгилүү. Ошол эле парламенттик шайлоодо утулуп калган көптөгөн партиялардын да ойлорунда бар. Алар да бир күнү баш көтөрө башташат.
-Чынында эле Текебаев мырза дайыма эле оппозицияда кала берет, же бийликке жетүүдө да кандайдыр бир башкалар сыяктуу амалдар керек болобу?
-Текебаевдин бийликке келүүгө чоң эле мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин эле жаңы Конституцияны таштап эле, 1993-жылкы Легендерлуу парламент кабыл алган Конституцияны алып келип Президенттик башкарууну эле колдоп, таза адамдарды кызматка тартып, жеп-ичкич эки губернаторду алып келип камап, дагы башкаларын отургузуп койгондо башкалары куйруктарын түйүп калмак. Кыргыз эли алакандай эле элбиз. Азыркы чиновниктердин кантип байыганын, кимдин канча үйү бар, машинеси, жери, малы бар экенин элдин баары эле билет. Ошонун баарын катуу көзөмөлгө алып тартипти орнотуп койгондо элде үмүт менен ишеним артылып калмак. Президенттик өлкө катары эле таанып, жанагыдай аракеттер менен иш баштаганда анда Текебаев президент болуп отурмак. Ошол кезде же кийинки президенттик тактыга Текебаевден өткөнү жок болчу.
Баймырза НАКАЙ








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??