Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Итчилик заман

"Жөөттөр" деп жөө калабызбы?
Дүйнөлүк саясатты, андагы ар бир өлкөнүн саясатын теңирден тетири жүргүзүүгө көп жылдык программасы бар еврейлер кыргыздын ички саясатына да кийлигишпей койгон жок. Ал тургай Бакиевдин бөлтүрүк баласы Максимдин коюн-колтугуна кирип, беш жылдын ичинде мамлекеттик маанилүү орундарга олчоюп отурууга да жетишишти. Алар калайыкка кан төгүп, өлкөгө согуш ачпастан, ар түрдүү "FINSKA", "PESAK", "КОР" программаларын иштеп чыгып, биздин өлкөгө да жайылтып келатышат. Жогоруда айтылган программалары кыргыз элин кор кылууга, сазга батырып, элин тентитүүгө, ансыз да эси жок саясатчыларыбызды алдап, жер-суубузду, кен байлыктарыбызды саттырып, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө багытталган. Жыйырма жыл ичинде кыргыз элинин мойнуна 2 милрд. долларды карыз кылып илип, кыргыз экономикасынын таш талканын чыгарышты. "Кумтөр" компаниясы кудум эле уулуу заттар көмүлгөн көрүстөнгө айланды. Качып кеткен эки президенттин убагындагы өкмөт жетекчилери, коррупцияга кекиртегине чейин баткан депутаттар чет өлкөлүк жөөт шылуундарга алданып "Кумтөр" компаниясын "ит бекер" келишимине кол коюп коюшканы, али күнгө чейин өз азабын берип келатат. Чын-чынына келгенде "Кумтөр" алтын кенинен кыргыз эли пайда көргөн жок. Акыркы 16 жылда 150 млрд. сомго сатылган алтындын 9% зы (14 млрд. сом) мамлекетке алынып, аны да электр линиясын тартууга кеткен кредитке төлөө менен чектелип калышты. Кыргыз эли кылымдар бою кутула албай турган уу көлүнө, уулу заттар көмүлгөн көрүстөнгө ээ болуп жаткандыгын атка минээр эр азаматтарыбыз билээр бекен? Эгерде табийгый кырсыктар болуп кете турган болсо, анда Нарын суусу аркылуу Арал көлүнө чейинки элдин, жердин абалы кандай болоорун элестетип көргүлө. 150 млрд сомго сатылган алтынга 95 млрд куб таза суу сарпталган. Анын эсебин өкмөт билет болду бекен? Дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган эл, сууга жетпей зар болуп жатканын эске алганыбызда, кыргыздын эртеңки келечеги өтө татаал абалга кептелчүдөй болуп калды көрүнөт. Бүгүн болсо "кыргыз элин, мал-жаныбарларын, жер-суусун сактайбыз" деп алдоо менен Кыргызстандагы бактериологиялык курал-жабдык чыгарууга ылайыкталган эксперименттик лабораторияга айлантуу жолун издеп, чиновниктерди паралап, Кыргыз академиясынын ботаникалык багына көз артып жатышат. Ал лаборатория андай эле керектүү болсо Кыргызстандай эле шарты бар Канада мамлекети өз өлкөсүнө эмне үчүн куруп албайт? Беребиз деген 60 млн. доллары дүйнө жүзүнөн жетимиш жылдан бери чогултулуп келген уникалдуу 800 түркүн дарактардын бирөөсүнө да татыбай тургандыгын тиешелүү адистер баса белгилеп жүрүшөт. "Итчилик" замандын "итчил" саясатчылары эртеңки күндүн камын ойлобой, ар ким өз кызыкчылыгын көздөй берсе, улуттун келечеги жөөттөрдүн колунда калаары бышык.
Абылай САЯК




  Шумдугуң кургур!

Заман өзгөрбөйт окшойт… же мектеп директору неге ыйлады?
2011-жылы 24-февраль күнү Алай районунун борбору Гүлчөгө мектептин иши менен келген С.Умарходжаева атындагы мектептин директору Темирова Ыкыбалдын чөнтөк телефонуна Алай райадминистрациясынын кызматкери Бубаев Жетимиш чалып, тез жолугууну өтүнөт. Жолукса, Алай райакимдин орун басары Мусаев Маматшарип "Ыкыбал, ишиң жакшы экен, мектепти көрүп аким да ыраазы, айыл өкмөткө сенин талапкерлигин сунушталып жатат" дейт. Анда Ыкыбал: "Алай районунун ишин жолдошум жакшы билет, анын үстүнө экономикалык билими бар" деп анча ынабайт. Куйөөңдү бирөөлөр ушактап коюптур.Ошондуктан сени таңдап атабыз" дейт. Ыкыбал Талдыкка үйүнө кетет. Эртеси 25-февралда таң эртелеп "акимге тез келип калгыла" деп телефон чалынганда, Ыкыбал өмүрлүк жолдошу Жумаев Тойчубекти ээрчитип райборборго келип, аким Жээналиев Айтибайга киришип, ал кишини сыйлап макулдугун билдирет. Айтибай Жээналиев Мусаевге ак тилек каалап, "барып буйругуңду чыгартып кел" дейт. Бейгам болгон Ыкыбал айылын көздөй жөнөп, жолдо үйүнө жетейин деп калганда ,кечки саат 6-45те "Келдибеков буйрукту оңдоттурду… Заман өзгөрбөйт окшойт" деген кечирим суралгандай СМС кат келип жатпайбы… Көрсө, айыл өкмөтүндө катчы болуп иштеген Кутчуева Назира азыркы урматтуу спикер Келдибековдун карындашы болгондуктан, буйрук анын каалоосу менен өзгөрүп, өзү Сары-Могол айыл өкмөтүнө и.о. болуп алып жатпайбы. Ошентип эл агартуунун отличниги Ыкыбал азыркы заманга ишенбей: "Заман өзгөрбөйт окшойт" деген ойдо. Баса, Назира Кутчуеванын атасы эки жыл мурда Алайдан Бишкекке көчүп кетип, ЖК тегерегиндеги ушак-айыңдарды "сорттоп", ар бир саясий оюндар уюштурулган сайын ал боюнча, А. Келдибековго жолугуп турат экен.




Жообу жок суроолор
* * *
"Ар Намыстын" калган депутаттары "моралдык жактан туруксуз" депутаттарын тартипке чакыра албай, кайра аларды ээрчип кетсе эмне кыласыңар - "Ар Намыска" добуш берген шайлоочулар? Токмоктогу эт комбинатынын касапканасына союла турган койлорду тынымсыз ээрчитип кирип, кайра өзү даярдалган тешиктен секирип чыгып кетчү "дүжүр" Теке жөнүндө Атамбаевдин айткан жомогу эсиңердеби? Эмне, ошол Теке Кулов болуп калабы?
* * *
"ЭрК" партиясынан "Ар Намыска" качып келген башкы "партизан" Турсунбай Бакир уулу бул кылыгына өкүнүп жүрөт дегени чын бекен? Эми минтип "Ар Намыстан" 10 "партизан" коалицияга өтө качканда Турсунбай Бакир уулу кайра өз партиясына келип, президенттикке дагы бир жолу катышсамбы деп жаткан имиш. Эмне кылсын, туугандар?
* * *
Бакиевдер акырындап бардык тармакты басып алаарына ишене берелиби? Себеби эски заманда Эсеп палатасын ээлеп отурган, Медет Садыркулов деген досу казак чек арасынан колго түшүп, жардам кыл деп телефон чалса кидайть этип койгон Искендер Гаипкулов ушу күндөрү чоң ишке куда түшүп, бере турганын берип коюптур деген кеп чынбы? Экс-КГБчы Мурат Суталиновдун адвокаты К.Ташбалтаев, Бакиев администрациясынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдин адвокаты Любовь Иванова бул эки азамат да Кыргызстанга кайтып келип, баш-аламандыкка "жардам" берүүгө даяр дегенине ишенсек болобу?
* * *
Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевден кем калбаган Алмаз Сулайманов (берки аты Лимонти) деген азамат кургак учуктун өтүшүп кеткен түрүнө чалдыгып, врачтык комиссиянын тыянагы менен 2009-жылы эркиндикке чыгып кеткени чынбы? Чын болсо андан бери канча адамды учукка чалдыктырганын алиги врачтык комиссиядан сурасак болоор бекен? Ал комиссия дагы 18 адамды ушинтип "учук" кылып таштаптыр дейт, аны териштирген тергөөчүлөр да "учукка" чалдыкканбы?
* * *
174 гектар аянтты ээлеген Бишкектеги Ботаникалык бакты Илимдер Академиясы СССР тарагандан кийин талапка ылайык асырай албай жатканы чынбы? Ата Түрк багын там салуу үчүн Бакиев убагындагы мэр Нариман Түлеев талкалаган жол менен Ботаникалык бакты да СДПКчылар Атамбаев, Ниязалиева баш болгон, мэр Иса Өмүркулов төш болгондор биолаборатория курууга уруксат берүү шылтоосу менен талап алгысы келип жаткан жокпу?





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«