Жол ачкыла, "Ак жолдун" иниси келатат!
*Жакындан бери "Жаңылык" деген жаңы гезит көз жарды. "Гезиттин өтүшү кандай болоор экен, канча нуска менен чыгыптыр?" деп көз саласың да. Чү дегенде эле 15 миң экен! "Жаңы гезит жарык көрсө бери дегенде 1 миң нусканы араң сатып өткөрүп иш баштачы эле, бул эмне, базарга "малын" чыгарып көргөн эмеспи" дедик. Экинчи номери чыкты: тиктесек тиражы - 20 миң?! Астафрул-ла! Бакиев заманында алардын "Ак жол" деген гезити 40 миң нуска менен "басылып", ал нускалар Кыргызстандын ар бир ажаатканаларында илинип, окурмандар эмес, "отургандар" окуп калган. Бул гезит да ошондой "окумдуу" гезитпи? "Жаңылык" ошол "Ак жолдун" баласы эмес болду бекен? Абай салып окуп көргүлөчү? "А.Келдибеков президенттикке ат салышабы?" деп аны алдына салып айдап алганына караганда чыгым акчасын Акматбек акеси Бакиев байкесинен алып төлөп жаткан окшойт? "Жаңылык" деген жаңы гезиттен "Ак жол" деген гезиттин колоңсо жыты "бур" дей түшкөн жокпу? Ким каалаган гезитин окуган заман деңизчи, ошондой болсо да дезодорант алып койгулачы.


Салык тармагында да "фракциялар" тебишип жатабы?
Тебишпегендечи. Бир катмары партиялар боюнча тебишип жатса, бир катмары жердешчилик боюнча. Ал турмак уруу принциби боюнча да "жайыт бөлүштүрүү", "чай ичишүү" башталды. Мындай тебишүү салык кызматынын Түндүк аймактар аралык башкармалыгында да гүлдөп жаткан кез. Гүлдөтүп жаткан - бул мекемеге баштык болуп келген Бактыбек Ашыров деп жатышат. "Койгулачы, ишке жаңы эле келсе" десек, телефондун аркы учунан бизге нааразы болгондордун ызы-чуу түшкөн үндөрү угулуп жатты. "Ичип алыпсыңар, шакаба чекпегилечи" десек, эртеси алдыбызга шайлоо бүлүтөндөрүнө окшотуп, бир боо кагаздарды төгүп жатышпайбы. Ирээттейли десек партиялар боюнча өзүнчө мафия, Чүй, Талас аймагы боюнча өзүнчө мафия. Солто, Сарбагышы дунган, каристерге кошулуп өзүнчө кыйын, Кушчу, Саруу, Кытайы немис, орустарга кошулуп булар да кыйын. Бирин иштен алып бүтөлекте, экинчиси дайындалып… Кудум эле Атамбаев, Сариев, Бекназаровдордун Убактылуу өкмөт иштей баштагандагы жоругу сыяктуу. (Кененирээк кийинки санда бүлүтөндөрдү ирээттеп алганда жазалы.)


Түштүктө күбүр-шыбыр
Жалал-Абад, Ош аймактарында "Курманбек Бакиев келип, азыркы бийликтегилердин былыктарын айтат экен" -деп күбүр-шыбыр жүрүп жатыптыр. Мындан улам "эмне болоор экен" -деп кулактарын түргөндөр толтура. Айрымдары редакциябызга телефон чалып да сурап ийип жатышат. Баш-аягы 89 адамдын өмүрүн алган канкор башчы эми эмне деп актанат болду экен? Келээрине шегибиз бар. Азыркы бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, "Бакиев дагы бир балээни баштабаса эле болгону" дегендер арабызда аздан айтылып жүргөнү жүргөн. Азыркыларга ишенип да болбойт. Биздин бийликке келбеген бир Бакиев эле калды, баары ордунда…


Ош коогалаңы-кыргыздар курмандыка чалынып жатат
Өткөн жылда Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кандуу окуяны иликтөө иштери так жана терең изилденбей келет. Улуттук комиссиянын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланган. Андан соң, эл аралык комиссия өз иликтөөсүн аяктап, март айынын башында кыргыз бийлигине текстин жибергени маалым. Президент Роза Отунбаева комиссиянын жыйынтыгы менен таанышып, бир айда ачыкка чыгаарын билдирген эле. Бирок, ортодо бир ай эмес эки айга чейин созулуп кетти. Кыргыз бийлигинен кабар жок. Ал ортодо бийликти күткүчө деп, айрым массалык маалымат булактарына комиссиянын иликтөөсү четинен берилип жатат. Бийлик эмне кылаарын билбей, баштары катып калганына караганда бир мандем бар го… Автомат таратты, анча-мынча кыргыз бийлиги да шыкакчы деген желаргы сөздөрдүн да чындыгы бар шекил. Угушубузда жыйынтыктын бир далайы өзбек туугандар тарапка жан тарткан жагдайлары арбын дешет, аралашып жүргөндөр.


Генералды ушинтсе карапайым эл эмне кылалмак?
"Уюшкан кылмышкерлер милийсалар, прокуратура, коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен коюн-колтук иш жүргүзүп калган, алардын өздөрүн да тазалаш керек" деп кан какшап жазып да, айтып да жүргөнүбүзгө "свежий" бир мисал.
Мэлс Бекбоев деген генерал-майор бар, СССРдин Генштабынын Академиясын бүтүргөн, 42 жыл Куралдуу Күчтөр тармагында иштеп пенсияга чыккан. Акыркы жолу аны парламенттик шайлоого даярдык убагында көргөнбүз. "Ата Мекен" партиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн элдик кошундарды уюштуруп, генерал ошол кошундарды окутуу, машыктыруулардан өткөрүүнүн башында жүрүп, кийин эл ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга салымын кошкон. Эми ошол генерал менен Октябрь райондук милициясынын кеңсесинин алдынан жолугуп калдык. "Уюшкан кылмыштуу топтордун айла-амалынын айынан бир эмес, эки квартирамдан айрылганы турам" деп кагаздарын көрсөтөт. Милиция, прокуратура чындык тарапта, эл тарапта болалбай жатканына жаны кейийт. РИИБнын начальниги А.Р.Белунскаска кирсек, подполковник мырза иш менен тааныш эмес экенин айтты. Анын опер иштер боюнча орун басары У.Султановго, Октябрь районунун прокурорунун орун басары Б.Абыкеевге, Бишкек шаардык прокурорунун орун басары А.Алиевге бир сыйра кирип чыккандан кийинки абал чынында эле генерал-майор айткандай, ары-бери футбол тепмей, бармак басты, көз кысты абалда экени дайын болду. Айласы куруган генерал Башпрокуратурага арызданат. Ошондон кийин гана жеңил беренелер менен ачылып, 2 жолу жабылып калган кылмыш иш кайра ачылып, эми араң аракетке келген түрү бар. Уюшкан кылмышкерлер тобу күч органдарын да өз иштерине чырмап алганы ушинтип 2-3 замдарга кирип чыкканда эле билине түшөт экен. Бири 3 бөлмөлүү, бири 4 бөлмөлүү квартирадан ажырап калуу коркунучуна кептелген генералдын иши эмне болуп аяктаарын абай салып байкап туралычы.


Курумду мойнуңарга салып муунтам дейби?
Өмүрбек Текебаевдин жүргүзгөн саясатына акыркы күндөрү түшүнө албай калдык. Деги эле "Бакиевчилерден" бата алгысы келбеген Текебаев, атажуртчу Камчыбек Ташиев менен коюн-колтук дос болушу бир топтордун оозун ачырса, кечээ жакында "адамды массалык маалымат каражаттары аркылуу мазактаганды" жоопко тартып, айып пулдун баасын көтөрүү демилгесин койгону күлкүнү келтирди. Кыргызстандагы саясатчылардын ичинен Текебаев куулук менен саясат жүргүзөөрүн карапайым калк анча баамдай элек. Журналисттерди кылмыш жообунан четтетип, айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү демилгесинин артында чоң саясат жатканы белгилүү болуп турбайбы. Биринчиден, айып пул төлөгөндүн өзү кылмыш жообуна тартылгандык болуп эсептелет. Экинчиден, Текебаев буга чейин оппозицияда жүрүп, сын-пикирге кабылып көргөн эмес. Ошол себептүү сындын ачуу болооруна теригип, "журналисттер кылмыш жообунан четтетилет, анын ордуна айып пул төлөйт" -деп элдин башын айлантып жатканын бардыгы билип турат. Болбосо Чиркечтин журналисттердин тагдырын ары-бери калчагандан башка жумушу калбай калды дейсиңерби? Айтор ал жагында көп мандемдер бар. Анткени президенттик шайлоо алдыда турат эмеспи. Билинээр-билинбес инисинин айланасындагы жоруктар Акмат Бакиевдикинен да ашып бара жатканы байма-бай айтыла баштабадыбы? Укасы уга коёбу, Асановдун астанасынан алыс кетпей "ап" этмелердин анча-мынчасынан ооз тийип жатса. Бакиев акасынын тагдырын, Акматтын акча бактысын азыр сезип жаткандыр Өмүкең!


Балдар - биздин келечегибиз
"Балдар үчүн өнөктөштүк" урааны менен 2011-жылдын 26-27-апрелинде КРнын Улуттук китепканасында балдардын укуктарын коргоо боюнча иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) көргөзмө-жарманкеси өттү. Бул - көп сандагы уюмдар жана серепчилердин катышуусу менен жыл сайын өткөрүлгөн коммерциялык эмес иш-чара. Республикабыздын 50гө жакын балдардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барган коммерциялык эмес уюмдары өз ишин, жетишкендиктерин тартуулап, оор турмуш-шарттарга кабылган балдардын көйгөйүн ювеналдык юстиция(жашы жете элек балдардын укугун коргоо) жана социалдык коргоо аркылуу чечүү жолдорун талкуулашты.


Милиция криминал менен кантип күрөшүп жатат?
Президенттен баштап майда жетекчилерге чейин криминалга согуш жарыялап жиберишти. Дөө-шааларын чет жакка качырып жиберишип, майда-чүйдөсүн кармап, эптеп акча өндүрүүнүн аракетин кылып жатышат шекил. Бизге жеткен маалыматтар боюнча камакка алынгандардан адеп эле 10 миң доллар сурашат экен. Эгер ошол замат таап бере албаса 10 миң доллардын өсүмү дагы жогорулайт имиш. Мындай "бизнестин" артында ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин карааны көрүнөт дешет. Орунбасардын ою боюнча эми "көп аял алган боюнча шектүү" -деп да камакка алышат экен. Демек, көп аял алган чиновниктерди да камакка алыш керекпи? Анткени мыйзам баарыбызга бирдей эмеспи.


"АС-пресс"