Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Биолабораториянын күңгөйү менен тескейи

Пайдасы-сиздики, вирусу-биздики...
Биологиялык куралды таратпоо, биотерроризм менен күрөшүү зарылчылыгынан улам бул багыттагы конвенцияга кол койгон өлкө катары Кыргызстанда өзгөчө коркунучтуу оорулардын, инфекциялардын вирустарын изилдөөчү "Адамдын ден соолугун жана жаныбарларды коргоочу Кыргыз улуттук лабораториясы" деген аталышта биолабораториянын айланасында ызы-чуу чыкты. Аны куруу Бакиев заманында эле (22.08.2008.) макулдашылып, "Ак жолчу" ЖК Канада менен Кыргызстан ортосундагы келишимди ратификациялап койгон. Канадалыктар лабораторияны курууга 40 миллион $ бермек эле, эми анын куну 60 миллион $ болуп өсүп кетти.
Эгер лаборатория 2013-жылга чейин курулуп бүтпөсө, кызматташуу долбоору аяктап, каражат берүү токтойт имиш. Ансыз да Кумтөрдүн алтынын каалагандай соруп жаткан Канада эмнеге эле кыргыздарга кастарын тигип калды? Кыргыз агрардык академиясынын баштыгы Р.Нургазиевдин актанганына караганда, "чоң сегиздик" 2002-жылы Канадада жолугушканда Глобалдык шериктештик фондусу негизделип, анын бюджети азыр 19 миллиард $дан көп имиш жана канадалыктар менен америкалыктар Кыргызстандагы Сибирь жарасы (кулгуна) менен чуманын жок кылына элек вирустары алардын өлкөсүнө пробирка менен эле таратылып кетишинен (биотерроризм) коркот имиш.( Анда эмне, Кыргызстандын илими биологиялык курал жасоого бир кадам калганбы?) Кыргызстан бактериологиялык, биологиялык жана уулуу куралдарга тыюу салуу жөнүндөгү Конвенцияга кол койгон өлкө. Демек ушул багытта карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын республикалык борборунда, ветеринария институтунда, борбордук ветеринардык лабораторияда жана Илимдер Академиясында жүргүзүлүп келаткан иштерди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына ылайык жүргүзүүгө шарт түзүлөт экен. Лаборатория эмнени изилдейт жана эмнеге диагноз коёт деген суроого бруцеллёз, холера, чума, Сибирь жарасына дешип, буга да айкын жооп бериле элек. Долбоор ушул кезге чейин мамлекеттик экологиялык экспертизадан да өткөрүлбөй, ал боюнча ТИМ аркылуу коомдук угуулар уюштурулбаптыр.
3-даражадагы коргонуу даражасы бар жаңы лабораторияны коммуникациясы бар мурдагы Ленин заводунун же Чыгыш өнөр жай зонасынын аймагында эмес, Илимдер Академиясынын дал ушул Ботаникалык багында курууга коомчулуктун бир катмары каршы болсо, илимпоздор, бийлик тарап макул деген көз карашты тутунуп турган кез. Каршы тарап борбордук Ала Тоо аянтында, Ак үй алдында нааразылык акцияларын өткөрүп, лаборатория курулса Кыргызстан экинчи Фукусима болот деген маанайдагы бир топ катуу айыптарды тагууга чейин барышты. Алар менен аңгемелешсек, Ботаникалык бакта дүйнөнүн төрт бурчунан топтолгон 800дөн ашык бак-шак, өсүмдүктөр өсүп турат жана 15 метрдей жерден дайра агып өтөт. Лаборатория бул жерге курулса, Кыргызстандын суу, табигый аймактар, жер боюнча мыйзамдары бузулат. Андан чыккан калдыктар тазаланып, анан гана шаардык канализацияга куюлат имиш. Бак өзгөчө корголо турган табигый аймакка киргендиктен, өкмөттүн атайын токтому чыгарылып, жердин категориясы өзгөртүлүшү керек. Сейсмологдор бул жерге 11 баллга туруштук бере турган гана имарат куруу керек дешет. Лаборатория 4 гектар аянтка гана курулса, анын кесепетинен Бишкек шаары 174 гектар Ботаникалык бактан айрылат деп шаар куруу илим-изилдөө институту да каршы. Лаборатория курулуп бүткөндөн 3-4 жылдан кийин анын иштешин камсыз кылууну Канада тарап кыргыз өкмөтүнө берет. Бирок мугалимдер, врачтар, пенсионерлерди жарыта албай шайы ооп жаткан кыргыз өкмөтү лабораторияны каржылоо үчүн жылына 350-400 миң доллар табалбай, бул лабораторияны да Кумтөргө окшоп Канадага кармата береби? Же кыргыз бийлиги куруу ишинен баш тартса лабораторияны Орто Азиядагы экинчи кезектеги талапкер Тажикстанга кармата береби?
Пикетке чыккандарды өтө кабатырланткан дагы бир жагы -эки тараптуу келишимдин айрым алешем жактары. Маселен, анын 10-беренесинде Кыргызстанга "...жабдууларды, камсыз кылуучу предметтерди, материалдарды" киргизүүгө жана алып чыгып кетүүгө кыргыз тарап көмөк көрсөтөт экен. Ал эмне деген материал дешип жооп талап кылышууда. Же 11-беренесиндеги "патогендерди (адам, жаныбар, өсүмдүктөрдө оору пайда кылуучу микробдор-ред.) тынчтык максатта пайдалануу" деген жеринен чочулашат. Демек Кыргызстанга ошондой оорулардын вирустарыбы,микробдорубу - сырттан келиши толук мүмкүн. Же 17-беренеде "...Канадалык тарап, кыргызстандык эмес ар бир юридикалык тарап, компаниялар Кыргыз Республикасынын аймагында келтирилген кандайдыр бир чыгымдар же жоготуулар боюнча жоопкерчилик тартпайт..." деп жазылат. Бул эмне дегени? Барскоонго цианид төгүлүп, анын компенсацияларын алигиче төлөбөй жаткан канадалыктар сүткө оозун күйгүзүп, эми айранды үйлөп ичкенге үйрөнө түшкөнүбү? Пикетчилердин плакаттарынын биринде "Кыргызстанды экинчи Фукусима кылбайбыз" деп жазып алгандары да ушундан го, сыягы.
Кыргыз бийлигинин башында аралашып жүргөн бир ууч атка минерлер бийликтин кадыр-баркын ушунчалык кетиришкен соң, элдин ага болгон ишеничи 20 жылдан бери түшүп отуруп, түшүп отуруп,нөл деген көрсөткүчтө араң илинип турат. Эми ошонун кесепети минтип ар бир эл аралык келишимге да ишенбөөчүлүк менен мамиле жасоого алып келүүдө. Күнөө бийликке шекшинүү менен караган элде эмес, күнөө элди алдап, убада менен упчу эмизип келген бийликте.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??