Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Ден соолук

ОЗОН - өмүрдү узартат, жашартат
Күнүмдүк турмуш менен алек болгон кыргыздар ден соолукту экинчи орунга коюп келебиз. А чынында ден соолукка кам көрүүнү биринчи планга коюп, андан соң чың, таза жашоого кам уруп, жан-дүйнөбүз жарык, маанайыбыз ачык өмүр сүрүүгө не жетсин. Эң биринчи кезекте кантип жана кандай жол менен ден соолугубузду чыңдообуз керектигин түшүнүп алышыбыз абзел. Ооруканага качан гана ооруп буттан тура албай калганда бара калбастан, жыл сайын текшерүүдөн өтүп, ден соолуктун абалын билип турсак, албетте өзүбүзгө гана пайда болот. Учурда көптөгөн оорулардын пайда болуп жатышы коркунуч жаратууда. Ошону менен бирге заманбап жашоонун нугу менен медициналык тейлөө кызматтарынын деңгээли күндөн-күнгө жогорулады. Учурда ОЗОН ыкмасы менен дарылап, көптөгөн адамдардын сообуна калып, батасын алып келе жаткан врач-терапевт Жаркын ТАЗАБЕКОВАга ыраазы болгондор арбыды.

ОЗОН деген эмне?
ОЗОН менен дарылоо ыкмасы - кылымдар бою сыналган, кепилденген, зыяны жок жана оорутпай, ийне сайбай дарылоонун жаңы ыкмасы болуп саналат. ОЗОН кычкылтектин аллотроптук формасы. Мүнөздүү кескин жыты бар газ. ОЗОН кычкылтекке караганда алда канча күчтүү кычкылданткыч.

Дарылоо жолу
Дем алуу эки газ (ОЗОН+кислород) менен жүрөт. Жылуу температурада ОЗОН газы менен дем алып олтурушат. Ошондой эле ОЗОН майын күнүгө эртең менен ачкарын бир маал ичет. Бул ыкма менен дарыланууга дээрлик бардык оору менен ооругандар кайрылышат. Кант диабети, аллергия, астма, бронхит, аллергиянын көп түрлөрүнөн ОЗОН ыкмасы аркылуу арылышат. Ошондой эле астма ооруусуна чалдыккан кичинекей балдар абдан көп келип жана кан басымы жогору болуп ооругандар кайрылышат. Акыркы кезде кан басым жогорулоо менен жашы өткөн адамдар ооруса, учурда 25-30 жаштардагы адамдар ооруп жатканы өкүнүчтүү дейт дарыгер Жаркын эже. Ошондой эле ОЗОНдун инсульт, экзема, нейродермит, ала менен ооруган адамдарга да пайдалуу жактары бар. Организмдин иммунитетин көтөрөт. Метоболизмди активдештирет. Организмге таасир этүү менен озонотерапия анын коргонуу касиеттерин күчөтөт. Озон бырыштардан арылтып, беттеги клеткалардын эскилерин талкалап, жаңылайт.

Кандай оорууларга болбойт?
Кош бойлуу келиндерге, острый инфаркт, острый канзилдөө (кровотечение), острый инсульт, өтүшүп кеткен (онкологиялык) шишик ооруларына болбойт. Ошондой эле кан басымы өтө төмөндөргө да болбойт. Негизинен өнөкөткө айланган оорулар дарыланат.

Дарыланууга келгендер
Биринчиден таза жуунуп келиш керек. Себеби, терилердин клеткалары ачылып, ал аркылуу да организмге газ кирет. Ошондой эле курсагын тойгузуп, жылуу кийинип келиш керек. Салттуу дарылоонун курсу он күн. Тери, бронх, өпкө оорулары 15 күндө сакайып кетишет.

Зуура КАЛДЫБАЕВА:
- Мен Кара-Кулжа районунан болом. ОЗОН менен дарылоо ыкмасын телевизордон көрүп калып келгем. Ашказан, өтүм ооруп, бүткөн боюм оор тартып, буту-колум сыздап ооруп келгем. Кудайым буюрса ден соолугум жакшы болуп калды. Кислород менен дем алдырып, тер аркылуу чыгат экен. 15 күн процедура алдым. Өзүмдү жакшы сезип, уйкум тынч болуп калды. Буюрса күздө дагы келем. Мени дарылап жаткан кызым Жаркынга рахмат. Буга чейин башка ооруканаларга кайрылып дарылангам. Бирок, эч натыйжа берген эмес.

Дареги: Кыргыз-Элдик медицина илимий-изилдөө борбору "Бейиш". Врач-терапевт Жаркын Тазабекова. Киев-Панфилов көчөлөрү кесилишет.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«