Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Куурчак
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Өпкөсү көөп аптыгып сүйлөп жаткан Мавлюдадан көзүн ала качкан Жанаргүл кийимдерин иретке келтирип жаткан киши болуп ары карап кетти.
- А, сен эмнеге эле кош көңүл болгондой болуп атасың?! - деп кыйкыра сүйлөдү Мавлюда Жанаргүлгө.
Бул сөз кызга катуу тийди. Ансыз да заманы куурулуп турган мезгилде бул аялдын жанында кыйкырып атканына тырчый түштү. Деги, анын иши кайсы эле?!
- Башым ооруп турат, ансыз деле!
Бурк этти Жанаргүл. Деги эле эч кимди көргүсү келбей турганын Мавлюда жаземдебей түшүндү. Бирок, ага ошонусу сырдуу да, кызык көрүнүп туруп алды. Кайра суроо үстүнө суроо жаадырды.
- А сени сүйгөнүңдүн кандай абалда турганы кызыктырбайбы?
Суроолору жоопсуз калганын деле таназар алган жок Мавлюда.
- Олда, шордуу аял ай! "Өлгөндүн өз шору" деген сөз бар. Башка эч ким эчтеке болбойт. Балдары чоңоюп-чочоюп өздөрүнүн күнүн көрүп кетишет. А эркек дегендин эчтемеси коробойт. "Катын өлсө - камчы сап, кайра төшөк жаңырат" деп коет…
Бул маалда Жанаргүлдүн башы уламдан улам жерге кирип бараткандай болду.
- Эже, мен жалгыз болгум келип жатат!- деди башын мыкчып.
- Койдум-койдум…бирок, "Бирөө өлбөй, бирөө күн көрбөйт" деген да…
Мавлюда сөзүнүн акырына чыккан жок.
- Эже, деп атам! Ансыз да кыйналып турам!
Баятан бери сүйлөп аткан Мавлюда кызга аргасыздан кол шилтеп бөлмөдөн чыгып кетти. Ичинен "О, шуркуя, калп эле мага кыйналып аткандай көрүнгүсү келет. Жаның кирип, чырагыңа май таамп жаткандыр! Эми жалгыз ээлейм тигини деп…" отурасың го деп атты. Анан кайра "Э койчу, бири өлүп бири калсын, мага эмне…" деген ойго кетти.
ХХХ
Оор сумкасын көтөрүп сыртка чыккан Жанаргүл короодо ары-бери басып турган Мавлюдага кайрадан оро-пара келе түштү.
- Ой, каякка? Дагы бир жумача болобуз дебедиң беле? - деди кайра ал тим турбай.
- Кетпесем болбойт,- деди кыз аргасыздан буйдала түшүп.
- А тигиге жолуккан жоксуңбу?
Мавлюда тилинин учуна келе калган "тиги сүйгөнүңө" деген сөздү тиши менен кыпчып калгандай болду.
- Жок…
- Туура эмес кыласың, кантсе да аныңдын башына кыйын күн түшүп турат. Адамкерчиликке болсо да барып, "Кандайсың?" деп сурап коюу парзың болучу. Бул - менин улуулук сөзүм. Бирок, эми өзүң билесиң дечи.
- Мейли, жакшы калыңыз…- деди шалкы бош Жанар. Анын кейпи - чындап эле катуу ооруп турган адамдай эле.
- Мейли, сиңдим, каерде болбосун, аман жүр. Бирок, тиги киши менен жана алиги шуулдаган жаш жигит менен сенин жолуң дагы кесилишет,- деди Мавлюда жөн турбай.
"Шуулдаган жигит" деп Шахты айтып атканын Жанаргүл түшүндү. Жүрөгү шуу дей түштү. Ылдам басып баратып, "Ылайым, экөөсү менен тең жолум кесилишип, бетме-бет келбесем экен" деп тиленди. Көзүнөн бир тоголок жаш чыкпаса да, жан дүйнөсү алай-дүлөй түшүп санаасы сапырылып жатты. Көз алдына негедир эле тээ өткөн мезгилдин катмарында кала берген балалык жылдары тартылып, жүрөгү чыны менен ооруп чыкты. Колу-буту жулунган куурчак, ыйлап отурган кичинекей өзү, анан ага болушуп, бейбаш бала менен ит жыгылыш болуп аткан Темир… Олда карангүн ай, ушул көз ирмем аны өмүр бою коштоп жүрүп өтө турган болду го. Ошол куурчагын жаман көрөт, ошол куурчакты кадим өзү катары элестей берет. Тагдыры таш-талкан түшүп калган эле өзүнө окшош. Ошол кеч, ошол жайсаң, ошол ойноок бала… Кап, ошол күнү оюнга куурчагын көтөрүп барбай эле койбой!
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«