Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
КВАРТИРАНТ
- Курсантбек, мурда да квартирант болуп жашап көрдүң беле?
- Далай жашагам. Бирок, жашыруун… Ачыкка биринчи чыгышым.
- Түшүнбөдүм. Менин бир досум Айымкан аттуу келин менен бир нече жыл жашыруун жашап, ачыкка жакында эле чыккан болчу. Сенин квартира менен жашыруун жашап жүргөнүң кандай?
- Квартплата төлөөдөн качып…
- ?..
- Квартирант болуп тааныштарым жашачу. Мен алардын арасында жашырынып…
- Кожоюнданбы?
- Ооба да.
- Кожоюн кайда жашачу?
- Ошол эле короодо.
- Сени көрчү эмес беле?
- Мен квартирага жашырынып кирип, квартирадан жашырынып чыкчумун.
- Ошентип канча жашадың?
- 8 ай 17 күн.
- Кыз-зык! Ошончо убакыттын ичинде сени бир да көрбөсө… Анда кожоюнуңдун көзү сокур окшойт.
- Көзү бүтүн эле болчу. Мен ушунчалык жашырынып жашачумун да. Баса, бир жолу мени көрүп коё жаздаган.
- Кантип?
- Кечке маал ажатканада олтурган элем. Ошондо да бүгүнкүдө ичим бурап ооруп аткан болчу. Ошол күнү базардан келатып, жол боюндагы мусор жашигинин жанында турган помидорду алып, жей койгон болчумун. Чамасы, ал эски помидор окшойт. Үйгө келээрим менен курсагым "күр-р-кур-р" этип,.. айылдашым менден үн чыгып жатканын байкабай, өзүнчө кобуранып койду: "Күн ачык эле туруп күн күркүрөйт да. Бу - эмнеси?" -деп.
- Анан?
- Ошентип, ажатканада олтурам, олтурам. Аңгыча, үстүмө кожоюн кирип келди. Бирок, караңгыда мени байкаган жок. "Магазинин" ачып, прямо мага "шаркыратса" болобу. Менин болсо, кийимдерим суу болуп… Энеңдурайындын заарасы иттей ачуу экен. Оозума да кирип кетпедиби. Ал чыгып кетээр менен мен тез-тез дем алып, суу болгон кийимдеримди сыга баштадым.
ХХХ
…Илгери эки бир тууган квартирада жашачу экен. Бир күнү экөөнүн бирден досу - эки жигит конокко келип, бирок ошо бойдон кетпей, мында жашап калышыптыр. Иштешпейт. Ичип гана жешет. Демек, буларды кантип кетирүү керек?
Эки бир тууган сырттан акылдашып, тигилердин көзүнчө урушуп башташат:
- Эшек!
- Сен - чочко!
- Сен - маймыл!
- Тилиңди тый, сволуч!
- Тыйбайм!
- Тыйбасаң, сенин досуңду үйдөн кууп чыгам.
- Мен деле сенин досуңду…
Анан экөө бири-биринин досун түртүп, сыртка чыгарып, уялбаган коноктордон кутулушуптур…
Орозбек БӨРҮГУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??