Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Адабият айдыңында

БРИТАНИЯ КАЙРЫКТАРЫ - КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ
"Кыргыз поэзиясы англис тилинде" деген ат менен "Гүлчынар" китеп басмаканасынан басылып чыккан китеп колума тийгенде кадимкидей сүйүндүм. Эмесе, коомдун кайсы тармагы болбосун саясатташып турган ушул маалда адабиятыбыз саздай болуп былкылдап туруп калгандай сезилээр эле. Ар бирибиз өз казаныбызда кайнап, жазгандарыбызды өзүбүздөн башка киши окубай калбадыбы. Анан минтип, англисчеге которулуп, кылымдардын күүсүн ырга салып келаткан кыргыз элинин бүгүнкү поэзиясын чет элдер окуп, салмактап, баа бериши албетте, өзүнчө бир чоң окуя болмокчу.
Китептин баш сөзүндө мындай деп жазылган: "Мен Мукан Асаналиев менен бир нече жыл мурда таанышкан элем. Биздин таанышуубузга анын англис тилинен кыргыз тилине түз которулган "Британия кайрыктары" деген китеби себеп болгон. Ал китепте британия поэзиясы кыргыз тилине жакшы которулганын айтышкан эле."
Микаел Атсопартис, Британиянын Бишкектеги Ардактуу консулу.
Ал эми кыргыз поэзиясы да өз кезегинде англис тилине жогорку чеберчилик менен которулганын Ж.Баласагын атындагы КУУнун чет тилдер институтунун англис тили кафедрасынын башчысы профессор Раушан Шаршенова ырастаган.
Көкүрөктөн чыккан ыр тизмектерин көп тилде ийине жеткире сүйлөтө алган котормочуга жолугуп, бизди кызыктырган бир нече суроолор менен кайрылууну эп көрдүк. Бул маегибиз көптөгөн окурмандарыбыздын да кызыгуусун арттырат деген ойдобуз

- Мукан агай, котормо менен алектенгениңизге канча убакыт болду?
- Котормо менен 1975-жылдан бери алектенип, иштеп келе жатам. Буга чейин америкалык жана англиялык көптөгөн жазуучулардын, акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, гезит-журналдарга жарыялап келгем. Бирок 2009-жылы "Британия кайрыктары" деген ат менен чыгарган китебимде Байрон баштаган Англиянын 11 акынынын ырларын которуп бастым. Кээ бирөөлөрүнүкү 1-2 ырдан болсо, кээ бирлериники 10-15тен. Анан,2010-жылы Жазуучулар союзунун сунушу менен кыргыздын 78 акынын ырларын англис тилине которуп китеп кылып чыгардым. Бул котормолорум тууралуу аябай жакшы пикирлер айтылууда.
Азыр "ХI кылымдын 21 акыны" деген китепти кыргыз, орус, англис тилинде даярдап жатам. А бир акындан 5-6дан ыр алам. Себеби, кыргыз акындары орус тилине деле жарытылуу которула элек болсо керек.
- Ырларды которгон соң, өзүңүз деле ыр жазып жүрсөңүз керек.
- Өзүмдүн ырларымды китеп кылып кыргыз, орус англис тилдеринде күзгө чейин чыгарсамбы деп турам. Буга чейин басма сөздөрдө жарыяланып келген. Ыр деп эле бир нерселерди жаза берген, анысын китеп кылып чыгарып аткандар толуп жүрөт. Көзүңө көрүнгөндү кураштырып, уйкаштырып коюу болбойт да, ыр деп эле.
- Билимиңиз кандай?
- Билимим жогору. 1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөм. Бирок, ага чейин Советтик Армиянын катарына чакырылып, Киевден бир жыл эки ай аскердик котормочулук курсунда окугам. Кара деңиз, Жер ортолук деңиздеринде Аскер-Деңиз флотунда кызмат өтөдүм. Андан соң бир жарым жыл Египетте котормочу болуп иштедим.
- А сиз жалаң ырларды которосузбу, кара сөзгө кандайсыз?
- Ырлар эле эмес, кара сөздү деле которомун. Жакында Азербайжандын белгилүү жазуучусу Мир Жалалды которуп чыктым, 530 беттик. Ошондой эле Бахтияр Вахабзаденин "Гүлистан" поэмасын кыргыз, орус, англис тилине которуп, ал азербайжанчасы кошулуп, төрт тилде чыгып жатат. "Сигнальныйын" алдым. Былтыр "Акназаров Корчубектин өмүр жолу" деген китебин орус тилине которгом, ушул айда чыгыш керек. Асан Акматовдун "Эрендер да ыйлашат" аттуу китебин орус тилине котордум.
- А которулгандардын баарын китеп кылып жарыялап келесизби?

- Атак-даңкты кубалабаган киши жүрө берет экен. Которгондорум жата берип, жата берип чаң басты болуп да калды. Айланамдагы элди карап отуруп китеп кылып жарыкка чыгарып койсом дедим. Болбосо, мунун артынан түшкөн деле эмесмин мурда.
- Канча тилди билесиз?
- Мынча тил билемин деп мактангым келбейт. Кыргыз, орус, англис, казак тилин жакшы сүйлөйм, жакшы котором. А эгер тиги тилди билем, бу тилди билем" деп айта бере турган болсом, 40-50нү санап берер элем. Бирок, антип мактангым келбейт. Эң жакшы билгеним - өз тилим.
- Мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү тууралуу кандай пикирлериңиз бар?
- Биздин кыргыз тилиндей бай тил жок. Аны колдоно гана билүү керек. Кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз тилинде сабаттуу жазышыбыш керек. А биз болсок, өз тилибизди жерип, чала- моңол болсо да, орусча сүйлөп жатпайбызбы. Албетте, канча тил билсең, ошончо дил билип, ошончо маданиятка жетишесиң дечи. Бирок, өз эне тилибизден ашкан тил жок экенин жүрөгүбүздөн билсек.
- Азыркы кыргыз адабияты тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Адабият жаатында, жазгандарда - "стихийный рост" болуп жатат, мындайынча айтканда, саны көп, сапаты жок. Албетте алардын ичинде мыктылары да бар дечи. Көбүн эсе анча-мынчаны жазып эле шөкөттөп китеп кылып чыгарып ийип аткандар көп. Поэзия, прозада мына ушундай бирдей көрүнүш.
- Кыргыз сыны бүгүнкү күнү кантип жатат?
- Сын жаатында, айтсам, сын жоюлду. Жалгыз Кадыркул Даутов эле калды окшойт. Акындык жана жазуучулукка адабий сын өтө керек экенин баса белгилегим келет. Сынды туура кабыл алыш керек. Сын - чыгарманы ылгап окуганга түздөн-түз таасирин тийгизет. Мына ушул жагынан биз өтө оор ахвалда турабыз.
- Котормо тууралуу да айта турган сөзүңүз бар болсо керек?
- Мүмкүн болушунча акын болобу, жазуучу болобу, анын жазганына жакын которуш керек да. Тактап айтканда, берейин деген оюнун 95 %ин беремин. "Подстрочный" эмес, маанисин берүүгө аракеттенем. Албетте, уйкаштыктар сакталат. Бирок, муундары кээде ашып, кээде жетпей, туура келбей калышы мүмкүн.
- Котормочулук түйшүктүү кесипти мойнуңузга аркалап, кыргыз акын-жазуучуларынын калеминен жаралган чыгармаларды дүйнө элине таанытып жатканыңызга рахмат! Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Нурбүбү БӨДӨШОВА




  Жаштар үнү

МЕЗГИЛ КЕЛДИ, ЖАҢЫ МУУН БИРИГЕЛИ!
Кыргыз кыргыз болгону кыйла кылым басып, карт тарыхта калдайган орду бар экени ырас. Эчен заман, эчен доор кыргызды канча ирет калчап, бирде бийиктетип көкөлөтсө, бирде мүңкүрөтүп чөгөлөткөнү да ырас. Улам өткөндөн сабак алып, улуттук рухту, адамдык асылдыкты арттыруу менен, Кыргыз мамлекетин, кагандыктарын эчен ирет түзгөндүгү да ырас.
Бүгүн ХХI кылым. Бүгүн да кыргыздын өз алдынча азат, эгемен мамлекети бар. Бирок, кандай абалда? Муну замандаш, сен жакшы билесиң. Андыктан, мындай курч кырдаал, өткөөл мезгилде өлкө келечеги үчүн сен да, мен да кайдыгер карап жатпашыбыз керек. Бүгүнкү күнгө дейре кыргыз жаштары мамлекетте жөн гана атуул, коомдогу жаш муун өкүлү гана болучу. Бирок, сен бүгүн жаңы кадамга барышың керек! Сен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабастан жүрөгүңдө отуң, журт сүйөрлүк демиң, жүлүнгө жетээр кебиң, келечекти түзүүгө эбиң барбы? Анда, "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген бабалар кебин эске салып, бардык жаштар биригип мамлекетибизди, өлкөбүздү көтөрөлү!

Керт баштын камын эмес ар бирөөңөр,
Калайман калкка мүлдө кам көрсөңөр.
Оңолсо пейил-көйү жалпы журттун,
Ободон Теңир төгөт элге кутун.
"Айкөл Манас" 9-том.

Өлбөйт, өчпөйт кыргыздын улуу деми,
Өргө карай бет алып, сүрүлөлү.
Биз, жаңы муун бөлүнүп, чачырабай,
Бир муштумга биригип, түйүлөлү.
Бегимай ХОЖИМАМАТОВА,
БГУнун кыргыз филология
факультети. 3-курс.








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«