Кыргыз искусствосунун
кайраткерлери

Гүлмира Ташматова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Эстетикалык табитти жогорулатуу талабы бар"
Гүлмира Ташматова профессионал актрисаларга таандык болгон өз алдынча өзгөчөлүккө ээ. Актриса эпизоддук ролдон тарта башкы кейипкерлердин ички сезимин, ой-туюмун актердук чеберчиликтин негизинде таң калаарлык ишенимдүү элестер менен театр сүйүүчүлөрүнө тартуулап келет.

Бошко кеткен жылдар…
- Биз театр сферасына алгач аралашкан мезгилде шарт, жагдай башкача эле. Дал ушул убакта Бакен Кыдыкеева, Гүлшара Дулатова, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү корифейлер чыккан эмеспи. Алар катышкан спектаклдерди калтырбай көрүп, балалык баео тилек менен менин да актрисалык өнөргө кызыгуум артып, ал каалоо көңүлүмдө жашаар эле. Буйрук окшобойбу, күчтүү максат менин театр дүйнөсүнө аралашуума өбөлгө болду. Орто мектепти бүтүргөн соң, Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы эки жылдык театралдык студиядан окуп калдым. Аны аяктаарым менен Ысык-Көл облусундагы К. Жантөшев атындагы драма театрында эки жыл убакыт эмгектендим. Бакыт ар бир адамга ар түрдүүчө маанайда келет го… Ал мага да жылмайып, өз эшигин ачып берди. Тандоонун негизинде Москвага барып, Щепкин атындагы театралдык институттан билим алып келдим. Анда мени менен бирге азыр төбөсү көрүнүп калган профессионал таланттар - Гүлмира Турсунбаева, Өмүрзак Токтомуратов, Шайыр Касымалиева, Сатылган Сазаевдер да Москвадан окушкан. Биз 1989-жылы окуу жайын аяктап келдик. Ошол маалда Советтик доордун жашоосу да соңуна чыгып калган эле. Натыйжада, биздин чыгармачылык чыйырыбыз да татаал мезгилге кептелип калгандай болду. Кай бирде бул абалга өзүм да нааразы болуп: "Чыгармачылыгым жаркырап, гүлдөп турган доорго туш келбей, орто жолго кез келип калдым" деген ойлорго малынам. Ичтен дегдеп, тилек кылган ролдордун көбү ойнолбой калды…
Айталы, биздин театрда үч жылдан бери оңдоо иштери жүрүп жатат. Убакыт ага карабайт экен. Баалуу жылдарыбыз жөн гана бошко кетти. А театр - жаштыкты, сулуулукту талап кылат. Биздин жаштыгыбызды, жакшы күндөрүбүздү кармап калган эч ким болгон жок. Билгенге бул абдан кейиштүү… Антсе да, жаркын үмүттөр дале жанып турат. "Жаштык куракка таандык ролдорду жетишээрлик жарата албасак да, эми азыркы жашыбызга ылайык келе турган образдарды түзсөк" деген эле тилек. Жагдайыбыз чеке жылытаарлык болбосо да, өзүбүз эле талбаган аракет менен иштеп жатабыз. Кандай болбосун, маңдай тер төгүп, адал ниет менен аткарган иш-аракеттер качандыр бир татыктуу баасын алат го.

Эстетикалык табит
- Натыйжалуу, колго алаарлык эмгектер жаралыш үчүн оболу, бардык талаптар, шарттар эске алынышы керек. Маселен, театрда төрт тарабы төп келишкен жаркыраган сахна болбосо, коюлуп жаткан ар бир спектаклдин декорациясы ага жооп бербей же формалар ролдорго жараша тандалып кийилбесе, айтор, материалдык база жетишсиз болсо, демек, бийик деңгээлдеги чыгармалардын жаралышын элестетүү кыйын. Түшүнүксүз жагдай түзүлгөн. Азыр эл да жеңил жанрларга ыктап калганы ойлондурат. Театрларда билет баасы арзан болгонуна карабастан, концерттерге барышат. Искусство мамлекеттик деңгээлде каралбай, көз жаздымда калып, кайдыгерликке чулганган соң, коомчулук да анын балуулуктарына анчейин маани бербей келет.
Дегеле, тынбай түйшүктөнө иштөөдөн, талбай баш катыра изденүүдөн улам эки өмүр жашай турган өчкүс, руханий асылдыкты өз ичине камтып, адамдарды адилеттикке үндөй турган мурастар орун алат. Мен Россиянын теле көрсөтүүлөрүн, алардын маданиятка жасаган мамилесин көрүп олтуруп, абдан суктанам. Аларда кандай тармак болбосун, тереңге кетип бара жаткан белгисиз бир улуулукту байкагандай болом. "Калктын кабыл алуусу өзгөрүлүп, табити жогорку нукка бурулса. Өнөр дайым кадыр-барк менен өйдөдө жанып турса…" дейм. Байкасаңыз, кандай тармак болбосун, өз ишинин мыкты адиси болгон адамардын эмгектери көмүскөдө калса, анда ал жерде эч качан өсүш болбойт. Сан эмес, сапатка, тагыраагы, иштин артыкчылыгына басым жасоо милдетин эске алуу да зарыл.

Акылдан азап…
- Дайым өзүмдү эркин, бир калыпта алып жүрөм. Башкаларга менин ой-пикирим жагабы же алардын көңүлүнө туура келбей калабы, ал мени тынчсыздандырбайт. Өз позициямды бурмалап, будамайлап олтурбай эле түз айтам. "Акыйкат пикиримди билдирсем, жетекчилик кандай карайт? А балким, режиссер мага роль бербей коюп жүрбөсүн?.." деп чоочулап, ар биринин көзүн карап, жасалма жүз менен жүргөндү дилимде жактыра бербейм. Жашоо нугу ар кандай багытта өнүгүп-өсүп жүрөт экен. Кай бирде өз чындыгыбыз үчүн акылдан азап тарткан акыйкатсыз жагдайга да кабылабыз. Андайда "Кызматымдан айрылып калат экенмин" деп бүжүрөп, коркпойм да. Башкысы, түз жолдон тайбай, туруктуу көз караш менен өз ишиңди жеткилең билсең болду. Андай болсо, деги эмнеден чоочулаш керек?! Чогулуштарда бир гана адилет көз карашымды айтам. Бири туура көрсө, экинчиси таарынып, терс карап калат. Ага маани деле бербейм. "Кайсы бир мезгилде түшүнөөр…" деп коем.

Атмосфера
- Биз күлүк сымал жарышта жүрөбүз. Бирде мүдүрүлүп жыгылсак, дагы бир учурда алдан тайып, марага жете албай кыйналабыз. Бактыга жараша, мен чыгармачылык жарышта артта калып, алдастаган жокмун. Биздин театрда (Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры - Ав.) иштөөгө ыңгайлуу жагымдуу атмосфера түзүлгөн. Кандайдыр бир ич күйдүлүк, ачык түрдө карама-каршылык, көз караштардын кагылышуусу же ролго муктаждык деген жок. Биз үчүн бул абдан чоң мааниге ээ.

Башат
- Биз сахнага чыгып, өзүбүздүн ролдорду аткарып коюшту гана максат кылбашыбыз керек. Куттуу сахна аркылуу адамдардын ой-туюмун, дүйнө таанымын өзгөртүүгө жардам берүү - башкы милдетибиз. Билсеңиз керек, спектаклден чыккан көрүүчү көпкө чейин анын таасиринен чыга албай, ойго батат. Андагы окуянын өзөгү аны тарбиялайт, түшүнүгүн калыптантат. Өзүн сыйлаган, эс алуунун этикасын билген адам сөзсүз театрларга барууга убакыт табат. Дегеле, театрга көрүүчү үлгү алыш үчүн, өзүн-өзү оңдоп, түздөнүш үчүн келиши керек. Ошондуктан, биз башкаларга үлгү болуш үчүн ириде өзүбүз адамгерчиликтин бийик касиеттерин жан дүйнөбүзгө сиңирип, ак дил, асыл ойлордун баштоочусу болушубуз шарт.

Тараза
- Баарыбызда эле иш үстүндө өзүбүзгө-өзүбүз анчейин ыраазы болбой, канааттанбай калган учурлар кездешет. Адистигиме байланыштуу жетишсиздиктерди, катачылыктарды кайра-кайра иштөө менен гана толуктайм. Маселен, артисттердин ички сезимине бардык ролдор эле төп келе бербейт. Соңку убакта коюлган "Узун бойлуу үч аял" спектаклинде түзгөн образымды эмнегедир жүрөк түпкүрүнөн чыгарып аткара албай кыйналдым. Бара-бара ал спектакль кайра-кайра даярдалып, көрүүчүлөргө коюлган сайын тапталып, образ өзүнүн ордун тапкандай болду. Бизде премьерада жакшы чыкпай калган ролдор убакыттын өтүшү менен жарк этип, суктанаарлык деңгээлде театр сүйүүчүлөрүнүн эң жогорку баасына арзышы да мүмкүн.

Күрөш
- Туура, дарак бир жерден көгөрүп, өсөт. Бирок, бул түшүнүк Союз мезгилине туура келген. Азыр жагдай таптакыр башкача. Эгерде мен өзүм эмгектенген жерде керегим жок экендигин сезе турган болсом, баалуу жылдарымды бошко кетирбей, башка театрга деле кетээр элем. Анын эмнеси туура эмес? Абдан керектүү болуп турган жерде гана чын дилден чыгармачылык табылгалар орун алат. Менимче, бул - жашоо үчүн күрөш…

Нурзада ОСМОНОВА