Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Билим башаты!

"СЕБАТКА" Премьер-министрдин сапары
Кыргызстандын премьер-министри Алмаз Атамбаев Түштүктөгү иш сапарында Ош шаарындагы "Сема" кыргыз-түрк лицейинде болуп, лицейдин заманбап спорттук комплекси жана жатакана имаратынын пайдубалын түптөөнүн лентасын кесүүгө катышты.
Ош "Сема" лицейи 1992-жылы 25-майда Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен Түркиянын "Себат" билим берүү мекемесинин ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Ош областтык администрациясынын 1992-жылдын 21-сентябрындагы №96 токтомунун негизинде №11 Терешкова атындагы мектеп-интернаттын имаратында интернаттык типтеги "Сема" кыргыз-түрк эркек балдар лицейи өз ишин баштаган. Быйыл лицей он тогузунчу жылын иштеп жатат. Билим берүү мекемеси катарында лицей мамлекеттик стандарттагы аттестат жана түрк тили, англис тили, информатика - үч предмет боюнча сертификат бергенге укугу бар. 6-класстын бүтүрүүчүлөрү лицейге тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Окутуу беш күндүк режим менен төрт тилде жүргүзүлөт. Түркиядан жана Кыргызстандан мыкты мугалимдер конкурстун негизде тандалып алынат.
Учурда Ош "Сема" лицейинде 17 класс комплектисинде 373 окуучу билим алат. Алар областтын бардык аймактарынан келген.
ЛИЦЕЙ - БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА АДАМЗАТ БААЛУУЛУКТАРЫН ӨӨРЧҮТҮҮЧҮ МЕКТЕП
Лицейдин ишмердүүлүгү окуучунун жана ата-энелердин талаптарына ылайык ар тараптуу, динден тышкары билим берүү, гуманизм, демократизм принциптерине, жалпы адамзаттык баалуулуктардын багыттарына негизделет.
Лицей өз ишин баштагандан эле шаардык, областтык олимпиадаларга катышып, жеңүүчүлөр республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларга жолдомо алышып, Кыргызстандын намысын коргоп, өлкөбүздүн желегин желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө. Быйылкы окуу жылында лицейдин окуучулары шаарда 15 окуучу биринчи, 8 окуучу экинчи, 4 окуучу үчүнчү орунду жеңип алса, республикада 4 окуучу биринчи, 3 окуучу үчүнчү орунга ээ болуп кайтышты.
Ош "Сема" лицейи ачылгандан бери 889 окуучу лицейди бүтүрүп, алар Кыргызстандан тышкары Түркия, Германия, АКШ, Кытай, Чехославакия, Малайзия, Араб Эмирлиги сыяктуу мамлекеттерде билим алышты. Бул окуу мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары жогорку педагогикалык билимге ээ болуп, кайра өз лицейлерине келип иштеп жатышат.
Лицейде салт болуп калган бир катар иш чаралар бар. Лицейдин материалдык-техникалык базасы жыл сайын мамлекеттик, дүйнөлүк билим берүү стандартына ылайык атайын жаңыланып, толукталып турат.
Окутуу программалары КР билим берүү жана илим министрлиги менен "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин макулдашуусу менен түзүлөт. Чейрек сайын тест сынактары (ГДС) алынып, окуучунун билим деңгээли аныкталып турат. Жыйынтыгы ата-энелерге билдирилет.
Сабактан кийинки окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануусу үчүн окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө, каалоосуна жараша предметтик клубдар, ийримдер, спорттук секциялар иштейт.
"Сема" лицейинин окуу корпусунун имараты 2007-жылы 26-декабрда болгон жер титирөөдөн улам жабыркоого учураган эле. Ошого байланыштуу демөөчүлөрдүн колдоосу менен 2008-жылы 500 орундук жаңы имарат курула баштап, ал 1,5 млн. АКШ долларына бүткөрүлдү. Жаңы имараттын тегерегине заманбап спорттук комплекс, жатакана куруу пландалган. Бул иш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлмөкчү.

"СЕБАТТЫН" ЖАҢЫРГАН ЖАЗДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ
Эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси 14 кыргыз-түрк лицейинин башын бириктирет. Алардын окуучулары жер-жерлерде предметтик олимпиадаларга катышып, республикалык олимпиаданын да негизги командасын түзөт жана бир аймактын лицейи менен экинчи аймактын лицейи атаандаштыкка чыгып, эң мыктылары көз карандысыз калыстар тарабынан аныкталат. "Себат" лицейлеринин окуучулары үстүбүздөгү жылы алдыңкы орундардын 65 орунун ээлешти. Бул жалпы катышкандардын 30 пайыздан ашыгын түзөт. Лицейлердин олимпидага катышкан окуучулары 22 биринчи, 21 экинчи, 22 үчүнчү орунду багындырды.

"СЕБАТ" ЛИЦЕЙИНЕН ОКУГУҢ КЕЛЕБИ?
Бардык областтардагы жана Бишкек шаарындагы он төрт лицей кайсыл гана мектепте окуп жатпасын конкурстук негизде, атайын тестирлөө жолу менен 6-класста окуп жаткан уландарды жана кыздарды тандап алат. Тестирлөө эки тур менен жүргүзүлөт. Шарттарына, билим деңгээлине карай төлөө жагынан жеңилдиктер каралган. Окуучулар жатаканаларда калып окушат, себеби программалар ошого ылайыкташкан. Бардыгы болуп 7-класстарга миңдин тегерегинде окуучу кабыл алынат. Соңку учурда республиканын ар кайсыл тармагындагы алты лицейде башталгыч класстар ачылып, 1-класстан тартып кабыл алуу практикалана баштады. Быйыл 1-класска 150 окуучу кабыл алынат, аларда окутуу кыргыз тилиндеги мектептердин программасынын негизинде жүргүзүлөт.
"Себат" - Кыргызстанды келечекте билим аркылуу дүйнөгө тааныта турган эл аралык билим берүү мекемеси.
А. БЕКТЕНОВ




  Сапар

Ноокаттыктар эмгекчил жетекчилерге муктаж!
Атайын иштер менен Ош облусуна караштуу Ноокат районуна сапар алып, райондун сырткы абалына көз чаптырып, эли менен баарлаштык. Ноокатка барчу жол эбак керектен чыгып калган экен. Аңгыл-дөңгүл жолдор менен жүрүп отуруп, көздөгөн жерибизге жеткиче башыбыздан ылдый чаң болуп, чампаланып эле калдык. Ноокат эли мурдагыдай акылдуу жетекчилердин жоктугуна өкүнүшүп, азыркыларды "саясатка берилип, байлыкка, бийликке жанталашкандар" дешет. Ноокатты Ноокат кылгандар Социалисттик Эмгектин Баатырлары экендигин бир ооздон жадырышып, ал баатырлардын бири Боромбай Атишев болгондугун, мына ошол баатырды гезит бетине эскерип коюубузду суранышып, бул улуу инсандан азыркы саясатчылар үлгү алышса деген пикирлерин билдиришти. Ноокат районунун калыптанышына зор салымын кошуп, мектеп, оорукана, дүкөндөрдү салдырган Боромбай Атишев 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры болуп, 56 жаш курагында дүйнө салган. Биз Боромбай аксакалдын үйүнө баш багып, анын мугалим уулу Абдимитал агайга жолуктук.

Абдимитал БОРОМБАЕВ:
- Мен Боромбай Атишевдин улуу баласы болом. Азыркылар Социалисттик Эмгектин Баатырлары деп айтсаң түшүнүшпөйт. Ноокатта атактуулар көп болгон. Мурдагы баатырларды эскерүү иш-чаралары болбойт. Анткени азыркылар СССР учурундагы жетекчилерди баалабайт. Билбей деле калышты. Мен эле алтымышка чыгып калдым. Атам алдым-жуттуму жок таза киши эле. Таңзаардан тамеки талаасында жумушчулар менен бирге иштечү. Түшкү тамак даяр болбой калса ичпей кетип калчу. Өкүнүчтүүсү 56 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Мындай адамдар бүгүнкү Кыргызстанга аба менен суудай керек болуп турат. Бул адамдар ичип-жемей дегенди билишчү эмес. Азыркы саясатчылар мына ушул адамдардан үлгү алышса эң сонун болоор эле.

Абдразак НАМАНОВ, 84 жашта:
- Айланайын кызым азыр мен 84 жашка чыктым. Боромбай Атишев экөөбүз чогуу иштегенбиз. Бирге өсүп, бирге чоңойдук. 4-5-класста окуп жатканда немистер менен согуш башталып кетти. Бардыгы согушка кетип, биз буудай ордук, талаада жылаңайлак машак тердик. Кыйын күндөр баштан өттү. 50-жылы аскерге кетип, үч жыл кызмат өтөдүм. Аскерден келгенден кийин кайрадан Боромбай Атишев менен бирге иштедим. Боромбай Атишев СССРдин Баатыры болду. Абдан жөнөкөй адам эле. Анын элине кылган эмгеги абдан зор. Азыркы бийликте андай жетекчилер жок. Аз сүйлөп, көп иш кылчу. 64-жылы жакшы иштеген үчүн мага коло медаль беришти. 67-жылы күмүш медаль алдым. 69-жылы Ардак белгиси деген орден беришти. Өмүр бою тамекиде иштедик. Бир гектар жерден 40 центнерге жеткирип түшүм алдык балам. Азыр айтсак эч ким ишенбейт. Азыркы бийлик биздей иш алып барганда таптакыр башкача болмок. Жетекчилер жөнөкөй болуусу керек. Биз улуу муунду эскерип турсак, азыркылар аларды билип, жаман жолго түшпөс эле. Биздин учурда байлык, бийлик эмне экенин да билген эмеспиз. Азыркыдай ушак-айың да болчу эмес. Бүгүн иш токтоп калса, эртең эл ачка калат деп коркуп, бир мүнөтүбүздү да текке кетирген эмеспиз.
Ноокаттын куту өчүп, жардамга, жаңыланууга, улуу инсандарга муктаж экендиктери айдан ачык көрүнүп турду. Учурда Ноокаттан чыккан белгилүүлөрдүн бири Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов болот. Алтынбек өз фракциясында гана алтын болгону менен өз элине али эмгеги сиңе элек. Айылдаштарынын айтымында, депутат жигит спорт жаатына гана көңүл бөлөт. Биз жогоруда улуу инсанды кичине да болсо эскерип койгонубуз, азыркы саясатчыларга аз да болсо сабак болот деген ишенимдебиз.
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ноокат-Бишкек





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«