кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

Турсунбек менен Турсунбайдан башка киши жокпу?
Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна карата көптөгөн каршы пикирлер айтылып, ал гана эмес паламенттик кароодо да Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүнө карата төмөн баа берилди. Буга чейин учурдагы Акыйкатчы Турсунбек менен экс-Акыйкатчы Турсунбайдын кайым айтышуулары чубалып келген. Турсунбек Акун кызматка келгенден тарта Турсунбай Бакир асылганын койбоду же Турсунбек Акун жооп айтканын койбоду. Учурда Турсунбектин ордуна Турсунбай келет экен деген сөз жүрүп жатат. Мындан улам Кыргызстанда Турсунбек менен Турсунбайдан башка киши жокпу деген суроо туулат. Акыйкатчы болууга жараган бычакка сап уул-кыздар толуп жатпайбы.


Чээнбеков
"Аламан" интернет гезитинде Жогорку Кеңештин депутаты "Равшан Жээнбековдун президент болушуна партиялашы Алманбет Шыкмаматов каршы"-деп жазылыптыр. Аталган сайт Жээнбековду айга-күнгө теңеп "Ата Мекенден" Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов президенттик шайлоодо ат салышууга камданып жаткандыгын билдирип, үчөөнүн ичинен "Равшан гана мыктыраак, акчасы гана жок болбосо" дептир. Биринчиден, "Равшан экөөбүз жөн эле отуралычы"-деп Алманбет Шыкмаматов чын айткан. Экинчиден, Равшандын Акаев кезинде жыйнаган акчасы башынан ашып жатат. Үчүнчүдөн, Равшан президент болуп 5000000 калктын тагдырын чечкенди коюп, атасын журналисттер менен ажылдаттырбай, 5 экс-алибичи менен элдешип албайбы. Тагдырыбызды чечээр ушул жигит болсо кыргыз эл кыйналып турганда тайгак кечүүнү кечип алыскы Америкада жүрбөйт эле да. Чээнден чыгып келип эле чечиле сүйлөп маселени чече берген болсо эле атамекенчилердин алдыңкы катарына кошо беребизби?


Кенчинин "өтүгү майрык"
Орозбек Дүйшеев деген аксакалыбыз бар. Өмүр өткүчө ушул кен тармагында өтө тургансып калды. Далай жолу "Кумтөрдүн" адвокат аксакалы болуп жүрдү го чиркин! Ушул кезде "Жерүй" кенинин айланасында ар түрдүү окуялар болуп жатканда Орозбек аксакалыбыз ооз ачып сүйлөп койгонго да жараган жок. Жакындан бери Жаратылыш жана минералдык ресурстар министрлигинин алдында түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы болуп дайындалды. Таласта Андаш кенинин айланасында ызы-чуу болду, Каракечеде кыл чайнаш жүрүүдө, айтор кен тармагында түркүн окуялар болуп жатканына карабай Орозбек аксакалыбыздын эч капарсыз жүргөнү таң калтырбай койбойт. Же эмне кен тармагында бул аксакалдан башка өз кесибин мыкты билгендери жокпу? Бардыр, кудай сактасын, кендин кенчинде туруп ошол жагынан куру калсак уят го. Орозбек аксакалдын билинбегени менен бир топ былыктары бар экенин кийинки саныбызда келтирели. Баса, "Жерүй" кени боюнча бир маалымат, Таластыктар "Кандай гана компания келбесин тагдырын акыры биз чечебиз, министринен баштап, президентиң келсе, элге пайдасы жок болсо. иштебейт" деп гана кесе айтышты.Орозбек аксакал бараар бекен Таласка.


"АС-пресс"




  Жаштар үнү

МЕЗГИЛ КЕЛДИ, ЖАҢЫ МУУН БИРИГЕЛИ!
Кыргыз кыргыз болгону кыйла кылым басып, карт тарыхта калдайган орду бар экени ырас. Эчен заман, эчен доор кыргызды канча ирет калчап, бирде бийиктетип көкөлөтсө, бирде мүңкүрөтүп чөгөлөткөнү да ырас. Улам өткөндөн сабак алып, улуттук рухту, адамдык асылдыкты арттыруу менен, Кыргыз мамлекетин, кагандыктарын эчен ирет түзгөндүгү да ырас.
Бүгүн ХХI кылым. Бүгүн да кыргыздын өз алдынча азат, эгемен мамлекети бар. Бирок, кандай абалда? Муну замандаш, сен жакшы билесиң. Андыктан, мындай курч кырдаал, өткөөл мезгилде өлкө келечеги үчүн сен да, мен да кайдыгер карап жатпашыбыз керек. Бүгүнкү күнгө дейре кыргыз жаштары мамлекетте жөн гана атуул, коомдогу жаш муун өкүлү гана болучу. Бирок, сен бүгүн жаңы кадамга барышың керек! Сен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабастан жүрөгүңдө отуң, журт сүйөрлүк демиң, жүлүнгө жетээр кебиң, келечекти түзүүгө эбиң барбы? Анда, "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген бабалар кебин эске салып, бардык жаштар биригип мамлекетибизди, өлкөбүздү көтөрөлү!
(Уландысы 13-бетте)





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика