SOS! Парламент, Миң-Чынардан кабар ал! Акыркы кезде мугалимдердин айлык маянасы тууралуу маселе козголуп, бир топ чууну жаратты. Негизинен алганда шаар мектептери менен айыл мектептеринин шарттарын салыштыра келгенде ортодо асман менен жердей айырмачылык бар экени белгилүү. Ал эми бийлик өкүлдөрү орто мектептеги билим берүүнүн сапатын, ошондой эле шаардык жана айылдык орто мектептердин ортосундагы айырмачылыкка көңүл бөлбөстөн "айлык маянаңарды көбөйтүп беребиз" -деп убадаларын беришти. Чын-чынына келгенде алыскы райондордо орто мектептердин жана мугалимдердин абалы абдан оор. Алардын абалын, кандай шартта билим берип иштеп жаткандарын төмөндө билдиребиз. Алыскы Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Миң-Чынар айылында имараттын тардыгынан окуучулар үч смен менен окуп жатканына күбө болуп, жакабызды кармадык. Ошондой эле класстардын жетишпегендигинен улам, мугалимдер менен мектеп директорунун бөлмөлөрүнүн жупунулугу жанды кейитпей койгон жок. Компьютерлешкен заманбап техникалардын чордонунда жашап жатсак да Миң-Чынар айылдык орто мектебине компьютерлер эми араң келип жеткен. Арстан САТЫБАЛДИЕВ, мектеп директору: - Агай, сиз бул мектепте канча жылдан бери эмгектенип келатасыз? - 2005-жылдан бери ушул мектепте иштеп келатам. Бул мектеп 1997-жылы ашар жолу менен курулган мектеп. 275 орундуу болуп салынган. - Азыр канча окуучу окуйт? - Учурда 840 окуучу окуйт. Үч смен толук окуйбуз. 11 класс бар. Азыр үч сменге да батпай баратат. - Сабактарды кандай кылып бөлүштүрүп жатасыздар? - Окуу убактысы эртең мененки саат:8:00дө башталат. Смендердин ортосунда 5 мүнөттөн гана тыныгуу болот. Үч смендин акыркы сааттарын дене тарбия сабагы кылып коебуз. Балдар дене тарбия сабагына чыкканда экинчи смен окуп баштайт. - Эң акыркы сабак канчада бүтөт? - Эң акыркы сабак кечки 6:40та бүтөт. - Канча мугалим эмгектенет? - Жылдын башында 44 мугалим эле. Кетип отуруп азыр 36 мугалим калды. Физика, информатика, математика, чет тил мугалимдери жетишпейт. - Сиздердин абалыңар тууралуу Билим берүү министрлиги кабардарбы? - Биз тууралуу районо жакшы билет. Бардык маалыматтар берилип турат. Бул мектеп он жылдан бери үч смен менен окуйт. - Окуу китептери жетишээрликпи? - Китеп маселесин айтсак, жогорку класстарга жаңы китептер жетишпейт. Кыскасы китеп жагынан да аксап жатабыз. - Мугалимдердин эң көп айлык маянасы канча болот? - Эки сменде иштеп, эң көп айлык алган мугалим 4800 сом алат. - Айлык маянаны көтөрүү боюнча сиздин пикириңиз кандай? - Мугалим деген - негизи мыйзамды сыйлаган эл экен. Өткөн жылы кээ бир райондордо мугалимдер нааразычылыкка чыгышты. Өкмөт маселени май айында чечебиз деп убада берди. Эгер өкмөт берген убадасын аткарбаса анда жалпы мугалимдер башкача кадам жасайт деп ойлойм. Иштеген ишине берилип, окуучуларга кандай шартта болбосун билим берүүгө аракет кылып жаткан жөнөкөй мектеп директорунун абалы аянычтуу көрүндү. Биз "билимге умтулган өлкөбүз"-деп көкүрөк какканыбыз менен, элет жергесинде мугалимдердин жана окуучулардын абалы абдан оор экенин моюнга алуубуз керек. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы, Алчынбай ТӨРАЛИЕВ: - Мурдагы мектептин эскилиги жетип, урап баштаганынан ашар жолу менен 275 орундуу мектеп курганбыз. Анан барган сайын окуучулардын саны көбөйүп, мектепке батпай калышты. Айла жок үч сменге бөлүп окутууга мажбур болуп жатышат. Мындан бир жыл мурда үч кабаттуу жаңы мектептин курулушу башталган. 7-апрелден кийин ал курулуш токтоп калган. Учурда баштаган мектепти тез аранын ичинде бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Назгүл МАМЫТОВА Бишкек-Кадамжай-Бишкек Редакциядан: Бул маалымат Билим министрлигине, Өкмөткө жетип, жогорудагы маселени карап, тиешелүү деңгээлде көңүл бөлөөрүнөн үмүт үзбөй туралы. Баткен шаарына караштуу Кызыл-Жол орто мектебинин директору Мубара АБДРАЗАКОВА: "Мугалимдердин маянасы көтөрүлөөрүнө ишенбейм" - Эже мугалимдердин айлык маянасы май айынан баштап көбөйөт дегенге ишенсе болобу? - Жок. Мен ишеналбай турам. Көрөбүз го эми. - Элет жергесиндеги мугалимдердин абалы кандай? - Мурдагылар айтып калчу эле "мугалимди көргөндө бир көчө ары качып кетчү элек" дешип. Ал эми азыр мугалимге болгон сыйдын деңгээли төмөндөп кетти. Эң негизги маселелерибиздин бири - окуу программабыз абдан кыйындап баратат. 4-класстын окуу китептери өтө татаалдашып кетти. Кээ бир маселелерди мугалимдер чогулуп отуруп алып чыгарат. Швецияда бир жумалык жүктөм 500 саат окулат экен. А бизде болсо кыскарып отуруп араң 928 саатты түздү. Бул абдан көп. Олимпиадаларда өткөн тесттер да абдан татаалдашып кетти. Шаар мектептери менен айылдын мектептеринин программаларын бирдей түзүп жатышат. Айылдын мектептеринде шаардын мектептериндей шарттар жок да. Бул нерсе таптакыр эске алынбайт. - Жаңы окуу китептери жетиштүүбү? - Ар бир окуучуга бирден китеп болуусу керек. Кайсы теманы өтүп жатсак, окуучу ошол бетти ачып отурса жакшы да. Бирок, бизде андай эмес. Китептердин сыйымдуулугу 78 пайызды түзөт. - Учурда өлкөбүздө болуп жаткан башаламандыктар, кымбатчылык балдардын окуусуна таасирин тийгизип жаткан жокпу? - Бизде ар түрдүү катмардагы эл жашайт. Өтө жардылар жашайт. Социалдык абалын үч этапка бөлүп карайбыз. Турмуш шарты оор, жалгыз бой, тоголоктор деп. Анан албетте социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөргө абдан эле кыйын болуп жатат. Кышында окуучулардын арасында маасы кийип келип жатышты. Негизинен, жетишпестик балдарды психологиялык жактан да жабыркатып коет. Ошол себептүү, өлкөбүздө тынчтык болуп, мамлекет башчыларыбыз балдардын келечеги үчүн кам көрсө экен деп тилейбиз. - Мектебиңердин абалы кандай? - Биздин мектеп мамлекеттик стандарт боюнча 400 балага ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө 740 бала билим алат. Биринчи сменде да, экинчи сменде да бош бөлмө болбойт. Класстан тышкаркы тарбиялык иштерди өткөрүүдө абдан кыйын болот. Кийинки кезде тарбиялык иштерге көп көңүл бурулуп жатат. Айрыкча мектеп ичиндеги рекетчиликти токтотуу боюнча көп аракеттерди көрүп жатабыз. Учурда Баткен шаарынын мэри Эрматов күзгө чейин сегиз класстын ачкычын тапшырам деп убадасын берип жатат. Аны убакыт көрсөтөт. Назгүл МАМЫТОВА Бишкек-Баткен-Бишкек |