"Ата Мекен" партиясынын жаш депутаты Бактыбек КАЛМАМАТОВ:

"Атамбаев Ажар менен Акмөөрдүн тагдырына тушукту"
- Өкмөт башчысынын 7-апрелдин бир жылдыгында сүйлөгөн сөзүн кандай кабылдадыңыз?
- Биринчиден, 7-апрель - бул тарыхый дата, элдин эркиндикке болгон күрөшүнүн жеңиш күнү. Бул күнү эл Бакиевдин туура эмес жүргүзгөн үй-бүлөлүк саясатына каршылык көрсөтүп, улуу максаттар менен "Мындан ары жакшы жашайбыз" деген ой-тилектери менен аянтка чыккан. Жалпы кыргыз журтчулугу 7-апрель окуясынын бир жылдыгында кечээ оппозициянын, бүгүн өкмөт башында турган Алмазбек Атамбаевден ушул улуу күндү жана элдин эркиндиги үчүн курман болгон азаматтарды эскерип, 7-апрелдин тарыхый ордун белгилешин күткөн. Бүгүн өлкөнүн премьер-министрлигин аркалаган бул кишиден өлкөнүн жаңы багыттары тууралуу, мамлекетти өнүктүрүү программасы жана 7-апрель эми кайталанбай тургандай өзгөрүүлөрдү алып келүү боюнча кебин угабыз деп ниет кылышкан. Тилекке каршы, Атамбаев эл күткөн омоктуу ойлордун ордуна кайдагы майда кептерди жаңыртты. Кыргыз саясатында үчүнчү жолу өкмөт башына келип турган Атамбаевдин жаш баладай ыйлактаган сөздөрүн тыңдап, эл уккан кулагына ишенбей тарады. Мына ушундай майда кептери менен Бакиевдин, кийин Убактылуу жана бүгүн коалициялык өкмөттүн башында турган адам сүйлөп аткан сөзүнөн мамлекетти өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын уга албаган элдин үмүтүн үзө салды. Менин түшүнүгүмдө, коалициянын алгылыктуу иш алпаралбай, бүгүн же эртең тарап кетүү коркунучунда тургандыгы да мына ушул бирдиктүү программанын жоктугуна байланыштуу экендигин Атамбаев өз сөзүндө тастыктады.
- Алмазбек мырзанын "Бөлүнө берсек, бакиевчилер бийликти алып коет" деген мааниде айтылган сөзүнө да күбө болдук. Бул боюнча силер кандай ойдосуңар?
- Биринчиден, бакиевчилер кеткен эмес. Бирок, анын баарын билип туруп, "бакиевчилер бийликти алып коебуз" деп мага түздөн түз айтууда" дегени акылга сыйбайт. Себеби, Атамбаев шайлоо бүтөөр замат эл тандаган беш партиянын арасынан алгач "биз ушулар менен гана иштеше алабыз" деп "Республика" партиясын теңдеши жок шерик катары көргөнүн жар салган. Бул менен ошол кезде эле Атамбаев биринчилерден болуп, бакиевчилер менен ажырагыс шерик экенин айгинелеген. Кийин болсо, "Республика", "Ата-Журт" фракциялары менен коалиция түзүп, камыр-жумур иштей баштады. Атамбаевдин мына ушундай кылык-жоруктарын өз көзү менен көрүп турган адамдар ал кайсы бакиевчилер жөнүндө айтып жатканын түшүнбөй калышты. Атамбаев бакиевчилер деп айтканга моралдык укугу жок деп санайм. Себеби, Бакиев маалында Бакиевдин өкмөтүн жетектегени аз келгенсип, анүчүн Бакиевдин колунан сыйлык да алган. Бүгүнкү кыргыз саясатында "Ата Мекенден" башка партиялардын арасында бакиевчилер ондоп саналат.
- Ушул кебиңизди гана улай, айрым эл өкүлдөрүнүн ысымдарын атап, "Алар мени сындоого акысы жок" деп да билдирди. Кесиптештириңизге карата жаңырган Алмаз мырзанын бул айткандарына не дейт элеңиз?
- "Атамбаевди сындоого акысы жок" делген Акылбек Жапаров өңдүү Бакиев маалында иштегендердин жоон тобу бүгүн парламенттеги коалициянын жана коалициялык өкмөттүн курамында экендиги кимге жашыруун? Аларга салыштырмалуу парламенттеги оппозициянын өкүлү, эл шайлаган депутат катары А.Жапаровдун сындаган ой-пикирлеринин орду бар. Кесиптешим А.Жапаров өкмөт башчысын сындоого моралдык да, Конституциялык да укукка ээ. Анткени, ал өкмөттүн ишине баа бергендиги үчүн мамлекет казынасынан маяна алат. Коалиция куралып атканда бакиевчилер экенине карабастан, "Республика" менен "Ата-Журт" фракциясын кошуп алган Атамбаев бүгүн ошол коалициянын мүчөсү, эл шайлаган депутат Нариман Түлеевди мурда билбегендей коом алдында шылдыңдап жатат. Мындай аракети - жеке пикиримде, коалициянын күнү бүтүп бараткан кезинде Атамбаевдин эл тарап болуп көрүнгүсү келгени.
- "Бөлүнбөйлү, бөлүнсөк бөрү жеп кетет" деп Атамбаев коркунуч туудурган кайсы бир күчтөр бар экенин билдирди. Эл өкүлү катары бул кайсы күчтөр деп боолголоп турасыз?
- Коалиция түзүлүп жатканда бакиевчилерди жана өзү айтмакчы, реваншисттерди теңине албай, бөлтүрүктөй көргөн Атамбаев бүгүн алардын бөрүгө айланганын эл алдында моюнга алып олтурат. Өкмөт башчылыгына шайланып жатканда эл өкүлү катары Атамбаев акыры Акмөөрдүн тагдырын кийип калаарын, анын туура эмес багыт алгандыгын алдын ала эскерткем. Бирок, ал өз сөзүндө өкмөт чыныгы адистерден куралганын, бир айдан кийин гүлдөгөн замандын программасын алып чыгарын жар салган. Мына ошол ишеничтүү кыйкырык жасаган өкмөт башчынын 7-апрелдеги сөзүнөн улам, бүгүн ал жалаң бөрүлөрдүн арасында жалгыз калып, бөрүгө жем болгон Ажардын тагдырына дуушар болуп калды деп бүтүм чыгарууга негиз берет. Атамбаевдин саясый тагдыры Ажар менен Акмөөрдүн тагдырына окшошуп калышы бүгүн анын алсыз экенин далилдейт.
- Балким, Атамбаев белгилегендей, оппозициялык фракция катарында силер азыркы өкмөттүн жетишкендиктерине жана жакшы иштерине көз жуумп жаткандырсыңар...
- Атамбаевдин ушул кеби анын Бакиевдин иш алпаруу тартибиндеги окшоштуктарды тизмектөөгө түртөт. Эсиңиздерде болсо, Бакиев учурунда Токтогул ГЭСи кургап, жарык көйгөйү келип чыкканда уйдун жардамына күнү түшүп, жалпы кыргызды тезек терүүгө үндөгөн. Бүгүн Атамбаев бир үй-бүлөнү бир уй эркектен артык багарын айтып, бүгүнкү өкмөт башчысынын да күнү уйга түшкөнүн ачыктады. Мындай өкмөт башчы менен жакынкы келечекте кыргыз Индиядагыдай уйга сыйынып калабы?! Кыргызстан бир ферманы башкарууга акылы жетерлик өкмөт башчы эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өргө сүрөй турган адамга муктаж.
Дагы бир окшоштугу, Бакиев бийликке келгенде "чу" дегенде эле "Мэр, ректор, айыл өкмөт башчыларын өзүм дайындайм" деп шымалана киришкен. Биз чоң үмүт менен өзгөрүүлөрдү күтүп жаткан Атамбаев Бакиевдин жолун жолдоп, ушундай кадамга барды. Бакиев оппозициянын митингине келип: "Жасалып аткан иштерди көрбөгөндөрдүн көзү сокур" дегени элдин эсинен кете элек. Бүгүн Атамбаев Бакиевге окшоп, "Бакиев заманына караганда азыр жаман жашап атабыз" дегендерди Кудай урсун" деп элди күнөөлөгөнү баарын көрүп-билип турган жалпы журт үчүн сөөктөн чучукка өтүп кеткендей болду. Бийликте олтургандардын жашоосу Бакиевден калган байлыкты талап-тоноп, бөлүп алгандан кийин оңолгону - бул чындык. Бийликтегилер "жашообуз жаман" десе, аларды Кудай уруп кетишине каршы эмеспиз. Бирок, карапайым калкты жашоосу оңолбогондугу үчүн "Кудай урсун" деп өкмөт башчысынын каргашына жол бербейбиз. Революциянын аркасында жарык баасы төмөндөп, уюлдук телефонго кошумча акы төлөнбөй калганы менен былтыркыга салыштырмалуу алда канча өскөн азык-түлүк бааларын арзандатып жибербесе да, ооздуктап калууга бүгүнкү өкмөт аракет жасап жатабы? Же тарифтерди бетке тутуп, элди күнөөгө жыккыдай, бул өкмөт да убактылуубу?
- Бир жыл ичинде баарын гүлдөтүп жибергенге мүмкүн эмес да. Маселен, уюшкан кылмыш топтору менен аеосуз күрөшүп жатканы өкмөттүн мактоого татырлык иши эмеспи?
- Күрөшүп жаткандыгын так айталбасам да, күрөшүп жаткандай түр көрсөткөнүн баса айта алам. Көчөдө жүргөн 4-5 спортсменди болбогон бир шылтоо менен камоо - бул уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө жатпайт. Бул күрөш мамлекеттик деңгээлде болууга тийиш. Бизде болсо, баары тескерисинче. "Криминалга каршы күрөшүп жатам" деген өкмөт башчысы Атамбаевдин кабинетинде Бабанов А.Жапаровго кол көтөрсө, "бул туура эмес болду" дегендин ордуна ал киши "Таласта Конгантиевдин ордуна Жапаров таяк жеш керек эле, Бабанов таластыктардын өчүн алып берди" деп шердене сүйүнөт. Ал эми Жогорку Кеңеште болсо, А.Сулайманов "коалициялаш" кесиптештери К.Ташиев менен С.Жапаровго кол салса, "Алтын Сулайманов азамат экен, Ташиевди ордуна коюп койду" деп Атамбаев кубаттап жатат. Бул көрүнүштү биз саясый террор катары баалайбыз. Зордук-зомбулук менен депутаттарды коркутуп-үркүтүү бүгүн башталышы гана болушу мүмкүн. Кийин мындай криминалдык ыкмалар күч алып, накта криминалдашкан бийликке туш болсок кантебиз?! "Парламентте олтурган депутаттардын артынан уюшкан кылмыштуулук топторунун кулактары көрүнөт" деп Атамбаев өз сөзүндө айтып жатат. Демек, криминалга каршы күрөштү көчөдөн эмес, парламенттен жана өкмөттөн баштоо зарыл. Ошондой эле криминалга каршы күрөш криминалдык топтордун майда мүчөлөрүн камоо менен эмес, криминалдык идеологияга каршы күрөштөн старт алат.
- Эл "Ата Мекен" жана СДПКны баары бир чогуу кабылдайт, тектеш, идеялаш партиялар деп билет. Атамбаев деле өз сөзүндө силерди жанына чакырды го. Эмнеге тил табышып, бирге иш алпарбайсыңар?
- "Ата Мекен" социалисттик партиясы жана биздин Жогорку Кеңештеги фракциябыз ар убак Кыргызстан социал-демократтар партиясын чынында эле боордош партия деп билет. Кыйын убактарда бири-бирибизге кол сунуп, бир жолдо келгенбиз. Мындан ары да жардам-көмөгүбүздөн тайбайбыз. Бирок, "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" дегендей эле элдин өкүлү жана парламенттеги оппозициялык фракция катары акты ак, караны кара деп ажырата айтып туруу милдети бизди өкмөттүн туура эмес иш-аракеттерин сынга алып, анын ичинде өкмөт башчысынын да кемчиликтерин көзгө сая көрсөтүп турууга мажбурлайт.
Маектешкен
Баймырза НАКАЙ