Мүйүздүү болобуз деп кулаксыз калбайлы

БАЖЫ СОЮЗУНУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ
Россия, Казакстан, Белоруссия өткөн жылдын 1-июлунан бери бажы союзун түзүшүп, эми ага Кыргызстандын киришине кызыкдар болуп күтүп жүрүшкөн. Кыргыз өкмөтү болсо "үчилтикке биз да киребиз" деп Россияга "рапорт" берип жиберди. Бажы союзуна кирүү Кыргызстан үчүн кооптуу кадам болоору айтыла баштады. Бирок кыргыз бийлиги Акаев, Бакиев доорундай болуп, өз пикирин элге таңуулап, кайчы пикирлерди уккусу жок. Буга чейин Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө катары сырттан бир топ арзан баада товарларды сатып келип, аларды кайра ошол эле кошуна Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга сатып (реэкспорт), эл турмушу ушунун эсебинен да "өлбө жаным, өлбө" болуп келаткан. Мындан кийинки абал эмне болот?


Маселеге саясий жана экономикалык жактан баа берсе болот. Маселен, Беларусь үчүн бажы союзуна кирүү экономикалык жактан көбүрөөк пайда апкелсе, курсагы ток Россия үчүн чеңгелин дагы үч мамлекетке батырып, ал аймактарга башын батырып алып - саясий жагы маанилүү болуп турат. Ал эми экономикасын да, саясатын да Россиясыз жүргүзө албаган Кыргызстан үчүн бажы союзуна кирүүнүн пайдалуу жана зыяндуу жактары кайсылар?
Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан өндүргөн азык-түлүктөрүбүздү Казакстанга, Россияга сатканга - бул жагынан пайдалуу. Бирок кыргыз азык-түлүктөрү ошол эле казак, орус базарларына ээн-эркин өтүп, алардын өздөрүнүн азык-түлүктөрүнө атаандаша алабы? Кытай болсо өз аймагына кыргыз азык-түлүктөрүн киргизмек түгүл, өзүнүн дыйкандарын көздүн карегиндей сактап, алардын арзан азык-түлүктөрү менен Кыргызстанды эмес, дүйнө базарларын ээлеп жатпайбы? Анын үстүнө Кытайда жумушчу күчү өтө арзан болуп, экономикалык башка рычагдары менен биздин товарларды рыноктон оңой эле тээп таштайт. Тажикстан менен Өзбекстан да биздин азык-түлүктөргө анча муктаж эмес.
Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө катары азык-түлүктөрүбүздү ошол уюмга мүчө өлкөлөргө сатып турсак, минтип орус менен казакка күнүбүз түшпөйт эле го. Бирок андай базарларга жетүүгө сүйүү ырында ырдалгандай -"жол алыс болсо кантели". Азык-түлүктөрүбүз экогиялык жактан таза экендиги талашсыз, бирок ошону базардын тилинде Интернетте, мамлекеттер аралык соода-сатык келишимдерин түзүүдө саймедирегенге (менеджмент), мактаганга мамлекетибиз, анда иштеп жаткан министрлерибиз, алардын үчтөн-төрттөн орун басарлары, алардан төмөн жактагы миңдеген атка минерлери Бакиев айткандай, начар менеджмент болуп жатпайбы. Төө буурчагыбызды түрктөргө, кой этин ирандыктарга, картошкабызды казактарга, мөңгү сууларыбызды арабдарга жеткире албай, алар өздөрү келип текейден арзанга алып кетип жатышпайбы. Эч ким маани бербеген койдун керчөөсүн европалык технология менен куйкалап, Европа элинин столуна жеткирсек, же Кыргызстанга келген чет элдик туристтерге англис, немис, француз, түрк тилдеринде саймедиреп тартууласак, кыргыз анча маани бербеген койдун териси менен төш майы, кызарган кызыл эти эле 100 доллар болуп жатпайбы. Муну неге колго алалбайбыз?
Айыл чарбасындагы сатуу жана кайра иштетүүнүн, тейлөөнүн ушул сыяктуу көйгөйлөрү жолго коюлса, борборго самсаалаган эл айылдарда иштеп, ички миграция да бир топ азаймак. Эт, сүт, мөмө-чөмө, жашылча-жемиш, пахта, тамеки, жүн, терини кайра иштетүү жолго коюлса, сыртта ит көрбөгөн кордук менен иштеп жүргөн жарым миллион калкыбызга иш өзүбүздөн эле табылмак.
Бажы союзуна кирүүнү кийим тигүү тармагында иштеп жатышкан кыз-келиндерибиз кош колдоп колдошоору бышык, анткени Кыргызстанда тигилген кийим-кече негизинен Россия менен Казакстандын базарларына жөнөтүлүп жатпайбы.
Өкмөт өкүлдөрү жана адистердин көбү бажы союзуна кирүүдөгү Кыргызстан үчүн күзүр карта деп күйүүчү-майлоочу майлар, курулуш материалдарынын арзаныраак келишин айтып жатышат. Чынында эле Кыргызстандагы башка бардык баалар бензиндин арзан-кымбатташына байланышытуу экендигин жон терибиз менен сезбедикпи өткөндө. Тоо-кен жана энергетика тармагыбыз үчүн деле бажы союзунун зыянынан пайдасы көбүрөөк болушу мүмкүн. Болгону инвесторлорубуз кайдагы бир оффшордук аралдарда катталып, кеңсеси Англия менен Америка же Канадада эмес, орустар менен казактар болсо деп жатышат. Бирок бул жагынан азыркы инвесторлорго да ишенич өтө аз.
Өкмөт башчы Атамбаев айткандай, бажы союзуна кирсек, ириде эмгек мигранттарыбыздын абалы казак менен орустардын катарына теңелет дегени анча-мынча апыртмасы менен чындыкка жакындайт. Жанын оозуна тиштеп жүргөн мигранттарыбыздын Кыргызстандагы жакындарына жөнөтүп жаткан акчалары өлкө бюджетинин жарымына жакынын чапчып жыгылаары турган иш. Бирок биздин мигранттар жергиликтүү калк менен тең ата укукка ээ болуп калат дегенибиз бери дегенде 4-5 жыл эрте айтылган сөз. Себеби Россия, Казакстанга кетип жаткан жердештерибиз жогорку же орто билимдүү, өз тармагынын квалификациялуу адистери эмес, алардын дээрлик көпчүлүгү орто билимди айылдан алган, эч кандай адистиги жок адамдар. Алар курулушта, тейлөө тармагында, завод-фабрикаларда квалификациясы жок, аз эмгек акы төлөнүүчү тармактарда көмөкчү кара жумуштарда иштегендер. Категориясы, разряды, квалификациясы менен иштеп, жакшы маяна алган кыргыздар жокко эсе.
Бажы союзуна киргенде Кыргызстандын утула турган жагы -бул реэкспорт тармагы. Кытайдан, Туркиядан, Араб өлкөлөрүнөн арзан баада келип жаткан товарлар менен азыктарыбызды кайра эле Казакстанга, Россияга, Тажикстан, Өзбекстанга дүңүнөн сатуу кан буугандай токтобосо да, калабасы катуу эле болчудай. Дордой, Кара-Суу, Мадина базарларында реэкспортко байланыштуу иш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып жаткан элдин саны Россияда жүрөт деген 500 миңден ашса ашат, асти кем эмес. Бажы союзуна кирүү биринчи кезекте ошолордун чөнтөгүн итабар жукартат.
Реэкспорт - бүгүн бар да, эртең жок оокат, жалпак тил менен айтканда - алып сатарлык, соодагерлик иш. Кыргыздар Кытайдан, Түркиядан, Пакистан, Иран, Араб өлкөлөрүнөн ошол мамлекеттердин товарларын алып келүү менен биз -кайрадан бир тууган болгону жаткан Россиянын, Казакстан, Белоруссиянын экономикасына жардам бербей эле, тигил өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө жардам берип жаткан болобуз. Россия эртеби-кечпи өз рыногун, өз экономикасын коргомок. Бажы союзун түзүү - ошондой аракеттердин бир кадамы. Экинчи жагынан Россия да ВТОго кирүүгө кызыкдар. Кирсин деп Кыргызстан макулдугун берген.
Ал эми алып сатарлыкка келсек - бул маңдай тер агызып, бел оорутуп иштебей акча тапканга адистешкен адамдардын оокаты. Байкуш кыргыз жыл бою жер иштетип, мал багып тапкан каражатын түйүнчөккө түйүп Дордой, Мадина, Кара-Суу, Кудайберген базарына келет да, алып сатарлардан керектүү кийим-кече, үй тирилигине керектүү техника, мебель, машина сатып алып, кызылдай акчасын санап берип, кете берет. Мамлекет товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого артыкчылык берип, өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө чама-чаркы жетпей жатат. Тескерисинче, алып сатарлык, ортомчулук фирмалар козу карындай жайнап баратат. Экономикада ошолордун кызыкчылыктары көбүрөөк корголот. Бир карасаң Кыргызстан жалаң алып сатарлардын, соодагерлердин өлкөсүнө айланып бараткандай. Курулуп жаткан имараттардын көбү соода-сатык дүкөндөрү, ашкана, кафе, ресторан, казино, мончо, сауналар же турак үйлөр. Эмне үчүн Кыргызстан космос кораблдери үчүн тетиктерди, тоо жолуна ылайык дөңгөлөк менен да, дельта канат менен да жүрө турган, уча турган автомашина чыгаруучу завод курбайт? Эмне үчүн Кыргызстан турак үйлөрүн, коомдук имараттарын күн, шамал энергиясы менен иштөөчү батарейкалар менен өзү жабдый албайт? Ошондой батерейкаларды чыгар албайт? Эмне үчүн Кыргызстан компьютер чыгаруучу завод куруп иштете албайт? Бажы союзуна Кыргызстан биринчи кезекте Россия, Казакстан үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүн жана арзан жумушчу күчтөрүн жөнөтүп туруу үчүн гана керек. Ал эми Кыргызстаныбыздын жогоруда айткан жогорку технологиялуу өлкөгө айлануусу - бажы бирдиги боюнча "бир тууган агаларыбыз" үчүн анча жага бербеген, каалабаган жагдай. Россия, Казакстан, Белоруссия үчүн Кыргызстан өздөрүнүн өнөр жай товарларын сатуу, рынок алкагын кеңейтүү үчүн гана керек. "Биз бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчөбүз, ошондуктан силер бизге аскер техникаңарды, курал-жарагыңарды, жогорку технологиялуу товарларыңарды, бензин, керосин, соляркаңарды ВТОнун талаптарына ылайык төмөнкү бажы салыгы менен саткыла, биз реэкспорт кылып, каалаган башка өлкөлөргө сатып, элибиздин жашоо деңгээлин көтөрөлү" деп кыргыз жетекчилери бажы союзундагы 3 "байкесине" айтып көрсүнчү - алар бизди бажы союзуна кабыл алмак түгүл, жанына жакын жолотпойт. Кыргызстан Россия үчүн АКШны алкымдан алып, тизгинин тартып турганга, Кытайга ыдык көрсөтүп турганга көбүрөөк керекпиз. Казакстан үчүн өзүнүн түштүк аймактарын айран-сүт, жашылча-жемиш, андан да маанилүүсү - сугат суусу менен эркин камсыз кылып турганга керекпиз. Ал эми 15-20 жылдан кийин дүйнөдө ичүүчү таза суу бензинден да таңсык болушу күтүлүп жаткан шартта Кыргызстан бажы союзундагы өлкөлөрдүн колундагы күзүр картага айланышы ажеп эмес.
Ошентип Кыргызстан бир жагынан бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна, бир жагынан бажы союзуна мүчө болуу менен оозуна эт салып чайнап жута элек жатып, артынан нан чайнап жутам деген балача какап калбас бекен? Бажы союзуна кирүүнүн оң, терс жактарын Жогорку Кеңеш талкуулап, сунуш-пикирлерди айтканын өкмөт эске алдыбы? Бажы союзуна кирсек бажы, салык, чек ара, миграция, жарандык, кылмыш ж.б. мыйзамдарыбызды, Кодекстериибзди өзгөртүүгө туура келээр? Ал жагы кандай болуп жатат? Кыргызстан Прибалтикадагы 3 республикага, же Түштүк - Чыгыш Азиядагы Сингапур, Гонконгго окшоп бардарчылык коомдо жашап, эркин соода базарын камсыз кылып, ошого ылайык коом кура алабы же бирөөнүн жетегинде калган, бирөөгө экономикалык да, саясий да жактан көз каранды бечара өлкө бойдон калабы- белгисиз.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ