Байболов баштаган качкындар Америкада гамбургер жеп… "Сөздү убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт" деген кеп бар кыргызда. Экс-Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун кызматтан кетээри менен өң алеттен кетип чычалаганы акылга сыйбаган көрүнүш болду. Ал баарынын алдында бажактап, кызалаңдап сүйлөп жатып өзүнүн аброюн бир топ эле төмөн түшүрүп алды десек болот. Айрымдар Байболовду "политический трупка" айланды дешүүдө. Анын өкмөт башчыларына карата айткан айыптары толук далилдүү болбосо да анча-мынча фактылары бар экени байкалды. Бирок, ал кызматтан кеткенден кийин эрине таарынган аялдай болуп жажылдаганы менен өзүн кызмат үчүн гана жүргөн адам экенин ачык билдирди. Көрсө саясатчылар балээнин баарын билип турса да, кызмат үчүн элдин келечегин ойлобой калат тура. Кыскасы, Байболов өзгөнүн да өзүнүн да накта жүзүн ачып берди десек болот. Кубатбек Байболов ИИМ министри болуп турганда орунбасары Кубанычбек Кадыровду кызматынан кубалап жибергени эсибизде. Анда да "Кубанычбектин тириукмуштай кылмыштары сейфте сакталып турат" -деп өзүн бир топ актаган эле. А чын-чынына келгенде Кадыров Балыкчыда Бакиевдердин туткунуна айланып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда Байболов баштаган качкындар Америкада гамбургер жеп, кока-кола ичип отурбады беле. Америкага суу жүрөктөр, байлыгын сактап калууга аракет кылгандар качып кетишкен. Болбосо Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Ишенбай Кадырбеков деле качпайт беле. Кыргызстан кылмыштуу бийликтин торуна чалынып, ачарчылыктын сазына малынып турганда Америкадагы эргулдар азыркыдай сайрашканда эмне. Эми баары бүткөндөн кийин ичи коюнга кирип, чуркап келген качкындарга жол болсун. Жаш талант! Атай ӨМҮРЗАКОВ: "Биздин өлкө таланттарды баалабайт экен" Парламенттеги кайым айтышуулар, ушак, териштирүүлөр Кыргызстанды ушакчылардын өлкөсү катары көрсөтүп жатканы абдан өкүндүрөт. Ошондой эле спортко, маданиятка көңүл бөлөбүз деп саймедирегенибиз менен маданият, спорт тармагы арабасын тарта албай алсырап турган кези. Таланттуу жаштарыбыз таланттары менен Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө таанытып, кыргыз деген мамлекет бар экенин билдирип, туубузду желбиретип жатса, бийликтегилер таланттардын талантына таазим кылгандын ордуна кол шилтеп коюп жатышат. Кыргыздын туусун Орусияда желбиретип "Минута славы" долбоорунда 2-орунга ээ болгон жаш талант Атай Өмүрзаковдун абалына азыркы өкмөт сыртын салып, Бакиев берген үйдү ыраа көрбөй жатканын угуп, жакын арада Украинада өтүүчү "Менин таланттарым" аттуу долбоордун финалдык туруна даярданып жаткан Атайды сөзгө тарттык. - Атай, жакын арада сени Украинага кетет деп уктук. Даярдыктар кандай болуп жатат? - Ооба. Буюрса 22-апрелде Украинага учуп кетем. Ал жакта "Минута славы" долбоорунан да чоң конкурс болот. Мына ошол конкурста Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиретсем деген тилегим бар. Ага бүт дүйнөдөн 30 миң адам катышып, арасынан элүү адам өткөн. Элүүнүн ичинде мен да бармын. Кудайым буюрса финалга ат салышам. - Сага жардам берип, көмөк көрсөткөндөр барбы, азыркы өкмөт кандай көңүл бөлүп жатат? - Чынын айтсам колдоочуларыман акча сурагым келбей калды. Биринчи турда Ассоль Молдакматова костюмумду жасап берген. Негизинен алып караганда биздин өлкө таланттарды баалабайт экен. Көңүлүм калды. Украинага, Францияга, Англияга барып келсем, бийден кетем го. Динге өтсөмбү деген оюм бар. Учурда Президенттин алдындагы академияда билим алып жатам. Талантыңды мамлекет баалабагандан кийин, өзүмдүн жолум менен эле кетейин деп жатам. Мен мамлекеттен бир нерсе үмүт кылып жаткан жокмун. Бир нерсе сурагандан да уялам. Менин максатым чет өлкөдө кыргыздын желегин желбиретүү. - Мындай талант сенде качан пайда болду эле? - Бала кезимде бийди кыздар бийлейт деп жаман көрчүмүн. Кийинчерээк бош убактым көбүрөөк болуп калды. Өзүм спорт менен машыкчумун. Анан акырындап бийге кызыга баштадым. Ортодо бир фестивалга катышып калдым. Ошондон тарта кызыгуум артып, чоң сахнага чыксам деп тилек кылгам. "Баракелде" долбооруна катышып, андан Москвада өтүп жаткан "Минута славы" долбооруна катышууга виза жибергем. - Москвадан сага калып калууга сунуштар түштүбү? - Ооба. "Россия эстрадасынын жылдызы болосуңбу" деп сунуш кылышты. Бирок, ага макул болбодум. Анткени мен Кыргызстандан эч жакка кетким келбейт. Россиянын жылдызы болуш үчүн үч жыл бийлеш керек экен. Мен болсо анча көп бийлебейм. Дагы бир жыл бийлесем болду, токтотом. - Мурдагы президент Бакиев сага эки бөлмөлүү үй берилээрин билдирген. Бирок, азыркы өкмөт бербей жатканы чынбы? - Ооба. Чындыгын айтыш керек. Курманбек Бакиев тарабынан эки бөлмөлүү үй былтыр 7-апрелде берилмек. Бирок, өзүңүздөр билгендей революция болуп кетти. Андан кийин азыркы өкмөткө кайрылсам "документтериң күйүп кеткен, берилбейт" деди. Адвокаттар сотко берүүмдү билдиришти. Бирок, мен анткенден уялам. Негизи үйдү апама берген. Үй берилсе апам бул жакка келип мени менен чогуу жашамак. Азыр апам Ысык-Көлдө жашап жатат. Назгүл Мамытова Ууруну алыстан издебе, алар жаныңызда жүрөт, Роза айым! Тазаланган бийлик келди деп азыркы атка минерлерди абдан мактап жатпадык беле, балакет басып бир оодарылганда эле азыркылардын болгон мыдыры көрүнүп көзүбүз тунарып кеткендей эле иш болду. Өгүнү "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Республика" партиясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун ортосунда от чачыраган күнү эки тараптын тең жез билек балбандары ЖКнын имаратына кирип барып "разборка" жүргүзүшмөкчү болушканда эки тарап кичине элдешкенге келип маска кийген коопсуздук кызматынын жигиттери барып курчоого алып коопсуздукту камсыз кылышкан эле. "Мактаган кыз…" болуп эки депутат тең эрдемсинип апапакай болуп жүрүштү эле дал ошол күнү кимдин ким экендиктерин элге шардана кылып беришти. Ал эмне болгон шардана иштин чоо жайын талкууламакчы болуп келишкен жез билектер ЖКнын ичине куралчан киришиптир. Мунун УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев ачыктады. Анын айтымында, бул окуядан кийин жаңжалдашкан эки тараптан тең бой-мүчөлүү куралчан жаш балдар пайда болуп УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери Жогорку Кеңештин кире бериштерин тосуп, кирген-чыккандарды текшерүүгө алышкан. Анын натыйжасында 1 автомат, 10 тапанча алардын жанынан чыккан. Мынаке сага, ЖКнын ичи алар үчүн "разборка" кылчу жай экен да. Эгер эки тарап бир пикирге келише албай калса ичиндеги эки тарап бирин-бири аткылап балээнин башы көк үйдүн ичинен чыкмак экен да. Кимге ишенип жүргөнүңөрдү билип алгыла, кыргызым. Өлкөнү куралчан, сакалчандардан арылтабыз дегениңер деле суу кечпей калды. Отунбаеванын куралчандар менен күрөшөм деп айтып жатканы деле болбогон нерсе экенине эми ынана баштадык. Болбосо ушул кезге чейин аларга эмнеге жаза колдонулбайт десең? Же жансакчыларбыз деп кутулушту бекен? Тактоо керек го… |