Элиталогия!

Ташизм
коркунучтуубу?
(Башы 1-бетте)
Камчыбек Кыдыршаевич 1968- жылы Жалалабад областындагы Барпы айылында төрөлгөн. Томскидеги химия - технологиялык мамлекеттик университетин жана Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен билим алган.
Ташиевдин эмгек жолу 90 - жылдарга туш келип, эл арасынан бизнесмендер там-таң баскан баладай жаңыдан пайда болуп, криминалдар менен байланыш түзүлө баштаган кез эле. Ошол учурда Ташиев да коммерциялык чыгармачылыгын баштап, "Мээрим Ай" компаниясына жетекчилик кылган. Кийинчерээк "Томас" фирмасын (баштапкы капиталын ушундан топтоп, ал андан ары бийликке келишине негиз түзгөн) уюштуруп, аны башкарган. Ал кезде Ташиев өзүнүн кичинекей мекенине гана таанымал болчу.
Ташиев өзүн мамлекеттик кызматта да сынап көрдү. Жергиликтүү облмамадминистрация менен мамлекеттик нефти-газ компаниясында, көп багыттуу айыл - чарба кооперативинде алмак - салмак иштеп, бирок ал жакта көпкө кармалбай өзүнүн "Томас" фирмасына кайтып келген.
Бийликтин тепкичине болгон алгачкы негизги кадамды Ташиев 2002 - жылы жасаган. Өлкөнүн премьер - министринин аппарат башчысынын жардамчысы болуу менен Акаевдин жакындарына билгичтик менен мамиле жасап жүрүп, борбордогу Ленин районунун башчысынын орун басарлыгына дайындалган. Анын жигердүү аракети жана жогорку чиндеги адамдарга мамиле жасай билүүсү жогорку жактагылардын көз жаздымында калбай, жамандык жагынан аты чыккан, чуулгандуу ага - инилеринин жардамы менен Барпы айылдык округунан жеңишке жетишип, парламенттин депутаттыгына шайланат.
Акаев жана анын үй-бүлөсүн өлкөдөн качып чыгууга мажбур кылган 2005 - жылдын 24 - мартындагы революциядан кийин бийликке Бакиев келди. Камчыбек Кыдыршаевич экөө бир жердин кулундары болгондуктан бат эле тил табышкан. Өлкөдө биринин артынан экинчи митинг өтүп, эл толкуп турган учурда Ташиев Бакиевдин парламенттеги таянычы болгон. Ал парламенттеги депутаттардын "Бригада" деп аталган, президентти жактаган тобуна жетекчилик кылган. Өзүнүн ак иштегендиги үчүн ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин портфелине ээ болуп, көп жылдар бою эңсеген ээрине минип, эки чылбыр бир тизгинди колуна алат.
Бирок, анын бактысы узакка созулбайт, Өкмөттүн башчылыгына Данияр Үсөновдун келиши менен Бакиевдердин үй - бүлөсүндө карама - каршылык өсө берет. Бир жак өрөөндө президенттин бир туугандары турса, экинчи жээкти алардын чектен чыккан балдары ээледи. Ташиев Бакиевдин бир туугандары тарапка өтүү чечимин кабыл алат. Анын бул кадамы өз башына муш болуп, көп өтпөй кызматтан кол жуусуна, ызы-чуу менен кетишине алып келди.
Мына ушундай кадамдан кийин да ал өзүн Бакиевдин башкаруусуна каршы чыккан адам катары көрсөтүп келе жатат. Же жалганбы? Учурда эл үчүн чын дилден камкордук көргөн адам катары көрсөтүүгө далалаттанган Ташиевдин турмушунан айрым окуяга токтолуп, окурмандардын эсине сала кеткенибиз туура болоор.
2009 - жылдын 10 - декабрында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Өкмөттүк кеңешмесинде Ташиевди резервдеги каражатты максатсыз жумшап, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйдү кургандыгы үчүн күнөөлөгөн. Бул тууралуу кайым - айтышуудан кийин Ташиев кеңешмелер залынан чыгып кетип, ошол күнү өз арызы менен кызматтан кетип, журналисттерге Данияр Үсөновдун отставкага кетүүсүн талап кылам деп билдирген.
Көп өтпөй эле Ташиевдин таламдаштары (Жалалабад областы, Сузак району) Барпы айылында плакат менен транспаранттарды көтөрүп алышып, Үсөновдун кызматтан кетүүсүн, Ташиевдин ордуна кайра барышын талап кылышты.
Айтмакчы, 2007 - жылы парламент тарап, "АК Жол" партиясы жаңыдан уюшула баштаган кезде, партиянын ошол кездеги куратору маркум Медет Садыркулов Ташиевди жана анын азыркы "Ата-Журт" боюнча кесиптештерин партиянын мүчөлүгүнө өткөрбөө жөнүндө чечим кабыл албады беле. Ошондо да Барпылыктар митингге чыгышып, өздөрүнүн жердешин партиянын курамына алышын талап кылышкан. Кийинчерээк Ташиев Бакиевдин бир туугандарынын жардамы менен депутат кезинен бери эңсеген министрликтин (ӨКМ) ээрине келип отурган.
Бирок, баары эле ал каалагандай боло берген жок. Максим Бакиевдин ишенимине кирип, колдоосуна ээ болгон Данияр Үсөнов коррупция менен күрөшүү чечимин жарыялап чыгып, ал эми Ташиевди колдоп жүргөн Бакиевдин бир туугандары агасынын "чектен чыккан" баласы менен мамилелерин бузгулары келишкен жок. Анын үстүнө Макс президенттик тактыны ээлөөнү жашыруун түрдө көздөгөндүктөн бийликте өзүнүн кишилеринин көбүрөөк болушуна кызыктар болуучу. Ал атасынын бир туугандары колдошкон адамды өз жолунан алып салуу ыкмасын көрөгөчтүк менен ойлоп тапкан. Ал эми Максимдин нөкөөрүнө айланып бараткан Үсөновго буйрукту аткарууга туура келген. А чындыгында ага баары бир болчу, ал бир гана максатты: иши кылса ханзаданын жанында болууну, анын ишениминен чыкпоону гана көздөгөн.
Берилген буйрук боюнча Эсептөө палатасы ӨКМнин 2007 - жылдын 1 - июлунан 2008 - жылдын 31 - декабрына чейинки ишине пландык текшерүү жүргүзүп, Ташиевдин жүзүн ачып, акчалай жана материалдык каражаттарды уурдоо, эмгек акыларды негизсиз төлөө, куруу - монтаждык иштердин көлөмүн ашыра көтөрүү, "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" Мыйзамын жана салыктык мыйзамдуулукту бузуу, ж. б. кылмыштарын аныктаган соң финансылык полиция ӨКМде иштеген айрым кызматкерлерге эки кылмыш ишин козгогон.
Бирок, К. Ташиев да жөн жаткан жок. Азап чеккен адамдын көйнөгүн кие калып, көпчүлүккө "куугунтукталып" жатканын жарыялап чыкты. Ошол кезде Үсөнов да саясатчылардын арасында өзүнүн беделин түшүрүп, кадыр - баркын абдан эле кетирип алган кези эле.
Камчыбек болсо "Акаевдик - Бакиевдик" агымындагы бардык эле чиновниктер сыяктуу жок жерден күнөөсүз жалаага жана куугунтукка кабылганын, мамлекет үчүн ак иштеп, бир тыйын залал келтирбегенин айтып какшады. Кара жолтой 106 квартиралуу турак үй (ар бир кв. метри 385 америка доллар) "түндүктөн" - "түштүк" борборго келишкен ӨКМдин кызматкерлери үчүн салынган. Ошондой эле калган күнөөлөрдү да эч негизсиз деп эсептейт. Бирок, Алай районундагы Нура айылында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн 40 фунттук контейнерлерди мобилдик үйлөргө жабдууда НДС, автожолду колдонгондугу үчүн салыктардын негизсиз эсептелгендиги ж. б. такталган. Жыйынтыктап айтканда "негизсиз" сумма 3 млн сомдон ашкан.
"Шибеге капка катылбаган" сындуу, анын кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы четинен чубалып, ачыкка булайып чыга келбедиби. Жогорудагы мыйзамды одоно бузуулар аз келгенсип, ӨКМ эч кандай тендер жарыялабай туруп эле "Тилекстрой" ОсООсунан 4,6 млн сомго литри 23 сомдон күйүүчү май сатып алып турган. Ал эми "Тилекстройго" күйүүчү майды башка ОсОО, тактап айтканда "Томас" фирмасы сатканын, болгондо да литрин 17,4 сомдон өткөргөнү текшерүүдө аныкталган. Текшерүүчүлөр белгилегендей мындай схема менен май сатып алуу токтогон эмес. Ташиев бул жерде да өзүнүн күнөөсү жок экендигин, министрликке күйүүчү май ташыган фирма жоопкер экенин айтып актанууга аракеттенди. Бирок, К. Ташиев канчалык амалданганы менен "Томас" компаниясы кимге тиешелүү экенин түштүктөгүлөрдүн баары билишет эмеспи. Биз жогоруда белгилеп өткөндөй, ӨКМдин экс - министри 1998 - жылдан 2000 - жылга чейин "Томастын" ген. директору болуп иштеген, учурда ага жакын тууганы жетекчилик кылууда. Ал эми "Тилекстройду" К. Ташиев менен тууганчылык жайы бар Адыл Салиев башкараары кийинчерээк билинди.
Ушундан соң айыптоолордун кысымына чыдабаган К. Ташиев четке чыгууга аргасыз болду. Анын үстүнө Бакиевдин бир туугандары күтө туруусун айтышып, майлуу - сүттүү кызматка отургузуу убадасын беришкен болучу. Ошол кезде бир туугандар реваншка даярданып жатышкан: алардын планы боюнча Макс интриганын негизинде жеңилиши керек эле. "Торпеданын" ролун К. Ташиев өзүнүн "Бригадасы" менен аткармак. Угулган кабарга караганда Камчыбек мырза Жалалабад областынын губернаторунун ордун ээлөө ниети бар экендигин билдирген. Бирок, 2010 - жылдын апрели аларга жүзүн башкача буруп, күтүүсүздөн эл көтөрүлүп, Бакиев да Акаевдин жолун жолдоп, үй - бүлөсү менен өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду. Кызуулукка алдырган көтөрүшчүлөр Камчыбек Ташиевди областын губернаторлугуна шайлай коюшуп, бирок, көп өтпөй анын качкын президенттин санаалашы экенин эстешип, кайра кызматтан алып салышат. Ушундан улам К. Ташиевдин шайлоо алдында Баткен областынын шайлоочулары менен жолугушуусунда "Бакиевди кайтарып келүү" убадасы да бекеринен берилбесе керек деп ойлойсуң. Учурдагы бийлигин жанынын бардыгынча кармап калууга аракеттенип жаткан К. Ташиевди түшүнүү үчүн башка эпизоддун деле кереги жок десек болот. Бийлик үчүн ал жана өзү өңдөнгөн саясатчылар өчүп бараткан "түндүк", "түштүк" проблемасын кайрадан жандандырып отурат. Ошондой эле окурмандар үчүн анын 2010 - жылдагы июнь трагедиалуу окуясында өзүн кандай алып жүргөндүгү белгилүү. Азыр болсо өзүн улуттар арасындагы кыргын жүргөн райондорго гуманитардык жардамды өз убагында жалгыз ташыган адам катары санайт. Бирок, гуманитардык жардамдын атына жамынып алып, кан төгүлгөн башаламандыкты кадыр баркын салып токтотуунун ордуна түштүктөгүлөргө курал таркатып, улуттар арасындагы араздашууну күчөткөн.
Психологдор белгилегендей, баарынан бийик туруу, кадыр - барк күтүү, байлык топтоо жана бакубат жашоого жетишүү тилеги невротикага жөндөмдүү эмес, ага байланышпайт дагы. Көздөгөн максатка умтулуунун невротикалык мүнөздөмөсүн түшүнүү үчүн аны аналогиялык умтулуу менен салыштыруу керек. Маселен бийликти сезүү сезими толук кандуу адамда акыл эси, билими, ишке болгон жөндөмдүүлүгү, күчү басымдуулук кылганда гана жүзөгө ашышы керек. Анын бийликке умтулуусу дагы башка себептерге: үй - бүлөсүнө, саясий же кесиптик тобуна же илимий идеясы сыяктуу маселелерге байланыштуу пайда болушу керек да экен. Бирок, К. Ташиевдин бийликке невротикалык умтулуусу тынчсыздануудан, жек көрүү менен толук кандуу эмес сезимден жаралганы өкүнүчтүү.
"Биз толук кандуу эмес комплексти изилдеп жатып, андан аздыр - көптүр артыкчылык кылган комплексти көргөнүбүздө эч нерсеге таңданбашыбыз керек. Экинчиден биз артыкчылык кылган комплексти изилдеп жатып, толук кандуу жабык комплексти бир нече жолу кездештиришибиз да мүмкүн" деп 20 - кылымдын белгилүү психоаналитиги Адлер жазган экен.
Бизге ишин сезимдин артыкчылыгын уурдоо менен баштаган адамдар тобу бар экени белгилүү, алар элди алдап, башкаларды келесоо санап, бардык иштен ак чыгып, акырында маңдай тер төкпөй, өзгөчө байып чыга келишет. Өзүн баатыр сезген кылмышкерлерде ушул сезим абдан өөрчүгөн деп белгилеген Адлер. К.Ташиев жөнүндө башка эч нерсе айта албайсың.
Канат Кутманов