Бейне!

Барыктабасов баркталбады
Кечээ Ак үйдүн алдына Урмат Барыктабасовдун жүзгө жакын жактоочулары пикетке чыгышты. Алар Барыктабасовго карата козголгон кылмыш иши сот тарабынан адилет, акыйкат болушун талап кылышты. Мамлекеттик айыптоочулар "төңкөрүш уюштурууга аракет жасаган" деген кине менен соттон он сегиз жыл эркинен ажыратуусун сурады. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда соттук кароо улантылып, соттолуучулардын жактоочулары сөз сүйлөйт. Буга чейин Бакиевдин кылмыштуу бийлигин акыр аягына чейин колдогон Бакыт Сыдыков менен Исхак Масалиевдин сүттөн ак болуп акталып чыгышын, Үсөн Сыдыковго жеңил жаза берилишин эске алганда, Барыктабасовго карата коюлган кине таптакыр негизсиз экендиги көрүнүп турат. Мындан улам азыркы өкмөт баягы Бакиевдин кейпин кийбесе эле болгону…


КР Биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабановдун
саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Чыныбай Турсунбеков,
СДПК фракциясынын депутаты:
- Бул саясатың өтө ыплас нерсе экен. Кокус бир жерден эле жаңылып калсаң аттын башындай "балээге" калдың дей бер. Ошондуктан мен бул сурооңо терең ойлонуп туруп, кагаз түрүндө жооп берейин.


Каныбек Иманалиев,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
- Ө.Бабанов өтө таланттуу бизнесмен. Анын бизнестеги ишмердигине баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. А бирок, мамлекеттик жогорку кызматтарга али бышып-жетиле элек. Маселен Путин Россиянын премьерлигине келгенде бир дагы бизнесменди кызматка алып келген эмес. Себеби, бизнесмендер жеке пайданы гана көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгын экинчи орунга коюп коюшат. Ошол себептен Ө.Бабановдун тегерегинде ызы-чуулуу окуялар болуп атат. Бир сөз менен айтканда Ө.Бабанов мамлекетке жарытылуу пайда иштеп чыга элек.


Салмоорбек Дыйканов, "Асаба" кайра жаралуу партиясынын
төрагасы:
- Ө.Бабанов менен жакын тааныш болбогондуктан ал жөнүндө кеп кыла албайм. Бирок, ал былтыр "Кыргызстандагы жетекчилердин арасында бир дагы таза адам жок" деп айткан сөзүн баалап калгам. Чын-чынына келгенде ошол эле Ө.Бабанов баш болгон бир катар Кыргызстандын саясатчылары бүтүндөй таза эместиги ачыктан-ачык эле көрүнүп турат.




Өздү сыйлай албай жатып, өңгөнү эмне кылабыз?
Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга, Бакиев Каркыраны казактарга сатып, кыргыз элинин каарына калды эле. "Ишенген кожом сен болсоң, алды алдыңан тал карма" дегендей азыркы ишенген бийликтин кылган кылыктары барган сайын башыбызга чыгып барат. Деги кыргыз байкуш кошоматчылыгыбызды, берешендигибизди койбойт экенбиз да. Путинди чокубузга чыгарып бүтө албай жатсак, эми шаар мэри Иса Өмүркулов Бишкектин көчөлөрүнүн бирине Түркиянын борбор шаары Анкаранын атын койгону жатыптыр. Тагыраак айтканда Анкара көчөсү болот экен. Кыргыздын атактууларынын атын коё албай жатып, Анкараны башыбызга урабызбы деп кыжырдангандар да жок эмес. Иса мырза Анкара көчөсүн коюп, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын ыйгарып койсо кана. Бакиев учурунда ушул эле оппозиция Чүй көчөсүнө Чынгыздын аты коюлушу керек деп ооздорун чоюп жатышканы эсибизде. Кыскасы өзүбүздү сыйлай албай жатып өңгөнү эмне кылабыз? Эми Баракты башыбызга чыгарганыбыз эле калды окшойт, шумдугуң кургур десе…


Баарыңарды МАКСИМ аркылуу космостон карайм
"Муну ким айтып жатат" деп таң калбай эле койгула. Салижан Шарипов айтып жаткан жок, туура ушул күнү туулган Гагарин айтып жаткан жок. Космосту сүйлөсө эле ушулар эсибизге келе бербесинчи. А эмне биз космостон сүйлөсөк болбойт бекен? Кыргыз окумуштуулары деле көк мейкинге кол сунуп башка элдердин окумуштууларындай болуп көккө чыккылары келет. КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев "МАКСИМ" эл аралык космостук программасына катышууга арыз бериптир. Анын пикиринде: "Бул долбоор глобалдык коопсуздук менен байланыштуу. Бүгүн космостон авто унаанын номерин дагы көрүүгө болот. Ал эми биздин алдыбызда сел, жер титирөө, суу ташкыны тууралуу маалыматты алдын алуу милдети турат. Акыркы жылдарда мындай көрүнүштөр Кыргызстанда 10 эсеге көбөйгөн. Биз Жапониянын мисалында бул программа канчалык деңгээлде актуалдуу экенин көрүп турабыз". "МАКСИМ" эл аралык космостук программасы өткөн жылы иштеп баштаган, анын курамында азыр 48 мамлекет бар экен.





СМС билдирүүлөр
Урматтуу "Айкын саясат" газетасынын окурмандары! Биздин "Саясий бейне" рубрикабызга өз пикирлериңерди 0772 12 86 53 номерине sms аркылуу жазгыла. Эмки саныбыздын "Саясий бейне" рубрикасынын каарманы КР Премьер-министри А.Атамбаев болмокчу.

Элдин ырыскысын уурдагандар түбү менен курут болсун! Алардын катарында дал ушул Ө.Бабановда бар.
Асан, Ысык-Көл областы, 0773 ** 11 55
Жаш болсо да, өтө эле "хитрый" окшойт. Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар экендигин көп жерден ачык эле көрсөтүп жүрөт. Мындайлар эч убакта мамлекетти жыргатпайт.
Мурат, Бишкек шаары, 0543 ** 43 67
Башкасын билбейм, бирок Ө.Бабанов өз күчү менен байыган адам. Ал эч качан мамлекеттин казынасына кол салган эмес. Өзүнүкү өзүнө жетиштүү.
Мира, 0555 ** 11 98
Кыргызды жыйырма жылдан бери түп тамыры менен тоноп келаткан саналуу гана саясатчылар бар. Алар, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Атамбаев, Т.Сариев, А.Бекназаров, И.Өмүркулов, А.Келдибеков, К.Ташиев, С.Жапаров, А.Жапаров, Р.Жээнбеков, Т.Тургуналиев, Э.Каптагаев, А.Жекшенкулов жана Ө.Бабанов.
Максат, Ош областы,
0770 ** 00 23
Бабанов баклажка менен башка жегенде, "ойда" күлгөндөр болду эле, кечөө К.Ташиевди "челюсть" бир сүзгөндө Бабанов энеси эркек туугандай эле сүйүндүго чиркин!
Сабыр, 0543 ** 89 02
Камчы убара болбо, Бабанчик сууга да чөкпөйт, отко да күйбөйт!
0772 ** 21 19
Кыргыздар бирин-бири көрө албайт. "Бала баатыр" өз күчү менен байыган. Кыргызстанга эгемендик укук жаңыдан баш баккан кезде, завот-фабрикаларды, айыл-чарбаны кимдер тоноп, кимдер сатканын билбейт дейсиңерби? Ал кезде Ө.Бабанов Казакстанда болчу.
Жумагүл, 0552 ** 45 83
Кыргыздар биз шордуу эл экенбиз. Ө.Бабановдой "шылуундар" өлкөгө толуп алды!
0550 ** 85 73
"Айкын саясат" гезитине ийгилик! К.Ташиевди, Ө.Текебаевди айда бир сындаттыңар. Эми Ө.Бабановду сындайлы.
0777 ** 33 21
Ө.Бабанов "красавчик"! Кызык, анын жубайы мендей сулуу болду бекен?
Назик кыз,
0700 ** 88 93
Бабанов бийликте болбогону дурус. Элдин баарын алдап туруп, Казак "баурларына" качып кетпесе болду
0778 ** 18 24